Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Күү (музыкада)

Баш барак | Музыка | Күү (музыкада)

Күүкыргыз музыкалык аспаптарынын обондорунун, музыкасынын жалпы аталышы. Башкача айтканда, кыргыз музыкалык аспаптарындагы кайсы бир чыгарманын ойнолушу (кээде ыр менен коштолушу мүмкүн), кыргыз эл музыкасынын жана деги эле жалпы музыканын негизги элементи. Залкар күүлөр үн же ыр менен коштоболстон, башында сөз менен түшүндүрүлөт.

Кыргыз музыкасында күүлөр жалаң гана комузда ойнолбостон, кыл кыяк, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, сурнай, сыбызгы, чоор жана башка улуттук аспаптарда дагы ойнолот. Заманбап кыргыз музыкасында күүлөр дээрлик бардык аспаптарда аткарылат.

Күү — түздөн-түз угуу аркылуу композиция-техникалык жана ладдык бүтүндүк катары кабылдануучу музыкалык фактуранын үнү. Күү, сүйлөө сыяктуу эле үзгүлтүксүз жүрбөй, бөлүктөргө бөлүнөт. Күү бөлүктөрү түзүмдөр аталып, чоңдугу (узактыгы) боюнча ар түрдүү келет. Түзүмдөр ортосундагы чек цезура болот.

Күүлөр көп жанрларга бөлүнөт: камбаркандар (моюн күүлөр), ботойлор, шыңгырамалар (аяк күүлөр), кербездер, толгоолор, айтым күүлөр, тарыхый, залкар, эпостук же эпикалык күүлөр (анын ичинде кенже эпос күүлөрү), куш абаз, кол ойнотмо, лирикалык («Секетбай», «Күйгөн», «Арман», «Кошок» ж. б.), салттуу («Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Бекарстан»), бел күүлөр («Ибарат», «Насыйкат»), обон күүлөр (байыркы) ж. б.

Күүлөр муундан муунга оозеки түрдө өтүп, заманбап күүлөр болсо түрдүү сактоочу каражаттарга жазылат. Күү чыгармаларга кошумча аныктоочу, тастыктоочу, окшоштуруучу, сездирүүчү боёкторду берип, окуяларды, көрүнүштөрдү, мүнөздөрдү чагылдырат. Мисалы, Нурак Абдрахмановдун «Улуу тоолору», «Мезгил жаңырыгы» адамды өзгөчө бир атмосферага бөлөп, түрдүү образдар көз алдына чагылат. Ушул сыяктуу эле тарыхый күүлөр дагы бар: «Ат кетти», «Камбаркан», «Кара өзгөй», «Көкөй кести», «Жаа толгоо», «Ботой» ж. б. Башкача айтканда, «кыргыз эли кайгысын дагы, кубанычын дагы күүгө салып келген» деген фраза буга жакшы бир мисал болот алат.

Комуз күүлөрү кыргыз эли арасына кеңири жайылган. Күүлөнүшү, музыкалык темалардын өнүгүшү, ыкмаларынын кеңири болуусу менен айырмаланат. Кийинкидей толгоолор менен күүлөнөт:

Күү ийкемдүү жана акырына чейин динамикалуу өнүгөт. Бир күүнүн бир нече варианты болушу мүмкүн.

Айрым күүлөр табияттын, жаныбарлардын, канаттуулардын үндөрүн, кыймыл-аракеттерин тууроодон жаралган.

Күүлөр жеке аспапта (соло) же ансаблдин, оркестрдин коштоосунда дагы аткарылат. К. Молдобасанов, М. Абдраев, Н. Давлесов өңдүү композиторлор комуздун оркестр менен коштоосундагы күү үлгүлөрүн жаратышкан («Жаштык күү», «Комуз күүсү», «Карылык», «Тогуз кайрык», «Жол жорго»).

Биринчилерден болуп кыргыз күүлөрү А. Затаевич тарабынан нотага түшүрүлүп, «Кыргыздын 250 аспаптык күүсү жана обону» аталышында 1934-жылы Москвадан китеби басылып чыккан.

В. Виноградовдун «Токтогулдун музыкалык мурасы» (1961), «Муратаалы Күрөңкеев» (1962) аттуу эмгектеринде изилденип, «Кыргыз музыкасынын антологиясына» (1974) киргизилген.

Жайгаштыруу: 2024-01-08, Көрүүлөр: 420, Өзгөртүлгөн: 2024-01-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу