Жыл сайын 5-май куну Кыргызстанда Конституция куну башкача айтканда - өлкөнүн баш мыйзамынын туулган күнү белгиленет. "5-май конституция куну" кандай пайда болгонун билип алалы.
1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңештин 12-сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Ошондон тарта өлкөбүз Кыргыз Республикасы аталып, ал эми 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин конституциясы өзүнүн күчүн жоготот.
Конституция кабыл алынгандан бери көптөгөн өзгөрүүлөргө, толуктоолорго дуушар болду. Бир нече жолу кардиналдык түрдө өзгөргөн - 2003-жылдын феврал айында, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айында, 2007-жылдын октябрь айында.
2010-жылдын апрел айында өлкөдө бийлик алмашып, натыйжада өлкөнү башкаруу "убактылуу өкмөткө" өтүп, конституциябыз дагы өзгөрүүгө туш болот. Анда, өлкө парламенттик башкаруу формасын кабыл алат. Жаңы конституцияны кабыл алуу референдуму 2010-жылдын июнь айында болуп, бүгүнкү күндө дал ушул Конституция Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жатат. 2016-жылдын конституциянын 26 беренесине өзгөрүү-толуктоолор киргизилген.
Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүндөй эле Кыргыз Республикасы үчүн Конституция баш мыйзам болуп саналат, ал жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, өлкөнүн укуктук статусун аныктап, мамлекетибизде эң жогорку юридикалык күчкө ээ. "5-май конституция куну" иш күн эмес.
[ushka=seredina] Кыргыз Ресбликасынын Констициясынын кээ бир беренелери:1-берене. 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.
2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.
2-берене. 1. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат.
2. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.
3. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби, референдумга коюлуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.
4. Шайлоо эркин болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.
5. Мамлекет мыйзамда белгиленген ар кайсы социалдык топтордун мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, анын ичинде чечим чыгаруу деңгээлинде өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзөт.
Конституция деген эмне - коституция бул коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын ишин жана уюштуруу негиздерин аныктоочу, жарандардын укуктарын белгилөөчү мамлекеттин негизги же баш мыйзамы.
Конституция латын тилинин constitutio аттуу сөзүн келип чыгып, түзүлүш, орнотуу дегенди билдирет. Жогорку юридикалык күчкө ээ, өзгөчө нормативдик укук актысы. Жалпак тил менен айтканда эл менен өкмөттүн ортосундагы келишим.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө кызыктуу фактылар:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) жана КР 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамы менен колдонууга киргизилилген версиясынынын бул жерден көчүрүп алсаңыз болот. "5-май конституция куну" макаласы боюнча суроолор болсо комментарий жазгыла