Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Комуз күнү

Баш барак | Күндөр | Комуз күнү

Комуз күнү — жыл сайын 9-сентябрда өткөрүлүүчү кыргыздын улуттук үч кылдуу чертме музыкалык аспабы «комузга» арналган маданий иш-чара.

9-сентябрь — Комуз күнү
9-сентябрь — комуз күнү
Буйрук датасы2019-жыл, 24-июль
Токтом датасы2020-жыл, 10-январь
Белгиленүү күнү9-сентябрь, жыл сайын
ИштиктүүлүкЖумуш күн, ишемби жана жекбембиден тышкары

Комуз күнү Кыргызстанда 2019-жылы, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 24-июлундагы №96 «Комуз күнү жөнүндө» буйругу («Эркин Тоо» гезитинин 2019-жылдын 30-июлундагы №63 санында жайгаштырылган), ошондой эле Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы №3 токтому («Эркин Тоо» гезитинин 2020-жылдын 7-февралындагы №12/3084 санында жайгаштырылган) менен бекитилген.

Бул майрам элдин биримдигин бекемдөөгө, жамааттардын биригүүсүнө, ошондой эле этникалык биримдиктин маданият аралык диалогун кеңейтүүгө багытталган.

Комуз күнү

Бул күнү Кыргызстандын бардык аймактарындагы маданий мекемелеринде, китепканаларда, музейлерде, театрларда, музыкалык жана кадимки мектептерде, жогорку окуу жайларда майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, белгилүү комузчулар көргөзмөсү уюштурулуп, комуз күүлөрү жаңырып, концерттик программалар дагы болот. Окуучулар, студенттер түрдүү комуз жөнүндө материалдарды даярдашып, концерттик иш-чарларына катышышат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-09-08, Көрүүлөр: 547, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-01-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу