Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаз жонундо ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Жаз жонундо ырлар

Салам достор, жаз жонундо ырлар жыйнагын сунуштайбыз, бул жыйнакка кыргыз элинин белгилүү жазуучуларынын дагы ыр саптарын коштук. Ырларды биздин ютуб каналыбызга дагы видео кылып жайгаштырдык, каналыбызга жазылыңыз, комментарий жазыңыз, лайктарды же дизлайктарды да унутпайлы.

Жаз жонундо ырлар

Жаз
Жаздын түрү эң сонун,
Абада булут бөлүнгөп.
Булуттан сызган нөшөрү
Жер бетине төгүлгөн.
Түрдүү, түмөн өсүмдүк
Көрктөнүп жерде көрүнгөн.

Дарактын баары бүрдөгөн,
Мөмөлүү бактар гүлдөгөн.
Капаттуу кушка тил кирип
Мукам-мукам үндөгөн.
Торгой сайрап көкөлөп
Канаттарын күүлөгөн.
Дыйкандар ишке камынып,
Кетменин курчка бүлөгөн.
Жаздын күнү жагымдуу
Жалпы эмгекти тилеген.

Жаз күнүндө жашыл чөп
Дукабадай кулпунган.
Кулун, тайлар тоюнуп,
Оюн салып булкунган.
Берекелүү эмгекке
Бүт колхозчу умтулган.

Ой-тоо толгон түркүн гүл
Желге ыргалып жайкалган,
Миң кубулуш, миң кызык
Көргөн адам таң калган.

Өзөндө суулар мелтилдеп,
Ыргалат шибер желпилдеп,
Жаздын күнүн ырдадым
Жаштар окуп жүрсүн деп.
(Барпы)

[ushka=seredina]

Жаз жонундо торт сап ырлар
Муздун баары тамчылап,
Ыйлап жатат барчылап.
Ал анткени жаз келди,
Салам сага көк асман!

Күн жылмаят эми бизге,
Кардын жашы токтобой.
Суулар ырдайт шылдырап,
Жашыл чөп да кылтыят.

Аю күркүрөп чээнинен,
Чыга келди ойгонуп.
Уктай албайт эми эчким,
Жаз келип баарын ойготот.

Курт-кумурска кыймылдайт,
Канаттуулар чурулдайт.
Элдер кирип кыймылга,
Жаз да келди жалпыга.

Күттүм эле сени мен,
Сур булуттар тажатып.
Жан дүйнөмдү жылытып,
Мына эми келдин сен.

Бак-дарактар кийинип,
Жаны жокко жан кирип.
Үмүтүсүң жашоонун,
Жазым менин жандырган.

Түн кыскарып уламдан,
Күн көбүрөөк жылтылдап.
Келгин куштай келдиңби,
Жаркыраган жаз айым.

Жалбырактар жаңырып,
Бозоргон күндөр азайып.
Сезимдер алып учат негедир,
Жаз жашоону тартуулап.

Жаз жамгыры
Таң аткыча жамгыр жаады дыбырап,
Кытыгылап, кулагыма шыбырап.
Кокусунан добул соксо гүрүлдөп,
Бүткүл денем сезип жатты дүрүлдөп.

Денем сүйүп, жаным сүйүп жыргадым,
Эске түшүп бала чактык жылдарым.
Козу карын терип жүргөн жылдарым,
Өзүң билген, өзүм билген сырларым.

Жанга дары жаз айынын жамгыры,
Көңүлүмдү көкөлөтүп жандырды.
Көңүл эмес, көккө боёп адырды,
Таң аткыча ойду-кырды кандырды.
(Камбаралы Бобулов)

Жаз мезгили
Жыл жыргаткан мээрмандуу күнөсү:
Жаз мезгили — жаш баланын мүнөзү.
Кара жерим жашылданып кулпуруп,
Калкып чыгат бал каймактай ширеси.

Жаз мезгили — бардык жанды ойготот.
Жалкоо адам иштен коркуп толготот.
Эрте туруп эпкиндүүлөр шаңданып,
Эмгек күүсүн иш үстүндө ойнотот.

Жаз мезгили — жигит, кыздын кырдалы,
Жагалданган мейкин-ойдун кырлары.
Жапырт иштеп, эмгек гүлүн терелик,
Жарык болсун жашоо өмүр жыргалы.
(Сатин Абдыкеримова)

Жазгы таң
Күдүндөп жел ойду, кырды жойлоду,
Чөп терметип, тамашалап ойноду -
Гүл желбиреп, кулдук уруп, баш ийип
Шыбырады, кыткылыктап сойлоду.

Сайрап торгой көкөлөдү абага,
Тилин бурап калкылдады абада,
Сызгырылган көркөм обон толкундап,
Түр киргизди мейкин жаткан талаага.
(Жоомарт Бөкөнбаев)

Жаз
Түр билек дыйкан кошко камынды,
Агын суулар алдас уруп чамынды,
Түлөп түшүп жексен болду ак тери,
Жердин бети жашыл кымкап жамынды.

Чарба малы эгиздеди, төлдөдү,
Колун булгап эмгек элди "кел" - деди.
Азыр эттүү, сагалаган баягы,
Арык-торук кең өзөндү өрдөдү.

Мейкин талаа кызыл гүлгө көмүлдү,
Кубандырып кайгы баскан көңүлдү.
Тоюндуруп арык, ачка калганды,
Шаттандырып жемиш жерге төгүлдү.

Кең талааны атыр жытка чөмдүрүп,
Эркеленди, алпештенип жел жүрүп.
Нурун чачып жерде жүргөн эмгекке,
Көк деңизде кулач урду күн күлүп.

Жан-жаныбар эмгек жакка агылды,
Алып шайман жумушуна камынды.
Көркөмү жок кыш маалында кокойгон,
Карагай да мончок, акак тагынды.

Арык казды, Тейтек кетмен саптады,
Алып шайман эмгектенди, жатпады,
Талим кышта жамап-жазгап, жамынган
Жаман тонун койчу чечип таштады.

Шымаланып эмгекчилер эринбей,
Жатып ичкен жалкоолукка берилбей,
Жердин бети жыбыраган аракет
Калганы жок эмгек жакка теминбей!

Жадырады жердин бети кубанып,
Кооздолуп кызыл, жашыл куралып,
Салкын аба, күлүк жели күлүңдөп,
Эч булут жок көк аскада тунарып.

Сайрап куштар, обон кошуп, үн салды,
Жайды жактап, жамандады ак карды,
Көз кайкытып, кызыл-ала түрдөнүп,
тоо бооруна сайма түрүн гүл жапты.

Эмгегиңди талбай кылгын Тейтегим,
Эсте болсун келер күнүң эртегиң!
Мактап сени эртели-кеч кашыңда,
Тынбай сайрайт кубулжутуп эрмегиң.
(Жоомарт Бөкөнбаев)

Достор, жаз жонундо ырлар жыйнагыбызга силер дагы кол кагыш кылып, өзүңөрдүн колуңуздан жаралган жаз жонундо ыр саптарыңызды комментарий кылып жазып койгула.

Жаз жонундо
Жаз... десе мага сезилет,
Жайдары сонун бир мезгил..
Жазда бүт билим жетилет,
Жашоодо сонун элестер.

Жерде болчу жаңылык,
Жазында такай болчудай.
Жуунуп нурга жаңырып,
Көрсөтүп көзгө койчудай.

Адамдын баарын дүрбөтүп,
Үндөгөн мыкты жашоого.
Ааламды койгон гүлдөтүп,
Жашырын күчү ошо го.

Апрель айы ак жолтой,
Дүйнөгө келген Акылман.
Кубаты жазды шап коштой,
Нурларды чачты жаркыган.

Биз ээрчип нурдун артынан,
Баратып миң сан тепкичте
Жашагын жазым жаркыган
Шыбырап айтам - кечикпе!
(Д. Кугультинов)

Келди жаз
Былтыр кеткен, быйыл кайта келди жаз,
Дыйкандар, жабдыгыңды ал, жерди каз.
Ойлосоң келе турган күнүңдү
Эрикпей жер толтуруп эгин чач.

Кар эрип өзөндөргө суу акты,
Билек түр, байла дыйкан кулакты.
"Кудайым куру койбос берер" - деп
Өткөрбө жемиш берер убакты.

Эмгекке байла кедей белиңди,
Ээн койбо пайда берер жериңди.
Эринчек сураары анык даныңдан,
Күзүндө сен басканда теминди.

Мал багып байга кетпе алданып,
Алалбай толук акы сандалып,
Өзүң ал байга берген күчүңдү,
Аласың келер кышка камданып.

Иштесең алтын жерден табылат,
Ырыскыга башың барып малынат.
Эринип бекер жүрсөң сыланып,
Бир кезде кең дүнүйөң тарылат.

Каршы алгын жарык жаздын келгенин
Жандантып саган кезек бергенин.
Дагы айтам, кедей, дыйкан тууганым
Козголчу, жерге сиңсин эмгегиң.
(Жума Жамгырчиев)

Кыш кетти
Кыш кетип, жаз да келди жаркыраган,
Эч жан жок кыштагыдай калтыраган,
Нуруна күндүн берген бою балкып,
Жанданды өсүмдүктөр алсыраган.

Өзгөрдү баштагыдан жердин бети...
Төлдөшүп арбып келет бир кой эки.
Баш кошуп, күчүн жыйнап, артелдешип,
Дыйкандар оокатына кирген кези.

Жабылып кара жерди айдап жатты,
Салышып соколорго өгүз, атты,
Бай, манап, эшен, молдо, кулактардын,
Дыйкандар бириккенде куту качты.

Ачылды кең талаада жайнап эмгек,
Талааны жаттар эмес ээси жердеп.
Козгошуп өткөн, кеткен аңгемени,
Кошчулар бир-бирине болуп эрмек.

Артелдин соколору чогуу кирип,
Казыдай кара жерди карыш тилип
Талаанын эмгек менен өңүн ачты,
Кадырын бирикменин жакшы билип.

Киргенде эмгекчилер баары кошко,
Жүрбөдү эч кимиси карап бошко.
Соколор баштагыдай бирден эмес,
Түшүштү беш-алтыдан бир борозго...

Эл кирди тыным албай кошко кызык,
Эчен жылы бош жаткан дыңды бузуп.
Ар киминин алдында максаты бар,
Алышкан иштерине план сызып.
(Жума Жамгырчиев)

Жаз добушу
Шылдырт-шылдырт... шылдырап, тоодон кулап,
Тоголонуп жөнөдү тоңгон булак.
тоо колтугун жылытып, тоңду эритип,
тоо башында күн турду, болуп чубак.

Дыбыр-дыбыр... дыбырап, дыбырт улап,
Көктөн түштү тамчылар жерге кулап,
Дырдай ачык, жылаңач жаткан жерге,
Көктө жатты көк булут көйнөк курап.

Күлдүр-күлдүр... күлдүрөп, күн күркүрөп,
Байчечекей башбагат, көк дүркүрөп.
"Дамбыр ташын" койгулап, үй айланып,
Күңгүрөнүп жамгырда кимдер жүрөт?!
(К. Жуманазаров)

Жаз жыттанат
Шаардын ичи жаз жыттанат,
Куштар тилин бүлөшөт.
Учуп-конуп, кыш күндөрү
Коңулдарда түнөшөт.

Жашоо үчүн ушулар да
Жаны калбай күрөшөт.
Шаардын ичи көк жыттанат,
Жаз келгени билинип.

Көз чаптырсаң туш-тарапка
Көңүл буруп, тигилип
Зоока учунда кара булут,
Туруп калган илинип.

Шаардын ичи жаз жыттанат,
Айнектерди ачкыла!
Кереметтүү бул мезгилдин
Кимдер чыкмак астына!

Дене жазып, бойду түзөп
Көөдөн кере баскыла!
Турмуш бүтпөс сапарында
Шахмат ойну сыяктуу.

Жеңилебиз же жеңебиз,
Дайым тартып, турат бу.
Турмуш бүтпөс сапарында
Түнүн, күнгө улаган

Күндөр чексиз.
Жомоктордой-
Улам бирин чубаган
А, Ай болсо дөңгөлөнүп,
Өтүп барат кыядан.

Ала шалбырт башталыптыр
Суулар чачып, көбүгүн
Шаардын ичи жаз жыттанат,
Сергек менин көңүлүм

Жашыл тартып, арчалардай
Жашылданат өмүрүм!
Шаардын ичи жаз жыттанат,
Эшиктерди ачкыла!

Күндүн алтын шоолалары
Килем төшөйт астыңа!
Кирген суудай күкүктөнүп,
Күрпүлдөп, бир, ташкыла!
(Майрам Буларкиева)

Жаз - мезгилдин жаш чагы
...Жыл жаңырды, бирок ал да жаш эмес,
Тостук аны ак кар, көк муз - аязда.
Толгономун:-Жыл жаштыгы кайсы кез?
Жарпын жазар жаш мезгили каякта?!
...Билсең жылдын жаш мезгили жаз күндө
Көксөп аны жан-жаныбар суранат.
Чыдай турсак белди бууп аз күнгө
Келатат жаз өкүм кышты кубалап.
А, кыш жүдөө белден безип кете албай
Жүүнү бошоп жөө тумандай чубалат.
...Силкинчидей намысына бел байлап,
Ал аңгыча боло калат жер жайдак.
Шатыраган жаан жана күн күчүнөн
Чыга келим түркүм чөптөр жер жайнап...
Ушул учур улуу иштерге чакырык -
Уйкуну кууп, сергектикти келди айдап!

Шаңга белөп жашартмакка дүйнөнү
Аалам тосту ак шоолалуу күндү эми.
Жаз дегениң жан сергитээр кубат бейм -
Тал-теректер чарт жарылып, бүрдөдү.
Чар тараптан аба жыты атыр сээп
Көңүлсүздүк көчө качты үйдөгү.
Ушул бүгүн дүйнө жаңы көз жарып,
Жар чакырат булбул, торгой үндөрү.
...Кыштагыдай ыкшоо тартпай короздор
Таң чакырат бийик созуп "кернейин".
Жер саймалап дыңга түшсө бороздор...
Соко тиши издегенсийт жер кенин.
Тапка келип талаа кескен трактор
Күлүгүндөй күн шоолалуу жергемин.

...Жылмаят жаз жаңы күлгөн баладай,
Сүйөм жазды нөшөрүнө карабай.
Самаймым аны абадай.
Сагыныч такыр тарабай.
Жал-жал карап жан-жагын
Желге тарап саамайын,
Жазды жалгыз биз эмес -
Сүрөт тарткан жүз элес
Тосот: тоо, суу, карагай.

Жашыл жаз жаштык жыттанат
Көөдөй түн көзүн ача албай,
Ийменин андан кыскарат.
Узун кирпик жаз келип,
Жарк дей түштү туш-тарап.

Турмуш куту жаз деген
Балкыйт андан жаш денем.
Бажырайган гүлдөрүн
Бапестеймин наз менен.
(Аскар Касымалиев)

Жаз
тоо башында, зоо кашында уюп кар,
тоо, зоолордо топ-толтура булуттар.
Булут эми апапакай кар жаабай,
Көз жашындай жамгыр элейт, тунук да ал.

Ошол жамгыр жаап турган дыбырап,
Жерге кадим душ сымалдуу туюлат.
Чечип салып жер сулуу ак көйнөгүн
Моюн ылдый жазгы суудан куюнат.

Чыга түшүп эми айкөл көркүнө,
Жер магдырайт күндүн жазгы өртүнө.
Тунук аба жалбыз жыттуу кызга окшоп...
А бүчүрлөр барат четтеп бөртүлө.

Кызык ушу жазда жашоо... тирилик,
Бири калбай бир башкача тирилип.
Кыймыл кирип жан-жаныбар баарына
Жазгы абата, жазгы нурга киринип.

Дөбөсүнө кумурскалар үйүлүп...
Куштар сайрайт не бир таттуу, сүйнүп.
Жалгыз гана каргаларга эң жаман
"Каарк, карк" этип кайда кеткен күйүнүп?

Табак-табак болуп сары ууздар,
Сагынтышат саба жарган кымыздар.
Жазгы маңдай адамдарга окшошуп
Чыгыш аппак, асман толо булуттар

Калган кезде каш карайып, кеч кирип,
Калбасын деп атам-энем шек билип.
Карагат көз кыз "кеттим" - дейт киного
Кыялына бозой күтөр кепти илип.
(Калыбай Осмоналиев)

Жаз
Кып-кызыл көйнөк кийип маңдалактан,
Жап-жашыл чыптамасы бак-дарактан.
Ап-аппак топусу бар ак булуттан.
Үкүсу - каркыралар бийик учкан.
(Калыбай Осмоналиев)

Жазды тосом
Жазды мен кусам толо күтө берем,
Жашоого анын залкар деми менен,
Жаз ааламды жашартат күчүн үрөп,
Эмгектин зериктирбес алпын төрөп.

Жаз келсе аалам сулуу, адам сулуу,
Күндүн да бир бөтөнчө чачкан нуру,
Булактардын ырлары дандын даамы,
Гүл жыттуу жаздын төккөн жамгырлары.

Жазды мен күтө берем ашыктардай,
Атайлап ага берер энчим бардай,
Келгенде тосуп алам тракторчон,
Кыртыш тилип, үрөн сээп, эритип тоң.
(Нинакан Жүндүбаева)

Жаз жонундо ырлар жыйнагыбыз ушундай болду, ютуб каналыбызга жазылгыла, өзүңөрдүн автордук ырларыңызды бизге жөнөткүлө, бизге кошулгула, биз менен байланышкыла, Силердин ой-пикирлериңиз биз үчүн абдан маанилүү.

Жайгаштыруу: 2018-11-16, Көрүүлөр: 127118, Өзгөртүлгөн: 2023-11-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо