Комуз чабуу — комуз аспабын даярдоо процесси. Комуз чабуучу чеберлердин көмүркөйүндө (кутусунда) көбүнчө керки, бычак, ийги, үшкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот.
Катар сууга кайнатылып, сары суусу, чайыры чыккан жана ыштатылган жыгач бек да, добуштуу да болот. Аспап ар кандай формада чабылып, анын моюну учун көздөй ичкерип кетет. Жалпы түспөлү чыккан комуздун эми ичин оюу керек. Аны ченөө үчүн өзүнчө үлгүсү «искенени» (бул да жыгач устанын жалпак, бир башы курч куралы) колдонулат. Элдик аспаптын жалпы бетине капкактык жука тактай жабылат. Мындан кийин моюн чыгарып, эми үч кулакты тагууга да ченебегендей чеберчилик зарыл. Комуз тээги тыкан коюлуп, кылын керип тагаары менен «кылдар» добуш берет. Бир метрден ашуун «эмендин» кесиндисинин сыртын сыйдалап сүрүп, аны комуз «үлгүсүнө» коюп, карандаш менен чиет. Анан колго жазылыгы сегиз гана мм келген «жылаанча» деген кичине араа аркылуу айланта араалап чыгат.
Мында чеберлер комуздун үн тембрин таба билишет. Негизги үндү комузда капкактын ичи, айрыкча, тээктин алды берет. Аспап кооз, колго кармоого эптүү, сыпаа болушуна көңүл бурулат. Бир колдон биротоло чыгарылып жаткан үндүү аспаптын урунттулуктуу болушуна да назар ташталат. «Комуздун жаны — жыгач жана кыл» деп коюшат. Жыгачка кыл кайыш менен мыксыз тартылбайт. Аспап капкагы желимделет. Сырты лак, же палитура менен капталып, кылы үчүн жасалма жиптер (нейлон, капрон, пластик) колдонулат.
Чарасынын жана көөдөнүнүн өлчөмү да, калыңдыгы да бирдей болуп турат. Андан соң жыгачтын жик-жик сызыктарынын аралыктары жарыш жатат. Комуз бетинин жиги ушундай сызык-сызык түз келиши — үндү бийик өткөрүүчү касиетке эгедер.
Комуздун үнү айланага жараша ар кандай таралат, муну комуз чабуучулар билүүсү абзель. Боз үй, үндү коолдоп өткөзөт. Эмеректүү үй үндү өзүнө жутат. Ээн үйдө кош жаңырык болоору шексиз. Айталаада үн чар тарапка кетет. Жыгач жиктери кыйшык болсо, үндүн толкуну такалары бышык. Кеп комуздун көлөмүндө эмес, жыгачтын касиетин жакшылап билүүдө. Комуз чабууда абалы анын жыгачы тандалат деп айттык. Демек, жарыш түз сызыктары жыш чыгып, үндүү келет. Эгер жыгачтын жарыш сызыгынын аралыгы кең көрүнсө, анын артын этият жонуп, жукартуунун зарылдыгы бар. Айрым усталар өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда (кыргызча айтканда «Токсон түшкөндө») кыят. Мында өрүк жыгачы боюна тартып, өсүшүн токтотуп турган учуру болот.
Узанган учурда да, пайдаланган кезде да, ал жыгач жарылып кетпейт. Анын кабыктарын аарчып, сомдоп, жерди чуңкурча казып, ага суук түшкөн чактагы ат тезегин салат. Ошого жыгачты көөмп, үстүнө тезекти төгө берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуучу ээрдей, «каныктырыш» үчүн солидол шыбап, ошол бойдон шамал тийбес жайда бир жыл жатат.
Ошондон кийин чебер чаба баштайт. Эгерде тоо карагайы болбосо Сибирь карагайынын чайыры жогун тандап, ошондон комузга капкак даярдоого да болот. Азыр элдик үндүү аспаптын ата башы ушул комуз болгондуктан, муну жасоо тууралуу чеберлердин арасында да ар кандай пикирлер бар. Деген менен алардын кармаган аспаптарынын устакерчилиги бирдей эмес. Чоркок усталар ондой турган нерсени сомдоп коюшу да ыктымал.
Өнөр боюна ырды да, ыйды да, үшкүрүк менен муңду да топтоп, адамзаттын кайгысы жана кубанычынан куралган күүнүн добушу Ала-Тоосу, ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу жасалышына ар бир адам күйөрман. Таамай айткандай, муну «чечен тилин» даана тапкандар азыр жергеде аз. Анткени, комузчунун өзү комуз уста болгон.
Аспапты жасоо үчүн өнөрпоздун угуму, добушту ажырата алышы, жердигин тандай билиши бөтөнчө бааланат.(Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов, Ыбрай Туманов, Чалагыз Ыйманкулов сыяктуулар комузду өзүлөрү чаап алышкан. Аспабынын ички сырларын өзүлөрү гана билип, бирөөлөргө карматпай, кыраан шумкардай таптап, кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун тили «буудай кууруп туруучу».
Мындай комуздар «байыркы комуз» аталып, аспап чакан болгон. Ат үстүндө, чепкен ичинде колтукка катып жүрүүгө шартташкан. Мисалы, Токтогудун комузунун узундугу 63 см келип, төрт дубан элде шаңшыган.
Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнү да сыбызгып, назик келип, адамдын сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу.«Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл» делет. Табы менен жакшы кургатылып чабылган, карагайдын тармалынан капкак жабылган, кара койдун ичегисинен өтө жоон эмес, өтө ичке эмес, орто кыл тагылган өрүк комуз дуулдап, үндүү да, чечен да келет.
Мурунку чеберлер комузга капкакты көрүнгөн эле карагайдан жасай беришпей, адырга, кайкыга, белеске, тумшукка, шамалдуу жерге өсүп, аягы бойдон кургаган карагайлардан жасашчу. Комуз чабууда өрүк жыгачынын чайырын чыгаруу үчүн сууга кайнатып эле ары-бери чаба салууга түк болбойт.
Өрүк комузду чапкандан кийин аны кызартуу үчүн акиташ менен аябай сүртө шыбап же пахтанын майы менен чылпылдата майлап таштаган чеберлер да бар. Мында комуз өз үнүн жоготкону байкалат. Айрымдары өрүктүн жыгачын туш келди мезгилде эле кыя бербейт. Аны боюнан суу качып калган мезгилде, боюна суу тарай элек мезгилде кырка турган. Аны кыкка көөмп, чайырын алып, сомдоп туруп, белгилүү бир температурада коюп кургатуу керек.
Жакшы кургатылбаган комуз бир жылга жетпей ийрейип-мыйрайып алдын карай ийилип, же артын карай чалкалап кетет. Ошондой эле, аны жакшы кургатпай капкактоого да болбойт. Бул аспапты түбөлүктүү кылыш үчүн анын үнүн, тембрин, колоритин, ыргактуулугун, элпектигин сактап калышыбыз керек.
Жыгачтан мукам үн чыгарып жаткан кыл кокусунан үзүлүп калса, аны бири-бирине улаштырып койсок, анда комуздан эч кандай аваздык добуш чыкпайт. Илгерки айрым комузчулар өз комуздарына кысыркалды кыргыз коюнун же аркардын ичегисинен кыл ийрип тагышкан. Ал кылды бат-бат алмаштырып турушкан. Себеби, кыл бир аз түлөгөндөн кийин аваздык так үн бербей калат. Тикенек оттобогон кылчык жүндүү койду соёру менен муздак сууга салган ичегисин сыдыргы менен тазалап, аны оңго ийрип, анан керип кургаткан.
Өңү нейлон кылдардан айырмаланып, ак түстө болуп, кол менен кармаганда жумшак сезилип, андан кыйчылдаган үн чыгат. Туура кесилиш аянты 0,25 мм, бул лесканы үч каттап комуздун кулагынын тешигинен өткөзүп, учун катуу түйүп, экинчи учун дагы ошондой түйүп, калемдин чоңдугундай чыгачты кылдын илмегине киргизип, аны толгоп чыйратабыз. Анан комуздун кайышына бекитебиз. Үч кыл тең ошондой тагылып, кыл быдырлуу болуп, кооз көрүнүп калат.
Анын антип быдырлуу болушу кошумча тондорду (үндү) чыгарууга жөндөмдүү касиет берет. Физиканын тили менен айтканда «обертондорду» пайда кылат. Мындай кылдарда эч кандай фальш болбойт. Мисалы, дистирленген таза суу организмге жакпаган сыяктуу, таза аваздык үн дагы угуу сезимине терс таасирин тийгизээри билинет. Эгер «ля» — 440 г. камертонун үч минута тынбай уксак, анда башыбыздын айланганын сезебиз.
Ошондуктан бир кат жылмакай пластик кыл эч качан уккулуктуу тембр бере албайт. Анткени, анда обертондордук жагдайлар өтө аз. Өрүк жыгачынын ичинен да абдан жакшы үн берүүчү өрүктү тандай билүүбүз керек. Кээ бир чеберлер мисалы, ноябрь, декабрь айларында өрүктү кыйып, аны келерки күзгө чейин кой короодогу кыкка көөмп ташташат. Ошондо өзүнчө ысып жатып, сары суусу, чайыры чыгат да, жаткан жеринде кургап калат. Анын капкагы үчүн карагайды керектешет. Буга бака теректин, бутагы жок жылмакайынан пайдаланса да болот.
Мында комуздун узундугу орто каршы аркылуу өлчөгөндө төрт-төрт жарым (70—75 см) келет. Ошондо чарасын карыш кылат. Комуз кылынын ичегиси жоон ийрилсе, долдурак үн чыгат. Ичке ичеги кыл чыңкылдап калат.
Кийин чоң залдарда мунун үнүн кантип жогорулатуу милдети келип чыкткан. Экиден кылды түгөйлөп тагып, алты кылдуу комуз чыгаргандар да бар. Анда алты кулакты тең бурап туруу керек. Моюну болсо ажырама келип, алып жүрүүгө оңтойлуу жана жеңил көрүнөт, кылды жогору көтөрүшкө, же төмөндөтүшкө да зарыл. Улам жекече байкоолордун жемиштүү натыйжасында кылдары ичегиден электро комуз жасаган чеберлер да бар. Аны «эки тембрлүү комуз» деп айтышат.
Айрымдар мындай комуздун капкагын пластмассадан жасайт да, черткен убакта тактай бетиндей тарсылдап кетпейт. Өрүктүн өзүнө соода кошуп, сууга кайнатса, андагы составдык бөлүктөрү бөлүнүп чыгарылып, жыгачтын өзүн тазартат.
Бул экинчи кайнатууну талап кылып, аны акиташтын суусуна кайнатуу зарыл. Комузга чабыла турган жыгачтардын төрт тарабы (чыгыш, батыш, түндүк, түштүк) болот. Себеби, түштүк тараптын жылдык өсүш катмары жыш сыяктуу көрүнөт. Муну батыш-чыгыш ыңгайы боюнча гана жарыш керек. Ошол түштүк тарап бөлүмүнүн жарыш сызыктары майда келип, үндү мыкты берет.
Ушундан улам жиктери түз жарыш кеткен жыгачтар комуз үчүн тандалат. Бул ачык үн берип, комуздун тулкусунун резонансын — термелүүсүн күчөтөт. Ал эми комуздун моюнунун жиги да дал ошондой болушу керек. Мында аспапты туюк чаппообуз тийиш. Комуздун бардык тулкусунун түз сызыктары жарыш, жыш жана жиктүү болушу баарынан зарыл.
Капкагы болсо карагайдын түрлөрүнөн тандалат. Баарынан «Тянь-Шань карагайы» жакшы. Анткени, анын чайыры аз, резонансы — термелүүсү өтө күчтүү келет. Дарактын көбү кыранда, таштак жайда өсөт да, аны «мары карагай» деп аташат. Ал урунууга андан чыдамдуу келип, черткенде комуз капкагы башкалардай түлөп кетпейт. Жарыш сызыктары менен бирге туура кеткен билинер-билинбес майда сызыктары да көрүнүп, ошол аваздык үндү ойдогудай берүүгө шарт түзөт.
Үнүнүн талаптагыдай чыгуусун текшерүү үчүн айрым усталардын атайын аспаптары бар. Бул калып-аспап резонансы — термелүүсү күчтүү жыгачтарды тандоого колдонулат. Ошентип, бир топ бөлүктөрдөн турган комузду эми желимдөө керек.
Желимдөө учурунда мунун да мерчемдүү өлчөмүн чебер билүүсү тийиш. Эгер ботала кылып желимдесе, анда жыгачтын термелүүсүнө ал өзүнүн залалын сөзсүз келтирет. Аваздык аспаптарга темирди түк жолотпоо керек. Желимдин да ар кандай түрлөрү бар. Илгери муну колго жасашчу. Мүйүздөн да желим болот.
Чеберлер айрандан да, сүттөн да желим чыгарган. Арык малдын этине, туягына талпак өңдүүлөрдү кошуп, бир кайнатып, илээшме желим жасашкан. Жыгачтардын чайырлары да желим катары колдонулган. Жакынкы өткөн жылдарда (2023-жылдан артка) «Мездробный» деген жыгач желими керектелчү. Аны кайнатуунун да табын билүү тийиш. Буга эски талпакты, мүйүздү, туякты аралаштырып, аябай кайнатуу менен желим кылып алышат. Комуз бөлүктөрүн бири-бири менен аштап кыноодо албетте өтө кылдаттык талап кылынат. Комуздун чарасы сантиметр менен өлчөнүп, ал үчкө бөлүнөт. Мунун туптуура үчтөн бир бөлүгүндө комуздун тепкеги турушу керек.
Ал эми үчтөн эки бөлүгүндөгү чекитте комуздун тешиги — капкактагы көзөнөгү келет. Тепкектен баштап моюн босогого чейинки (кыл өткөн жери) аралыкты комуздун жумушчу бөлүгү деп атайт.
Бул да өзүнчө мыйзам ченемдүүлүктү сактаган касиетке ээ. Демек, мындан комуздун моюну узун, же кыска деген пикирлер тууйт. Мунун да өзүнүн жекече белгиси көрүнөт. Ушундай комуздун жумушчу бөлүгү аваздык нота боюнча алганда 19 бареке (ладка) барабар. Ошондо гана аваздык мыйзам туура сакталат. Комузду көп өчөйтпөй, бир градуска (1° ка) жакын, тактап айтканда, жети мм кайкалап туруусу зарыл. Бул жол-жобону сактаган чакта аспаптын жыгачы 50 процент үнөмдөлөт.
Комуздун чарасынын капталдары кийинчерээк ийрейип, баштапкы абалын жоготпосу үчүн атайын аны калыпка салып, белгилүү градуста ысытылып, ал ойдогудай ийилип кургатылат. Айрым чеберлер өрүк жыгачын чилде айларында кыят. Мында чеберлер айткандай, өсүмдүктүн өзөгүнүн суусу качкан, жылуулукту араң сактаган, ал кургатууга жана жарууга ыңгайлуу абалда болуп турган учуру. Дегинкиси жыгачты башка мезгилдерде кыюуга түк жарабайт. Анда балта тиери менен жыгач нуксуз бүт жарылып, ал буралып түшүп калат.
Кыйылган ошол өрүктү салкын жайга тигинен тургузуп коет. Бул «табигый кургатуу» деп аталат. Үч-төрт айдан соң анын өзөгүнүн тең ортосунан дааналап жарат да, өзөк бетин жана сырткы бетин этиеттеп чаап алат. Ушундан кийин комуздун өз үлгүсүнө салып, жалпы түзөлүшүнө келтирет. Аспаптын чарасына керектүү калыңдыктан өйдө өлчөмдө ашык калтырып коюп, эми ичин оюп кирет. Ушул абалында дагы үч-төрт айча көлөкө жайга коюп кургатат. Ошондон кийин гана комузду таккесе чаап бүткөрүүгө болобу, жыгачтын нымдуулугу кандай, же дагы кое турабызбы, мунун өлчөмүн усталар өздөрү айкындайт. Өрүк жыгачы табына таасын келген тапта комуздун моюнун, сырткы түзүлүшүн өз кейпине келтире башташат.
Демек, сырткы-ички жактары толук бүткөндөн кийин комуз кулагын жана тээгин коет, кайышын тартып, Лад (кылды көтөрүп туруучу жоондугу ширеңкенин чийиндей, узундугу анын жарымындай — 2,5 смдей неме, ал үч кулактын алдында болот) коюлат. Комуз капкагына Тянь-Шань карагайынан («мари карагай»), Чоң-Кеминдин Баш - Кайыңдысындагы, Жети-Өгүздүн Чоң-Жаргылчагынын башындагы көп жылдар бою өскөн, өтө жоон, карт (80—90—100 см) карагайлар ойдогудай капкак боло алат. Алардын дагы бутагы жогу, шоолдоп түз өскөн жери керектелет. Мында чебер жыгачтын узундугун элүү смдей кем эмес кылып араалайт. Бутактарын жайланышканына карата уюлдан жарылган таза жерин бөлүп алат. Аны кайрадан кадимки тактай сыяктуу сүртүүбүз тийиш. Капкактын калыңдыгын беш - алты мм кылып, кыры менен тилет да, аны табигый кургатууга коет.
Капкакты комуздун тулкусуна жабыштыруу үчүн бүгүн жыгач (столярдык) желимди колдонуп жатат. Илгерки бул аспаптын бети көбүнчө айнек же бычак менен кырылуучу, тоң майды жука сүртүүчү. Эми болсо шлифовка (сыртын жылмалоо) берет да, анан үнүн текшерет. Өрүк комузду лактабоо зарыл. Лакты ал жакшы кабыл албайт.
Айрымдар чапкан аспаптарынын көөдөнүн-көкүрөгүн кененирээк алат да, ал кандайдыр үндүү чыгат. Мына ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам ага кардар адамдардын эч кандай дооматы болбойт. Коомдук комуз өнөрканаларында шарттын болбогондугунун натыйжасында, адатта аспаптын жердиги ойдогудай эмес. Бүгүн үндүү аспаптык материалдар базарларга аз түшөт. Алардан деле талаптагыдай аспапты чаба албайсың. Ошол колдо бар жыгачтардан кармалган комуз, албетте, биз ойлогондой жарала албайт. Комуз капкагы үчүн берилген карагайлар чирик, бутактуу, мындайча айтканда, отундук жыгачтар болуп саналат. Келип жаткан бук жыгачынын калыңдыгы эле беш см көрүнөт. Чеберлердин кээде сегиз-тогуз см букту иштетүүлөрү материалды ашык чыгымдоого учуратат.
Демек, ал жердик өзүн-өзү актай албай калат. Арийне, мындай өксүктөр элдик үндүү аспаптын кендирин кесет. Комуздун тилин табууда — жердик (жыгач), уста, комузчу — үчөө бириксе гана аспаптын таасын үнүн таба алышат. Мындайча айтканда, эки комузчу, эки уста — төртөө өнөктөш отуруп, бирөө чертип берсе, бирөө байкап, кемчиликтерин устага айтып туруусу зарыл. Андыктан республикада атайын көркөм байкоо өнөрканасы болуусу тийиш. Ошондой эле кыргыз чеберлери союздагы жашаган элдердин улуттук үндүү аспаптарынын жердигин байкап чыгуулары зарыл. Комуз жасоодо бир эле жыгачты же форманы эмес, ар түрдүү жыгачтарды жана форманы тандап, ага карата изилдөө-иликтөө иштерин жүргүзүү максатка ылайыкташат. Комузду эл кадырлап чертет, муундан муундарга чейин чертиле бермекчи.
Бирок, азыр элге тарап жаткан комуздардын ондон биринде, же жүздөн үчөөндө гана нак комуздук касиет бар. Кыл ордуна «жилка» тагылгандыктан, үнүндө, тилинде анча тактыгы жок. Бул кимдир бирөөнүн ышкысын өзүнө буруу эле эмес, кайра анын көңүлүн суутуп таштайт. Кылдын үнүн жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билүү үчүн айрым чеберлер байкоо жүргүзүшүүдө. Атайын кылдуу аспаптар үчүн «капрон», «нейлон» сыяктуу сапаттуу жана үндүү кылдар бар. Ошондон комузга ылайык жоондукта кыл кылгандар бар. Демек, кадимки кылга ичеги капрон, нейлон же жибек жиптеринен бир аз кошуп синтездешүүдө. Анда жалгыз ичеги берген үндөн да бийигирээк, тазараак, угумдуураак, сапаттуураак үн пайда болот. Бут кийимдер цехтериндеги жибек же капрон жиптерин алып, тийиштүү жоондукта каттап чыйратып, (ийикке салып ийирет), комузга тагып чертсе, «жилкага» караганда үнү жумшак да, так да угумдуу да болоорун баамдаган усталар жана комузчулар жолугат. Албетте, кыл менен тээк эриш-аркак. Бирок, кылы ичегиден жасалган комуздарда тээк анча көп жылышып кетпейт. Ал эми жылбышууга ийкем келип, тээктин жылып кетүүсүнө кайсы бир деңгээлде түрткү болот. Комузду жасоодо капкактан чыгып тургандай 1 —1,5 мм дм деги катуу нерсени (мисалы, пластмассаны) тээк келүүчү жерде капкакка киргизе чаптап, бекитип койсо да жарайт.
Мында тээк өзү бош болуу менен алдыга жылып кетпейт. Тээк адатта, өрүк менен дубдан жасалуусу тийиш. Эгер жарылбай турган катуу жыгач табылбаса, пластмассадан жасап коет. Дүкөнгө чыккан комуздардын кулактары жыл айланып айланбай жешилип, токтобой калат. Мында кулактары да, кулак бекитилүүчү тешиктери да түптүз. Демек, кулактын түп жагы саал жоонураак тартып, уч жагы бир аз ичкерүү менен көзөнөкчөлөрү да ошого карата конус формасында жасалышы керек. Конустук ичкерүү жана таруу бир, бир жарым мм дей гана айырмада болот.
Ушундай учурда буроодон улам шыкалып, кулак кылды жандырып жибербей, бекем кармайт. Айткандай, комуздун татаалдыгын, артыкчылыгын, сонундугун, чертилишин (позициясын) беренесин так таба билүү керек. Бул: — биринчиден, үндүк туюмдун күчтүүлүгүн айгинелейт, — экинчиден, үйрөнчүктөрдү, жаш комузчуларды ошого тарбиялайт. Ошондуктан, үйрөнчүктөргө жеңил болсун үчүн ички бөлүгүн конструкциялоо ылайык. Комуз башынын ички көңдөйүнө, же асты жагына, болбосо аркасына сайлуу тетиктер орнотулуп, кулактардын буралышы ошолор аркылуу кыймылга келсе, (мисалы, гитара, домбралардыкы сыяктуу) ошондо алдына чыгып жанып кеткен кылды күүлөп, кулакка түкүрүп туруу зарылчылыгы болбой калат. Үйрөнчүк комузчуларга жеңилдик болушу үчүн экинчи чертилиштин ортону, төртүнчүнүн сөөмөйү, бешинчинин ортону келе турган мерчемдүү гана үч жерге кичинекей седеп шакекчелери чөгөрүлүп коюлса, жетишээрлик болот.
Айрым усталар комуз чабылып бүткөндөн кийин айнек менен сүрөт. Андан кийин майда кум кайрак кагазы жана нооту менен сүртөт, анан жаңы бышырылган акиташтын 70—80 пайыз эритмеси менен актап, кургагандан кийин кургак чүпүрөк менен сүртүп, техникалык вазелин менен бир аз майлап коюшат. Мында өрүк комуз кыпкызыл болгон түскө келет. Бирак учурда (2023) даяр боёктор эле пайдаланылат. Комузга лактай эле сырды пайдалануунун кереги жок. Алар комуздун үнүн да, тембрин да өзгөртүп жиберет. Комуздардын көлөмү ар кандай келет. Узуну 70 см, экинчиси — 65 см, үчүнчүсү — 60 см болот.
Бул өлчөмдө комуз жасоого ниеттенгендер комуздун чарасы менен моюнун өлчөгөндө тең ортосунан алыш керек. Мисалы, 70 см комуздун моюнунун узундугу 35 см, чарасынын узундугу 35 см, 65 см комузда 32,5 см ж. б. Мындай комуздарды, адатта, бала комуз жана чоң комуз деп бөлөбүз. Физикалык жагынан алганда комуздун ортонку кылын күүлөгөндө кайсы нотадан резонанс кубулушун берерин аныкташыбыз керек. «Резонанс» деп комуздун өздүк жыштыгы менен кылдын термелүү жыштыгы бирдей болгон учурдагы комуздан так жана катуу үн чыгарышын айтабыз. Резонанс кубулушу бардык эле аваздык аспаптарда колдонулат. Мисалы: гитара, мандолина, балалайка, рояль ж. б. (Бул аспаптар физикалык жактан жетишээрлик даражада изилденип бүткөн).
Эгерде комуздун кылы катуу чыңалып калса, үндүн аваздык жагынан бузулуп калаарын байкайбыз. Чындыгында комуздан уккулуктуу үн чыкпай чыйылдайт. Уста комуз жасоодо кандай жасалганда анын мукам үнү сакталып калаарына кызыгышы керек. Эгерде комузду чоң өлчөмдө 80—90 см узундукта жасап, терең ойгондо катуу үн чыгарат деп ойлосок, ал чоң жаңылыштык болот. Мындай комуздан күңгүрөмө, мыңкылдаган уккулуксуз үн чыгарын иш жүзүндө аныкталган. Илгерки комуз жасоочулар мындай комуздун үндүүлүгүн, анын физикалык жактан болгон кубулуштарын өздөрүнүн жекече байкоолорунан улам билишкен. Эгер комуз өтө эле чакан жасалса, (60 см ден кичине) анда дагы комуздун үнү өтө эле чыңкылдап, уккулуктуу үн бербей калуусу да ыктымал.
Комуздун уккулуктуу үн чыгарышы температурага, басымга, нымдуулукка жараша болот. Эртең мененки жана кечки салкында комуздан абдан уккулуктуу үн чыгат. Себеби — абанын температурасы, басымы, нымдуулугу күндүн мезгилине жараша алмашып турат. Комузду сактаганда да бирдей температурадагы бөлмөдө боосунан илип коюш керек. Аваздык аспаптын чарасын же көндөй бөлүгүн калыңыраак чапканда, үн өтө эле пас чыгып калат. Жукараак чапса, күңгүрөмө угулат.
Ошондуктан, жогору жагы жукараак — 0,6 см, анан улам калыңыраактап барып, комуздун көчүгү 0,8 см болот. Андан кийин анын чарасынын көчүк жагы, жогорку жагынан да бир аз калыңыраак келиши керек. Мындай ыкмалар мурунку усталардын чапкан комуздарынан бөтөнчө байкалып турат. Комуз күүлөрүнүн сыйкырдуу сырлары канча болсо, аны жасоонун машакаты да ошончо болот. Комуздун моюну (гриф) өтө эле түптүз болсо, чечен комуз аталат. Бир аз эле эңкейип же иймейип турса, ал күү келтирүүгө чоң залакасын тийгизет.
Ошондуктан, комуз жасай турган өрүктү койдун кыгына түтөтүп же сомдолгон комузду сууга, салидолго эки саат чамасында кайнатса болот. Себеби — комузду чаап жатканда ийрейип же кажып кетпейт. Колдон чыккан аспаптардын бардыгы эле бирдей үн бере бербейт. Музыкалык аспаптын эң башкы касиети добушун мындай коёлу, сырткы көрүнүшү, кооздолушу эле эчен изденүүнү, убарачылыкты талап кыларын унутпоо зарыл. Тал, терек, кара жыгач, жаңгак, алча, алма, алмурут, тыт... айтор, жергебизде өскөн дарактардын бардыгынан үндүү аспаптарды кармап келишти. Атам замандан элибиз комуз үчүн көбүнчө өрүктү тандап келгени да бекеринен эмес.
Чеберлер тыт жана алмуруттан чабылган комуз да жакшы «сүйлөөрүн» билишет. Кээ бир аспап чабуучулар өрүктүн сөңгөгүн тең бөлүп, жок эле дегенде эки жыл какшытып коет. Адатта, ал көлөкөдө шамалдап кургатылат. Күн жерге койсоң какжырап жарылып кетет. Тамдын чатырынын ичи бул үчүн өтө ыңгайлуу жай. Мынчалык мөөнөттө кургабаган жыгачты «куу чеке» мезгилге жетпептир деп коюшат. Ал эми жыгач какшыган сайын толгонуп ийилет. Демек, ал курук болбосо, андан чабылган комуз кийин жарылат, же ийрийип калат. Сөңгөктүн бутаксыз болгону да маанилүү. Эски үйдөгү отуз жылдай түркүк болуп турган торсун жыгачы чеберлер үчүн өзүнчө эле табылга.
Жыгач канчалык жакшы кургаса, чабылганда айныбай, эң башкысы добушу бийик чыгат. Комуз үнүнүн шаңкылдап чыгышы кобулдарынын тегиз оюлушуна, ичи-сыртына тегиз жылмаланышына да көп байланышат.