Сибирь кулгунасы малдын бардык түрүн, жана адамды жабырката турган коркунучтуу ылаңдардын бири болуп эсептелет. Бул ооруну жергиликтүү калк анын сырткы көрүнүшүнө жараша уйлар ооруганда – “көк көйнөк” адам ооруганда - “куйдургу” деп атап келишкен. Ылаңдын козгогучу - таякча түрүндөгү, кыймылсыз микроб. Ылаңдаган мал өлгөндөн кийин союлса абанын жардамы менен спор пайда кылат. Ал эми мындай спорлор ысыкка да, суукка да өтө чыдамдуу келет. Алар кайнатканда 10-15 минуттан кийин араң өлөт, ал эми жер кыртышында болсо ондогон жылдары сакталып кала берет да чөп, суу аркылуу малга жугуп, ылаңды козгоого жөндөмдүү болот.
Сибирь кулгунасы негизинен алиминтарлык жол менен жем-чөп, кан соргуч, курт-кумурскалар , чымын-чиркейлер аркылуу жугат. Клиникалык белгилери ооруну козгогуч микробдун малдын организмине кирүү жолдоруна жана малдын түрүнө жараша ар башка болот. Бул ылан тез эле бардык малга жугат. Бул учурда алардын температурасы өтө көтөрүлүп, оозу мурдунан шилекей куюлат, деми кысылып, былжыр кабыкчалары көгөрүп мүрт өлөт.
Сибирь кулгунасы көбүнчө ичеги-карынды сезгентүү түрүндө өтөт, коодо түрүндө ыландаган малдын мойнунда, төшүндө, соорусунда кол тийгизбеген шишиктер пайда болот. Бир канча убакыт өткөндөн кийин шишиген жерлери жумшарып, муздайт да, басып көргөндө ооруганы сезилбейт. Ичеги-карды сезгенгенде ичи өтөт. Ооруган мал тынчсызданат, былжыр кабыкчалары көгөрүп кеткендиги байкалат. Оорусу 5-7 күнгө созулат. Кээ бир убактарда өлүмгө дуушар болот. Сибирь кулгунасынын козгогучу абада спор пайда кылгандыгына байланыштуу өлүктү союга тыюу салынат.
Диагнозун аныктоо жана дарылоо ветврачтар тарабынан жүргүзүлөт, айылга карантин коюлат. Алдын алуу: мал оорубас үчүн вакцина менен жыл сайын эмдөө жүргүзүлөт.