Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Юдахин Константин Кузьмич (1890-1975)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Юдахин Константин Кузьмич (1890-1975)

Константин Кузьмич Юдахин - түрк элдеринин, өзгөчө кыргыз тилин эң мыкты билип, лексикасын, тарыхын жана башка маселелерин терең изилдеген чоң окумуштуу. Ал ар бир сөздү, кыргыз элинин тил байлыгын талыкпай чогултуп, элдин турмуш салтын, үрп-адатын терең үйрөнгөн, анын маданий жана материалдык турмушун изилдеген. Өмүр бою кыргыз сөздөрүн кылдаттык менен орусчага которуп, баа жеткис залкар эмгек жараткан. Илимий жана педагогикалык жолунда анын «Кыргызча-орусча сөздүк», (1940, 1965), «Орусча-кыргызча сөздүк» (1944, 1959) аттуу эмгектери кыргыз элине өлбөс-өчпөс белек болуп калды. Ар бир сөздү чечмелеп берүүдө өзгөчө ыкмаларды колдонгон. Ал үчүн түз, өтмө, кыйыр маанилер менен макал-лакаптар, учкул сөздөр, идиомалык сөз тизмектери пайдаланган. Сөз маанисин, ички түшүнүгүн тийиштүү фактылар менен чечмелеп, түпкү маанисин ачуу изилдөөчүнүн эмгегинин кыл чокусу болгон.

Юдахин түрк тилдеринин көпчүлүгүндө сүйлөй да, жаза да билген. Кыргыз тилинен башка түрк тилдери боюнча да көп эмгектер жазган. Согушка чейин «Уйгурча-орусча сөздүктү» редакциялаган. Түрк тилинин грамматикасын, лексикасын, диалектологиясын жана алардын тарыхын да терең билген эң ири түркологдордун бири болгон. «Кыргызстанда лингвистиканын өнүгүшү» деген эмгегин жазып, кыргыз лексикасын жыйнап, кыргыз диалектилерине классификация жүргүзүп, азыркы орфографиясынын негизги маселелерин иштеп чыккан. Константин Кузьмич Юдахиндин эмгектери орус тилин үйрөнүү үчүн кыргыздарга табылгыс курал катары, ошондой эле орус эли үчүн да кыргыз тилин үйрөнүүнүн эң сонун куралы болуп кызмат кылат.

Юдахиндин кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген эмгеги зор. «Манас» эпосунун орусча котормосунун көп бөлүгүн редакциялаган. Токтогулдун томдорун жана «Манастын» төрт китебине түшүнүк жана эскертме түзгөн. Кыргыздын жалпы элдик тилинин диалектилик бөтөнчөлүктөрүн изилдөө жагына да салым киргизди. Кыргыз ССР Илимдер академиясы тарабынан түзүлгөн «Кыргыз адабий тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн» эки томдугуна жана кыргыз атласына илимий кенешчи болгон. Юдахин Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Фрунзеге (азыркы Бишкек, 1944) келип, өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап, эмгектенген. 1955-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Мамлекеттик Университетинде иштеген. КМУнун филология факультетине профессор Юдахин белек катары берген китептеринен атайын китепкана ачылган.

Китепкана өзүнүн ысымы менен аталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 17647, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу