Карамолдо Орозов


Карамолдо ОрозовКыргыз элинин улуу комузчусу Карамолдо Орозов 1882-жылы Ысык-Кол районундагы Корумду айылында туулган. Ал 9—10 жашынан эле комузда ойноп, ар кандай куулорду черте баштаган. Карамолдо Орозовдун оз аты — Токтомамбет. Ал айылдык диний мектептен билим алгандыктан, молдо аталган. Озу кара тору жигит болгондуктан, аны Карамолдо деп коюшкан. Кийин ал белгилуу кыякчы жана комузчу Муратаалы Куронкеевден таалим алган.



1928-жылы элдик онорпоздор менен бирге Фрунзеге (азыркы Бишкек шаарына) чакыртылган. Ошондо Карамолдонун 30дай куусун А.В.Затаевич нотага тушургон. Ал алгач кыргыз музыкалык драма театрынын, анан Кыргыз филармониясынын артисти болуп эмгектенген. 1939-жылы СССР композиторлор союзуна мучо болгон. Карамолдо Орозовдун элдин откондогу турмушун баяндаган «Сынган бугу», «Кокой кести», «Чон кербез» куулору, ошондой эле философиялык мазмундагы «Насыйкат», «Ибарат» куулору эл арасында кенири чертилет. Анын куулору кыргыз музыкасынын классикалык музыкаларынан болуп саналат.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 5702, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23