Бурана | |
---|---|
Координаталар | 42°44′47″ түндүк кеңдик, 75°15′01″ чыгыш узундук |
Өлкө | Кыргызстан |
Жайгашкан жери | Бурана шаар чалдыбары (же урандылары) |
Түптөлүү датасы | XI кылым |
Материал | Бышкан кыш |
Реалдуу бийиктиги | 21,7 (2022) |
Алгачкы реставрация | 1927—1928-жылдар |
Бишкек шаарынан 80 км алыстыкта, Токмок шаарынан түштүк-батышты карай 12 км, Кегети капчыгайына кеткен жолдогу Чу дарыясынын сол жээгинде орун алган.
Мунара өзгөчө корголуучу «Бурана» археология-архитектуралык комплекстин курамына кирет. Ошондой эле, мамлекеттик археология-архитектуралык бурана музей коругунун бөлүгү болуп, мамлекет тарабынан маданий-тарыхый мурас эстелиги катары коргоого алынган.
Орто Азия аймагында бышкан кыштан жасалган эң байыркы мунаралардын бири.
Бурана Кыргызстандын түндүк аймагында сакталып калган бирден-бир мунара, тарыхый-архитектуралык эстелик болуп эсептелет. Ал XI кылымдын биринчи жарымында Караханиддердин тушунда курулган. X—XIII-кылымда бул жер Баласагун деп аталган. 1117-жылдан 1218-жылга чейин шаарды каракытайлар басып алат да, шаарды Гобалык (б. а. жакшы шаар) деп атап коюшат. Жазма булактарга караганда Баласагун шаары XIV кылымга чейин өкүм сүргөн.
Бурана араб тилиндеги «минара» сөзүнөн чыгып, кыргызча мунара аталып калган. Ал бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубал-негизге сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө төмөндөн жогору карай ичкертилип салынган. Түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын. Бурана бир нече жолу реставрацияланган (оңдолгон). Бүгүнкү күндө (2022) Бурана археологиялык архитектуралык комплекс катары туристтик баалуу обьектилердин бири болуп калды. Анын айланасында археологиялык казуулар, изилдөө иштери жүргүзүлүп, андагы жаңы табылгалар тарых илимин байытууда.
Мунара кайрак ташка чегилип жазылган жазуу ошондой эле ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга тургузулгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгектеринде эскерилет.
Мунара Кыргыз жергесиндеги курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн айгинелейт. Бурананын тегерегинде курулуштун калдыктары, дубал чеп ал аймакта качандыр бир убакта Баласагын шаарынын өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 1971—1976-жылдары (башка маалыматтар боюнча 1970—1974-жылдар) Буранада кезектеги ондоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Мында мунаранын өйдөңкү кыш коюмдары калыбына келтирилип, пайдубалы карайдан коюлган. Бурана шаар урандыларында (же Бурана шаар чалдыбарында) мунарадан тышкары бир нече мавзолей, орто кылымдык мончо, мусулман көрүстөнү, христиандардын некрополу жана хан сарай калдыктары сакталып калган.
UNESCO жана Евробиримдиктин өнөктөштүк биримдиги бурананын аймагында 2019-жылы салттуу кийиз килемдери — шырдак жана ала кийиз музейин боз үйгө орноткон.
Бурананын курулушу X—XI кылымдар менен даталанат. Бышкан кыштан жана арча устундарынан курулган. Сегиз бурчтуу таш түпкүрүндө туура кесилиши тегерек, өйдө жагы кууш болуп кеткен түтүк сымал мунара жайгашкан, мунаранын сырты шакек сыяктуу (6 шакекче) оймо-чиймелүү жасалга менен курчалган. Түштүк тарабында 5 метр бийиктикте эшик коюлуучу босого орун алган, босогодон бурама (винт) сымал тепкич жайгашып, ал үстүндөгү кароочу же байкоочу аянтчага алып барат. Мунаранын бийиктиги — 21 м, диаметри — 9 м. Муруңку бийиктиги болжолдуу 44-48 м болуп, мунаранын үстүндө башка мунаралардыкындай эле тоголок кумпалуу келип, бирок, жер титирөөдөн улам өйдөңкү бөлүгү түшүп кеткен делет. Бүгүнкү күндө (2022) бийиктиги 21,7 метрди түзөт.
Мунаранын жанында «таштар бакчасы» орун алган, мында айтылуу «балбал» таштар чогулган (VI—X кылымдар) — байыркы көрүстөн эстеликтери, тегирмен таштары жана таш бетине тартылган сүрөттөрдү камтыган таштар (б. з. ч. 1 миңинчи жылдар).
Сыягы, Бурана түрк тилдүү Караханид мамлекетинин түндүк борбору болгон байыркы Баласагын шаарынын доминанттуу вертикалы болсо керек. 1218-жылы Баласагын шаары XIV кылымда татар-моңголдор тарабынан алынып жана талкаланып жок болгон.
Бурана шаар урандысы, аны менен бирге мунара өзү дагы XIX кылымдын жарымынан тарта орус окумуштууларынын изилдөө объектиси болгон. Изилдөөлөргө край таанучулар Ф. В. Поярков, В. Д. Городецкий, А. М. Фетисов, Н. Н. Пантусов, В. П. Ровнягин жана белгилүү орус чыгыш таанучусу В. В. Бартольддор маанилүү салым кошушкан. Изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүнө карабастан революцияга чейинки мезгилде мындай изилдөөлөр кокус, сүйүүчүлөр мүнөзүнө ээ болгон. Эстеликтерди коргоо боюнча эч кандай чаралар көрүлгөн эмес.
Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле Бурана мунарасын сактап калуу жана шаар урандыларын археологиялык жактан изилдөө боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. 1927—1928-жылдары Кыргыз АССР өкмөтүнүн чечими менен мунара оңдолуп, консервацияланып, Бурананын андан ары бузулушун алдын алган.
1927-жылы М. Е. Массон, 1929-жылы А. И. Тереножкин шаар урандыларында казууларды жүргүзүү, материалдарды чогултуу, пландарды тартуу сыяктуу археологиялык иштерди жүргүзүшкөн.
Археолог М. Е. Массон, алынган материалдардын негизинде Бурана XI кылымдын биринчи жарымында курулган деген тыянакка келген. Андан соң бул дата изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган. 1930-жылдары Бурана шаар урандысына Кыргыз ССРинин илимдер Комитети жана коомчулук кеңири көңүл бурган. Эстелик тууралуу мезгилдүү басылмаларда макалалар пайда болот. Бурана мунарасына көптөгөн сейилдөөлөр уюшулуп, жергиликтүү бийликтин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болот.
1938-жылы Бурана шаар урандысын жана мунаранын өзүн Жетисуу (Семиреченск) археологиялык экспедициясы изилдейт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары экспедиция башчысы А. Н. Бернштамдын көптөгөн эмгектеринде чагылдырылат. Бирок, Бурана шаар урандыларында чоң көлөмдөгү эмгек П. Н. Кожемяко тарабынан 1953—1954-жылдары ишке ашырылган. Анын изилдөөлөрүнүн натыйжасында шаар урандылары татаал планга ээ болуп, шаар урандылардан тышкары орун алган төрт бурчтуу чептер менен берилген борбордук урандылардан тураары аныкталган.
Кыргызстанда Бурана тууралуу бир нече уламыштар бар, алардын эң белгилүүсү боюнча бир бай хандын сулуу кызы болгондугу тууралуу айтылат.
Уламыштар Улуу Жибек жолу өткөн аймакта бир хан кыздуу болот, хан кызын эркелетип багып, бөпөлөп, өтө камкордукка алат. Бир күнү хан түрдүү көсөмдөрдү чогултуп кызынын тагдырын билүүнү көздөйт.
Көсөмдөрдүн бардыгы кызынын тагдыры узун жана бактылуу болот дешип, бир гана көсөм айкөл аксакал ханга келип — «Урматтуу ханым, Сизге баары жалган айтып жатышат, мен чындыкты билем, бирок, ал чындык үчүн менин башым алынат» деген экен.
Аксакал, хандын кызы 16 жашка чыкканда аны кара курт чагып өлөөрүн айтат. Хан аксакалдын сөзүнө ишенбей, бирок ойлонуп калат. Күндөр өтүп, аксакалдын айткан сөзү хандын тынчын ала баштайт.
Ошондо хан ойлонуп, мунара курууну буйрук кылат. Мунаранын ылдый жагына аксакалды жана өйдө жагына кызын жайшатырат. Кызына ишеничтүү адамдарды гана киргизип, алар кызга тамак-аш, суусундуктарды ташып турушкан. Ал эми сакчылар алып келинген тамак-ашта жөргөмүштөр жок экенин текшерип турган.
Көп жылдар бою кыз мунарада жашап, 16 жашка толгон күн да келет. Кызынын туулган күнүндө хан жүзүмдүн эң мыктысын алып мунарага келет. «Кызым, аксакалдын сөзү жалган чыкты, сен он алтыга толдуң» деп колундагы жүзүмдү сунат. Кызы жүзүмдөн ооз тийип, эс учун жоготуп сулайт. Көрсө жүзүмдүн арасында жашырынган кара курт жөргөмүшү кызынын колунан чагып алып, ошентип хандын кызы каза табат имиш. Хан он күн, он түн боздоп ушундан улам мунаранын дубалдары бузулган делет.