Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нооруз майрамы жонундо ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Нооруз майрамы жонундо ырлар

Нооруз майрамы жонундо ырлар жыйнагын ушул жерде чогултуп, ушул жакшы күн менен куттуктап атайын даярдап чыктык.

Нооруз ырлары

Жанырган жаны жылыбыз
Нооруз майрам кут болсун
Илгери болсун эл иши,
Данга толуп кырман ичи.
Кудайым өзү колдосун
Келе деген доочу болбосун
Эч качан оору жолобосун.
Албууруп келген жоодон сакта
Агыны катуу селден сакта
Жалыны күчтүү оттон сакта

Айлана шаңга бөлөнүп,
Жер бети жашыл көгөрүп.
Кут толгон Нооруз майрамы,
Кирип келди жанданып.

Аластоо
Алас-алас ар балээден калас
Ала-тоону айланып,
Алас айтып мен келдим
Теңир тоону айланып,
Тилек айтып мен келдим,
Нооруз келди, жаз келди.
Эгинибиз мол болсун
Малыбызда төл болсун.
Алас-алас ар балээден калас.

Келди Нооруз, келди мына жаз майрам
Береке жаап, кут төгүлүп асмандан
Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы
Сүмөлөктүн бал даамынан башталган.

Нооруз келди жаз келди,
Жаз периште саз келди.
Күнөскө тосуп желкесин,
Күн тийгенге жан кирди.

Арча менен аластап,
Аруулап жерди алалы.
От менен баарын тазалап,
Кызыкты анан салалы.
Умайдай болгон энелер
Тазалап баарын таштасын
Майрамдык ушул кечени
Элибиз анан баштасын.

Ала-тоону аралап,
Кош келипсин Нооруз.
Кыргызымдын жерине,
Туш келипсиң Нооруз.

Ыйык тамак сүмөлөктү кайнатып,
Дасторконун дүйүм ашка жайнатып.
Кыргыз эли Нооруз тосуп шанданып,
Тынчтык тилейт бардыгына жанданып.

Ыр менен артып көркөмү,
Кут болсун элдин көктөмү.
Бийиктерге терметип,
Умай эне мээрим төгүп балага.
Бешингинде кыргыздын
Эчен муундар эр жетип
Арча менен аласташып, аруулап,
Ак бешикке анан бала салынат.
Элди баккан эр азамат болсун деп
Көк тенирге, эр Манаска жалынат.

Бешигин кептүү болсун
Ата-энең эптүү болсун
Тууганын айыл болсун
Тууган-туушкан канат болсун
Тукумуң жүзгө жетсин
Малың миңге жетсин
Кесепеттүүнүн көзүнөн сакта
Кээрдүүнүн сөзүнөн сактасын
Баарыбызга өбөк бол
Ата-энеңе жөлөк бол
Өмүрүң узун болсун
Оомийин!

***

Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен,
Жетелешип жазгы жумшак жел менен.
Ырыскыны алып келип элиме,
Кут төгүлүп, агып турат жергеме.

Нооруз келди нурга бөлөм жаз айын,
Биз күтөбүз ушул күндү жыл сайын.
Таттуу уйкудан жаратылышы ойгонуп,
Бүт айлана жанданууда күн сайын.

***

Жазда көктөм, жазда шибер жайкалат,
Жазда жашоо, кайра баштан башталат.
Жер энебиз кере-кере дем алып,
Айлана бүт сан гүлдөргө капталат.

Жел менен ойноп, жазда келди жаркылдаган,
Жергеме кирип келди Нооруз майрам.
Айлана кубанычка, шаңга толуп,
Жаз менен кошо келди күлкү сайран.

Жаз менен кошо Нооруз майрамы ар адамдын, үй-бүлөөнүн босогосун аттап, кирип келди. Бул майрамды биз көптөн бери күткөн элек. Табиятта эле өзгөрүү болбостон, Нооруз майрам, ар бир адамдын жан-дүйнөсүнө, сезимине, жүрөгүнө жакшы нерселерди алып келип, чоң бир өзгөрүүлөр болот деген үмүттөбүз. Майрам элибизге жакшылыкты, токчулукту алып келсин. Асманыбыз ачык болуп, пейилибиз кенен болуп, кыргыз эли дайыма бейпилдиктин кучагында жашасын.

Көсөм бир кыргыз элденбиз
Көтөрүп келген байрагын
Куттуктап бүгүн жаз келди
Кутмандуу Нооруз майрамы
Өткөрөлү элим Ноорузду
Күлкү бир, оюн шаң менен.

Ноорузум
Сөзү жана обону: ким?
Жаңыргансыйт ала-тоодон добушу
Жашыргансыйт байыртадан конушун
Сагындырып неге мынча кеч келдин
Салам сага, санжыралу, санжыралуу Ноорузум

Кел Ноорузум арыш келип артымдан
Кереметтей ар бир үйдө айтылган
Кеч болсо да кезикчү кез бар экен
Кел Ноорузум, кучагыма, кучагыма кысайын.

Нурга бөлөп талаа түзүн, тоо учун
Улам бийик оболоду добушуң
Сагындырып неге мынча кеч келдин
Салам сага, санжыралу, санжыралуу Ноорузум

Ак калпак барктуу аталар,
Ажарлуу асыл апалар.
Ак тилек жанган Ноорузда,
Айытылып турсун баталар.

Бабаларадан мурас болуп бизге калган
Бакыт бергин, ырыс бергин Нооруз майрам

Элибиз калың журт болсун
Жергеме дөөлөт кут консун
Тилегибиз ушул Ноорузда
Жакшылык иштер көп болсун

Жаркыраган жаздын, күжүрмөн эмнегектин, ыймандуулуктун, адептүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн, ынтымактын жана таттуу, даамдуу дасторкондун майрамы. Кымбаттуу кыргыз элим, бардыгынызды, жанылануунун, жакшылыктын жышаанын алып келген улуу Нооруз майрамы менен куттуктайбыз.

Ноорузум
Cөзү: Э. Эрматов, обону: А. Карыбаев
Байчечекей гүлдөп көз жоосун алып кулпурат
Тап-тарап бүрдөп төгүлөт, алтын күн чубак
Жергеме келди жаны жыл, Нооруз майрамы
Көк теңир колдоп, аластап, шаңдуу ыр чыгаар

Кайырма
Ноорузум, жер жарылып көк болсун
Ноорузум ай, желин ийип сүт толсун
Ноорузум, нооруз майрам, жаз майрам
Ээй-ээй, ар бир үйгө кут консун

Кош жыдып жаңы талаага үрөн себилет
Жылдыздар бийлеп бүгүнкү майрам бир бөлөп
Үй үмүттөр көздөн дүркүрөп өссүн бул жайда
Алоолоп жалын кайнасын ширин сүмөлөк

Жазга кошо Нооруз келди жергеме,
Жаңы жашоо, тынчтык берет демдене.
Жер үстүндө жаратылыш жанданып,
Шаңдуу ырды созолонтот элиме.

Бар бол - нооруз!
Нур чачып көктөм демине,
Улуу күн келди жериме.
Жаңырган жаңы жыл менен,
Кут консун кыргыз элиме!

Кайырма
Нооруз,
Жаңы күндүн майрамы,
Кут өмүрдүн ак таңы.
Нооруз,
Жан дүйнөмө жаз келген,
Жер эненин кутманы Нооруз!

Касташкан достор табышсын,
Ак тилек толкун ачылсын.
Айкөлдүк орноп ар үйдө,
Ата Журт шаңы жаңырсын.

Биримдик болсун элимде,
Ынтымак орноп жеримде.
Таалайдын жолун куралы,
Таянып күндүн демине.
(С. Алтымышов)

Нооруз
Өмүр тилеп балдарга,
Ден соолук тилеп чалдарга,
Өсүүнү тилеп көк тиреп,
Карагай, кайың, талдарга,
Келди нооруз майрамы,
Көрүнүшү жайдары.

Көрүнүп шаңдуу кап-кайдан,
Ала-Тоодой чалкайган,
Ысык-Көлдөй жайкалган
Келди каалап, жаз майрам
Көл бөксөрбөй, толушун,
Элде тынчтык болушун.

Сайрандап эркин бой керип,
Сүмөлөк жасап, той берип,
Келди майрам нур жүздүү!
О, жаш досум, бол шерик!
Достуктун ырын ырдайлы,
Болбосун элде муң-кайгы.
(Темиркул Үмөталиев)

Алас, алас, алас, ар балээден калас, ооо жараткан теңирим, бир өзүңдөн сураймын. Элимде токчулук болсун, молчулук болсун ылайым. Айдан аман, жылдан эсен бололу. Алас, алас, алас. Ай көрдүм, аман көрдүм, жер жарылып көк чыксын, желин жарылып сүт чыксын. Эгинибиз бул жылы эски жылдан көп чыксын.

Соко тишин кайрайлы,
Шаймандарды камдайлы.
Борос салып талаага,
Жер айдоону баштайлы.

Жаздын жыты жыттанды,
Баба дыйкан багбанчы.
Кетмен күрөк алгыла,
Талааны көздөй шашкыла.

Кыштай жаткан үрөөндү,
Кошо кармай баскыла.
Жаздыкка башты катпайлы,
Жаз менен ишти баштайлы.

Жер эне күтүп калды дейт,
Канакей дыйкан барбы дейт.
Кайрадан күчтү сынашып,
Чер жазышып алсак дейт.

Жер айланып жыл келди,
Жергебизге жаз келди.
Жаз менен эмгек баштайлы,
Теңирим берсин тилекти.

Билектерди түрүнүп,
Дыйкан ага камынат.
Соко тиши жалтырап,
Жер айдоого шашылат.

Казык алып жонуна,
Шапалагы колунда.
Жаз менен кошо жарышып,
Баба дыйкан сонун да.

Борос түшүп талаага,
Дың жерлери жарылат.
Баба дыйкан иш күнү,
Жаз менен кошо башталат.

Мээрим чачып жер эне,
Пирин чачып дыйканы.
Шарапаты жаздын деп,
Эриш-аркак иш кылат.

***

Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуштап.
Бул жетим-жесирге,
Мунусу карык мискинге.

Мунусу канаттуу кушка,
Булары курт-кумурскага.
Калгандары бизге,
Сизге, мага.

Баба дыйкан жолдошум,
Баардык ишти колдосун.
Арыгың кенен чабылсын,
Корукчуң арбын табылсын.

Айтканыма көн,
Тилегим жөн.
Өн үрөнүм өн.

***

Ноорузга бата
Ооо, калайык, калың журт!
Жамгыр менен жер көгөрөт,
Бата менен эл көгөрөт.
Оомийин...

Кел Ноорузум,
Бейпилдиктин жылы бол.
Ырыскы бак байласын,
Ынтымактын ыры бол.

Калайык-калк аман болсун,
Капасы жок заман болсун.
Жергебизге береке толсун,
Жаңы жылда бакыт консун.

Баш багып ар бир үйгө,
Бак-таалай толуп калсын.
Кел Ноорузум,
Жан дүйнөбүз аруулансын,
Жалпы дүйнө жаңылансын.

Көпчүлүктүн ак тилегин,
Көкө теңир кабыл алсын.
Көлдөй ырыс туш болсун,
Алакандай кыргызга,
Ала-Тоодой кут консун.
Оомийин.

Кел Нооруз
Сөзү жана обону: А. Тоотаев
Жашартып сезимди аруулап,
Жандатып жер бетин жанылап (2 жолу)

Кайырма
Жараткан элиме бар берип,
Жайнады ааламга жаз келип.
Жадырап жан дүйнө тазарсын
Жаз менен жарашып термелип
Кел Нооруз, кел Нооруз, кел Нооруз
Ырдайлы шаң кошуп бир добуш.

Казанда сүмөлөк кайнасын
Кут келип дасторкон жайнасын (2 жолу)

Нооруз ыры
Айлана бүт жашыл көйнөк кийинип,
Бак-дарактар салам берип, ийилип.
Келди бүгүн нооруз майрам жергеме,
Кутман элим камылгалуу күтүнүп.

Кайырма
Ээй, кел көжөнү кайнаталы,
Дасторконду жайнатылы.
Нооруз күндү тосуп утурлап,
Нооруз ырын бүгүн биз ырдап.
Оой, ыр жаңырсын шаңдап элди,
Ырыс алып Нооруз келди.
Бул майрам улуу туубуздун,
Бир белгиси биздин улуттун.

Бүгүн элим өзгөчө бир жайдары,
Жымыңдайт асмандагы ай дагы.
Нурун чачып келген бизге бул Нооруз,
Кыргыз элдин сүйүп күткөн майрамы.

Ушул жылы ден-соолук бер элиме,
Ушул жылы кетсин бакыт жерине.
Өлкөм өсүп уяласын токчулук,
Ырахаттуу жашоо берсин деги де.
(Аткаруучу: Фарида Култаева, сөзү, обону:?)

Жаңы жыл - Нооруз
Жаңы жылым кут болсун,
жерден чыккан көктөмдөй,
Таң зарда энеси,
наристесин өпкөндөй.
Торгой сайрап, куш жайнап,
жер шары бүт көгөрсүн.
Жылуу сезим ак дилден,
Жүздөн сүйүп кеткендей.

Кайырма
Жаңы жыл - Нооруз
Жаңы жыл - болсун
Жакшылык, бакыт
Кыргыз элге кут консун.

Ырыскылуу элден бол
Эртеңкисин ойлонгон
Дасторконун жайнатып
Каймак-майын бүт койгон
Бата берсин аталар
Ак сакалын жайкалтып
А байкелер, жезделер
Жакшылыкка мал сойгон

Эне болсун балпайган
Үй кутуна нур чачкан
Жарык жүздүү, жайдары
Жеңелери чай сунган
Санжыралуу эл журтум
Бекере-кут бек болсун
Өспүрүмдөр жайдары
Алга умтулуп талпынган
(сөзү, обону:?)

Нооруз айы — жаны жылдын келиши,
А, жаз айы — табигаттын Периси.
Куттуу болсун Нооруз майрам жалпыңа,
Тилегеним — тынчтык болсун Эл ичи.
(Асыл)

Колдонуучулардын ырлары

Нооруз Нооруз жакшысың,
Жазда болгон майрамсың.
Ак бата берип жаштарга,
Оюн күлкү шаңысың.
(Аял заты атуу колдонуучудан)

Достор кээ бир ырлардын авторлорун билгендер болсо айтып коюууну суранабыз.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2020-02-17, Көрүүлөр: 203629, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу