Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гапар Айтиев атындагы музей тууралуу

Баш барак | Башкалар | Гапар Айтиев атындагы музей тууралуу

Айтиев музейи зал

Бүгүн биз "Гапар Айтиев атындагы музей" тууралуу кеп кылмакчыбыз. Гапар Айтиев СССРдин жана ССРдин биринчи элдик сүрөтчүлөрүнүн бири болгон. Көптөгөн белгилүү сүрөттөрдүн автору, өлкөбүздүн сыймыгы.

Ал эми музей мекенибиздин башкы байлыктарынын бири болуп саналат. Башында музей - сүрөт галереясы катары иш алып барган. 1935-жылдын 1-январында ачылып, эмен паркындагы (дубовый парк) чиркөө имаратында орун алган. 1944-жылы болсо Мамлекеттик музейге өзгөртүлгөн.

Башында музейде орус искусство адамдарынын 72 чыгармасы жана кыргыз искусство адамдарынын 40 чыгармасы болгон. Бүгүнкү күндө музейде орточо 18 миң эспонат бар.

Музей коллекциясы искусство түрлөрүнө бөлүнөт, мисалы, "живопись" бөлүмүндө 4000дей экземрляр, "скульптура" бөлүмүндө миңден ашык, "көркөм-тиричилик (декоративно-прикладной) искусство" бөлүмүндө 3 миңден ашык, эң көбү "графика" бөлүмүндө жайгашып, алардын саны 9,5 миң экземпляр.

Айтиев музейи хол

Музейде Райкүл Ахматованын "келишпестик" (разногласие) аталган кызыктуу сүрөтү бар. Аты айтып тургандай эле ал сүрөттү көргөн ар бир адам өз оюн айтып, дайыма пикир келишпестиктер, кайчы пикирлер болуп турат экен.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде мындан 2 кылым мурда тартылган атактуу чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле өзүбүздүн ата-мекендик сүрөтчүлөрүбүздүн эмгектери бар. Андан тышкары белгилүү орус сүрөтчүлөрүнүн 19-кылымда жараткан мыкты эмгектери көргөзмөлөрдө турат. Мындай баа жеткис, кайталангыс эмгектер Улуттук көркөм сүрөт музейине Усубалиева Гүлжаке Ниязалиевна тарабынан алынып келинген. Гүлжаке эжебиз музейдин жетекчиси болгон. Музейде графика, скульптура, живопись жана башка жанрдагы кереметтер бар.

Гүлжаке Усубалиева
Гүлжаке Усубалиева

Музейде көбүн эсе 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы орус искусство адамдарынын сүрөттөрү жайгашкан. Эмгектер негизинен Третьяков галереясынан, наркомпрос фондунан алынып, сүрөттөрдү кыргыз живописинин негиз салуучуларынын бири С. А. Чуйков өзү тандаган, ошондой эле жеке менчик коллекчиялар менен толукталган.

Кээ бир сүрөтчүлөрдү атап кетсек: Роберт Фальк, Ф. Кузнецов, Лентулов Аристарх, Михаил Александрович Врубель, Шишкин Иван Иванович, Константин Алексеевич Коровин, Илья Ефимович Репин, Александр Александрович Осмёркин.

Гүлжаке Усубалиева сүрөт искусствосунун түптөлүшүнө, башкача айтканда музей коллекциясын байытуу максатында дүйнө музейлери менен тыгыз эмгектенген. Башка музейлерден тажрыйбасын кеңейтип, сүрөт реставрация бөлүмүн ачкан. Учурда "Гапар Айтиев атындагы музей" фонду кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен толукталып турат.

Гүлжаке Усубалиева
Гүлжаке Усубалиева иш үстүндө

Музейдин бермети катары кыргыз көркөм чыгарма коллекциясы эсептелинет. Анда кыргыз саймасы, кийизден жасалган буюмдар, жыгач оймолору, кездеме оймолору, териге наар түшүрүү, зер буюмдар кыргыз искусствосунун түрдүүлүгүн, кыргызга мүнөздүүлүгүн жана маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

Кыргызстан сүрөтчүлөрүнүн музейдеги коллекциялары кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө көз чаптырууга мүмкүндүк берип, професионалдуу көркөм сүрөт искусствонун бардык баскычтарын камтыйт.

Музейдин алтын фонду катары кыргыздын искусство адамдарынын, атап айтканда: С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акылбековдун, А. Игнатьеванын, Л. Ильинанын, С. Чокморовдун, А. Михалевдин, Л. Месарошанын, О. Мануйлованын, Т. Садыковдун, Д. Уметовдун, Т. Герцендин, Б. Жумабаевдин, А. Асранкуловдун, С. Айтиевдин эмгектери эсептелинет.

"Гапар Айтиев атындагы музей" жонундо маалыматтык, кыскача тексттик макалабыз ушундай болду, кошумча маалымат алуу максатында музейдин knmii.kg дарегинде жайгашкан сайтына баш бага кетсеңиз болот.

Жайгаштыруу: 2016-08-07, Көрүүлөр: 6344, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу