Көз жоосун алган кооз жибек кездемелер, түркүн буюмдар жүктөлгөн кербен күн чыгыштан күн батышты көздөй сапар карытып келе жатты. Мээ кайнаткан ысык чөлдөрдү, ээн талааларды, ашуусу бийик тоолорду артта калтырып чөл кемелери Азиядан Европанын алыскы өлкөлөрүнө жол тартып барат.
Узундугу | 12 800 чакырым |
Биздин заманга чейинки 2-кылымдан Орто Азия, Кытай, Алдыңкы Азия жана Европаны байланыштырып турган эл аралык соода жолун Улуу Жибек жолу деп атап келишкен. Бул жол аркылуу Кытайдын жибек жана фарфору, Орто Азиянын атактуу болот кылычтары, Индиянын татымалдары, Ирандын күмүш кооздуктары алыскы Батыш өлкөлөрүнө жөнөтүлүп, ал жактан керектүү буюмдарга айырбашталып турган. Соода мамилелери менен катар эле жибек жолу аркылуу элдердин маданий байланыштары да чыңдалган, бирин-бири таанып билишкен. Кыргызстандын аймагы Улуу Жибек жолунун маанилүү бөлүгүн түзүп турган. Кербендерин эс алуусун, коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын кербен сарайлар курулган.
Алардын бири - Караханийлер дооруна таандык белгилүү Таш-рабат тарыхый - архитектуралык эстелиги. Тарыхый маалыматтарда жибек жолун бойлото жайгашкан Кыргызстандын аймагындагы Суяб, Баласагун, Аксыкет, Барсхан, Өзгөн, Ош жана башка шаарлары эл аралык соода иштерин жүргүзүүнүн маанилүү борборлорунан болгондугу жана анын таасири менен гүлдөп өнүккөндүгү айтылат.
Жибек жолунда дагы эмне менен соода кылышкан
Негизинен жибек жолундагы товарлар чыгыштан батышты карай жүргөн. Жана шартка ылайык башкы товар жибек болчу. Өзүнүн жеңилдиги, көркөмдүгү, чакандыгы, чоң суроо-талабына, баасынынын кымбаттыгына байланыштуу ал узак аралыктарга ташуучу идеалдуу соода-сатык буюму эле.
Орто кылымдарда эле венециандык көпөс Марко Поло бул кербендин жолдорун жибек деп атаган. Ал эми "улуу жибек жолу" фразасы илимий термин катары 1877-жылы немец изилдөөчүсү Фердинанд Рихтгофен өзүнүн "Кытай" аталган эмгегинде киргизген.
Жибек жолунун баштапкы өнүгүү баскычында кытайлар Борбордук Азиадан жогору бааланган жылкыларды, беденин жана жүзүм үрөөндөрүн алышкан. Байыркы дүйнө маданияты жүзүм дарактарын өстүрүп, вино жасашкан. Башка цивилизациядан алыс болгон кытайлар үчүн, жүзүм жаңылык эле. Андан тышкары кытай элчилери винону күрүчтөн эмес, ушундай белгисиз мөмө-жемиштен жасаса болот экен деп таң калышкан. Кийинчирээк алар кербен соода аркылуу дагы бир нече айыл чарба жеминтерине ээ болгон алар - буурчак, пияз, бадыраң, сабиз, анар, грек жаңгагы, анжир жана башкалар.
Борбордук Азиядан жана Чыгыш жер ортолук деңизинен Кытайга ар кандай жүндөн жасалган буюмдар - килем, көшөгө, жабуулар, паластар келип турган. Алар кытайларга жүндүн, зыгырдын белгисиз иштетүү техникасы, килем чыгаруусу жана палас токуулары менен чоң таасирин калтырган. Байыркы Кытайда перфян гобелдик ткандар жана паластар жогору бааланчу.
Борбордук Азиядан кытайга төөлөр, аскер шаймандары, алтын жана күмүш, жарым асыл таштар, айнек буюмдар ташылчу. Өзүнүн жогору сапаты менен самарканд айнеги өзгөчө бааланчу. Мурда ал байлыктык буюму катары саналчу. Ошондой эле, тери, жүн, кебез (пахта) кездемелери, алтын тигилме ткандар, дарбыз, коон, шабдаалы сыяктуу экзотикалык мөмө-жемиштер, куйруктуу койлор жана аңчы иттер, кабылаңдар, арстандар ташылып турган.
Кытайдан болсо батышты карай кербендер атактуу кытайдын фарфор идиштери - аппапак, кооз сүрөттөрү бар вазалар, чынылар, чөйчөктөр, табактарды ташышкан. Ал убакта кытайлар гана жука, шыңгыраган үндүү фарфорду жасай алган, ошондуктан ал Европа базарларында кымбат баада сатылчу. Кошул-ташыл коло жана башка меттал жасалгалар, түрдүү оранементтүү күзгүлөр, кол чатырлар, белгилүү кытай тактарына боёлгон буюмдар, дарылар, атырлар да келип турчу. Албетте, кытай кагазы дагы мында арзан баада сатылчу эмес. Түрдүү чайлар, күрүчтөр, коралл, акак таштар, асбест. Көпөстөрдүн жол каптарынан пилдин азуулары, керик мүйүздөрү дагы кездешчү. Улуу жибек жолу аркылуу Индиядан көбүн эсе татымалдар, боёктор, түрдүү жыпар жытуу шамдар жүрүп турчу.
Башында жибек жолу Кытайдын байыркы борбору Чаньандан башталып, түндүк Тянь-Шанды жээктей Улуу Кытай дубалынынын четиндеги Дуньхуа шаарына алып барган.
Ал жактан жол Таклан-Макан чөлүн жээктей түндүк жана түштүк багытка бөлүнөт.
Түндүк багыты Турфан шаары, Или дарыясы аркылуу өткөн. Ортоңку (айтылуу түштүк багыт) Чаочандан Ысык-Көлдүн түштүк жээгине алып келип, Хотан жана Яркенд аркылуу Бактрияга (түндүк Афганистан) алып барган. Бул жерден түштүк багыт дагы эки башка маршруттарга бөлүнгөн: бири Индияга, экинчиси Батышка жана байыркы Мерв шаарына алып барып, ал жактан түндүк багыт менен кайрадан кошулган.
Андан кийин ал Парфиянын борбору Ниса, Иран, Месопотамия аркылуу өтүп, Багдадтан Дамаскка жүрүп, Жер ортолук деңизге чейин жеткен.
Үчүнчү багыт, эң татаал болуп, ал да Түндүк (талаа же чөл багыты) деп аталган. Тянь-Шандан ашып өтүп, кербендердин бөлүгү Фергана өрөөнү жана Ташкент оазиси аркылуу Самарканд, Бухара, Хорезм, Каспий деңизинин жээктерине алып барган. Самаркандан чыккан кербендердин бөлүгү Бактрияга Кашка дарыя өрөөнү аркылуу өтүп, Термезге кирип турушчу, ал жактан Амударыядан өтүп, Жакынкы Чыгыш жана Индияга багыт алышчу.
Ошентип Улуу жибек жолунун 3 багыты: түштүк, түндүк жана талаа-чөл түндүк багыттары болгон.
Албетте, Улуу Жибек жолун түзгөн негизги үч трассадан тышкары, алардын жардамы менен өз ара бириккен башка жолдор дагы болгон.