Залкар комузчулар — комуз чертүүдө өзгөчө таланттуу жана көптөгөн чыгармалары менен белгилүү болгон музыкант комузчу. Кыргыз элинин музыка маданиятынын эң бай булактарынын бири — элдик ырлары жана күүлөрү. Булар калкыбыздын турмушунда өтө чоң роль ойногон. Элдик ырлардагы жана күүлөрдөгү залкар ойлор, күчтүү сезимдер, мукам обондор, татаал кайрыктар ар бир угуучунун жүрөгүнө, акылына көп нерселерди баяндайт.
Өткөн заманда комуз үнү жайлоодо, боз үйлөрдө жаңырса, бүгүн дүйнөлүк чон аренага чыгууда. Залкар комузчуларыбыз Токтогул Сатылганов, Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Ниязалы, Айдараалы Жөргөлөк, Атай Огомбаевдердин жараткан классик күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келет. Самара Токтакунова эжекебиздин черткер кайрыктарычы? кандай гана керемет. Нурак Абдрахманов атабызды дагы унутпашыбыз керек. Бул киши дагы кыргыз маданиятына зор салым кошуп кетти десек ашык болбос.
Кыргыз элинин комузчулары заманына жараша бардыгы чебер ууз болушкан. Комуз чертүү боюнча дагы, комузду даярдоодо дагы. Көптөгөн комузчулар комуз аспабын черткенди гана эмес комуз чабууну да билишкен.
Ысык-көлдүк комузчулардын комуз чертүү манерасы Арстанбек, Муратаалы, Карамолдо сыяктуу, терең философиясы, чукул стили менен өзгөчөлөнүп турган. Ош тараптагы комузчулар байыркы, архаикалык аткаруу салтын сактап келди десек болот. Мисалы Ниязаалы атабызды айтсак туура болот. Таластык Токтогул, Атай сыяктуу аткаруучулар виртуоздук мыкты чертүүсү менен белгилүү. Нарындык Майлыбай, Кудайберген, Муса аталарыбыз сыягы түрдүү чертүүлөрү менен өзгөчө.
Кыргыз залкар комузчулардын аткаруучулук классификациясы позициялык техникага таянат дагы, күүнүн жанр-стилдик жүзүн калыптандырууда чоң мааниге ээ. Бир позициялуу күүлөр Борошев, Күрөңкеев, Огонбаевдерге, баскыч-позициялык Туманов, Шекербек Шеркулов, Болуш Мадазимовдорго жана позициялык эмес, эркин-пассаждык стиль К. Орозов, Т. Касаболотовдорго таандык. Бул залкар комузчулардын аткаруучулук техникасынын өнүгүүсү, жакшыруусу жөнүндө айтып турат. Андан тышкары, заманбап комузчулар эски күүлөрдү түрдүү чертилиштер, үн комбинациялары менен байытууга аракет кылышат.
Кыргыз элинин XVII—XIX кылымдардагы залкар комузчуларынын дагы ысымдары айтылып келет, алар: Чынгышбай, Абак, Байкабыл, Серкебай, Тайтеке, Арстанбек, Тилен, Кудайберген, Жолбун, Боккөтөн, Кыдыр аке дегендер.
Атактуу виртуоз комузчу, комуз чыгармаларынын автору албетте Токтогул Сатылганов (1864-1933) атабыз болгон. Атабыздын колунан 50дөн кем эмес түрдүү жанрдагы комуз чыгармалары жаралып, ыр генезисиндеги, виртуоз чертүү жана ири масштабдуу күүлөрү болгон. Токтогулдун популярдуу күүлөрүнүн бири «Тогуз кайрыкты» айтсак болот. Өзүнүн эл алдына чыгууларын, Токтогул дал ушул Тогуз кайрыктан баштачу деп айтышчу экен. Балким бул күүгө залкар комузчу өзгөчө маани берсе керек, анткени анын музыкасы жаркындыгы, майрамдык маанайы менен өзгөчөлөнүп турат. «Токтогулдун тогуз кайрыгы» — деген сөз бекеринен калбаса керек.
Токтогул атабыздын күүлөрү өтө көп болгон, бирок анын баары сакталбай калган дешет. Албетте, «Тогуз кайрык», «Миң кыял», «Кыз ойготор», «Чоң кербез», «Бала кербез», «Чайкама» жана башкалары толук Токтогул атабыздын колунан жаралган күү деп ишенимдүү айтууга болот.