Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ала-тоо

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ала-тоо

Кыргыз жергеси, кыргыз тоолору Ала-тоо деп аталат. Анткени, эл биз мекендеген аймак тоолуу келип, жылдын ар мезгилинде башынан ак кар, көк муз кетпеген тоо чокулары көрүнүп турат.

Ала-Тоо
Ала-Тоо
Мүнөздөмөлөрү
Узундугу375 км
Кеңдиги40 км
Жогорку чекит
Эң бийик жериБатыш Аламедин
Абсолюттук бийиктик4875 м
Жайгашуусу
42°30′00″ түндүк кеңдик 74°35′00″ чыгыш узундук
ӨлкөлөрКыргызстан, Казакстан
Тоо системасыТянь-Шань

Ала-Тоо же Кыргыз кыркасы же Кыргыз Ала-Тоосу — Кыргызстандын, жарым-жартылай коңшу Казакстандын аймагында жайгашкан ички Тянь-Шандын тоо кыркаларынын бири. Кырка картага орус изилдөөчүлөрү тарабынан XIX кылымдын ортосунда киргизилип, орус императору Александр II наамына Александр кыркасы аталчу. 1933-жылы Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Кыргыз кыркасы деп өзгөртүлгөн.

Кырканын узундугу — 375 км. Боом капчыгайынан чыгыштан батышты карай Тараз шаарына чейин созулат. Эң бийик жери — 4875 м (Батыш Аламедин чокусу).

Көбүнчө чөкмө жана метаморфдук топурактар, порфирит, граниттерден түзүлгөн. Түндүк боору түштүгүнө караганда жантаймараак жана узун. Боорлорунда 2500 м чейин — шалбаалар, токойлор (карагай, арча), андан өйдө — субальп жана альп шалбаалары бар. 3700 м баштап — карлар, мөңгүлөр башталат (мөңгүлөнүүнүн жалпы аянты 223 км²).

Кырканын борбордук бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 3180 метр бийиктикте Төө-Ашуу ашуусу орун алган. Ашуу аркылуу Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн бириктирген стратегиялык маанилүү болгон Бишкек-Ош авто жолу өтөт.

Ала-тоого арналган ырларда ак элечек кийген же ак калпак кийген тоолор деген элестүү саптар да кезигет. Акын Жоомарт Бөкөнбаев — «Жайы-кышы кетпеген, кары сонун Ала-тоо» деп сүймөнчүлүк менен мүнөздүү сүрөттөгөн.

Ошентип, биз турмуш-тиричилик өткөрүп, жашап жаткан мекенибиз, Алатоонун жаратылышы бай жана ар түрдүү. Ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга-жыбыт, өрөөн-өрүштөрү, чамынып аккан дарыялары, көк кашка тунук көлдөрү, түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча, карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен байлыктары - Ала-тоонун түгөнгүс берекеси.

Жайыттарында төрт түлүк мал жайылып, мелтиреген талааларында эгин, пахта, жашылча-жемиш жайкалат. Элибиздин сыймыгы болгон Ала-тоонун аты менен көптөгөн уюмдар, маданий жайлар аталган.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 20313, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-02-01
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо