Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Таш доору

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Таш доору

Таш доору — метталдардын дооруна чейинки адамзаттын өнүгүүсүнүн кеңири мезгилин белгилөөчү археологиялык термин.

Тит Лукреций Кардын биздин заманга чейинки 1-кылымда, металлдар доорунан мурун, таштар адамдын негизги куралы болгон деп божомолдогон. Бөлүштүрүү идеясын 1734-жылы француз антиквариаты Николас Мадель сунуш кылган. Божомолдор илимий жактан 1836-жылы даниялык археолог Томсен тарабынан негизделип, ал адамзаттын өнүгүү мезгилиндеги үч маданий-тарыхый доорду аныктаган: таш, коло жана темир доорлору. 1860-жылдары англис илимпозу Джон Либбок таш доорун палеолит жана неолит дооруна бөлгөн. 1860-жылдардын аягында француз археологу майдараак мезгилдештирүүнү иштеп чыккан (шелльск, мустьерск, солютрейск, ориньякск, мадленск, робенгаузенск).

Таш куралдар
Таш доорунун куралдары

Бирок, жер шарынын ар кайсы аймактарында адамзат бирдей эмес өнүккөн. Таш куралдар кээ бир маданияттарда темир доорунда да кеңири колдонулган. Демек, ушул доорго кайрылуу үчүн «Таш доору» дегенге караганда «Таш доорлору» деген сөздү колдонгон дурус. Таш доорунун башталышы менен аяктоосу дагы талаштуу.

Таш куралдар таштардын ар кандай түрлөрүнөн жасалган. Чакмак таш жана акиташ сланецтери кесүүчү аспап жана курал-жарактар катары колдонулуп, ал эми базальт жана кум таштардан эмгек куралдары жасалган, мисалы, жаргылчактардын ташы. Жыгач, сөөктөр, кабыктар, бугу мүйүзү да кеңири пайдаланылган.

Бул мезгилде технологияны кеңири колдонуу биринчи жолу адамдын эволюциясына олуттуу таасирин тийгизген. Адам баласынын ареалы Чыгыш Африканын саванналарынан дүйнөнүн бардык бурчтарына чейин кеңейген. Таш доорунун аягында жапайы жаныбарларды бакма кылуу жана жез кенин эритип металл даярдоо башталган. Таш доору адамзат өнүгүүсүнүн тарыхка чейинки мезгилине таандык, анткени бул мезгилде адамзат жазууну үйрөнө элек болчу (тарыхый жыл санактын салттуу башталышын мүнөздөйт).

Археологияда

Бул мезгилдин так даталары аныкталган эмес, талаштуу жана конкреттүү аймактан көз каранды. Бирок, таш доорун жалпысынан адамзат үчүн бир мезгил катары айта алабыз, ошентсе да кээ бир маданияттарда технологиялык жактан өнүккөн цивилизация менен кезикмейинче металлургия пайда болгон эмес. Ошондой болсо да, жалпысынан, бул мезгил болжол менен 3 миллион жыл мурун, Африкада жашаган биринчи гоминид, күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүдө таш куралын колдонууну үйрөнгөндөн башталган. Австралопитектердин көпчүлүгү балким таш куралдарын колдонушкан эмес, бирок алардын маданияты ушул мезгилдин чегинде изилденип жатат.

Биздин мезгилге негизинен таш табылгалары жеткендиктен, алардын негизинде бүткүл мезгилдин археологиялык изилдөөлөрү жүргүзүлүп жатат. Археологдор таш куралдардын типологиясын, максаттарын жана технологиялык колдонулушун аныктоо үчүн түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Таш доорунун куралдары көбүн эсе жарым-жартылай начар абалда бизге жетип, эксперименталдык археология аларды калыбына келтирүү жана көчүрмөсүн жасоо менен алектенет.

Терминдин заманбап колдонулушу

«Таш доору» терминин колдонуунун көйгөйлөрүнүн бири, тарыхка чейинки жамааттардын өнүгүү деңгээлине ой жүгүртүү, коомдук уюмдун түзүлүшүнүн түрү жана татаалдыгы, тамак-аш булактары же катаал климатка ылайыкташуусу боюнча эмес, сакталып калган таш куралдарынын негизинде гана мүмкүн. Бул XIX кылымда колдонулган жана иштелип чыккан үч курактуу тарыхый системалуу археологиялык ыкмалардан келип чыккан. Ал ыкмалардын негизги максаты таш куралын табуу үчүн археологиялык казуулардын максималдуу санын жүргүзүү болгон. Археологиянын заманбап ыкмалары кыйла кеңири маалымат чогултууга негизделип, тарыхка чейинки биздин билимибизди кеңейтип, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берип, байыркы мезгилдерде эле адамзат коому татаал уюштуруу тутумуна ээ болгонун, «таш доору» термини азыркы мааниде көрсөтүлгөн мезгилге карата эскиргендигин билдирет. Эми бизге дыйканчылык, дин же уюшкан отурукташуулар сыяктуу, байыркы коомдун өнүгүүсүнө көптөгөн факторлор таасир эткендиги белгилүү, ал эми таш куралдар учурда, байыркы коомдун өнүгүү деңгээлин, диний ишенимдерин жана тиричилигин толук чагылдыра албай жөн гана аспаптардын бири болгон.

Таш доору менен байланыштуу дагы бир көйгөйлөрдүн бири бул - терминдин байыркы Европанын археологиялык маданиятын сүрөттөө үчүн түзүлүүсү, жана аны Түндүк, Түштүк Америка, Океания сыяктуу дүйнөнүн башка аймактарына колдонууга болбошу, анткени ал жактагы жер иштеткен уруулар же чогултуучу-аңчылар ташты европа колонизациясына чейин колдонгон. Ошондой эле, байыркы адамдардын жашоосунда металлдарды колдонуу кадимкидей эле мааниге ээ болгон, жана Жез, Коло, Темир доорлору адамзат тарыхынын мезгилдерин белгилөө үчүн анча алгылыктуу эмес. Эске салсак терминдердин заманбап колдонулушу маанисинде. Мисалы, дүйнө жүзү боюнча темирден жасалган буюмдар активдүү пайдаланып жатканда, Америкада темир 1492-жылга чейин белгисиз болгон (негизи жез, күмүш жана алтын), ал эми Океанияда XVII кылымга чейин.

Таш доорунан кийин адамдар коло аспаптарын жезден жана оловодон жасоону үйрөнүп, күнүмдүк тиричиликте колдонушуп, коло доору убактылуу доор болгон. Таш доорунан коло дооруна өтүү Европа, Азия жана Түндүк Африкада жашаган адамзаттын көпчүлүгүнө биздин заманга чейин 6 миңинчи жылдан баштап 2,5 миңинчи жылга чейин өткөн. Бирок, Борбордук жана Түштүк Африка сыякту жер шарынын кээ бир аймактарында таш доору түздөн түз темир дооруна өткөн. Негизи Жакынкы Чыгышта жана Азиянын Түштүк-Чыгышында таш доору божомолдуу биздин заманга чейин 6 миңинчи жылы, ал эми Европада жана Азиянын башка өлкөлөрүндө б.з.ч. 4 миңинчи жылдарда аяктаган деп айтылат. Бирок, Түштүк Америкадагы Инк маданияты таш доорунун деңгээлинде б.з.ч. 2 миңинчи жылга чейин жашап, алтын, жез жана күмүш алардын күнүмдүк турмушуна кирип, бардык жерлеринде колдонулган. Австралия таш доорунда биздин замандын XVII кылымына чейин болгон.

Ошондой эле таш доорунан коло дооруна өтүү бир убакта эмес, көп убакытка созулганын билебиз. Алтын жана жезди пайдаланып баштоо менен коло дооруна өтүү башталган, бул неолитикалык турак жерлердин табылышы менен тастыкталган. Бул өтмө мезгил Жез доору же энеолит аталышында белгилүү. Ал кыска болуп, айрым аймактарда гана өтүп жаткан, анткени коло эритмеси жездин пайда болуусу жана аны эритип алуусу менен тез тараган. Мисалы, орточо б.з.ч. 33-кылымда табылган Этци (Эци) мумиясында жез балта жана бычак, ошондой эле чакмак таш дагы болгон, бул таш жана жез доорлор технологияларынын жакын кошуна болуп тургандыгы жөнүндө билдирет. Таш жана металл куралдарын биргелешип колдонуу эрте Орто кылымдарга чейин созулган. Европада жана Түндүк Америкада тегирмен таштары 20-кылымдын аягына чейин колдонулган, ал эми көпчүлүк аймактарда бүгүнкү күнгө чейин колдонулат.

Хронология

Таш доору канчага бөлүнөт? негизи үчкө бөлүнөт: палеолит, мезолит, неолит. Анда бул доорлордун кыскача хронологиясы менен таанышып алыңыздар.

Палеолит

Адамзаттын жаныбарлар абалынан бөлүнүү учурунан баштап, алгачкы коом түзүмүнүн пайда болушу, мөңгүлөрдүн акыркы чегинүүсүнө чейинки мезгилди камтыган адамзаттын эң байыркы тарых мезгили. Термин 1865-жылы археолог Джон Лаббок тарабынан ойлоп чыгарылган. Палеолитте адам өзүнүн күнүмдүк жашоосунда таш куралдарын пайдаланып баштаган. Таш доору жердеги адамзат тарыхынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп (орточо 99 % убакыт), 2,5 же 2,6 миллион жыл мурда башталган. Таш доору таш аспаптардын, айыл чарбанын пайда болушу жана орточо б.з.ч. 10 миң жылда плейстоцен доорунун аякташы менен мүнөздөлөт. Палеолит доору Мезолиттин келиши менен аяктап, ал өз учурунда неолитикалык революция менен бүтөт.

Палеолит мезгилинде адамдар анча чоң эмес уруу сыяктуу жамааттарда бирге жашап, өсүмдүктөрдү чогултуу, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу менен алектенген. Палеолит негизинен таш куралдарын колдонуу менен мүнөздөлөт, бирок жыгач жана сөөк аспаптар да пайдаланылган. Табигый материалдар адам тарабынан аспап катары колдонууга адаптацияланып, тери жана өсүмдүк булалары иштетилген, бирок алардын көпкө чыдабастыгын эске алуу менен, алар бүгүнкү күнгө чейин сакталуусу мүмкүн эмес эле. Палеолиттин өтүшү менен адамзаты Homo тукумунун эрте өкүлдөрү Homo habilis жөнөкөй таш куралдарын колдонуп акырындык менен анатомиялык заманбап адамга чейин эволюцияланган (Homo sapiens). Палеолиттин аягында, айтылуу Орто жана Жогорку Палеолитте адамдар биринчи искусства чыгармаларын жасап баштап, өлгөндөрдү жерге берүү сыяктуу диний жана мүдөөлүк ырым-жырымдарды жасашкан. Палеолит мезгилиндеги климат өзүнө муз жана муз ортолук мезгилдерди камтып, анда температура жылуудан суукка мезгил-мезгили менен өзгөрүп турган.

Эрте Палеолит

Плиоцена доорунун аягынан башталган мезгил, анда заманбап адамдардын түп бабалары Homo habilis тарабынан таштарды биринчилерден болуп колдонуу башталган. Аспаптар жаргыч өңдүү салыштырмалуу жөнөкөй болгон. Homo habilis таш куралдарын Олдувай маданиятында өздөштүрүп, алар жаргыч жана таш өзөк катары пайдаланылган. Бул маданият биринчи таш куралдар табылган жердин атынан алынган - Танзаниядагы Олдувай капчыгайы. Бул доордо жашаган адамдар негизинен өлгөн жаныбарлардын эти жана жапайы өсүүчү өсүмдүктөрдү чогултуу менен күн көрүшкөн, анткени ал мезгилде аңчылык анча жайыла элек болчу. Орточо 1,5 миллион жыл мурун адамдын жакшыраак өнүккөн түрү - Homo erectus пайда болгон. Ал эми 1 млн жыл мурун адам баласы Европаны өздөштүрүп, таш балталарды колдоно баштайт.

Эрте Палеолит маданияттары

Африка: 2,5—1 млн жыл мурун

Европа: 1,2 млн — 600 миң жыл мурун

Орто Палеолит

Мезгил орточо 200 миң жыл мурун башталып, анын өтүшүндө неандерталецтер жашаган (120-35 миң жыл мурун), жакшыраак изилденген доор. Неандерталецтердин белгилүү табылгалары мустьерск маданиятына таандык. Акыр-аягы неандерталецтер өлүп жок болуп, Африкада орточо 300 миң жыл мурун пайда болгон биринчи анатомиялык жактан заманбап адамдар менен алмашылган, буга мароккалык Джебель-Ирхуд табылгалары белги берет, анда Флорисбаддагы адамдын баш сөөгү менен кошо, акылдуу адамдардын өзгөчө тобу Homo sapiens clade киргизилген. Неандерталецтердин маданияты примитивдүү деп эсептелгенине карабастан, алар өзүнөн улууларды сыйлап, өлгөн адамды жерге берүү ырымдарын бүтүн уруусу менен уюштуруп жүргүзгөн деген маалыматтар бар. Бул убакта адамдардын ареалы кеңейип, Австралия жана Океания сыяктуу өздөштүрүлбөгөн жерлерге отурукташа баштаган. Орто Палеолит элдеринин абстракттык ой жүгүртүүсү басымдуулук кыла баштаганы, мисалы, уюшуп адамды жерге берүүсү төгүндөлбөс чындык.

1997-жылы Мюнхен университетинин илимпоздору ДНК (дезоксирибонуклеин кислотасы) анализинин негизинде неандерталецтерди кроманьонецтердин (заманбап адамдардын) түп бабалары деп айтууга болбойт, анткени гендеги айырмачылыктар абдан көп деген чечимге келген. Бул бүтүмдөр Цюрихтеги жетектөөчү адистер тарабынан тастыкталып, кийинчерээк бүтүн Европа жана Америка жактан тастыкталган.

Бир канча убакыт бою (35-45 миң жыл) неандерталецтер жана кроманьонецтер бирге жашап, жоолашып келишкен. Өзгөчө неандерталецтердин да, кроманьонецтердин да туруучу жайларында экинчи түрдүн мүлжүлгөн сөөктөрү табылган. Негизи бул ойду Бордосск Университетинин профессору Жан-Жак Юблен карманат.

Орто Палеолит маданияттары

Европа:

Жогорку Палеолит

Орточо 35-10 миң жыл мурун акыркы муз доору аягына чыгып, бул мезгилде заманбап адамдар жер шарынын бардык аймактарына отурукташат. Европада биринчи заманбап адамдардын (кроманьонецтер) пайда болуусу менен, алардын маданияты салыштырмалуу тез өскөн, белгилүүлөрү: Солютрей, Шательперон, Ориньяк, Граветт жана Мадлен, Селет археологиялык маданияттары.

Түндүк жана Түштүк Америка байыркы заманда Беринг моюнчасынын болгондугу үчүн адамдар тарабынан колонизацияланып, кийинчирээк ал дүйнө океанынын деңгээлинин көтөрүлүшү менен суу каптап Беринг кысыгына айланган. Американын байыркы адамдары палеоиндеецтер баарынан мурда өзүнчө маданият болуп 13,5 миң жыл мурда калыптанган. Жалпысынан планетада аңчы-чогултуучулар жамааттары басымдуулук кылып, жашаган аймагына жараша таш куралдардын түрдүү типтерин колдонушкан.

Жогорку Палеолит маданияттары

Франция жана Испания б.з.ч. 30—25 миң жыл

Германия б.з.ч. 13—9,5 миң жыл.

Дания

Түндүк Америка

Мезолит

Палеолит жана неолит ортосундагы доор, биздин заманга чейин X—VI миң жыл. Мезгил муз доорунун аякташы менен башталып, дүйнөлүк океандын деңгээли жогорулаганга чейин уланган, бул адамдардын айланадагы абалга ыңгайлашууга жана жаңы азыктардын булагын табууга мажбур кылган. Ал мезгилде микролиттен (оксиддер класындагы өтө сейрек минерал) жасалган миниатюралык таш куралдар пайда болуп, күнүмдүк пайдаланууда байыркы адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен. Бирок, ошондой эле «мезолит» термини Байыркы Жакынкы чыгыштан Евпропага алынып келинген таш куралдарын белгилөө үчүн да колдонулат. Микролитикалык куралдар аң улоонун эффективдүүлүгүн дээрлик жогорулатып, жакшыраак өнүккөн турак жерлерде (мисалы, Лепенски-Вир) балык улоо үчүн да пайдаланылган. Ошол мезгилдеги доордо итти аң улоодогу жардамчы катары үйрөтүп алуу болгону ыктымал.

Адамзат тарыхындагы биринчи белгилүү кармаш Египеттеги Көрүстөн 117 аталган дөңсөөдө, мезолит доорунда болгон.

Мезолит маданияттары

Германия

Дания

Түндүк Скандинавия

Франция

Испания

Түндүк Африка

Неолит

Негизги макала: Неолит доору

Жаңы таш доору, айтылуу неолит революциясынын мезгилинде айыл жана мал чарбанын пайда болушу, карапачылыктын өнүгүүсү, Чатал-Гуюк, Иерихон аталган ири адамдар отурукташкан жерлердин пайда болуусу менен мүнөздөлөт. Неолиттин биринчи маданияттары орточо б.з.ч. 7000 миң жылдары айтылуу «түшүмдүү жарым ай» зонасында пайда болгон. Айыл-чарба жана маданият Жер ортолук деңизге, Инда өрөөнүнө, Кытайга жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө тараган.

Элдин санын көбөйүшү өсүмдүк азыктарына муктаждыкты жаратып, айыл-чарбанын тез өсүүсүнө өбөлгө түзгөн. Чарба иштерин жүргүзүүдө, жерди иштетүүдө, түшүм чогултууда оруп-жыюуучу таш шаймандар жана куралдар колдонулган. Эң биринчи жолу Иерихон же Стоунхенж сыяктуу ири масштабдагы таш курулмалар курула баштап, бул неолит доорунда олуттуу адамдык жана материалдык ресурстардын пайда болушун, ошондой эле ири долбоорлордо иштөөгө мүмкүндүк берген адамдардын чоң топторунун ортосундагы кызматташтыктын формаларын көрсөтүп берди. Бул көрүнүш кандайдыр бир деңгээлде социалдык иерархиянын өнүгүшүнө жана элиталардын пайда болушуна шарт түзгөн. Бирок кээ бир кеч неолит коомдору татаал иерархиялары бар уруулар катары түзүлүп (мисалы, байыркы Гавай аралдарынын маданияты), неолит доорундагы адамдардын көпчүлүгү салыштырмалуу жөнөкөй жана элиталыкка ээ болгон эмес. Жалпысынан, мурдагы палеолит доорундагы мергенчи-чогултуучу маданияттарга караганда неолит маданияттарында иерархиялык жамааттар кыйла көп болгон. Неолит доорунда ар кандай калктуу конуштардын ортосунда үзгүлтүксүз соода пайда болуп, адамдар товарларды бир топ аралыктарга (көптөгөн жүздөгөн километрге) ташый башташкан. Шотландиядан анча алыс эмес жайгашкан Оркни аралдарында жайгашкан Скара-Брей калктуу конушу неолит доорундагы эң сонун мисалдардын бири. Анда таш керебеттер, текчелер, ал гана эмес таштан жасалган ажаатканалар да болгон.

Неолит маданияттары

Батыш, борбордук жана түндүк Европа:

Дания

Швеция жана Норвегия:

Франция:

Швейцария:

Россия:

Энеолит

Таш доорун коло дооруна алмаштырган айтылуу «жез доору» аталган, өтмө доор.

Материалдык маданият

Тамак-аш

Таш доорунда адамдардын тамак-аш булагы катары адам жайылган аймактардагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр болгон. Жаныбардын этин, ички органдарын, анын ичинде боор, бөйрөк жана мээсин жешкен. Сүт азыктары жана углеводдорго бай буурчак, буудай сыяктуу өсүмдүктөр менен аз тамактанышкан. Таш доорунун аягында мал чарба пайда боло баштаса да, тамакка өсүмдүктөрдүн жалбырактарын жана тамырларын кошушкан. Ошондой эле, неолит дыйканчылык революциясына чейин буурчактуу өсүмдүктөрдү керектөө көбөйгөн, бул тууралуу Израилдеги археоботаникалык табылгалар аныктап турат. Мындан тышкары акыркы маалыматтар адамдардын 23 миң жыл мурда жогорку палеолит доорунда жапайы дан өсүмдүктөрүн иштетип, аны тамак-аш катары керектегенин айгинелейт.

Винонун биринчи пайда болуусу палеолит доорундагы адамдар жапайы жүзүмдүн ширесин кайыш же жыгач идишке сыгып алышы менен байланыштуу болушу мүмкүн. - дейт Уильям Коск, National Geographic журналынын жаңылыктарында.

Жашоо чөйрөсү жана аймактары

Болжол менен 2 миллион жыл мурун адамдар таштардан жана дарактардын бутактарынан турган жөнөкөй механизмдердин жардамы менен алгачкы антропогендик структураларды Чыгыш Африкада кура башташкан. 500 миң жыл мурда курулуштарда таш дөңгөлөктөрдү колдоно баштаган. Бул мезгилдин кээ бир курулмалары Франциядагы Ниццанын жанында табылган. Таш доорундагы адам жашаган жерлер жер шарынын бардык аймактарында чыккан, анын ичинде:

Искусство

Тарыхка чейинки искусствону сакталып калган таш доорунун табылгалары аркылуу байкалат. Алгачкы адамдардын музыкалык маданияты жөнүндө маалыматты сакталган примитивдүү музыкалык аспаптардан, ал эми петроглиф жана аска бетиндеги сүрөт жазууларга таандык көркөм сүрөт искусствосун таш бетиндеги сүрөттөрдүн негизинде алса болот. Тарыхка чейинки искусство диний функцияны аткаргандыгы белгисиз. Байыркы адамдар диний ырым-жырымдар учурунда бийлешип, ыр ырдашып, түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон.

Дин

Таш доорунун табылгаларын заманбап изилдөөлөрү жана тереңдетилген анализдери байыркы адамдардын ырым-жырымдарынын жана ишенимдеринин болгондугун күбөлөндүрөт. Таш доорундагы адамдардын эмгеги, иш-аракети курсакты тойгузуу, жатак жер табуу, кийим жасоо өңдүү күнүмдүк муктаждыктарды канаатандыруудан жогору болгон. Байыркы мезгилдерде өлүмгө, өлгөн адамды көмүүгө тиешелүү түрдүү ырымдар колдонулуп, түрдүү маданияттарда ар башкача. Ырым-жырымдар менен коштолгон бий маданияты таш доорунда жайыла баштаганы өңдөнөт.

Сыңары Орто Палеолит мезгилинде эле өлгөн адамдарды көмө баштаган. Маркумду жана анын көрүстөнүн көркөмдөө үчүн ачык түстөгү гүлдөрдүн чаңчасынан даярдалган боёктор, упаалар (охра) жана башка каражаттар пайдаланылган. Ал эми адамдардын өлүмдөн кийинки идеялары жана диний сезимдери таш доорунда калыптана баштаган. Андан тышкары жаан-чачынды чакыруу, аң улоого даярдануу, оорулуу адамдарды даарылоого байланыштуу ырымдар жүргүзүлгөн.

Соода жана алмашуу

Азык-түлүктөрдү, түрдүү материалдарды жана курал-аспаптарды алмашуу таш доорунун эң биринчи маданияттарында эле жайылган. Ошондой эле бири-биринен алыс жайгашкан кыштактар ортосунда соода жүрүп турган. Таш куралдардын, жасалгалардын, курал жасоо материалдарынын жана башка буюмдардын табылгалары байыркы мезгилдеги соода маршруттары өткөн жерлерди аныктоого жардам берген. Коомдун иерархиялык түзүлүшүнүн пайда болуусу менен ак сөөктөр жана уруу башчылары уруусунун тапкан пайдасынын бөлүгүн алып турушкан. Ошентсе да, таш доорунун аягында соода примитивдүү ыкма менен жүргүзүлгөн, алгачкы адамдар уруулаштарына сатылып же алмашылып жаткан товар жөнүндө айтышчу эмес.

Популярдуу маданият

«Таш доору» жаргондук термин сыяктуу кээде уруулук же эскиче жашоо образын жүргүзгөн элдерди, адамдарды белгилөө үчүн пайдаланылып, алардын технологиялык жактан артта калгандыгын түшүндүрөт. Кээ бир элдердин жашоо деңгээлин ушундай термин менен белгилөө технологиялык жактан өнүккөн цивилизациялар тарабынан андай элдердин жерин же башка ресурстарын басып алуу шылтоо-максатында колдонулушу мүмкүн.

«Примитивдүү», «таш доорунда жашоочу» деген сыяктуу терминдерди уруулук жашоо образын жүргүзгөн элдерге пайдалануу алардын андан аркы өнүгүүсүнө олуттуу таасир этеерине бардык окумуштуу-антропологдор айгинелеген.BBC жаңылыктарынан

«Үңкүр адамы» термини негизинен таш доору менен ассоциацияланат. Мисалы, 2003-жылы таш доорундагы адамдардын жана үңкүр адамдарынын заманбап адамга чейинки эволюциясын баяндаган документалдык цикл чыккан. Ошондой эле көптөгөн мультфильмдерде, көркөм фильмдерде, компьютердик оюндарда байыркы адамдар менен динозаврлардын бирге жашагандыгы көрсөтүлөт. Бирок, таш доорунда динозаврлардын болгондугу илим жагынан тастыкталган эмес.

Таш доору адабиятта да кеңири колдонулат мисалы, палеолит доорундагы адамдардын жашоосу тууралуу археологиялык чечимдерге негизделген жазуучу Жан Ауэлдин «Жер балдары» сериясында.

«Таш доору» термининин өтмө мааниси каалаган эски технологияларды, стилдерди, методолияларды ж. б. белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн, мисалы: «Лампалар - электрониканын таш доору», же «GOTO операторун колдонуу - бул таш доорунун стили!»

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 14579, Өзгөртүлгөн: 2024-02-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо