Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак баталар жыйнагы

Баш барак | Адабият | Ак баталар жыйнагы

Ак баталар жыйнагы — турмуштун түрдүү кырдаалдарында айтылуучу кыргызча баталар жыйнагы. Бул жыйнак жаңыланып турмакчы, ошондуктан билген ак баталарыңарды ушул жакка жазып тургула.

Мазмуну

Жаш балдарга

Киндигин кескенде

Бысмылда, менин колум эмес,
Батма, Зууранын колу.
Улуунун жашын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Күчүнүн малын берсин.
Бакайдын өмүрүн берсин.
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Алмамбеттей улуу бол.
Аруукедей сулуу бол.

Оозантуу

Бисимилля рахман рахиим,
Оозуңа май салып турган Умайым.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын.
Жети куйрук ашагын,
Жетимиш аша жашагын.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол!
Оомийин!

Аркардын этин ашагын,
Алты мүчөл жашагын.
Жейрендин этин ашагын,
Жети мүчөл жашагын.
Токтунун куйругун ашагын,
Токсонго чыга жашагын.
Бактылуу бол, карагым,
Кара көзүм, баралым.
Алтындан болсун тарагың,
Күмүштөн болсун жарагың.
Кубаныч, күлкүң тыйылбай,
Ачык болсун кабагың.
Мактанчы боло бер,
Ата менен апаңын.
Оңунан согуп шамалың,
Орооң болсун оң,
Жолдошуң Кыдыр болсун зор.
Оомийин!

Балага байланыштуу тилек баталар

Көз жарган аялга: бешик боо бек болсун,
Эсен-аман көз жарып алдыңызбы?
(Жандырмагы: кудайга шүгүр)

Тын-аман жеңилип алдыңызбы?
(Жандырмагы: аман-эсен)

Перзенттин атасына

Бешик бооң бек болсун.
Чүрпөңдүн жанын таштан кылсын,
Ата-энеси менен ырысын берсин.
Ырыс-кешиктүү болсун!
(Жандырмагы: айтканыңыз келсин)

Бешикке саларда

Ыйман-ынсабыңды берсин.
Эл сүйгөн эрен бол.
Менин колум эмес,
Теңир ата, Батма, Зууралардын колу,
Ыйлаба, жоош бол.

Кийим кийгизгенде

Өмүрүң узун болсун,
Ылайым киймиң бат жыртылсын.
Кийимиңдин жаны морт болсун,
Өзүңдүн жаның бек болсун.
Эртеңден калбай жыртылып калсын.

Сүннөткө отургузганда

Колуң адал болсун,
Атанын алтын казык изи бол,
Ак шамшардын курч мизи бол.
Азамат бол, эр бол,
Ааламдагы шер бол.

Ат коюуу

Алпейил дайым сактаар,
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл, калаа сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди,
Касиети бассын жерди.
Берекени баксын элди,
Көлөкөсү тапсын шерди.
Азан айтып, атын коём,
Теңир берген затын коём.
Уул болсо жоодон сактаар,
Эне эмизген сүтүн актаар.
Атаандашпай малын багаар,
Жерин айдап, нанын табаар.
Атасынын мээнети кайтаар,
Алдына дулдул тартаар.
Кыз болсо кырк жылкы,
Кийин жасап, үйүн жабаар.
Энесинин ишин алаар,
Гүлдөй гүлдөп сайма саяр.
Уул бекен, кыз бекен,
Ким болду экен?
Уул экен, уул экен!
Ааламга адам келди,
Айыл, калаа сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди,
Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым,
Анекей отун келди!
Эмесе атын коём:
Отун алып баксын элди.
Жарыя айтам Отунчу,
Айыл, калаа сүйүнчү!
Оо, Отунчу, Отунчу!
Аты болду Отунчу!
Калк сабына кошулчу!
Оомийин!

Жентек той

Ага тууган чогулуп келдиң,
Наристе бөбөккө бата бердиң:
Алтын башы аман болсун,
Ар балаадан алыс болсун.
Бак дөөлөтү тоодой болсун,
Алтын сандыкка жык толсун.
Байтеректей бийик болсун,
Жоолошконго коргон болсун.
Жол баштаган көсөм болсун,
Үшүгөнгө күн болсун.
Душманына кылыч болсун.
Туушунун тушун сактап,
Чыккан күндөй жарык болсун.
Доско жумшак, касына катуу болсун,
Баскан жери аян болсун,
Арстандай аяр болсун,
Жолуна куту даяр болсун.
Кыдыр ата колдосун.
Оомийин!

О, жаратканым,
Бөбөк жанга ыйман берген,
Ылдыйда жөлөк, өөдөдө өбөк болсун.
Ымыркай ырыстуу болсун.
Кесепеттүүнүн сөзүнөн,
Ичи тардын көзүнөн сакта.
Жакшыга жанаштыр.
Жамандан адаштыр.
Ата-энеге кайрымдуу,
Эл ичинде кепке алымдуу.
Өмүрү узун болсун,
Өрүшү кенен болсун.
Кудайым тилекти берсин.
Оомийин!

О, Умай эне,
Наристеге күлкү бер.
Күндүн жарыгын бер.
Эненин тилегин бер.
Акылмандын батасын бер.
Суунун тазалыгын бер.
Булбулдун үнүн бер.
Гүлдүн назигин бер.
Эрдин тилегин бер.
Элинин тилегин бер.
Жолборстун жүрөгүн бер.
Тоонун бийигин бер.
Узак өмүр бер.
Өмүрүн узак колдой көр.
Оомийин!

О, Кудурет Теңирим,
Дүнүйөгө келген береги жаш бөбөктүн,
Өмүрүн узак, бактылуу кыл,
Ата-энесин, эл-журтун эсен кыл.
Акыл-эстүү, элине керек уул кыл.
Кең пейил, акылман кыл,
Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл.
Бак-дөөлөт, ырыскысын бекем кыл,
Даражасын бийик, мингенин тулпар кыл.
Колунда кондурган шумкар кыл.
Колдогонун кырк чилтен кыл.
Келген Кыдырды кетпес кыл.
Оомийин!

Наристенин боосу бек болсун,
Ата-энесине шерик болсун.
Азамат болуп эр жетсин,
Аксакал болуп төргө өтсүн.
Азамат болсун көрктүү,
Өмүрү болсун бөрктүү,
Кана-бутагы жайылып,
Арты болсун шериктүү.
Азамат болсун ардактуу,
Мүнөзү болсун салмактуу.
Өмүрү болсун жанжактуу,
Ушул айткандын баары келип,
Теңирим берсин зор бакты.
Оомийин!

Ушул бала,
Төрөлөр менен тең болсун,
Пейли кенен, кең болсун.
Чөбү чүйгүн бал болсун,
Соолбогон көл болсун.
Элине аскар бел болсун,
Белдин белин майыштырып,
Өрүшүнө мал толсун.
Өзүнөн туулган балдары,
Жеке-жеке эл болсун.
Оомийин!

Бешикке салуу

Бешик бооң бек болсун,
Ата-энең аман болсун.
Жаман көздөн сактасын,
Балам, эне сүтүн актасын.
Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу, оң, оң,
Киндик кескен энеңди сыйла,
Каның тамган жериңди сыйла,
Ак сүтүн берген энеңди сыйла.
Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу, оң, оң,
Өмүрүң узун болсун.
Көкө теңир колдосун,
Жаның бек болсун,
Жардыгым кеп болсун.
Теңир атаң колдосун,
Менин колум эмес,
Умай энеңдин колу!

Өөмай, өөмай, ак бала,
Ак бешикке жат бала.
Бешигиң кептүү болсун,
Ата-энең эптүү болсун.
Энелүүдөн эрке бол,
Өмүрүң узун болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Баатыр болсоң жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол.
Өөмай, өөмай, ак бала,
Ак бешикке жат бала.

Алдей, алдей, бөбөгүм,
Алдей, алдей, бөбөгүм.
Бабаң айкөл Манастай,
Баатыр болгун, эр болгун.
Кабылан болгун, шер болгун.
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан,
Семетей, Сейтек бабаңдай,
Кызыл жалын чок болгун.
Атылып турган ок болгун.
Кызга: Алдей, алдей, бөбөгүм,
Каныкейдей уз болгун,
Калкың сүйгөн кыз болгун.
Энең сенин уз болгон,
Элиң сүйгөн кыз болгун.

Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол,
Акылдуудан кундуу бол,
Эл алдында серке бол.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Билектүүдөн күчтүү бол,
Баатыр болсоң жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол.
Өөмай, өөмай, ак бала,
Ак бешикке жат бала.

Көкө Теңир жар болсун,
Күлдүр ата колдосун.
Камбар ата ун чачсын,
Күндүн пири Күн теңир,
Жарык менен нур берсин.
Умай эне ак чачсын,
Үркөр ата тогошсун,
Кызыр ата даарысын.
Жалпы пирлер колдосун,
Оомийин.

Кыркын чыгаруу

«Кырк» атаңдын жөрөлгөсү,
Ата-энеңдин өбөлгөсү.
Кырк уруу кыргыз ичкен суу,
Кырк атабыз кечкен суу.
Кырк ашууну ашкан суу,
Кырк томолонуп келген суу.
Кыр таштарды кырккан суу,
Кызыр атам таткан суу.
Суудай таза бол,
Нурдай сулуу бол.
Оомийин!

Тушамыш кескенде

Тушамышың кесилди, жыгылба,
Тизеңди айрып ыйлаба.
Кулундай туйлап жүгүрчү,
Канекей өзүңдү сына да,
Жүгүрсөң түздөн сүрүнбө,
Бийикке чыксаң бүгүлбө,
Кабыргаң катып болоттой,
От ойносун түгүңдө.
Шаттыктан ташып көңүлүң,
Жаркырап өскүн күн санап.
Жаркылдап шамшар тебингиң,
Жар болсун көктө Теңирим!
Оомийин!

Тушооңду кестик, балам,
Эми кара жерге жыгылба,
Балдардан калбай чуркап жүр.
Кулундай оюн салып жүгүр.
Элим — эр,
Досум — шер деп,
Бүгүлбөй өмүр сүр.
Өзүңдү эрдиктен сына,
Жамандан жардам суранба,
Ичиңе кек сактаба.
Билегиңди талдырба,
Жүрөгүңдү алдырба.
Ниетиңди жандырба,
Багыңды сындырба.
Жигит, керге жетип эрте,
Намысты колдон кетирбе.
Жаман тукум дедирбе.
Дайыма алдыга озун,
Үмүтүң узак болсун.
Досуңду сүйүнт,
Касыңды күйүнт.
Теңирим сага тилекти берсин,
Тилеген бата кабыл келсин.
Оомийин!

Кесилди балам, тушооң,
Жалтактабай аяк бас.
Бийик болуп учарың,
Аскарларга канатташ.
Душманың казган оруна,
Түшүп кетпей анык бас.
Оомийин!

Каз-каз, каз-каз, карагым,
Куттуу болсун кадамын.
Өмүргө аяк баса бер,
Өркөчү бийик ашуудан,
Тайгылбастан аша бер.
Оомийин!

Талпына гой, баса гой,
Шилте дагы бир кадам,
Бир кадамды аша гой.
Тай-тай балам, тай балам,
Тартынбагын жүрө бер.
Бешигиң калды коштошуп,
Чырпыктан атты мине бер.
Көтөрүп улам бутуңду,
Татынакай баскының,
Баскан жолуң оң болсун.
Жараткан сени колдосун.
Оомийин!

Жыгылбастан тур, балам,
Таятаңа бар, балам.
Тору атыңды мин балам,
Чоң атаңа бар, балам.
Аргымагын мин, балам,
Чочубастан бек туруп,
Чуркап кеткин, тай, балам.

Тай-тай бөбөк, тай бөбөк,
Алды-артыңа май бөбөк.
Каз-каз бөбөк, каз бөбөк,
Жалкоолонбой бас, бөбөк.
Оомат бизде бек болсо,
Оң бутуңду көтөргүн.
Олорго оосо ак сүйлөп,
Сол бутуңду көтөргүн.
Оомат бизде турбайбы,
Оң жак бутун көтөрдү.

Жакшы жүрүм болсун,
Жанга жеткирбес,
Күлүк болсун.
Жаактууга айттырбас,
Чечен болсун.
Жүз жаш жаша,
Күлүк ат мин.
Жакшы жүрүм-туруму болсун,
Алдууга алдырбас күчтүү болсун.
Жаактууга жеңдирбес чечен болсун.
Арыбас күлүк ат мин!

Тай-тай, тай балам,
Тайыба катуу жер бассаң.
Мүдүрүлбө таш бассаң,
Жыгылба күлүк ат чапсаң.
Жигиттин пири колдосун,
Ууру-бөрү тоспосун.
Умай энең колдосун,
Баскан кадам шыр болсун.

Атка минерман бол,
Эрөөлдө билерман бол.
Касыңа ок бол,
Досуңа от бол.
Үйүңө көл бол,
Жериңе сөз бол.
Душманга жут бол,
Элиңе кут бол!
Кийимиң кептүү болсун,
Элиң эптүү болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун!

Тайга мингизгенде

Мобул ээр бабалардыкы,
Нечен доор, заман баскан.
Бек отур, балам.
Элиңе бул караан.
Сапарың узак болсун,
Бабалардын касиети колдосун.
Атагың Мисирге жетсин
Атың алыстан кетпесин.
Чылбырың уулуң жетелесин,
Зыйнатың элге жетсин.
Кабарың Кырымга жетсин,
Даңкың Урумду жарсын,
Даңканың кылымга калсын.
Ата наркы өчпөсүн,
Өмүрлүү бол, уулум.
Бекем болсун тууруң,
Теңир болсун улугуң.
Оомийин!

Чүчкүрүккө ырым

Ак чүч,
Айран ич.
Кырга чык,
Кымыз ич.

Улуу баталар

Кыргыз баталарынын ичинде эң улуусу деп саналат, буларды калк бийик тутуп ишеничин арткан бийик даражалуу адамдар берген делет.

Манастын батасы

«Энеси суу кыргыздын,
Атасы тоо кыргыздын»,
Көрдүңбү сөздүн уңгусун.
Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,
Аркайган тоодо өскөн эл,
Кирин карда жууган эл,
Киндигин музда кескен эл,
Заңкайган нечен тоо менен,
Салгылашып келген эл.
Ак элечек арсак тоо,
Жалтырак муз, аппак кар,
Жамбаштап жатып көнгөн эл,
Малын карга жайган эл,
Кыргыз деген неткен эл,
Мөңгү суусун ичкен эл.
Күркүлдөгөн, жыттанып,
Күүлөнүп аккан сууларды
Күн эмес, түндө кечкен эл,
Таш жазданып көнгөн эл.
Талашып салкын шамалды,
Булут менен келген эл.
Булуттуу тоонун ичинде,
Тоодо өнүп өскөн элге
Ойдогудай иш болсун,
Оодарылгыс тоо болсун,
Оморулгус бел болсун!
(Жусуп Мамай айтымы, «Кененим»)

Умай эне батасы

Теңирим берген көк майса (көк чөп деген мааниде),
Жаралган атам заманда.
Күтүшөт көктөм майрамын,
Асманда жылдыз, ай, күн да.
Көктөм, көктөм, көктөм,
Күттүк биз сени салайга.
Теңирим берген көк майса,
Көк менен жердин көркү бул.
Көйкөлгөн тоого көрк берген,
Кызгалдак, каакым көп болгон.
Көктөм, көктөм, көктөм,
Теңир көк берген көк байса,
Келе көр бизге тезирээк.
Жер айрылып көк чыксын,
Желин айрылып сүт чыксын.
Угулсун көктөн күлдүрөк,
Көктөм, көктөм, көктөм,
Келе көр бизге жел, көктөн.
Теңирим берген көк байса (кичине арыкча деген мааниде),
Көп күттүрбөй бизге кел.
Кош өгүзүн шаймандайт,
Баба дыйкан үрөөн сээп,
Көктөм, көктөм, көктөм,
Келе көр бизге жел, көктөн.
Теңир көк берген көк байса,
Дыйкандарга эгин бер,
Малчыларга төлүн бер,
Кампа толо дан болсун,
Короо толо мал болсун.
Мал кармаган бай болсун,
Арбын айран, мол болсун.
Кымыран кымыз көп болсун,
Мал атасы Малабай,
Элге майлуу сүт берсин.
Ойсул ата, ой Камбар,
Элге шыбат, күч берсин.
Камбар ата балдары,
Кара курттай жайнасын.
Чычаң ата, ай мүйүз,
Чолпон ата, кумпа баян,
Солто мерген, черте баян,
Жамаатына жар болсун.
Адам ата балдары,
Акыл менен иш кылсын.
Үрөөн сээп, мал багып,
Эмгек менен күн көрсүн.
Кайыптарды сыйласын,
Чер токойду кыйратып,
Кайың, талды кыйбасын.
Ой-тоодогу кайберен,
Ойрондолуп ийбесин,
Көк теңир жар болсун,
Бейилдери оңолуп,
Касташкандар токтолсун.
Согушкандар жоголсун,
Ымандары оңолуп,
Каниет кылса баарына,
Кайыр берсин көбүрөөк,
Жетим, жесир, карыпка.
Өкүмчүлүк кылбасын,
Карыларын урматтап,
Кичүүлөрүн сыйласын.
Узун болсун өмүрү,
Оорубасын, оңолсун,
Учуктары узарып.
Бала күтсүн, бар болсун.
Кылган ишин жактырып,
Көкө теңир колдосун.
Оомийин!
(Элдик)

Баба дыйкан батасы

Коңур салкын жел келет,
Жер жылымдап, кар эрип.
Кош эмчеги тырсыят,
Кыз толукшуп бой керип.
Жерден келет жел кабар,
Тал, теректер көгөрүп,
Уйкуда жандар ойгонот.
Өлбөстүккө күн көрүп,
«Мезгил келди чачкын» — дейт,
Чечте үрөөн үн салып.
Күңгүрөнөт чыгыш жак,
Жеңгенсийт жаз кыш айды.
Амач карма дегенсийт,
Албан талаа дыйканды.
Көктү бузат көк бука,
Амал айкын кабарлап.
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Жерден кабар алышар,
Жер эмгекти кадырлайт.
Жер куураса алаамат,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Калайыкка дан керек,
Аппак күндөй нан керек,
Амач карма, жер айда,
Ай талааны чиймелеп.
Арпа, буудай дан айда,
Сулуу, нокот, таруу айда.
Конок, зыгыр кошо айда,
Ак жүгөрү, май айда,
Дарбыз, коон дагы айда,
Кан, калемпир, кара мурч,
Сарымсак, сабиз калтырба.
Дагы айтарым дагы бар,
Албан дыйкан угуп ал.
Эгин экпей арык чап,
Ашуун болсун эгиниң,
Тоонун тунук суусун бак,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Өрттөй болсун өгүзүң,
Өткүр болсун амачың,
Алас болсун аштыгың,
Уста пири Дөөтү,
Амачыңды оңдосун.
Уйдун пири Ай мүйүз,
Амач тарткан күч кирсин.
Күн күркүрөп, жамгыр жаап,
Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы Камбаркан,
Ай талаага күч чачсын.
Өнүп чыксын үрөөнүң,
Өсүп чыксын жүрөгүң.
Суу атасы Сулайман,
Көктөн, жерден колдосун.
Жердин пири жел эле,
Кабыл алсын дилиңди.
Жел атасы Желкайып,
Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чуурутуп,
Ободон жамгыр куюлтуп.
Күндүн пири Күн теңир,
Суу менен бирге нур берсин.
Жарык берсин, жан берсин,
Чычкан пири Чие ата,
Жамаатына жар кылсын.
Ийин казып, жер көөлөп,
Жер кыртышын жумшартсын.
Жерге түшкөн үрөөнүң,
Жети күндө жарылсын.
Майсалары узарсын,
Умай эне ак чачсын.
Үркөр ата тогошуп,
Алас болсун эгиниң,
Көкө теңир жар болсун,
Кызыр ата даарысын.
Умай эне дем берсин,
Күч өгүзүң кош болсун,
Күткөн көктөм куш болсун.
Оомийин!
(Элдик)

Кошойдун батасы

Абакеңиз эр Кошой,
Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,
Жаратканга жалынып,
Алакан жазды буркурап,
Атпай журттун баарысы,
Бата кылды чуркурап,
Көп жыйылган өз ушул,
Көпчүлүктүн көзүнчө,
Кошойдун айткан сөзү ушул:
Тилекти берсе бир алда,
Туулса мындан бир бала,
Ургаачы болбой, эр болсун,
Аюу болбой, шер болсун!
Атышканын алсын деп,
Күрөшкөнүн чалсын деп,
Өлөңдүү жерди өрттөгөн,
Өзүнөн пенде өтпөгөн.
Тулаңдуу жерди тутантып,
Туугандын баарын кубантып,
Кара сууга кан куюп,
Кайратын калк, эл туюп,
Суу ордуна кан төгүп,
Катылышкан душманын,
Өгөөлөсүн темирдей,
Акыры тууса эркеги,
Аты болсун Семетей.
Арууке келин баласы,
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро.
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде,
Семетейге кылуучу кудай жар болсун.
Ак болотун майласын,
Ачуусуна келгенде,
Абыке, Көбөш, кан Жакып,
Ошолорду жайласын.
Кыйыгына тийгенде,
Кырк чороңду жайласын.
Кара болот кайрасын,
Каарына келгенде,
Кан Коңурду жайласын!
(Сагымбай Орозбак уулу, 3-китеп, 215-бет, 1981).

Бакай ата батасы

Айтулуу шумкар көздүү бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Байсалдуу артык үзүлбөс,
Бак баштаган күчтүү бол.
Балага балтыр бешик бол,
Бакытка ачык эшик бол.
Улууну сыйлап жетик бол,
Кичүүгө өмүр кешик бол.
Аккан суунун шары бол,
Балбандардын алы бол.
Оорулууга дары бол,
Опол тоодой кары бол.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Кыйың күн башта болбосун.
Ыйык тут Манас ордосун,
Оомийин кудай колдосун!
(«Кыргыз маданияты» гезитинен).

Бакайдын батасы

(Кененимге берген бата)
Баргын, балам, бар деди,
Бабаң Манас арбагы,
Болсун сага жар деди.
Агызып кетчү кыяндай,
Сел болгунуң, Кененим.
Оморулбас залкар тоо,
Сен болгунуң, Кененим.
Аккуулар ашып уча албас,
Бел болгунуң, Кененим.
Ак каздар учуп ото албас,
Көл болгунуң, Кененим.
Казып адам түгөткүс,
Кен болгунуң, Кененим.
Алтымыш уруу алашка,
Жалгыз сен, болгунуң Кененим.
(«Каада-салттар, ак баталар» китебинен, Бишкек, 2003)

Каныкейдин Семетейге берген батасы

Баргының, балам, жол болсун,
Кудайым сени колдосун.
Атаң башта кол берген,
Кожо Асан болсун жолдошуң.
Бастыргын, балам, жол болсун,
Басташкан душман кор болсун.
Арбагы колдоп атаңдын,
Айбатың журттан зор болсун!

Жетимиш пирге кол берген,
Жети ирет Кызыр жол берген,
Атакең Манас колдосун.
Алтымыш пирге кол берген,
Алты ирет кызыр жол берген,
А дүйнө кеткен атаңдын
Арбагы сени колдосун!
Баргының, баатыр, жол болсун,
Жол болгондо мол болсун.
Кас санаган кишиң,
Таманында кор болсун.
Арбагың өсүп жол болуп,
Оорагың журттан зор болсун!
(«Семетей», 1959-жыл, 133-бет)

Пери кыздын Кененимге берген батасы

Кубатыңдан айрылбай,
Көп жашка чыгып карыңыз,
Ишиңиз кетсе оңунан
Эркек бала табыңыз.
Өзүңдөн ашкан эр болсун,
Ошол тапкан балаңыз.

Бекбачага элдин берген батасы

Бата берип калың эл,
«Ачык болсун жолуң шар,
Жолдошуң болсун Кызырлар,
Аттандың баатыр, жол болсун,
Жолуңда жолборс жолдосун!
Кастарын тиккен алашка,
Таманыңда кор болсун!
Эл үчүн кылган эмгегиң,
Эселден дениң соо болсун!
Ишиңди кудай оңдосун,
Кас санаган душмандын,
Каны агып сен болсун!»
Бата берип баркырап,
Баары журт калды чуркурап.
Жолуң ачык жолборсум,
Кырк чилтен болсун жолдошуң.
Айкөл төрө Манастын,
Ай Хаканым, өмүрүң болсун кол узун!
Төрөлүк болсун кол түзүн,
Теңирим түштө көргөнүм өңгө келтирсин,
Тең дүйнө жериң уругуңа бердирсин!

Жусуп Баласагын батасы

О, Кудай, ак пейлиңди арттыра көр,
Жамы журт момундарга теңчилик бер!
Кутман элиң, өмүрүң узун болсун,
Эл тизгиниң кармаган бекем колсуң.
Куттуу эрге кутман атак туш болсун,
Түбөлүккө ушул аттан кут конот.
(«Кут алчу билим» китебинен)

Махмуд Кашгари батасы

Теңири анын мартабасын ар дайым, жогору кылсын;
Өмүрүн ыраат — дөөлөт ичинде узак кылсын;
Анын улуктугунда теңдеши жок
Оорактуу негиздерин былк этпес кылып бекемдесин;
Анын буйрук, жоболорун кеңейтсин жана күчалтсын;
Адам балдары анын кайрымдуулугунан жылдыздардай жетик бакыт тапсын,
Анын тилеги орундалып, ар бир ийгилиги ак жүрөк досторун кубантып жүрсүн;
Теңири анын каар-казабына калган жоосун ого бетер кар кылсын,
Анын көлөкөсүн, көркүн, кудуретин, адамдык сапатын жана жетиктигин мусулмандардын үстүнөн алыстатпасын.

Токтогулдун батасы

Берендигин карматып,
Бердибек болду каныбыз.
Берек түркүн балдары,
Тынчыды эми жаныбыз.
Куттуу болсун каныбыз,
Кумардан чыктык баарыбыз.
Аман болсун жаныбыз!

Арстанбектин Жеңижокко берген батасы

Ырчы балам, Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок.
Шаймерден сени колдосун,
Барбардигер кудурет,
Бааналап ишиң оңдосун.
Улардай таңшыр убагың,
Баяда минтип айткан деп,
Камбаркан баба колдосун.
Кыдыр даарып жол болсун.
Ырчы болсоң сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол,
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргүгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол.
Ашта, тойдо мырза бол,
Аптыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Усталарга балка бол,
Баатырларга калка бол.
Коркокторго уруш бол,
Кош сөздүүгө буруш бол.
Карыяга кайрым бол,
Алы жокко айбар бол.
Ашы жокко айран бол,
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол.
Аш менен тойдо көркү бол,
Тону жокко бөркү бол,
Желек кармар жетик бол,
Жардыларга кешик бол.
Жармачтарга эшик бол,
Жери жокко конуш бол.
Эти жокко союш бол,
Бейилдүүгө бейпил бол.
Ысаптууга байыр бол,
Мүлдө журтка шайыр бол.
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол.
Калктын зарын зардап өт,
Качанкы ырын ырдап өт.
Калк көңүлүн чалкытып,
Каниет алып жыргап өт.
Элдин зарын зардап өт,
Эзелки ырын ырдап өт.
Эл көңүлүн чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт.
Уламаны улагын,
Улардай таңшыр убагың.
Баяда минтип айткан деп,
Кек сактап, сөздү куубагын.
Санат сөздү сабагын,
Сабап айтар убагың.
Санаа тартпай жыргап өт,
Сакадай болгон чырагым.
Күлүк минип гүлдөп өт,
Күмүрөй журтка сүйлөп өт.
Жорго минип жолдо өт,
Жамы журтка ырдап өт.
Ырың журттун ынагы,
Өзүң болгуң чырагы.
Балам, нуска сөзүң кап болсун,
Санат ырың сан болсун.
Санжыра сөзүңүз болсун,
Калың кыргыз элине,
Кадырың артып, бак консун!

Токтогул Сатылгановдун батасы

(Айтыш)
Токтогул:
Баштай бер, Калык батаны,
Бата берип кайталы.
Кыскартып айтып, Калыгым,
Аттын башын тарталы.

Калык:
Ак тоюң ыракмат,
Аман болсун балдарың.
Акыл-эсин үйрөтсүн,
Айылдагы чалдарың.

Токтогул:
Тойпоңдогон балдарың,
Токтунун майын ашасын.
Таалайлуу болуп балдарың,
Токсонго чыга жашасын.

Калык:
Сербеңдеген балдарың,
Серкенин майын ашасын.
Саламат болуп балдарың,
Сексенге чыга жашасын.

Токтогул:
Каргадай болгон балдарың,
Кабзул Аазам колдосун.
Илбериңки жаш келин,
Ишиңди кудай оңдосун.

Калык:
Кадырлашың карабай,
Аман болсун жолдошуң.
Чар тарабың кеңейип,
Чоң ырыскы орносун.

Токтогул:
Акындар бата берди деп,
Ар убак эске ала жүр.
Алтымыш ашып, келиним,
Алганың менен доорон сүр!
Оомийин, балам батага,
Ыракмат эне-атаңа.
Ыраазы бол, келиним,
Ырчыдан кеткен катага.

Жусуп Мамай

Оомийин!
Улуу-Чаттын жаңы шаарына:
Жер чөйчөгү Кызыл-Ой,
Айлым кылымдар бою үзүлбөсүн той!
Алтын капкасынан ырыс-кешик
Чубуруп кире берсин жылып ой.
Ушул жердин соккон жели менен
Бакыт-дөөлөт жапырып кирсин.
Таштарына таруу өнсүн,
Кумдарына күрүч өссүн.
Ак кармаса алтын болсун,
Гүл кармаса күмүш болсун.
Төрт райондун чогулган элге
ушул жаңы шаарча кут болсун.
Ынтымак, ырыс, береке түбөлүккө жаңы шаарга жуп болсун!
Оомийин!

Нооруз майрамга:
Улус-ноорус оң болсун,
Төрт түлүк тең мол болсун.
Кайда жүрсө жол болсун,
Улус жылы бак консун.
Улус мураттуу болсун,
Мекен турактуу болсун.
Малга курактуу болсун,
Өзөн сугаттуу болсун.
Элге чубактуу болсун,
Өңүр малга,
Өрөөн данга толсун,
Эл берекелүү болсун.
Күндөрү маарекелүү болсун,
Ырыс-дөөлөт мол болсун.
Жылда ушундай той болсун.
Нооруз майрам кут болсун,
Оомийин!

Көч көрктүү болсун,
Жаңы конуш куттуу болсун.
Барган жериңизде,
Гүл кармасаңыз күмүш болсун,
Ак кармасаңыз алтын болсун.
Турган жериңизге ток пейил,
Береке, бирдик берсин.
Сиз, күнүгө токтунун этин ашай бериңиз,
Токсондон ашуун жашай бериңиз.
Бул жерден аттанганда,
Манас, Бакай жолдошуңуз болсун,
Кызыр Алейисалам колдошуңуз болсун.
Оомийин!
(Жусуп Мамай Үрүмчүдөн Ак-Чийге көчкөндө Сулайман Нээткабылга берген бата)

Шыбагалуу баш берсин,
Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа
Баркыраган баш берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайрасын.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп жатсын.

Шердей үндүү бол,
Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол,
Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта,
Талдай шакта,
Карагайдай көгөр

Алдыңды бала бассын,
Артыңды мал бассын.
Ак жоолугуң башыңан ообасын,
Алганың менен тең кары.
Көчтө минер жоргоң болсун,
Койдой киер торкоң болсун.
Өзүңдөй күйөөң болсун,
Жетелерге төөң болсун.
Үнүң угумдуу болсун,
Колуң жугумдуу болсун.

Эмгек баталар

Бул баталар кыргыз элинин, калың журттун ишин, эмгегин алдыга алкоо максатында айтылган. Чындыгында бата алган адам кадимкидей кубат алып, жасаган ишин мурдагындан дагы жакшы жасаган. Бул нерсе өткөн мезгилде гана эмес, учурдагы жашоодо дагы «психологиялык дем берүү» деген термин менен тыгыз байланышта болуп, активдүү колдонулуп келет.

Үрөөн сепкендеги баталар

Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап.
Бул — жетим, жесирге,
Муну — кары, мискинге.
Бу — ач-арыкка,
Мунусу — алсыз карыпка,
Булары — курт-кумурскага,
Мунусу — сурамчыга,
А бул — тилемчиге.
Булары — саламчыга,
Калгандары —
Сизге, бизге, мага.
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти оңдосун.
Бардык жерде колдосун,
Жар болуп, жылоолосун,
Эми быягын мен билемин.
Сугатың өксү болбосун,
Өнгөндө арам чөп койбосмун.
Арыгың терең чабылат,
Корукчуң арбын табылат.
Тилегим жөн,
Өн, үрөнүм өн!
Береке бек байласын,
Бердик Баба дыйканга,
Бириң миңден чайнасын!
Оомийин!

Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Алас болсун аштыгың,
Уста пири — Дөөтү,
Амачыңды колдосун.
Уйдун пири — Ай мүйүз,
Амач тарткан күч кирсин.
Күн күркүрөп, жамгыр жаап,
Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы — Камбаркан,
Ай талаага күү чачсын.
Өнүп чыксын үрөөнүң,
Өсүп чыксын жүгөрүң.
Суу атасы — Сулайман,
Көктөн, жерден колдосун
Жердин пири — Жер эне,
Кабыл алсын дилиңди.
Жел атасы — Жел кайып,
Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чуурутуп,
Ободон жамгыр куюлтуп.
Күндүн пири — Күн теңир,
Суу менен бирге нур берсин,
Жарык берсин, жан берсин.
Чычкан пири — Чийе ата,
Жамаатына жар кылсын.
Ийин казып, жер көөлөп,
Жер кыртышын жумшартсын.
Жерге түшкөн үрөөнүң,
Жети күндө жарылсын.
Майсалары узарып,
Умай эне ак чачсын.
Үркөр ата тогошуп,
Алас болсун эгиниң.
Көкө теңир жар болсун,
Кызыр ата даарысын.
Күч өгүзүң кош болсун,
Күткөн көктөм куш болсун.
Оомийин!

Күчкө кирсин билегиң,
Кабыл болуп жайында,
Оңго тартсын тилегим.
Үрөөн алдым колума,
Тилек кылып жерге себем.
Дыйкан баба, аты салам,
Тепсесе экен,
Дыйкандардын дүрбөнү,
Ак буудайдын үрөөнү,
Жараткандын наркы үчүн,
Жан-жаныбарлар акы үчүн,
Үрөөн септим жериме,
Дем кошулсун демиме.
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн айдатып,
Ала жерди аңтарып,
Буурсунду буктуруп,
Буурул жерге суктуруп,
Жердин бетин ачалы,
Жерге үрөөн чачалы.
Жараткандын наркы үчүн,
Арыйна-чачынанын акы үчүн,
Үрөөн чачтым жериме,
Дем кошулсун демиме!
Оомийин!
(Элдик)

Оп майда батасы

Олуялар колдосун,
Орой, орой, Оп майда,
Оор-жеңил басса да,
Ороо толсун, Оп майда,
Кырча, кырча басканда,
Кырман толсун, Оп майда.
Кызыр колдоп сыйласа,
Кырк таар болсун, Оп майда.
Оп, оп майда, оп майда,
Тилек кылдың кудайга,
Мөндүр урду арпаны,
Береке берсин буудайга.
Арып-ачтык бул жайда,
Баба дыйкан бар болсо,
Пир карашар ал-жайга.

Оп майда, оп майда,
Майдалай бассаң жаның пайда.
Орой, орой басканың,
Ороо толсун, Оп майда.
Орокчунун балдары
Нанга тойсун, Оп майда.
Кырча-кырча басканың,
Кырман толсун, Оп майда.
Кырманчынын балдары
Нанга тойсун, Оп майда.
Майда, майда, мапмайда,
Кулактарың калкандай майда,
Туяктарың талкандай майда,
Майдаласаң жаның пайда.
Оп, оп, оп майда!

Желеге бата

Барчыл, барчыл, барчыл бол,
Кер канат барчын бол.
Болчул, болчул, болчул бол,
Боз торгойдой төлчүл бол.
Адам таппас сөздүү бол,
Ор коендой көздүү бол.
Курама темир, сом алтын,
Сууга салса кетпесин.
Теңир берген насибин,
Тепкилесе кетпесин.
Желеңдин ал четинен бул чети.
Жебе сызып жетпесин.
Кастык кылган адамың,
Муратына жетпесин.
Айтса — каргыш, тийсе — көз,
Даарыбасын, өтпөсүн.
Оомийин!

Теңир жолу ыйык деп,
Биз берели ак бата.
Жаш кошулсун жашыңа,
Баш кошулсун башыңа.
Ата жолун ардакта,
Энени мазарыңдай сакта.
Атанын эмгегин,
Эненин мээнетин акта.
Сабааң толсун кымызга,
Чараң толсун уузга.
Ырысың ташып турсун,
Аброюң ашып турсун.
Агыны катуу дайрадан кеч,
Элиң түшкөн түйшүктү чеч.
Жортсоң жолуң болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Оомийин!

Желеңдин ал четинен бул четине,
Ат чаптырса жетпесин.
Теңирим берген насибиң,
Тепкилесе кетпесин.
Кудай берген ырыскың,
Кубаласа кетпесин.
Чөнөгүң жыйылбасын,
Сабааң кыйылбасын.
Сааганың бээ болсун,
Дасторконуң акка толсун.
Кечке келип чуулдаткан,
Козучактын атасы,
Кочкор бассын желеңди.
Бакайлары шыртылдап,
Мүйүздөрү жылтылдап,
Үй арасын бок кылган,
Ичсе айранга ток кылган,
Музоочуктун атасы,
Бука бассын желеңди.
Маң-маң-маң баскан,
Чуудаларын чаң баскан,
Өркөчтөрүн ком баскан,
Боточуктун атасы,
Буура бассын желеңди.
Шыңгыр-шыңгыр кишенешкен,
Чыңырып, чыңырып издешкен,
Кулунчактын атасы,
Айгыр бассын желеңди.
Оомийин!

Кулун, тай жөрөлгөлүү болсун,
Кымызды ичкенге буюрсун,
Желе бооң кең болсун,
Көнөгүң сүт толсун.
Желе бооң Кызыр даарып,
Үй ичиңе кут консун.
Бүгүн кулук байладың,
Камбар ата колдосун!
Оомийин!

Балаң өзүңө шай болсун,
Ыңгыранган бай болсун.
Желеңдин сааны кетпесин,
Башыңдан кайгы өтпөсүн.
Аты кетип Алайга,
Даңкы кетсин далайга.
Кыргызга атын билгизип,
Кыйлага затын сүйгүзүп,
Үстүнө кымкап кийгизип,
Бакыт берсин башыңа.
Сексенге чыга жашаңыз,
Серкенин этин ашаңыз.
Токсонго чыга жашаңыз,
Топоздун майын ашаңыз.
Жүзгө чыга жашаңыз,
Жылкынын майын ашаңыз.
Жаш кошулсун жашыңа,
Кызыгын анын көрүңүз,
Кылым доорун сүрүңүз.
Күлүгүң миништүү болсун,
Көңүлүң тынычтуу болсун.
Карылык ырыстуу болсун,
Пейилиң жугуштуу болсун.
Оомийин!

Кулун, тайың жөрөлгөлүү болсун,
Сабааң көрөңгөлүү болсун.
Ортого чыгып топ бузган,
Ооздогу сөзүң өнөгөлүү болсун.
Желе бооң бек болсун,
Желдеген касың тек болсун.
Табагыңда сүт турсун,
Аягыңда кут турсун.
Жылкыңдын үйүрү башка болсун,
Кулундары кашка болсун.
Жоргосу болсо кызың минсин,
Күлүгү болсо уулуң минсин.
Кас санаган оңбосун,
Камбар ата колдосун!
Оомийин!

Жылкы атасы — Камбар,
Кымыздан башка эмне бар.
Жергелүү желин өссүн,
Керилип келип өссүн.
Үйү толгон сүт болсун,
Көнөк толо сүт болсун.
Алты төөсү ботолосун,
Алты келини жетелесин.
Кырк төөсү ботолосун,
Кырк келини жетелесин.
Үйүңөрдөн кут кетпесин,
Сабааңарга кудайым береке берсин,
Алыстагы тууган кымызга келсин.
Көп бер, көп бер,
Ой, тилекти мол бер!
Оомийин!

Бата башы даң-даң,
Малды берсин миң-миң.
Жылкы берсе ала бер,
От жакалай бала бер.
Жүктөрүнө төө бер,
Жүктөп алып жүрө бер.
Саарына бээ бер,
Сааган сайын ийе бер.
Желеңдин ал учу менен бул учуна,
Ат чуркаса жетпесин.
Кас санаган душманың,
Келерки ушул убакка жетпесин.
Оомийин!

Мингениң жорго тай болсун,
Ичкениң кызыл чай болсун.
Дүнүйөңүз шай болсун,
Карышкырдай көздүү бол,
Адам тапкыс сөздүү бол.
Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,
Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун.
Аппак үйүң, ак үйүң өргөө болсун,
Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун.
Бай көңүлү жай болсун.
Балдарыңын мингени,
Жорго кара тай болсун.
Ал желеңдин башына,
Ат жүгүрүп жетпесин.
Бул желеңдин башына
Бут жүгүрүп жетпесин.
Бөдөнөдөй төлчүл бол,
Адам таппас сөздүү бол!
Оомийин!

Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Желең узарсын,
Жергең көбөйсүн.
Өрүшүң жайык болсун,
Өмүрүң узак болсун.
Өңүң кызыл болсун,
Кудайым мал берсин.
Баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин!
Оомийин!

Көлүгүң миништүү болсун,
Көңүлүң улустуу болсун.
Өмүрүң ырыстуу болсун,
Байлыгың жугуштуу болсун.
Кудай жолу кабыл болсун,
Ар бир нерсең азыр болсун.
Кеткениңди келтирсин,
Кемтигиңди толтурсун.
Бак-дөөлөттү кудайым,
Насип этип болтурсун.
Оомийин!

Кошокко бата

Кызыл кандан айрылган,
Аппак сүтүң бергиниң.
Чолпон ата баш болуп,
Кошокту колдоп келгиниң.
Бендеге чачкан ырыскы,
Берекеттен бергиниң.
Оомийин!

Тунгуч кымыз ооз тийгизгенге бата

Көйнөгүң шайы болсун,
Таягың кайың болсун.
Калпагың ак болсун,
Төбөсүндө чок болсун.
Атың кашка болсун,
Алты асый жашта болсун,
Камчы сабың долоно болсун.
Буудайдай бутакта,
Талдай шакта.
Карагайдай зуулда,
Арчадай көгөр.
Атаңдын ыйыктуусу бол,
Энеңдин сүйүктүүсү бол.
Калкыңа кадыры арткан,
Мартабасы бийик киши бол.
Оомийин!

Шырылдаң батасы

Балдар, балдар, кайталык,
Башка айылга айталык,
Байга бата берелик,
Бул үйдүн көөнү жай болсун,
Чайкаганы бал болсун,
Ичкени кымыз, май болсун,
Жегени куйрук, жал болсун,
Бул үйдүн мингени буудан болсун,
Балдарынын мингени кунан болсун,
Короосуна кою толсун,
Желесинде бээси толсун.
Айры өркөчтүү төөсү болсун,
Төрт түлүгү тептегиз болсун.
Оомийин!

Балдар, балдар,
Байга бата берели,
Байдын түнү жай болсун,
Балдарынын мингени,
Кара кашка тай болсун.
Жатканы арча болсун,
Жамынганы барча болсун,
Жумшаганы орок мурун калча болсун.
Өрөгөйдөн сөрөгөй,
Аялыбыз эркек төрөгөй.
Оомийин!

Көч баталар

Көч баталар кыргыз эли жер которуп көчкөндө, жаңы конушка отурукташканда, сапарга же жолго чыкканде берилген.

Көч көрктүү болсун,
Журт жуктуу болсун.
Унаа кабыл болсун,
Айлана адил болсун.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун,
Жер-суу, тоо-таш,
Азирети арбак, кызыр алейсалам колдосун!
Оомийин!

Көчүң көлүктүү болсун,
Жолуң көрктүү болсун.
Конушуң куттуу болсун,
Коңшуң мыктуу болсун.
Босогоң бек болсун,
Түндүгүң эп болсун.
Жан жагың жайыл журт болсун,
Жамандыктан сырт болсун.
Башыңарга кетпес бак консун.
Мээримдүү бир Алла,
Силердик жак болсун.
Оомийин!

Көчүң көрктүү болсун,
Журтуң жуктуу болсун.
Унааң кабыл болсун,
Айланаң адыр болсун.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун,
Торко элгектүү болсун.
Ичкениң тунук суу болсун,
Өмүрүң түгөл дуу болсун.
Калдайып турган жер сүйсүн,
Калың кыргыз эл сүйсүн.
Оомийин!

Конушка бата

Корооң кыктуу болсун,
Жан-жаның көрктүү болсун.
Жаш балаңдын ойногону,
Жашыл сырдуу кайык болсун.
Оомийин!

Сапарга баталар

Кыскача тилектер

Жолго чыккандагы

Сапарың оң болсун,
Кайтарың тез болсун.
Кашка жолдун боюнан,
Кызыр бабам кез болсун.
Кетилбесин тулпарыңдын туягы,
Кайрылбасын шумкарыңдын кыягы,
Барган жерде кучак жайып тосуп алсын,
Жакшы адамдар, жайсаң жандар, зыялы,
Жайдары элге, жакшы жерге таанышкан.
Алла жебеп учкан кушка жарышкын,
Көңүлүң шат, ат көлүгүң арыбай,
Аман-эсен очогуңа табышкын.
Оомийин!

Төрт тарабың шайлуу болсун,
Жорткон жолуң жайлуу болсун.
Күнүң чыгып жаркырап,
Түнүң тынч айлуу болсун.
Ичкениң замдын суусу болсун,
Ууртуң толо майлуу болсун.
Бир Алла өзү жебесин,
Арбактарың демесин.
Кайып эрен, кырк чилтен,
Жан жагыңдан жөлөсүн.
Нух пайгамбар алдыңдан,
Деңизде тоссун кемесин.
Алты күндө алты айлык,
Арыбай-талбай жол алгын.
Аман-эсен кайрылып,
Азыркыдай кол алгын.
Оомийин!

Балам, сапарың олжолуу болсун,
Жорткон колуң оң болсун.
Башыңа булут ойнобосун,
Кара ниеттин тилеги оңбосун.
Атың тулпар болсун,
Кушуң шумкар болсун.
Жалгыз башың жетөө болсун,
Жети башың жетимиш болсун.
Бабаларыңдын арбагы жолдош болсун,
Теңирим өзү колдосун.
Оомийин!

Жолуңду теңирим колдосун,
Жаманчылык болбосун.
Шартынан тайбай бек турган,
Ишенимдүү болсун жолдошуң.
Жолуңду кесем дегендер,
Эгерим иши оңбосун.
Жарыя болсун ишиңер,
Жакшы болсун түшүңөр.
Жортуп-жортуп кеткенде,
Жоомарт болсун төшөгүң.
Жугумдуу болсун ичкениң,
Көрбөгөн жерди көрүп кайт,
Көсөмгө салам берип кайт.
Ырыскың сыртта чачылсын,
Баарын түгөл терип кайт.
Көкүлүңдөн жел сылап,
Желип барып, желип кайт.
Бак кошулсун багыңа,
Так түшпөсүн арыңа.
Сак-саламат кайтып кел,
Кездешелик дагы да.
Оомийин!

Береке дуба ашыңдан кетпесин,
Бакыт-дөөлөт башыңдан кетпесин.
Кыдыр аке кашыңдан кетпесин,
Жорткондо жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун,
Жигит пири — Шаймардан колдосун.
Оомийин!

Жорткондо жолуң болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Кайберен, Кыдыр, Чилтен,
Катарлашып колдосун.
Жолуңа кедерги болбосун,
Беш карууң шайлуу болсун.
Жолуң жайлуу болсун,
Түнүң тынч, айлуу болсун.
Кана эмесе, жөнөгүн,
Атаңан калган жөрөлгөң,
Кайрылып эсен оролгун.
Көп болуп сый жоролгуң.
Оомийин!

Оң болсун, балам, сапарың,
Жол болсун даамың, татаарың,
Тууган элиң тапшырса,
Парызың өтө катардын.
Барып-келип жүрбөйбү,
Өзүңдөй жаштар катарың.
Калктын сүйгөн тилеги,
Коргоочум сен деп тиледи.
Энеңдин сүтүн актай бил,
Аброюңду сактай бил.
Ордунан чыксын тилеги,
Оомийин!

Саламат барып сак кел,
Сагындырбай бат кел.
Эсен барып соо кел,
Эзелкиден оор кел.
Алдың ачылсын,
Жолуңа булаа чачылсын.
Жолуңда өнгөн тал көргүн,
Жоболоңсуз жан көргүн.
Жылан болсо өлтүргүн.
Жыдыгыңа көндүргүн.
Бөрү болсо эргигин,
Тоомо-топук келтиргин,
Оомийин!

Арчадай өмүрлүү бол,
Ысык-Көлдөй терең бол.
Арстандай кубаттуу бол,
Бакайдай акылман бол.
Элиңе тумар бол,
Журтуңдун асабасы бол.
Бактылуу бол, малдуу бол,
Жаман жолдон,
Касабалуу жоодон сак бол.
Байтеректей бой берсин,
Кошойдун шердигин берсин,
Асан кайгынын ыйманын берсин,
Дөөтүнүн күчүн берсин,
Улукмандын жашын берсин.
Жаш берсе, бак берсин,
Калкка үлгү нарк берсин.
Теңирим сага батасын берсин,
Алдамчыга алданба,
Тайгак музга кабылба.
Жоонун тузагына чалынба,
Жорткондо жолуң болсун.
Уучуң кутка толсун,
Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Оомийин!

Сыртыңдан душман жүрбөсүн,
Көңүлүңө коркуу кирбесин.
Көрө албаган күнүчүл,
Күчүктөй чуулап жүрбөсүн.
Сыйлуу этип Алла башыңды,
Өмүрлүү кылсын жашыңды.
Арбак колдоп ар убак,
Өргө өрлөтсүн ташыңды.
Арааның жүрүп арылдап,
Аппак атсын таңдарың.
Максатыңа жете бер,
Кут болуп баскан сапарың.
Оомийин!

Жолуң шыдыр болсун,
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Эр Манас менен эр Кошой,
Жолдошуң болсун!
Барган жериңде,
Күл кармасаң күмүш болсун,
Топо кармасаң алтын болсун.
Турган жериңе,
Кетпес дөөлөт, кең пейил берсин!
Оомийин!
(Элдик)

Той баталар

Тойго бериле турган баталар кыргыз элинде тойдо мээнет кылгандардын эмгегин баалоо, кубат берүү, ыраазылык билдирүү, андан аркы жашоосуна ак тилек каалоо максатында айтылып келет.

Колго суу куйганда

Кыскача тилектер

Үйлөнүү тойго баталар

Бир-бирине күйүмдүү,
Эл-журтуна сүйүмдүү болсун.
Өбөрү чөбөрөлүү болсун,
Мөрөйлөрү үстөм,
Мартабасы зор.
Адамгерчилиги мол болсун.
Кармашкан колдору ажырабай,
Ар дайым алла колдосун.
Оомийин!

Кош аккуудай көлдөгү,
Кызгалдактай белдеги,
Жаш жубайлар экенсиң,
Колуң жайгын канакей,
Бата берем мынакей:
Дөөлөттүү, малдуу болгула,
Кыл өтпөсүн таттуу болгула.
Эл-журтуң үлгү тутарлык,
Жаштардын асты болгула.
Тутанттыңар чырагыңарды,
Коштуңар курагыңарды.
Теңирим колдоп ар дайым,
Ширелсин ынагыңар бу.
Үйүңөр ордо болсун,
Мингениңер жорго болсун.
Кушуң боосу ар дайым,
Колдо болсун.
Оомийин!

Оомийин деп колуңду жай,
Мен да бата берейин.
Бергенде бата не дейин,
Оболу кудай колдосун,
Олуялар колдосун.
Малың менен башыңа,
Эч жамандык болбосун.
Берекелүү бак конуп,
Бирдей өссүн мал-башың.
Насибиң артып күн сайын,
Өзөгүң эч бир талбасын.
Жараткан өзү жар болуп,
Пендеге күнүң салбасын.
Жаратуучу кудурет,
Жалгагандын камын эт.
Кайрылуу өмүр кечерди,
Урпактарга насип эт.
Кошулган эки жаштарды,
Зулайка менен Жусуптай,
Бир бирине ашык эт.
Кайып эрен, кырк чилтен,
Назарыңды салып өт.
Бакыт, дөөлөт перзентте,
Эч болбосун касырет.
Ыклас тилек тилеген,
Тилекти кудай кабыл эт.
Оомийин!

Ыя, эки жаш, эки жаш,
Силерге тилек ыкылас.
Бакыт консун башыңа,
Жаш кошулсун жашыңа.
Өлөр өлгөнчө арылбас,
Мүнөз берсин тарылбас.
Өпкө берсин кагынбас,
Жүрөк берсин жарылбас.
Өргөө куруп, бала күтүп,
Кол кармашып чогуу бас.
Каргашадан ары бас.
Ынтымакка бери бас.
Бейкут жашоо күн берсин,
Ата-энедей сагынбас.
Оомийин!

Келин алган тойго бата

Келиниң зыйнаттуу болсун,
Улууну сыйлаган уяттуу болсун.
Сулуу жүздүү болсун,
Жылуу сөздүү болсун.
Келиниң эстүү болсун,
Эл кыдырса эптүү жүрсүн.
Күлсө сыпайы болсун,
Ачмын деп жалаңдабасын,
Каш кайырып алаңдабасын.
Алды менен эрине жаксын,
Ушул акылымды укпагандар,
Бир теңирден тапсын.
Оомийин!

Жараткан аллам жар болсун,
Жакуттан үйүң бар болсун.
Алтындан болсун түркүгүң,
Асылынан кийип түлкүнүн,
Тактысына минип ал,
Тамаша менен күлкүнүн,
Узун кылсын жашыңды,
Урматтуу кылсын башыңды.
Колуңдан дөөлөт кетпесин,
Ишиңди кудай эптесин.
Алганың алтын чеп болсун,
Айткан кебиң эп болсун.
Жалган башың жыргасын,
Жайласын жердин жылгасын.
Кыздарың кымкап жамынып,
Кыйшайып колун сунбасын.
Балдарың тогуз беш болсун,
Сага бак-таалай, ырыс тез консун.
Орошолуу жай болсун,
Ортончу балаң бай болсун.
Канатташ айлын жыргаткан,
Кабыргасы май болсун.
Ак жалгасын,
Кудайым колдосун.
Оомийин!

Жакшылык тойго жайылган,
Дасторконуң мол болсун.
Чыгданың майга толсун,
Аброюң зор болсун.
Кабагың жарык болсун,
Келиниң кичи пейил болсун.
Балаң абийирдүү болсун,
Короого малың толсун.
Үйүңө бала толсун,
Чубурган урпактарың,
Тегиз аман болсун.
Бейкутчулук заман болсун,
Айткан батам кабыл болсун,
Бабалардын арбагы колдосун.
Оомийин!

Жаш келиндин келген жери,
Куттуу конуш, турак болсун.
Бирөө чал, бирөө кемпир,
Өмүр өткүч ынак болсун.
Кумар артып, ышкы канбай,
Кыска түнгө шыбыр толсун.
Балапан менен, балакан менен,
Бешигиң ичи үбүр болсун.
Кулун, тайдын кызыгы менен,
Үй ичине дүбүр толсун.
Кары күтүп, бала багып,
Мол кызыкта чарчап жүрсүн.
Карыларга мээримдүү,
Келиндерде адеп болсун.
Ата тутуп, эне күткөн,
Баба жолу адат болсун.
Оомийин!

Уулуңуз баяндуу болсун,
Улууну сыйлар аялуу болсун.
Жүзү жарык болсун,
Сөзү канык болсун.
Келиниң бактылуу болсун,
Жол жүрсө сыпайы жүрсүн,
Күлсө адептүү күлсүн.
Ач болсо жалаңдабасын,
Ток болсо тороңдобосун.
Алды менен эрине жаксын,
Эринен артылып,
Элине, жерине жаксын.
Босогого бак болуп конуп,
Барган жеринен алкышын алсын.
Оомийин!

Келиниң кут болсун,
Үйүңө ырыскы толсун.
Башыңа бак консун,
Башыңа баш кошулуп,
Келин ак жолтой болсун.
Келген жери жайлуу болсун,
Алдын бала бассын,
Аркасын мал бассын!

Акылың ашсын,
Ыкыласың ташсың.
Балаң неберелүү болсун,
Кызың чөбөрөлүү болсун.
Жакының көп болсун,
Душманың жок болсун.
Жакшы келсин кашыңа,
Нур жаасын башыңа.
Айлыңар малдуу болсун,
Жылкыңар жалдуу болсун.
Жигиттериң эмгек этип,
Агайындын алды болсун.
Катуулуктан оолак бол,
Таттуулукка ынак бол.
Күйөө — жүз жылдык,
Куда — миң жылдык.
Кудай кошкон куда болот,
Пайгамбар кошкон дос болот.
Көңүл төтөгөлүү,
Өмүр өтөгөлүү болсун.
Таңың азалдуу болсун,
Очогуң казандуу болсун.
Түндүгүңөн кут куюлсун,
Дасторконуңа бүт жыйылсын.
Оомийин!

Алтын тойго бата

Алтын той куттуу болсун,
Алтындан баалуу болгула.
Жылдыздан наарлуу болгула,
Кундуздан жакалуу болгула,
Күмүштөн такалуу болгула,
Өркүндөп өскөн урпагыңдын,
Үзүлбөс сабагы болгула.
Жүрөктүү туулган уулдарыңдын,
Акылчы жарагы болгула.
Ай жүздүү аппак кыздардын,
Алтын сом тарагы болгула.
Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун,
Үйүңөргө Кызыр келип консун.
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун,
Көңүлүңөр көкөлөп толсун.
Жүдөбөй жүзгө жеткиле,
Өмүрдөн армансыз өткүлө.
Оомийин!

Күмүш тойго бата

Куттуу болсун күмүш той,
Той дегениң ырыс го,
Алтын, жамбы берсем да,
Экөөңө тең дурус го.
Күмүш тойдун аягы,
Алтын тойго жалгашсын.
Жаркырасын жаныңар,
Жүзүндөй ак албарстын.
Күркүрөсүн демиңер,
Мизиндей көк албарстын.
Ташый берсин дөөлөтүң,
Жарашып сан дөөлөтүң.
Кара курттай кыжылдап,
Өсүп-өнсүн урпагың.
Өрлөп дайым ташыңар,
Жээктен ашып-ташыңар.
Ажырабай жубуңар,
Жүзгө жетсин жашыңар.
Калт-калт этип жаңгактай,
Ошондо кагышып турсун башыңар.
Оомийин!

Атанын баласынын жаңы өргөөсүнө батасы

Оо, карагым, жарыгым,
Колдосун теңир өзү.
Мартабаң өссүн,
Пейилиң жамандыкка барбасын.
Очогуңдун оту өчпөсүн,
Арың менен жаның,
Арамдыкка көчпөсүн,
Босогоң бектүү,
Керегең эптүү,
Түндүгүң күчтүү болсун.
Көңүлүң ачык,
Өмүрүң насип болсун.
Жакшынын кадырын бил,
Карынын адилин бил.
Өнөрүңдү казык кыл,
Акылыңды азык кыл.
Шагың сынбасын,
Чырпыгың чынарласын.
Түндүгүң мунарласын,
Күнүң кыяласын.
Күкүгүң уяласын,
Оюң көсөм болсун.
Сөзүң чечен болсун,
Ушунун баары сөзүмдүн наары.
Кудайымдын кулагына чалынсын,
Тилегим кабыл болсун.
Оомийин!

Кыздын жаңы өргөөсүнө бата

Пайгамбар батасын берсин,
Бай дөөлөтүн берсин.
Кызыр берекесин берсин,
Казаның толгон аш болсун,
Үйүң толо баш болсун.
Уулдун урматын көр,
Келиндин кызматын көр.
Керегеден баш чыгар,
Келин алып, кыз чыгар.
Астыңды бала бассын,
Аркаңды мал бассын.
Кармаганың чырак болсун,
Мингениң бурак болсун.
Кийгениң торко болсун,
Мингениң жорго болсун.
Кайнатканың май болсун,
Ичкениң кызыл чай болсун.
Жакканың арча болсун,
Жамынганың парча болсун.
Бешенең ачык болсун,
Бериштең улук болсун.
Өмүрүң узак болсун,
Ата-энең менен
Ага-тууганың менен,
Узун өмүрдө ынтымактуу жаша.
Оомийин!

Жаңы өргөөгө атанын батасы

Жаңы үйгө көчүп келгенде же жаңы үй салганда ар бир адам үчүн эле майрам сыяктуу болот эмеспи, ошондуктан булар той баталарга кирип кетет.

Ак батаны беребиз,
Эки жашты бир алкап.
Бак карасын,
Кожо Кыдыр жалт карасын.
Кетпес дөөлөт берсин,
Кең пейил берсин.
Пир колдосун,
Дөөлөт орносун.
Бай кылсын,
Мамыр кылсын,
Ата пири жалгасын,
Жигит пири колдосун.
Умай эне, Батма, Зуура,
Бүбү Кадыйча энелерибиз колдосун.
Эки жаштын жаңы өргөөсү майлуу болсун.
Кайрылыштан суу алсын,
Кара чачы чубалсын.
Бурулуштан суу алсын,
Узун чачы буралсын.
Кайненеден дуба алсын,
Кара чачы чубалсын,
Кайын журттан уялсын.
Көзөрдөгү кайнаган чайдай болсун,
Дүйүм элге тең тийген айдай болсун.
Алдын бала бассын,
Аркасын мал бассын.
Дөөлөткө бети кызарсын,
Перзентке колу узарсын.
Конушу жайлуу болсун,
Казан, табагы майлуу болсун.
Жегени жүзүм болсун,
Өмүр жашы узун болсун.
Алып жүрсүн, алдырбасын,
Жулуп жүрсүн, жулдурбасын.
Долонодой бүрлөсүн,
Тобунан уул үйлөсүн,
Уул, кызын өстүрүп,
Ата менен энеси,
Сарпайы кийип дууласын,
Жете албай душман куурасын.
Оомийин!

Чамгарагыңар бийик болсун,
Босогоңор бек болсун.
Боо бакчаларың,
Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым,
Кубулган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүңө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун.
Кудай кааласа,
Көп узабай шерик болсун.
Томпок чекелүү уул тап,
Ал өзүң шерик болсун.
Оомийин!

Керегең эптүү болсун,
Келиниң септүү болсун,
Айгырың үндүү болсун.
Отуз уулуң болсун,
Кырк кызың болсун.
Жайлоонун оту жошулсун,
Жайылып малың кошулсун.
Келиниң кулун байласын,
Кемпириң куйрук чайнасын.
Тоодой ырыс берсин,
Кең пейил берсин.
Оомийин!

Алганың алтын болсун,
Мартабаң улук болсун.
Жүзүң жарык болсун,
Өмүрүң узун болсун.
Ден соолугуң сак болсун,
Алганың менен тең карып, тең арып,
Ак чачтуу, сары тиштүү болгула.
Дасторконуң узарсын,
Дөөлөткө бетиң кызарсын.
Ат көтөргүс бай болуңуз,
Пайгамбар батасын берсин.
Бак, дөөлөтүн берсин,
Кең пейил берсин.
Өмүр, ырыскы берсин.
Оомийин!

Чамгарак чалкый берсин,
Керегең кеңий берсин.
Ушул үйгө кут келсин,
Душманың кемий берсин.
Күндө береке,
Күндө той болсун.
Кубаныч, шаттык толсун.
Оомийин!

Жаңы өргөөнүн,
Жакканы арча болсун,
Жайылып короосу малга толсун.
Түндүгүң түнөрбөсүн,
Кемегең кемибесин.
Уугуң учтуу болсун,
Керегең күчтүү болсун,
Келиниң эптүү болсун,
Оомийин!

Жаңы салынган үйгө бата

Жабылып үйгө бата берели:
Кудайым сага бак берсин,
Түбөлүктүү баш берсин.
Талабыңа канат берсин,
Жанбаган бакыт берсин.
Кетпеген ырыс берсин,
Улукмандын жашын берсин.
Үйүңө береке келсин,
Аброюң арта берсин.
Келиниң бала берсин,
Баш артынан баш келсин.
Кызыңа бак берсин,
Тилегениң кабыл кылсын,
Үйүң толо перзент келсин.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Журт батасы кабыл келсин.
Оомийин!

Күнүң чубактуу болсун,
Көңүлүң куунактуу болсун.
Конушуң өрүштүү болсун,
Эккениң жемиштүү болсун.
Эмгегиң келиштүү болсун,
Жылдызың төбөңдө болсун.
Кундуз жакаңда болсун,
Жарың чүрөктөй болсун.
Арың түлөктөй болсун,
Өнөрүң өрлөй берсин.
Өмүрүң төрлөй берсин.
Оомийин!

Кол кармашкан эки жаш,
Конушуңар жайлуу болсун.
Нээтиңер аппак болсун,
Пейилиңер тунук болсун.
Эшигиңер ачык болсун,
Капа-кайгы жок болсун.
Үйүңөрдө дарт болбосун,
Көбөйсүн дос, жолдошуң.
Жегениңер кешик болсун,
Терметкениңер бешик болсун.
Кол кармашып жашагыла,
Өмүрүңөр узак болсун.
Оомийин!

Башыңарга бак берсин,
Нэ берсе да нак берсин,
Кырда жүргөн кызырды,
Төрүңөргө апкелсин.
Карыныңар ток болсун,
Кайгы-капа жок болсун.
Базар түшүп чуулдап,
Бала-чакаң көп болсун.
Оомийин!

Атанын уулдун жаңы үйүнө батасы

Уулум, бери карачы,
Атанын уккун батасын:
Кудурет берсе билекти,
Өмүрдүн жолун басасың.
Караңгыда жол жүрсөң,
Өчпөй турган чырак бол.
Суусаганга булак бол,
Жолоочуга жылдыз бол.
Улук болсоң кичик бол,
Суудай таза, сүттөй аппак бол.
Акыл, ойдун кени бол,
Түндүгүңдөн кут түшүп,
Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Оомийин!

Сүннөт баталары

Бысымылла рахман райым,
Мусулман болдуң карагын,
Кана бери карагын:
Чырагын жагар уулсуң,
Ата менен апаңын.
Тоодой болсун талабың,
Алтын менен күмүштөн,
Жасалсын мүлдө жарагың.
Көркүң чыкты мынаке:
Барбы дагы кааларың?
Кой сурасаң кой берем,
Тай сурасаң тай берем.
Зат сурасаң зат берем,
Баатырлыгың байкалса,
Зоот берем акберен.
Эртең эле туруп кет,
Ошол салтты апкелем.
Муратыңа жете бер,
Күндөн күнгө өсө бер.
Узак болуп өмүрүң,
Өмүрүңдүн түйүнүн,
Өзүң билип чече бер.
Оомийин!

Ушул уул Манастай эр болсун,
Элине майтарылбас бел болсун.
Каз каркылдап өткүс,
Чалкыган көл болсун.
Куу куркулдап өткүс зоо болсун.
Эр жеткенде күл кармаса,
Күмүш болсун.
Ак кармаса алтын болсун.
Тою андан ары тойго уланып,
Башы жашы жүзгө толсун.
Оомийин!

Туулган күнгө

О, касиеттүү теңирим,
Куттуу болсун бүгүнкү,
Жаш наристе туулган күн.
Дидарын ачкан күн,
Ымыркайды жууган күн.
Эне сүтүн эмген күн,
Ак сарбашыл чалган күн,
Карындан май жарылган күн,
Бөбөккө узак өмүр бер,
Берсең кошо эрдик бер.
Эне сүтүн актасын,
Мекенин жаттан сактасын.
Туулган күнгө бата айталы,
Эми үйгө кайталы.
Оомийин!

Куттуу болсун туулган күн,
Киндигиңди шыр кесип,
Жибек менен бууган күн.
Киндик энең суу менен,
Алгач ирет жууган күн.
Ороп алып ороого,
Белден байлап бууган күн.
Ак сүтүн асыл эненин,
Эмерине эмген күн.
Атаң келип төбөңдөн,
Теберине төнгөн күн.
Кубангандан эл-журтуң,
Көрүндүгүн берген күн.
Кимге окшоду экен деп,
Бетиңди ачып көргөн күн.
Туулган күнүң жыл сайын,
Жүз жыл бою тойлонсун.
Өсүп урум бутагың,
Көздөгөнгө жете бер.
Өмүр чексиз көк деңиз,
Токтобостон кече бер.
Оомийин!

Кыз узатуу, келин алуу

Кыргызда кыз узатуу, келин алуу «кыргыз элинин өсүп-өнүүсүнүн, көбөйүүсүнүн белгиси» деп саналып, дайыма жакшылыктуу тойлор жана майрамдар менен коштолгон. Кыз узатуу, келин алуудагы баталар өзүнчө баталар жыйнагын камтыйт, алар кийинкидей:

Кыз узаткандагы баталар

Кызга той кийимин кийгизгендеги атасынын батасы

Кийимиң эптүү болсун,
Элечегиң кептүү болсун.
Сымбатың көрктүү болсун,
Жүрөгүң өрттүү болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун.
Ак куунун мойнун берсин,
Ак гүлдүн жытын берсин.
Каныкейдин акылын берсин,
Айчүрөктүн сулуулугун берсин,
Зулайканын дидарын берсин.
Талдай бой берсин,
Шамдай ой берсин.
Жаздай жыпар берсин,
Кардай жамал берсин.
Үйүңө кишиң келсин,
Кешикке кошо шыбага келсин.
Шыбага келсе ырыс келсин,
Энеге күйүмдүү бол,
Атага сүйүмдүү бол.
Эжеге чубак бол,
Агага кубат бол.
Назик жан бол,
Элиңе ар бол.
Башыңа өнөрдүн багы консун,
Шагына түйгөйлүү жары болсун.
Оомийин!

Кызды көчүрөрдө атанын батасы

Барган жериңден,
Бак берсин.
Көл боюнда талың болсун,
Көлөкөлөр чарбагың болсун.
Үйүңдүн үстү жагында.
Үп тартылган кайык болсун.
Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой оюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун.
Алла ыраазы болсун,
Оңуңдан күнүң туусун.
Солуңдан айың туусун.
Маңдайыңдан чолпонуң балбылдап,
Жолуңду жылдыз жуусун.
Бактылуу бол, багың жансын,
Таттуу кыз бол, балың тамсын.
Таалайың мол болсун,
Баскан изиңе гүл өнсүн.
Куу жыгачты кармасаң,
Жашыл ток бүт болсун.
Куу куурайды кармасаң,
Кулпуруп турган гүл болсун.
Оомийин!

Алаканың жай, чырагым:
Калкыңа калалуу бол,
Элиңе элелүү бол.
Тоодой тоолор бергенче,
Бармактай бак берсин.
«Атаң, энең» дегизбе,
Ата, энеңди эгизде.
Алдыңан ай туусун,
Аркаңан күн туусун.
Улуунун жолун кеспе,
Ата-энеңди муңдурба,
Сөөктү сындырба, берекем.
Оомийин!

Ээ, берекем,
Элиңе элелүү бол,
Калкыңа калалуу бол.
Ата-энеңе жагымдуу бол.
Кайыныңа кайрымдуу бол.
Айылыңа абройлуу бол,
Алганыңа жайдары бол.
Берерге белен ашың болсун,
Көрөөргө көсөм жашың болсун.
Бешигиң алдыңдан түшпөсүн,
Башыңдан жакшылык кетпесин.
Оомийин!

Көшөгөң көгөрсүн,
Багың ачылсын.
Бакыттуу бол,
Көзүң ачылсын.
Кайырлуу болсун,
Сапарың оң болсун,
Жолуң шыдыр, жолдошуң
Кызыр болсун,
Эл-журтуң аман болсун,
Кырманга кызыл толсун.
Көч байсалдуу болсун,
Тилегиңди берсин,
Тилегиң кабыл болсун.
Оң толгоо берсин,
Кудай оңдоп, теңир жалгасын.
Жылдызың жансын,
Ак мол болсун.
Мал-жаның аман болсун,
Таалайың оң болсун.
Башыңа бак консун,
Кадамың куттуу болсун,
Конушуң оттуу болсун.
Оомийин!

Алтындан болсун жакаңар,
Күмүштөн болсун такаңар.
Ташка таруу өнгөнчө,
Тарчылык көрбөй өткүлө.
Музга буудай өнгөнчө,
Муңчулук көрбөй өткүлө.
Жүзүңөр жайнап,
Келишимдүү болгула.
Толгон айдай,
Өрүштүү болгула.
Катарыңардан озгула,
Козгогон чоктой козгула.
Эң алды берекечил болгула,
Көпкө ырайымдуу көлөкөчүл болгула.
Ден соолук, амандык болуп,
Узак өмүр жаш берсин.
Башыңарга кошуп баш берсин.
Оомийин!

Кыз кошогундагы баталар

Энеси:
Жаккан отуң өчпөсүн,
Ынтымак, бирдик сакталып,
Конушуңан көчпөгүн.
Карыбагын, жашаргын,
Кадимкидей жашагын.
Алтындан башың ыргап өт,
Алганың менен тең карып,
Ай тийгендей жыргап өт.
Күмүштөн башың ыргап өт,
Күйөөң менен тең карып,
Күн тийгендей жыргап өт.

Аман бол, багың ачылсын,
Алдыңдан көөхар чачылсын.
Картайганда энекең,
Көп какшабай басылсын.
Аттанып үйдөн чыкканча,
Алтындан сери чачылсын.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айдай бактың ачылсын.
Күлүп үйдөн чыкканча,
Күмүштөн сери чачылсын.
Күлүп үйдөн чыкканда,
Күндөй бактың ачылсын.

Жеңеси:
Байпай бир маасы кийип өт,
Ынагым, байбичелик сүрүп өт.
Кепич, маасы кийип өт,
Ынагым, келинчилик сүрүп өт.

Аттанып үйдөн чыкканча,
Алтындын зери чачылсын.
Аттанып үйдөн чыккан соң,
Айдай бир багың ачылсын.

Күрмөлүп үйдөн чыкканча,
Күмүштөн зери чачылсын.
Күрмөлүп үйдөн чыккан соң,
Күмүштөй багың ачылсын.

Эжеси:
Ортон колдой кашыңа,
Оролсун дөөлөт башыңа.
Чыпалактай кашыңа,
Чырмалсын дөөлөт башыңа.
Арча бешик ыргап өт,
Алганың менен жыргап өт.
Кайың бешик ыргап өт,
Күйөөң менен жыргап өт.

Буйгага бугунун жүнү чачылсын,
Букардай бактың ачылсын.
Керүүгө кекилик жүнү чачылсын,
Керидей бактың ачылсын.

Жылгадан жылкынын жүнү чачылсын,
Жылмышпай бактың ачылсын.
Коктудан коёндун жүнү чачылсын,
Кокондой бактың ачылсын.

Ак кайың жаагы ий болсун,
Алганың дурус бий болсун.
Көк кайың жаагы ий болсун,
Күйөөң дурус бий болсун.

Алдыңдан көхар чачылсын,
Аман бол бактың ачылсын.
Күмүштөн зер чачылсын,
Күндөй бактың ачылсын.

Жеңеси:
Шаркырап аккан булагым,
Шарактап ойнор ынагым.
Барганда багың ачылып,
Кутмандуу болсун турагың.

Көл боюнда талың болсун,
Көлөкөлөөр чагың болсун.
Үйүңдүн үстү жагында,
Үп тартылган кайың болсун.
Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой уюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун!

Күйөөң жакшы болгон соң,
Күмүштөн чачпак сүйрөтөт,
Күндө бир акыл үйрөтөт.
Алганың жакшы болгон соң,
Алтындан чачпак сүйрөтөт,
Айда бир акыл үйрөтөт.
Алтындан бешик өңөргүн,
Алганың менен көгөргүн.
Күмүштөн бешик өңөргүн,
Күйөөң менен көгөргүн.

Келин жүгүнгөндөгү баталар

Кудай жалгасын,
Алдыңды бала бассын,
Артыңды мал бассын.
Ак элечегиң башыңдан ообосун.
Алганың менен тең кары,
Көчтө минер жоргоң болсун,
Тойдо киер торчоң болсун.
Өзүңдөй күйөөң болсун.
Жетелерге төөң болсун.
Үнүң угумдуу болсун.
Колуң жугумдуу болсун.
Оомийин!

Кудай жалгасын,
Ак жолуң ачылсын,
Өмүрүң узун болсун.
Жегениң жүзүм болсун.
Жар-жааматың көр болсун.
Отурган жериң төп болсун.
Көшөгөң көгөрсүн.
Айдай бала төрөп ал,
Ак бешикке бөлөп ал.
Ак алмадай мөмөлөп жүр,
Ак тооктой жөжөлөп жүр.
Көк алмадай мөмөлөп жүр,
Көп тооктой жөжөлөп жүр.
Ата-энеңди сыйлагын.
Керилген келин бол.
Чоюлган жубан бол.
Балпайган байбиче бол.
Келген жериңен бак айтсын.
Эмки ата-энеңдин акыбети кайтсын.
Оомийин!

Кудай жалгасын,
Бак карасын.
Кыдыр даарысын,
Айдан аман,
Жылдан эсен кылсын.
Үйдөгү, тыштагы,
Мал, башты өсөөр кылсын.
Оомийин!

Кудай жалгасын!
Тилегиңди берсин!
Алдыңды бала бассын.
Аркаңды мал, дүнүйө бассын.
Кудай ынтымак — ыраа берсин.
Ызаттуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Кош болгондо ыйлагын,
Кайын журтту сыйлагын,
Ак жолтой, майлуу-сүттүү бол.
Аллоо акбар!

Алдыңды бала бассын,
Артыңды мал бассын.
Ак жоолугуң башыңдан ообосун.
Алганың менен тең кары.
Жалбырттаган оттой бол,
Жайнап жаткан чоктой бол.
Күнүң кыяласын,
Күкүгүң уяласын.
Жетегиң боодо болсун,
Арканың чууда болсун.
Берерге ашың болсун,
Көрөргө жашың болсун.
Сүйөргө жарың болсун,
Намысың, арың болуп,
Бешигиң алдыңан түшпөсүн.
Башыңан жакшылык кетпесин.
Жамандык кууп жетпесин.
Оомийин!

Кудай жалгасын,
Тилегиңди берсин.
Кол кармашып өткүлө,
Максатыңарга жеткиле.
Мөмөлөгөн дарактай,
Түшүмүң болсун береке.
Аппак келин уул тапсын,
Айдай торсок чекелүү.
Жүзгө жетип жашыңар,
Куудай болсун чачыңар.
Оомийин!

Эриңе адал бол,
Сарамжалдуу, сабырлуу бол.
Дайыма жайдары бол.
Кайын журтка кайрымдуу бол.
Алдыңан күн туусун,
Артыңан ай туусун.
Өмүр сүргүн бир басып,
Алганың менен тең карып,
Терметкениң бешик болсун.
Бакыт, таалай үйүңө толсун.
Оомийин!

Жаккан отуң өчпөсүн.
Ынтымак, бирлик сакталып,
Кыздарың сулуу чыксын,
Кыр-кырынан улуу чыксын.
Уулдарың өрт туулсун.
Убайын эли көрүп турсун.
Башыңан бак тайбасын.
Элиңен ынтымак качпасын.
Кетпес кеңештүү бол,
Кеңири дөөлөттүү бол.
Оомийин!

Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө.
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай, каткырып,
Кол кармашып жүргүлө.
Оомийин!

Союшка жана дасторконго баталар

Тамак үстүндө салам айтканда

Тамагыңар таттуу болсун (жандырмагы: ыракмат)
Жай олтуруп, жакшы тамактангыла.
Тамагыңар аш болсун (жандырмагы: айтканыңыздай болсун)
Ашыңарга берекет болсун. (жандырмагы: берекетине орток болуңуз)
Тартынбай жеп-ичиңиздер.
Өз үйүңүздөрдөй тамактаныңыздар.
Канакей, дасторконго караңыздар.
Ылайым өз колуңуздардан өз оозуңуздарга аш тийсин.

Дасторконго кыскача баталар

Оомийин, ашка береке, башка дөөлөт берсин.
Бала-бакыраңардын күнү-күчүн көргүлө.
Оомийин, сыйыңар сый менен кайтсын!
Дасторконуңарга береке берсин,
Мал-жаныңар аман болсун, оомийин!

Дасторконуңар толсун,
Уулуңардын урматын көргүлө,
Кызыңардын кызматын көргүлө, оомийин!

Учуңар узарсын, кулачыңар жайылсын,
Уулуңар урум болсун, кызыңар кырым болсун, оомийин!

Алтын башыңар аман болсун.
Тилегиңер кабыл болсун, оомийин!

Бакыт консун башыңа.
Таң мезгили болгондо,
Бөдөнөдөй ойдолоп,
Кыргоолдой жорголоп,
Кызыр келсин кашыңа.
Ден соолугуң зор болсун,
Дасторконуң мол болсун.
Кайда барсаң алдыңда,
Жаркыраган жол болсун.
Умтулганың учурап,
Убадалуу кол болсун.
Басып кеткен жериңе,
Базарлуу калаа орносун.
Теңирим ишиң оңдосун,
Тегерете колдосун.
Оомийин!

Сенден байлык өтпөсүн,
Теңирим берген насибиң,
Тебелесе кетпесин.
Чуулдашып маарашкан,
Козучактын энеси,
Соолук бассын үйүңдү.
Эки-экиден сүзүшкөн,
Музоочактын энеси,
Сыйыр бассын үйүңдү.
Кишенешип тебишкен,
Кулунчактын энеси.
Бээ бассын үйүңдү.
Эки өркөчү салпылдап,
Боточактын энеси,
Төө бассын үйүңдү.
От жакалай чыт курсак,
Бала бассын үйүңдү.
Төр жакалай отурган,
Конок бассын үйүңдү.
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Келин бассын үйүңдү.
Эртели-кеч сейилдеп,
Элиң бассын үйүңдү.
Сенден байлык өтпөсүн,
Теңирим берген насибиң,
Тебелесе кетпесин.

Мал мууздаганда

Сообуң мага, жатың кудай жолунда,
Ай мүйүздүү,
Ача туяктуу арналуу малым,
Сенде кеп жок,
Менде эт жок,
Адамзатмын анчалык эмес алым,
Эрте айтып, кеч калдым,
Кудайым өзүң жалгагын.
Оомийин!

Айры мүйүз, ача туяк,
Эрте бактык, кеч кайттык.
Жалынмак бизден,
Жалгамак сизден.
Менде азык жок,
Сенде жазык жок.
Жаның кудайга,
Сообуң бакканга.
Оомийин!

Союшка баталар

Ойдо коюң жайылсын,
Омуртка менен куйрук же,
Кырда жылкың жайылсын,
Казы менен карта же.
Байтал бээң кулундап,
Кең жайлоодо туйласын.
Кунажының музоолоп,
Кең талаага сыйбасын.
Оомийин!

Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң семиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан, жылдан аман чыккын,
Элге-журтка жаккын.
Дасторкон менен бейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын.
Оомийин!

Оомийин десең мына бата,
Даарысын Кыдыр ата.
Кыдыр кыяласын,
Периште уяласын.
Бак берсин, баш берсин,
Өмүрүңө узак жаш берсин.
Кетпес ырыс,
Кең пейил берсин.
Коргогонго колдош кылсын,
Жалгаганга жалгаш кылсын.
Каргаганга каргыш кылсын,
Мээнетиң ак кылсын.
Муратын так кылсын,
Каба жааган кардан сактасын,
Чаба жааган жаандан сактасын.
Каптай чапкан жоодон сактасын,
Оозу кандуу бөрүдөн сактасын,
Колу кандуу уурудан сактасын.
Ушул үйгө жамандык ойлогон,
Эгерим эки дүйнөдө берекет таппасын.
Оомийин!

Айгырыңар үндүү болсун,
Кочкоруңар жүндүү болсун.
Корооңор кыктуу болсун,
Коңшуңар ыктуу болсун.
Өгүзүңөр күчтүү болсун,
Инегиңер сүттүү болсун.
Куру сайыңардан суу аксын,
Кылган ишиңер элге жаксын.

Бизге берген ашыңыз,
Ачык болсун кашыңыз.
Бизге тарткан башыңыз,
Узак болсун жашыңыз.
Бизге тарткан жамбашың,
Аман болсун мал-башың.
Бизге тарткан омурткаң,
Аман болсун колуктуң.
Бизге тарткан жилигиң,
Өсө берсин түлүгүң.
Бизге тарткан кабыргаң,
Айырбасын жакындан.
Бизге тарткан куйругуң,
Туурда шаңшып туйгунуң.
Кермеңде ат туйлап,
Кемибесин бийлигиң.
Оомийин!

Согумга бата

Согумуң чүйгүн болсун,
Көңүлүң туйгун болсун.
Казаның ток болсун,
Убайымың жок болсун.
Кут конгон төр болсун,
Коногуңун көңүлү өр болсун.
Дасторконуң кең болсун,
Бала-чакаң эр болсун.
Теңирим кеселеп берсин,
Кеселеп берсе, эселеп берсин.
Оомийин!

Береке берсин ашыңа,
Бак келип консун башыңа.
Балын татып өмүрдүн,
Бабаңдын жет жашына.
Кубаныч менен досторуң,
Жыйнала берсин кашыңа.
Коюң козулап эгизден,
Эчкиң тууп сегизден.
Майдан колуң кетпесин,
Согумуң болсун семизден.
Айтып турсун коногуң,
Этин ай деп жегизген.
Чалкып жатсын дөөлөтүң,
Ташкан сел, деңиздей.
Башыңа Алла бак берсин,
Адалын берсин, ак берсин.
Атагың кетип алашка,
Астыңа алтын так берсин.
Оомийин!

Тайга бата

Оомийин, тайга бата,
Колдосун Кыдыр ата.
Кызың кыяласын,
Уулуң уяласын.
Эл чети жоосуз болсун,
Эл ичи доосуз болсун.
Өрүшүң оттуу болсун,
Конушуң куттуу болсун.
Колуң берекелүү болсун,
Жолуң мааракелүү болсун.
Артканың төө болсун,
Сааганың бээ болсун.
Колуңда көгөн болсун,
Оозуңда өлөң болсун.
Кийгениң кымкап болсун,
Мингениң тулпар болсун.
Ырысың ашып турсун,
Аброюң ташып турсун.
Досторуң басып жүрсүн,
Душманың качып жүрсүн.
Өркөнүңөр өсүп,
Өмүрлүү болгула,
Өмүр бою ушундай,
Көңүлдүү болгула.
Оомийин!

Бул пейилиңдин барында,
Бир жакшылык көрөсүң.
Келерки ушул маалда,
Келиниң эркек төрөсүн.
Бактыңды Кыдыр колдоп,
Карааның сүрдүү болсун.
Кызың мончоктуу болсун,
Уулуң он чакты болсун.
Короого батпай койлоруң,
Корумда козуң ойносун.
Жылкыларың күтүрөп,
Жылганы бербей жойлосун.
Демиңиз бийик тоо болсун,
Дениңиз дайым соо болсун.
Оомийин!

Өрүшүңдө мал жайнасын,
Казаныңда май кайнасын.
Үйүңө бакыт кошо конуп,
Талааңда тайларың тайраңдасын.
Сөзүң аталуу,
Дасторконуң баталуу,
Атың жотолуу болсун.
Бээң кулундуу,
Козуң туумдуу,
Төөң ботолуу болсун.
Келиниң аягы менен,
Койчуң таягы менен жаксын.
Көңүлүң дилдүү,
Башың сыйлуу болсун.
Кызың ыйбалуу,
Келиниң ыймандуу,
Уулуң уяттуу болсун.
Өзүң сары тиштүү карыя,
Дөөлөтүң дарыя болсун.
Атың тулпар,
Кушуң шумкар болсун.
Желең бээлүү,
Көчүң төөлүү болсун.
Ишиң жүйөлүү,
Башың киелүү болсун.
Кызың кыйырга,
Уулуң уяга консун.
Сапарың байсал,
Жегениң майсал болсун.
Баяндуу болуп,
Бак-дөөлөт конуп,
Көңүлүң толсун.
Оомийин!

Ушул үйдүн ээсине,
Мол кылып баш бер.
Көбөйтүп баш бер,
Узак өмүр жаш бер.
Аттансын келген коногуң,
Ичпей тоюп,
Ыраазычылыгы түгөнбөгөн,
Ыкылас бер.
Оомийин!

Пейилиңе талаанын кеңдигин берсин,
Көөдөнүңө тоонун өрлүгүн берсин.
Бабалардын байрагын берсин,
Баатырлардын айбарын берсин.
Бакай бабамдын акылын берсин,
Кошой бабамдын батасын берсин.
Сыргак эрдин билегин берсин,
Чубак шердин жүрөгүн берсин.
Алмамбет зардын тилегин берсин,
Асман, жер арасын буй кылган,
Айкөл Манастын бир илебин берсин.
Оомийин!

От жакалай бата бер,
Адал жүргүн, арам болбо,
Сак болгун, бакыл болбо.
Бузук ишти биле туруп,
Түшпөгүлө жаман жолго.
Оомийин!

Пайгамбар батасын берсин.
Бай дөөлөтүн берсин.
Теңир ата жан берсин.
Умай эне бак берсин.
Казаныңа аш берсин,
Периштелүү баш берсин.
Берекелүү аш берсин.
Оомийин!

Олуя колдо,
Кызыр жолдо.
Пайгамбарым батасын берсин.
Өтпөс өмүр берсин.
Шыбагалуу баш берсин,
Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа жаркыраган бак берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Ырыскың журттан ашсын,
Илебиң таш жарсын.
Оомийин!

Башыңан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун,
Бир тууганың эсен болсун.
Кыдыр сага даарысын,
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Оомийин!

Бак карасын башыңа,
Кыдыр даарысын ашыңа.
Куру сайга суу аксын,
Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашыңа,
Кызыр келсин кашыңа.
Узун өмүр жаш берсин,
Бала-чака баарыңа (башыңа).
Шыбагалуу баш берсин,
Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа баркыраган баш берсин,
Ырысың журттан ашсын,
Көөнүң толуп жатсын.
Оомийин!

Ак барчын, кызыл барчын,
Бак карасын башыңа,
Кызыр даарысын ашыңа.
Кудага ишиң жаксын.
Улуксатың, супатың,
Кипирада акың.
Береке берсин ашыңа,
Узун өмүр жаш берсин,
Бала-чака башыңа.
Оомийин!

Гүл алсаң күмүш болсун,
Казынаңа алтын толсун.
Казаның кайнап турсун,
Балдарың ойноп турсун.
Башыңан сыймык кетпесин,
Кас санаган душманың,
Мурадына жетпесин.
Аш бергенге баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Оомийин!

Оомат келип, кезек айлансын,
Мамыңа эки күлүк ат байлансын.
Жергеге бакыт кезеги келип,
Байчечекей гүл ачып жайнасын.
Жер багыңа оомат кезеги жетип,
Багыңдын башында булбул куштар сайрасын.

Мал-башыңды,
Аман кылсын баарысын.
Кудай бак берсин,
Бак берсе бат берсин
Ырыс берсин,
Ырыс берсе,
Алдан түзүлгөн дурус берсин.
Бактылуу бол,
Баштуу бол,
Узун өмүр жаштуу бол.
Тегелейиң тептегиз,
Малынып турсун майга кол.
Бактылуу болсун балдарың,
Ачылсын багы ар дайым.
Түндүктөн ырыскы куюлуп,
Жолу болсун күн сайын.
Оңолуу киши ар качан,
Колдосун Кызыр ар дайым.
Кудайым балдарыңа бакыт ак берсин,
Бакыт берсе теңдеши жок артык берсин.
Даражасы көтөрүлүп, нур чачырап,
Ырыскысын көөхардан чачып берсин.
Бак карап, Кызыр даарып, ырыс жетип,
Дөөлөтү суудай агып, өсүп-өнсүн.
Оомийин!

Баш болсун,
Мал болсун,
Узун өмүр жаш болсун.
Берекелүү аш болсун,
«Ох» деген оору жок болсун,
«Келе» деген доочу болбосун.
Баккан балаа болбосун.
Калк ордунда оолсун.
Хан тактысында болсун.
Хандын калабасынан сактасын.
Жаттын дооматынан сактасын.
Айкырып тийген жоодон сактасын.
Агыны катуу суудан сактасын.
Адам өлгөн чуудан сактасын.
Эл ичи тынч болсун,
Эмгек кайнап турсун.
Карыларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз берекелүү болсун.
Кыз-келиндерибиз уяттуу болсун,
Уулдарыбыз ыймандуу болсун.
Оомийин!

Көңүлүң толо берсин,
Бак-таалайың чынарлап,
Башыңа бакыт коно берсин.
Узак өмүрлүү болгун,
Арстандай айбаттуу,
Ач жолборстой кайраттуу,
Бото тирсек сеңирлүү болгун,
Өнөрүң өрлүү болсун,
Бакчаң мөмөлүү болсун.
Сөзүң жүйөлүү болсун,
Жолуң жөнөлүү болсун.
Оомийин!

Көңүлүңө зак кетпесин,
Оору-сыркоо түк жетпесин.
Дили кара душманыңы,
Бир жараткан өзү эптесин.
Дөөлөтүң колуңан кетпесин,
Арчанын жашын берсин,
Жолборстун жүрөгүн берсин.
Акылмандын оюн берсин,
Өмүрүңө береке берсин.
Башыңан багың тайбасын,
Булбулдай үнүң сайрасын.
Жакшылыгың элге тие берсин,
Айткан батам кабыл келсин.
Оомийин!

Бактың, дөөлөтүң менен таша берсин,
Душманың кырдан үркүп кача берсин.
Бата ушул — бизден сизге ыракмат жаап,
Кудайым маңдайыңды ача берсин.
Оомийин!

Эр жигиттин сыйынтар ар убак, турагы болсун,
Канат берип туйлатар аргымак туягы болсун.
От айлана баш берсин,
Өрүш толо мал берсин.
Оомийин!

Булактай тунук бол,
Кичүүгө өрнөк бол.
Жакшыга өнөк бол,
Жаман көздөн алыс бол.
Энеге жөлөк бол,
Улуу журттун башы бол.
Акыл, ойдун кени бол,
Адам таппас сөздүү бол.
Арстандай айбаттуу бол,
Көңүлүң көлдөй бол,
Узак өмүрлүү бол.
Оомийин!

Өрүшүңдө мал жайнасын,
Үйүңө бакыт кошо конуп,
Пайгамбарым төрүңдө сайрандасын.
Оомийин!

Эчкиң тууса улагы эгиз болсун,
Эки жылда бир эчки сегиз болсун.
Күзүндөсү көтөрүп сойгонуңда,
Ичинен чара-чара май чыгып,
Семиз болсун.
Оомийин!

Ээ, байбиче (келинчек) көргөн балаң эркек болсун.
Энекелеп жүгүрүп элпек болсун.
Эр жеткенде эл аралап журт башкарып,
Башыңа бак-таалайдын кушу консун.
Оомийин!

Кудай берген дөөлөтүң,
Кубаласа кетпесин.
Теңир берген дөөлөтүң,
Тебелесе кетпесин.
Кас санаган душманың,
Келер күзгө жетпесин.
Серкенин майын ашагын,
Сексенден ашуун жашагын.
Токтунун этин ашагын,
Токсондон ашуун жашагын.
Оомийин!

Телегейиң тегиз болсун,
Өрүшүң сегиз болсун.
Тубар малың эгиз болсун,
Сойгон коюң семиз болсун.
Айдан, жылдан аман чыккын,
Элге-журтка жаккын.
Дасторкон менен бейилиңден,
Шыбага, ырыс тапкын.
Оомийин!

Атасынын уулунун дасторконуна батасы

Бирлик берсин башыңа,
Береке берсин ашыңа.
Жакшылык жар болуп,
Жаш кошулсун жашыңа.
Оңго басса талабың,
Көөп кетип ташыба.
Тайып кетсе таманың,
Чүнчүп бекер жашыба.
Арам ойлуу арсызга,
Боло көрбө кошуна.
Алды-артыңды ойлобой,
Иш кылбагын ашыга.
Жолдош болгун эр барктаар,
Жакшы адамдын кашына.
Ошондо жаның жай табып,
Аш кошулсун ашыңа,
Жаш кошулсун жашыңа.
Оомийин!

Алыстан келген конок сый дасторконго бата

Абалы Кудай оңдосун,
Арбактарың колдосун.
Бакыт, дөөлөт, мал, башың,
Башыңа кетпес орносун.
Төрт тарабың шай болсун,
Төрт кыбылаң бар болсун.
Элиңе кут, ырыс орносун.
Жериңе тынчтык орносун.
Өсөк, айыңдын чырмагы болбо,
Озбурлардын курманы болбо.
Алыс жолдорду,
Жыш ормондо,
Баткалда, муздарда,
Чаткалда, ызгаарда,
Жазыксыз түшөр жазадан,
Капыстан келер карадан,
Ата-баба арбагы сактасын.
Акылдуу бол, ардуу бол.
Бактылуу бол, малдуу бол.
Катарыңдан алдуу бол.
Курдашыңа кубаныч бол.
Сырдашыңа сынагыч бол.
Ыйлаганга жубаныч бол.
Турмушуңа тунук бол.
Таттуулукка улук бол.
Ыкыласка ыйык бол.
Ата-эне алдында аласа бол.
Ар алдында бийик бол.
Оомийин!

Конок алган үйдүн дасторконуна бата

Шыбагалуу баш берсин,
Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа баркыраган бак берсин,
Уучуң узарсын,
Жаның жашарсын,
Өмүрүң узун болсун.
Өрүшүң жайык болсун,
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп ташсын.
Балдарың чечен болсун.
Бир тууганың эсен болсун.
Сага жамандык издеген,
Ара жолдо кесел болсун.
Кыдыр ата даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Тилегин узун болсун.
Оомийин!

Жаш жубайлардын дасторконуна бата

Казаныңар ашка толсун,
Үйүңөр башка толсун.
Корооңор койго толсун,
Челегиңер сүткө толсун.
Дасторконуңар майлуу болсун,
Жегениңер жуктуу болсун.
Ак үйүңөр ордо болсун,
Уул үйлөп, кыз узаткыла.
Балдарыңардын багы ачылсын.
Ылайым эле арып-тозбой,
Ойлогон оюңар орундалсын.
Ата-энеңерди ыйык сезгиле,
Тилеген тилегиңерге жеткиле.
Ынтымак менен кол кармашып,
Бактылуу өмүр сүрүп өткүлө.
Ата конушун ээлеп өткүлө,
Эл конушун сактап өткүлө.
Оомийин!

Уулунун дасторконуна бата

Бактылуу бол, багың ачылсын,
Бар күнүң шаттыкка чачылсын.
Төрүңөн жакшылык кетпесин,
Босогоңо жамандык жетпесин.
Кызың мончоктуу болсун,
Уулуң он чакты болсун.
Башыңарга бак консун,
Жараткан ээм жак болсун.
Ынтымак шерик болсун,
Чамгарагың бийик болсун.
Насип ээси ийип келсин,
Берекесин ийип берсин.
Дасторконуңар кең болсун,
Кызыкчылыгыңар тең болсун.
Айлыңар мааракелүү болсун,
Өмүрүңөр берекелүү болсун.
Мал-башыңар ашсын,
Дөөлөтүңөр ташсын.
Оомийин!

Жаштардын дасторконуна бата

Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Айыкпас балаадан,
Жок жалаадан сактасын.
Ата-бабаңдын арбагы колдосун,
Эч жамандык болбосун.
Оомийин!

Аза-ашка баталар

Аш бергенге бата

Чарыяр болсун достошуң,
Мухаммед болсун коштоочуң.
Кыдыр болсун жолдошуң,
Улукман болсун курдашың.
Мүдүрүлгөн жериңде,
Жети олуя, жети пир,
Керемети менен колдосун.
Көңүлүңө алган талабыңды,
Бир жасаган кудайым,
Кудурети менен оңдосун.
Улууларды сыйласаң,
Боло берсин болбосун,
Толо берсин толбосун.
Таңда макшаар күнүндө,
Бурак болсун мингениң,
Жибек болсун кийгениң.
Үрлөр болсун сүйгөнүң,
Ошол убакта билесиң,
Бул күндө берген ишиңдин,
Батасынын тийгенин.
Малыңдын көр пайдасын,
Башыңдан багың тайбасын.
Оомийин!

Намысың колдон кетпесин,
Касташканың талабына жетпесин.
Кеткениңдин топурагы торко болсун.
Караңгы көрү жарык болсун.
Мингени дулдул бурак болсун,
Жүргөнү бейиш-жумак болсун.
Арбак ыраазы болуп,
Кемигениңди бир Алла толуктап,
Азан-казан ортоң толсун.
Оомийин!

Бейит бекиткендеги бата

Арты кайырлуу болсун,
Калган өмүрүн балдарына берсин.
Арты майлуу-сүттүү болсун.
Жаткан жери жайлуу болсун.
Оор топурагы жеңил болсун.
Жаккакы чырак болсун,
Бакканы бурак болсун.
Караңгы көрү чырак болсун,
Кудай өз дарегинде күнөөсүн кечсин.
Жаннаттан орун берсин.
Оомийин!

Бейит башына бата

Теңирим өзү колдосун,
Олуялар оңдосун.
Дүйнөдөгү изгилик,
Алдыңдан чыгып колдосун.
Тар кабырың кең болсун,
Күндүзгүдөй күн күлсүн.
Шам чырагын жаккандай,
Таш кабырдын ичинде,
Ыраатка бата көр.
Күн чыгып таң аткандай,
Жаннаттан жаның жай алсын.
Жараткан эгем кудурет,
Көп батасын кабыл эт,
Күнөөдөн таза жандардын.

Карасын түшүргөндөгү бата

Ыраматылыктын топурагы торко,
Жаткан жери жайлуу,
Арты-кийни майлуу болсун.
Оомийин!

Назырга берген бата

Медиянда Мухаммед,
Түркстанда Кожохмет,
Мына бу үммөтүңө жар медет.
Бул дүйнөдө жыйганды айт,
Акыретте ыйманды айт.
Эки дүйнө аброюн берсин,
Төрт түлүк малга жарысын,
Алганың менен тең карысын
Төрт түлүгүң өсө берсин,
Журтуңа арнаган ниетиң
Ата-бабаңа тие берсин,
Ата арбагы ие берсин.
Оомийин!

Майрамдык баталар

Нооруз батасы

Алас, алас, алас,
Ар балаадан калас.
Нооруздун ушул күнүндө,
Арча түтөп ар үйдө,
Шаттык күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө.
Урматына Нооруздун,
Сезиминен кой сойдук,
Дасторконго нан койдук,
Каймак менен май койдук,
Кызыл салган чай койдук,
Ар түрдүү гүлдөн чогулткан,
Аары жыйган бал койдук.
Мал-башыбыз көбөйүп,
Тоо, талаага шаң толсун.
Ак тилектер айтылып,
Арзанчылык мол болсун.
Тынчтыкта жашап элибиз,
Байлыкка толсун жерибиз.
Ынтымак орноп ар үйгө,
Ак таңдай болсун пейлибиз.
Теңирге тообо дейли биз,
Аман болсун дилибиз.
Оомийин!

Алас, алас, алас,
Ар балаадан калас.
Жаңы жылым жалгап,
Жакшылыкка жанаш.
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл жетти.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Жер жарылып көк чыксын,
Желин жарып сүт чыксын.
Эгин-тегин бул жылы,
Эски жылдан көп чыксын.

Нооруз көжөгө берген бата

Бакыттуу баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин.
Улустун улуу күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга,
Дөөлөтүңдү ашырсын,
Душманың-хынып басынсын,
Жөөлөгөн бели басылсын.
Менин берген бул батам,
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам.
Оомийин!
Негизги макала Нооруз жөнүндө ырлар

Рамазан батасы

Битирге берген бата

Он эки айда бир келген орозо жан,
Орозоң кабыл болсун туткан адам.
Жарамазан айтып келдик жапсарыңа,
Орносун кут береке баштарыңа,
Жарамазан айткан менен ким тойгон бар,
Нускасын байыркынын ким койгон бар?
Нускасын байыркынын коюп кетип,
Акыретке барганда ким оңгон бар?
Жар Мухаммет айтып өткөн жарамазан,
Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун.
Ушул үйдө бир балаң баатыр болсун,
Баатырдыктын пайдасы кайра болсун,
Кыл көпүрө кыямат жайда болсун.
Оомийин!

Бай-байбиче мал менен,
Карындагы май менен.
Койчусу коюнунан чыксын,
Жалчысы жанынан чыксын.
Уул, кызы көп болсун,
Убайымы жок болсун.
Жакканы арча болсун,
Жамынганы барча болсун.
Жегени жүзүм болсун,
Өмүрү узун болсун.
Айдаганы кой болсун,
Чайнаганы май болсун,
Ичкени инди чай болсун.
Короосуна кой толсун,
Өрүшүнө жылкы толсун.
Казаны толо аш болсун,
Үйү толо баш болсун.
Этеги толо берзент болсун,
Алганың менен кошо карып, бактылуу болгула.
Оомийин!

Ырамазан жар болсун,
Жакшылыгың шар болсун.
Алганыңдын кийгени,
Кымкап, жибек, шай болсун.
Балдарыңдын мингени,
Кара кашка тай болсун.
Тоодак этин ашагын,
Токсонго чыга жашагын.
Улар этин ашагын,
Узак өмүр жашагын.
Оомийин!

Атсалоому алейкум жаткан байлар,
Алтын менен күмүшкө баткан байлар.
Ырамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.

Жашыл болсун үйүңдүн төтөгөсү,
Зерден болсун кызыңдын көшөгөсү.
Кызыл болсун үйүңдүн төтөгөсү,
Кымкап болсун кызыңдын көшөгөсү.

Балдар бата бериңер,
Байдын көөнү жай болсун.
Балдарынын миңгени,
Мала кашка тай болсун.
Болчу, болчу, болчу бол,
Бөдөнөдөн толчо бол.
Сагызгандан сакчы бол,
Куйрук менен боор же,
Аркаңда жылкың жайылсын,
Кабыргасын, карта же,
Казы, карта тарта же.

Жаңы жылга бата

Негизги макала Жаңы жыл жөнүндө ырлар

Жаңы жыл бакыт жыл болсун,
Кийгениң кызыл болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Малың ток,
Убайым, кайгың жок болсун.
Көгөн толо козу,
Желе толо кулун болсун.
Малың базарлуу,
Уулуң назарлуу,
Кызың ажарлуу,
Элиң кызырлуу болсун.
Насибиң таша берсин,
Душманың кача берсин,
Кудайым узак өмүр жаза берсин.
Оомийин!

Арналуу баталар

Көпчүлүккө берилүүчү баталар

Кыргыз элине бата

Кыргыз элим соо болсун,
Кылымга ишиң оң болсун.
Торолуп уул, кыздарың,
Толкуган көлдөй ой болсун.
Ала-Тоодой козголбос,
Маңдайга багы орносун.
Азап чекпей кары-жаш,
Айлыңда дайым той болсун.
Жеңишиңди көрө албай,
Жезиттер түбү кор болсун.
Айкөл Манас атабыз,
Арбагы менен колдосун!
Оомийин!

Көпчүлүккө бата

Көпчүлүк — көл,
Көл кургаса — чөл.
Чөл элге келбесин,
Ал күндү кудай
Адамзатка бербесин.
Көл бөксөрбөй толкусун,
Бүгүнкү ишиң көпчүлүк,
Толкуган көлгө окшосун.

Эл-журтка бата

Оо, адамадар,
Өмүр сапар,
Жол жүрөсүңөр.
Жолуңар шыдыр,
Жолдошуңар Кыдыр болсун!
Тилек ак, ниет таза,
Ишиңерди кудай оңдосун.
Өрүшүңөр малга,
Кырманыңар данга,
Дасторконуңар нанга,
Оозуңар майга толсун!

Жакшы адамдарды
Теңир жаман көзүңдөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон,
Эр азаматтардын,
Башынан сыймык кетпесин.
Карылар дөөлөттүү,
Балдар сөөлөттүү,
Келиндер келбеттүү,
Жигиттер албеттүү болсун!
Барчылык болуп,
Токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жанып, ордо толсун!
Эл тынч, журт аман болсун,
Ата-баба арбагы колдосун!
Оомийин!

Көпчүлүктүн дасторконуна бата

Оомийин десең мына бата,
Даарысын Кыдыр ата.
Периштең уяласын,
Душманың кыйрасын.
Эмесе тилекти бер,
Каргагандан калас кыл, Жалгаганга жанаш кыл.
Ата-энесин ыйлатпа,
Агайынын сыздатпа,
Бала-чакасын аздырба.
Баары журтун тоздурба.
Ыя, көк Теңирим сен колдо,
Ыя, Умай энем, сен жалга.
Көптүн тилегин көлдөй кыл,
Душман тилегин чөлдөй кыл.
Жарык күндү кеңири бер,
Тар көрдүн кеңин бер.
Миң бир түрлүү салаадан сакта,
Жүз бир түрлүү жалаадан сакта.
Көзгө көрүнөр,
Көрүнбөс бардык балаадан сакта.
Оомийин!

Элге бата

Ар үйдө аппак сакал кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсун.
Баласы баары тараптан эмгектенип,
Бактылуу ак мончоктой,
Жар болсун.
Чоң агасы баарына калыс болсун,
Чоң эне суук сөздөн алыс болсун.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулунда урмат менен намыс болсун.
Жакшылык эсебинин чеги жок болсун.
Коогасыз өмүр сүрүп,
Бейкуттук ырыс түнөп,
Ар бир үйдө, ылайым ынтымагы бекем болсун.
Оомийин!

О, ак жалгасын,
Төбөсү ачык көгүм, төшү түктүү жерим,
Ааламды нурга балкыткан күнүм,
Жаңы кылым инсанатка бейпилчилик жалгасын.
Эл бейили чалкар көл болуп чалкысын,
Мекен зоболосу залкар тоо кайкысын.
Ушул жерге, ушул элге,
Жаңы кылым куту түшүп,
Дүйнө көзүн жалт каратып жаркысын.
Жаңы кылымдын асманы ачык болсун,
Жалпы улут ынтымак, ырыска толсун.
Оомийин!

Ак кармасаңар алтын болсун,
Гүл кармасаңар күмүш болсун.
Үй-бүлөңөргө бакыт куту конуп,
Эл-журт ынтымак, ырыска толсун.
Тоо — ата, суу — энебиз,
Тоодой бийик, суудай тунук өмүр берсин,
Ааламга кутун чачсын,
Бакытка кучак ачсын!
Оо, кыргызым!
Төбөдө күн жаркысын,
Өзөндө суу мүрөк чачсын.
Ак мөңгүдөй, карлуу тоодой калдайган,
Ак калпактуу ушул элге кут айтсын!
Оо, кыргызым,
Миң жылдык күндү арыбас,
Миң жылдык түндү карыбас,
Миң тулпар алып жөнөсүн,
Миң шумкар минип калкылдап,
Миң жылдык жаңы күн келип,
Айылымда бир күн түнөсүн.
Ааламды нурга бөлөсүн!
Оо, кыргызым!
Тулпарың туу көздөй чабылганда,
Шуңкарларың тууруңда шаңшыганда,
Улуу сөздүн устаты «Манас» айтат,
Оо, калайык, кулак түр, эми тыңша,
«Манас» менен кирели жаңы жылга.
Оо, кыргызым!
Улуу Манас атынан бата берем,
Тоолоруңда миң жылдап мөңгү жатсын,
Дайраларың миң жылдап мөңкүп аксын.
Ата журтуң миң жылдап өнүп-өссүн,
Босогосу аламдын майлуу болсун,
Адамзат бакыбат жашап өтсүн!
Оо, кыргызым!
(«Кызыл-Туу» гезитинен)

Түтүнүңөр тынч болсун,
Үйүңөргө ырыс толсун.
Келиндериң эстүү болсун,
Уулдарың сестүү болсун.
Балдарың кубаныч алып келсин,
Неберелериң жубаныч алып келсин.
Ай, жылда эмес, күн алыс апкелсин.
Орунуңар төр болсун,
Дасторконуңар мол болсун.
Катарыңар суюлбасын,
Кырчын талыңар кыйылбасын.
Жаштардын казасын көрбөгүлө,
Душмандын жазасын көрбөгүлө,
Элиңдин азасын көрбөгүлө,
Калкыңда бирлик болсун,
Жарашкан тирлик болсун.
Оомийин!

Оомийин деп кол жайсаң,
Мен батамды берейин.
Мобу турган көпчүлүк,
Баарыңа бакыт тилейин.
Эч бириңдин башыңа,
Жамандыктар болбосун.
Сапар чыксаң бирөөң,
Кыдыр болсун жолдошуң.
Не тилесең тилегиң,
Кабыл болуп орносун.
Жалгыз Теңири жар болуп,
Арбактарың колдосун.
Оомийин!

Ылайым ырыскы төгүлүп,
Ташыган дасторконуңар,
Ушинтип жайнаган бойдон,
Жыйылбай турсун.
Силерге сугу арткандын,
Көзү соолсун.
Эл катары бакыт шактап,
(Жүрө) жашай бергиле.
Оомийин!

Асманыңар күндүү,
Адырыңар гүлдүү.
Түнүңөр айлуу,
Турмушуңар жайлуу.
Жайлоолор малдуу,
Жайытыңар дандуу.
Жериңер күрдүү,
Жемишиңер гүлдүү.
Кечүүңөр жайыктуу,
Керилген тооңор кайыптуу.
Эмгегиңер табыштуу,
Элдериңер намыстуу.
Тамагыңар таттуу,
Көңүлүңөр шаттуу.
Көк төрүңөр сулуу,
Көлдөрүңөр куулуу.
Өмүрүңөр ырыстуу,
Өргөөңөр кымыздуу,
Калкыңар түптүү.
Кайратыңар күчтүү,
Кемпир, чалыңар сыйлуу.
Келин-кыздар нурлуу,
Балдарыңар ыймандуу.
Бактыңар уландуу,
Башчыңар пир.
Баатырыңар миң,
Бирдигиңер чың,
Бир сөзүңөр чын.
Казыгыңар чынар.
Каргаңар улар,
Сабоо сайсаңар бак,
Заарда ичериңер ак.
Урматыңар ашып, дениңер сак,
Уугуңар күмүш,
Үйүңөрдө үлүш.
Керегеңер жез,
Келиниңерде эс.
Коргоол сепсеңер конок,
Колу ийрилер чолок.
Таш сепсеңер таруу,
Такыр нээтиңер аруу.
Ак кочкоруңар жүндүү.
Ботоңор атан,
Боолаган чөбүңөр жашаң.
Торпогуңар бука,
Тойдо жегениңер уча.
Жолуңар шыдыр,
Жолдошуңар Кыдыр.
Кардыңар ток,
Кайгыңар жок.
Телиген козуңар семиз,
Телегейиңер тегиз.
Ааламдай кеңдик,
Айылда теңдик.
Берекелүү жериң,
Бейпил элиң.
Көктө жылдыз,
Көңүлдө кыргыз болсун.
Арчадай шактап өсөлү,
Айдан аман, жылдан эсен өтөлү.
Оомийин!
(«Кызыл-Туу гезитинен»)

Узун өмүр жаш,
Берекелүү аш болсун.
Ихи деген оору,
Келе деген доо,
Баккан балаа болбосун,
Калк ордунда.
Хан тактында болсун,
Хандын касабынан,
Карачанын дооматынан.
Ашуусу бийик тоодон,
Айкырып тийген жоодон.
Агыны катуу суудан,
Адам өлгөн чуудан сактасын.
Эл ичи тынч болсун,
Эмгек кайнап,
Береке жайнап турсун.
Карыяларыбыз нускалуу,
Байбичелерибиз берекелүү.
Келин-кыздарыбыз уяттуу,
Уулдарыбыз ыймандуу болсун.

Карыларга бата

Жашап калгандарга кыска ак тилек айтымдар

Бала-бакыраңардын күнү-күчүн,
Балдарыңардын убайын көргүлө.
Арчанын жашындай өмүр берсин.
Кылым карыта көп жашаңыздар.
Эч качан картайбай жүрүңүздөр.
Сиздер бар болсоңуздар биздин дүнүйөбүз кеңири болот.
Балдарыңардын сыйын.
Бала-чакаңардын ыраатын көргүлө.

Өмүрүңөр узак болсун.
Оозуңда отуз эки тиш калбасын (тиш калбай калганча узак жашаңыз деген мааниде).
Башыңа бакыт конуп, кемшеңдеп жеген казыдан,
Сакал-мурутуң майлансын.
Небире-чөбүрө жаныңарда
Базар түшүп айлансын.
Сенден тараган урпактын
Эч кайгысы болбосун.
Ушу айтканым кабыл болуп,
Арбактарың колдосун.
Оомийин!

Агал-эненин батасы

Абалы теңир колдосун,
Ак жолуна жолдосун.
Сыртыңдан кайбат айткан жан,
Акыры жүрүп оңбосун.
Дөөлөтүң баштан кетпесин,
Душманың кууп жетпесин.
Кайрылуу кылып дөөлөт,
Душманың түтөгөн сөөлөт,
Өмүрлүү кылып перзент берсин.
Атам деп жадында жүргөн жанды,
Аркы дүйнөдө Теңирим колдосун.
Энем деп эсинде түйгөн жанды,
Эки дүйнөдө Эгем колдосун.
Оомийин!

Баласына берген батасы

Балдарың чечен,
Бар тууганың эсен,
Өгүзүң күчтүү,
Инегиң сүттүү болсун.
Кылган ишиң элге жаксын.
Кылымга атың таанылсын,
Кызыр сага даарысын,
Эч нерседен кем болбо.
Оомийин!

Атанын уулуна берген ыраазылык батасы

Мингениң тулпар,
Салганың шумкар болсун.
Көңүлүң жамандык көрбөсүн,
Малың экиден төлдөсүн.
Жайлооң жашыл,
Алганың асыл,
Салганың куш болсун,
Төрүңө кут консун,
Өмүрүңдө жамандык көрбөй,
Көңүлүң толкусун көлдөй.
Жараткан узак берсин өмүрүңдү,
Болбосун жашооң бүлүндү.
Алганың ак уул, кызыл кыз төрөп,
Тебелеп турсун төрүңдү.
Суу кайнаган казаныңда май кайнасын,
Төрт периште төбөңдө тайраңдасын.
Бешенең эгиз,
Ырысың тегиз,
Маңдайың жарык болсун.
Эшигиңден май,
Чайнегиңден чай аксын.
Өмүрүң суудай,
Сакалың куудай,
Ишиң илгери,
Жолуң шыдыр,
Жолдошуң Кыдыр болсун.
Оомийин!

Бата тилегенге берчү бата

Көтөр, бала, билегиңди,
Кудайым берсин тилегиңди.
Айыкпас балаа,
Жок жалаадан сактасын.
Ата-бабаңдын арбагы колдосун.
Эч жамандык болбосун.
Он сегиз миң ааламдын падышасындай,
Кудайым кабыл кылсын тилегиңди.
Каз каркылдап өткүс көл,
Куш куркулдап ашкыс бел,
Кумайык жортуп өткүс чөл бол.
Тукумуң журтка таанылсын.
Илимиң башка толуп,
Илебиң ташты жарсын.
Казаның кайнап турсун,
Отуң жайнап турсун.
Жооңо бийлик жетпесин.
Оомийин!

Теңтуштарга бата

Балдарыңа бакыт берсин.
Бакыт берсе,
Ар дайым артык берсин.
Даражасы көтөрүлүп нур чачып,
Ырыскысын көөхардан чачып берсин.
Бак карап, Кызыр даарып, ырыс жетип,
Дөөлөтү суудай агып, өсүп өнсүн.
Оомийин!

Угумсуз тыңдоочуң,
Сыңар өтүк сыноочуң,
Орунсуз мактоочуң,
Отсуз кактоочуң болбосун.
Отуруп алып чыкпай турганга кез болбо,
Кол кабыш кези келсе,
Үйүңө башын сукпай турганга кез болбо.
Арак берсең алдыңа кетип,
Бербеген күнү боктой турганга кез болбо.
Уятсыз келиниң,
Ушакчы катының болбосун.
Тамактан кийин кекире,
Тамак үстүндө чүчкүрө көрбөсүн.
Уулуң какырып,
Кызың чимкирип үйрөнбөсүн.
Атың арам,
Конгон үйүң бакыл болбосун.
Оомийин!

Курдаштын дасторконуна бата

Акылчы, даана,
Адашканга маана бол.
Жакшыны макта,
Жаманды датта,
Арсызды жакта.
Артыңды сакта,
Арыңды сатпа.
Оомийин!

Берекең тайып качпасын,
Элиңди душман баспасын.
Адал жан болсун антташың.
Арыңды күлдөй чачпасын.
Бакыт болсун башташың,
Мейманың бекер шашпасын.
Тириликте тапсаң түз жолуң,
Теңирим берер башкасын.
Оомийин!

Балбанга бата

Байтеректен бүрдүү бол,
Пайгамбардан сүрдүү бол.
Чапса кылыч өтпөгөн,
Сайса найза жетпеген,
Этиң болсун темирдей,
Күчүң болсун сеңирдей.
Кырк периште колдосун,
Кыдыр болсун жолдошуң.
Оомийин!

Мөөрөйгө чыккан баатырга бата

Жорткон эрдин билегин берсин.
Кудаанын кулагына чалынып,
Ушул айткан тилегим келсин.
Байдын дөөлөтүн берсин,
Байлыгын элге жумшап,
Кызыгын урпагы көрсүн.
Дубасы тийсин бакшынын,
Дабасы тийсин жакшынын.
Жаттын жалаасынан,
Жакындын табасынан,
Кер ооз катындын өсөгүнөн,
Капыс келер оорудан сакта.
Карыядан каргыш,
Каракчыдан алкыш алба.
Бооруң бүтүн,
Соолугун кутуң
Мөөрөйүң үстөм болсун,
Өсүп-өнүп толуңуз,
Ылайым өкүнбөстөй болуңуз.
Оомийин!

Акынга бата

Балдарыңар Жээренчедей чечен,
Токтогулдай ырчы,
Толубайдай сынчы болсун.
Буркурап чыккан булутту,
Буруп алган жайчы болсун.
Бурама темир, сом балта,
Буралбай соккон уста болсун.
Оомийин!

Эл башчысына бата

Кудайым, бала берсин,
Мал менен башты берсин.
Сага кастык кылганды,
Таман астыңа сала берсин.
Аллага жагып азандуу бол,
Агайынга жагып карандуу,
Калкыңа жагып адил бол.
Суудай таза,
Жердей балбан,
Аймагын жашыл, сугат,
Сөзүң элиңе кубат,
Өмүрүң узак болсун.
Оомийин!

Талпынган талап,
Чалгынга канат,
Баяндуу бакыт,
Карыбас убакыт берсин.
Акылчы, даана,
Калкыңа камкор маана бол.
Жакшыга жанашып,
Жардыга карашып,
Жамандан адашып,
Жоого тың марашып жүр.
Чалкыгандын чамасын,
Ак-каранын арасын бил.
Кубанычтын турагы,
Улан иштин булагы,
Жакшылардын ынагы,
Мээримдүүнүн чырагы,
Сабырлуунун сыңары,
Бек үлгүнүн чынары,
Тууралыктын тумары,
Көпчүлүктүн ынаары бол.
Оомийин!

А Кудайым, бере көр,
Элиме көлөкөңдү,
Жериме берекеңди,
Баяндуу адамдык,
Ашка адалдык бер.
Ырыскың ичтен,
Аброюң тыштан болсун.
Өмүрүң узак,
Эмгегиң өнүмдүү,
Эмне тилесең кабыл болуп,
Кудай тилегиңди берсин.
Оомийин!

Күлүк минип күлдөп өт,
Күлдү журтка сүйлөп өт.
Көк жорго минип жолдо өт,
Жалпы журтту бийлеп өт.
Өзүң журттун туягы,
Болгун элдин чырагы.
Нуска сөзүң эп,
Санжыра сөзүң сап болсун.
Калың кыргыз элиңе
Кадырың артып бак консун.
Оомийин!

Жакшы адамдарды,
Теңирим жаман көздөн,
Жалган сөздөн сактасын.
Эл намысын коргогон,
Эр азаматтардын,
Башынан сыймык кетпесин.
Карыңар дөөлөттүү,
Балдар сөөлөттүү,
Келиндер келбеттүү,
Жигиттер албеттүү болсун.
Барчылык болуп,
Токчулук келип,
Бардык үйдүн түндүгүнөн түтүн булап,
Очок жанып,
Ордо толсун.
Эл тынч, журт аман болсун,
Ата-баба арбагы колдосун.
Оомийин!

Жүзүң нурлуу,
Жүрөгүң сырлуу,
Тилиң ырлуу болсун.
Өнөрүң сегиз кырлуу болсун.
Бир үйдүн баласы болбо,
Миң үйдүн салаасы бол.
Бир элдин атасы болбо,
Миң элдин даанасы бол.
Бир тонго жака болбо,
Көп колдун агасы бол.
Акты ак деп баала,
Караны кара деп сана.
Өзөгүң талса, өзөн боюн жакала,
Башыңа иш түшсө, көпчүлүккө сагала.
Белге катуу кемер,
Өзүңө өзүң кемел,
Досуңа адил,
Калкыңа адал,
Жооңо катаал бол.
Оомийин!

Бата бер десеңиз бизге,
Бата бердик сизге.
Качан да болсо бизди,
Той-тамашадан изде.
Кудайым кубат берип сизге,
Урундурбай кыш-күзгө,
Учуратпай суук көзгө,
Жашыңызды жеткирсин жүзгө.
Кудайым көктөн,
Көктөн берсе көптөн берсин.
Кудайым жаздай берсин,
Жаздай берсе жазбай берсин.
Кудайым күздөй берсин,
Күздөй берсе үзбөй берсин.
Кудайым кыштай берсин,
Кыштай берсе кыспай берсин.
Кудайым көңүлүңдү жаш,
Жаш кылса жаздай наз кылсын.
Кастык ойлогон адам болсо,
Кадемин катырып шаштырсын.
Көңүлүн анын пас кылсын,
Кастарын тиккен жооңду,
Кара таш менен бастырсын,
Аброюңду анан ачтырсын.
Аскар тоодой бийиктетип,
Берекеңди көлдөй таштырсын.
Оомийин!

Тилек баталар

Ыя Теңири, эске ал,
Өзүңдөн башка пенденин,
Сүйүнө турган неси бар.
Ыя Теңири, өз каарыңан,
Шайтандын заарынан,
Кадамы катуудан,
Карарып-түнөргөндөн,
Куюлган уудан,
Жыйылган доодон,
Каптаган чуудан,
Ташыган суудан,
Онтотуп жаткан дарттан,
Өчпөс өрттөн,
Кетпес кектен сакта.
Оомийин!

О Теңир,
Арамды адал дегизбе,
Катынды базарчы кылба,
Нааданды азанчы кылба.
Жерим тозбосун,
Элим азбасын.
Оомийин!

Сакта Кудай.
Арбак колдо.
Жараткан жар бол.
Олуям демей көр,
Кыдыр ата жебей көр.
Касиетиңден айланайын,
Колдо пирим,
Колдо бабам.
Тил, көздөн сакта,
Медет бер баба.
Оомийин!

Балаадан сакта,
Жалаадан сакта.
Кооптон сакта, чууттан сакта,
Түн жатып тушуңа чыккандан,
Озунган бөрүдөн,
Көзү ач уурудан,
Күлүп кирип, күңгүрөнүп чыккандан сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта.
Оомийин!

Ыя, Кудурет,
Суук көздөн,
Кайбаат сөздөн,
Мезгилсиз өлүмдөн,
Көөдөнсүз келинден сакта.
Татымсыз туздан,
Арсыз кыздан.
Капылет ордон,
Кайрымсыз зордон сакта.
Жамгырсыз жаздан,
Тагдырсыз таздан сакта.
Бакты берсең, бактылуу,
Дөөлөт берсең, пайырлуу,
Аял берсең, сүйүктүү,
Уул берсең, улуктуу кылып бер.
Келиндин келиштүүсүн,
Аттын желиштүүсүн,
Тирүүбүзгө тилек,
Өлүүбүзгө жумак бер.
Ушул тилегимди бөлүп-жарбай,
Үйүп-төгүп бир ак бер,
Оомийин!

Ыя, Жараткан, колдой көр,
Бак дөөлөттү өлбөс кыл,
Жалгаганга жалгаш,
Ала ооздуудан алыс,
Көрө албастан калыс кыл.
Ниеттери пак,
Мээнеттери ак болсун.
Тилектерин асыл кыл,
Ниеттерин кабыл кыл.
Өпкөсүн чаң өрдөбөс,
Жүргөн жерин жашыл кыл.
Оомийин!

Далактатар тоодон сакта,
Жалактатар жоодон сакта.
Ачыккан бөрүдөн,
Кара жердин көрүнөн,
Ашынган уурудан,
Кулкуну курудан сакта.
Душмандын каарынан,
Ичи жамандын заарынан,
Аяк алдынан кезигээр,
Балаа-жалаанын баарынан сакта.
Оомийин!

О, Жараткан,
Өлүмдүн тезинен сакта,
Андан калса сегизинен сакта,
Андан калса эгизинен сакта.
Кандын каарынан.
Карачанын дооматынан,
Бакбай балаңдан,
Жаппай жалааңдан сакта.
Капсалаң болгон жуттан сакта,
Кара өзгөй болгон доодон сакта.
Аңдыган уурудан,
Абайсызда тийген жоодон сакта.
Оомийин!

О, Кудай,
Төрөнүн заарынан сакта.
Өктөгөн өкүмдөн сакта,
Онтогон оорудан,
Кежирлердин дооматынан сакта.
Качырганы шамалдай,
Кайсаганы камандай,
Кандын кабыланынан сакта.
Күрүлдөгөн көчкүдөй,
Төрөнүн дөлөңгүтүнөн сакта.
Жабуулаган жалааңдан сакта,
Таңуулаган балааңдан сакта.
Күлүп киргенден,
Арамзаанын ушагынан сакта.
Оомийин!

О, Кудай!
Айланайын, өзүң колдо,
Өйдө-ылдыйда, ашууда, татаал жолдо,
Шайтанга азгыртпа ач көз кылып,
Кулкумду буза көрбө, ниетимди оңдо.
Сагызганча шакылыктатып кичилетпе,
Чар каргача чырылдатып, кишенетпе.
Кай жерде, кайсы тойдо олжо бар беп,
Түлкүчө жойлоттуруп шимшилетпе.
Жон жоруча жонго коюп, тарп күттүрбө,
Кол жооругуча үксөйтүп баш мүлжүтпө.
Карышкырдан калгандын кардын жарып,
Кашкулакча капталдан сүйрөттүрбө.
Кузгунча таң заардан куркулдатпа,
Каргача кайдалатып тарпаңдатпа.
Кайда болсо напсим тыйып, ыйман берип,
Касиеттүү элиме уят кылба.
Оомийин!

Жалга Теңир, кабыл эт,
Жалгоонун камын эт.
Ызат, аброй, бак, дөөлөт,
Кызыр карап, бак конуп,
Эмне тилек тилесең,
Ошонун баарын кабыл эт.
Ыйманымды түгөл эт.
Достун көңүлүн ача көр,
Душман көңүлүн баса көр.
Тозоктогу оттон как,
Насип каккан жоктон как.
Нанды тепкен кесирден,
Ырысты чанган келинден,
Мезгилсиз келген өлүмдөн,
Татымсыз туздан,
Уятсыз кыздан,
Жигиттин аңкоосунан,
Жаштардын жалкоосунан,
Агайындын бүтпөс доосунан сакта.
Оомийин!

Ыя, Жараткан кудурет,
Ниети кара, жегени арамдан сакта.
Өтпөс бычактан, баспас күлүктөн сакта.
Эл ичин ыдыраткан бүлүктөн сакта,
Жетим-жесирдин ырыскысын ашагандан сакта.
Аманатка кыянат жасагандан сакта,
Ыя, Алла, кооп, коогадан сакта,
Оору-сыркоо, балаа-жалаадан сакта.
Жетесиз уулдан,
Никесиз кыздан сакта.
Оомийин!

Аброй бер, аман сакта,
Өрттөн, суудан,
Тилсиз жоодон сакта.
Тилишкен чуудан,
Жөндөн жөн келген балаадан сакта.
Балаадан жаман аялдан,
Желиккен жеңеден,
Балаа алып келер теңгеден,
Чочуган желинден сакта.
Кетпес кезик келинден,
Арам дүнүйөгө мас болгондон сакта,
Кыдыр колдосун,
Башыбызга бакыт консун.
Оомийин!

О, касиеттүү Кудурет,
Тилди билбегенден,
Дилди сыйлабагандан сакта.
Кайрымсыз туугандан,
Коогалуу катындан сакта.
Ыймансыз баладан,
Жамандын көзүнөн,
Тескери батадан,
Элди балаадан сакта.
Оомийин!

О, Кудурет, Жараткан,
Башыбызга эсендик бер,
Дөөлөт, бакыт, ынтымак бер.
Жерге жамгыр,
Бакырга байлык,
Азалуу үйгө шаттык бер.
Карыга сөөлөт,
Балага абийир,
Кемпирге келбет,
Элге береке бер.
Ырыскы менен даарый кет,
Ушул тилегибизди кабыл эт.
Оомийин!

О, Жараткан,
Жаман ойдон,
Жазакер азгырыктан,
Жалаңдаган жоодон,
Жамандын жалаасынан,
Жазатайым жолуңан,
Жашырынган ууруңан,
Жалындаган өртүңөн,
Жанталашкан сууңан,
Улуу жолдо туш келер,
Балаа капсабыңдан сакта.
Душмандын табасынан сакта,
Кол жайып бата бердик,
Колдосун Кыдыр ата.
Оомийин!

О, Кудай,
Олуя колдо,
Жалгамак сенден,
Жаңылмак бизден.
Элди-жерди колдой көр,
Ашка береке, башка дөөлөт,
Кең пейил, ырыс бер,
Бала-чакага узак өмүр бер.
Жакшыны көп кыл,
Жаманды аз кыл.
Оомийин!

Оболу Кудай оңдой көр,
Оң жолуңа жолдой көр.
Адашса жолго сала көр,
Мүдүрүлсө колдоп ала көр,
Кездешсе шайтан кага көр.
Жакшыларга жанаштыр,
Жамандардан адаштыр,
Жылдыздарга жалгаштыр.
Оомийин!

Жамгырсыз жаздан,
Жапа чеккен аздан,
Касиетсиз кектен,
Кегин кууган көптөн,
Булуттун аласынан,
Элдин балаасынан сакта.
Оомийин!

Ээ, Кудай сакта,
Бакыт бер башка,
Соолук бер жашка.
Бармын деп ташба,
Жокмун деп арыба.
Береке бер,
Ичип-жеген ашка.
Оомийин!

Ыя, Жараткан кудурет,
Жамандыкка жазбасын,
Жакшылыкка баштасын.
Мал ээси Жер эне,
Жан ээси Көк ата.
Не тилесе Азирет,
Эткен ниетти кабыл эт,
Кабыл этсең, Азирет.
Оомийин!

Теңир, Теңир!
Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!
Тогуз козу биз сойдук, Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга, Теңир!
Жамандыкты жерден, элден качыр, Теңир!
Жашообузду оңдо, Теңир!

Оо, Кудай!
Кандын каарынан,
Төрөнүн заарынан,
Өктөгөн өлүмүңөн,
Онтогон ооруңдан,
Кежирлердин дооматынан сакта.

Оо, Кудай!
Канга жүгүнүп салам айтам,
Алик алар.
Качырганы шамалдай,
Кайсаганы камандай,
Кандын кабыланынан сакта.
Төрөгө кол куушуруп кулдук кылам,
Башын ийкер.
Күрүлдөгөн көчкүдөй,
Күүлөнгөн борошондой,
Төрөнүн дөлөңгүтүнөн сакта.
Өлүм болсо моюндагы милдет,
Оору болсо кезектеги илдет.
Жабуулаган жалааңдан,
Таңуулаган балаадан сакта.
Доомат болсо аягы тынат,
Доо болсо берип кутулат.
Арамзаанын ушагынан сакта.

Атың жакшы Теңирим,
Мен бир тилек тилейин.
Ак мүйүзү чакмактай,
Тегерек куйрук кочкорду,
Малды берсең койду бер.
Уул берсең бойлуу бер,
Журтка акыл салгыдай,
Акылы артык ойлуу бер.

Кудай кулум дегейсиң,
Маметим үмөтүм дегейсиң.
Чалыяр досум дегейсиң,
Шайтандын шарынан,
Каапырдын калабасынан,
Күн күркүрөгөндөн,
Түн түбүрөгөндөн,
Кыйкырган жоодон,
Келе деген доодон сакта.

Ат берсе ала берсин,
Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе теке берсин,
Эшиги ачык Меке берсин.
Пайгамбар мазарын берсин,
Кызырым назарын берсин.
Оомийин!

Жаш баланын күлкүсүн,
Жан эненин уйкусун бер.
Жоомарттын колун,
Жолдоштун жолун бер.
Кыздын кылыгын,
Уздун учугун бер.
Суунун тунугун,
Азоонун арымын бер.
Айлуу түндүн жарыгын,
Эгиздүү улагын,
Эки айрык шыбагын,
Аскар тоонун салкынын,
Булбулдун таңкы үнүн,
Талаанын жарыктыгын,
Гүлдүн назиктигин бер.
Деңиздин тереңдигин,
Дүйнөнүн кереңдигин бер.
Кыраандын көрөгөндүгүн,
Эрдин билегин бер.
Шердин жүрөгүн,
Түбөлүккө ажырабас,
Чын ашыктын тилегин бер.
Оомийин!

Мерген тилек

Кайберен ата чеберим,
Сыйынамын мен сага.
Менин жолум кайыптан,
Алла Таала буюрган.
Күндөп-түндөп көп басам,
Буюрбассың айыпка.
Каргашалап жанымды,
Тоо-ташыңдан тайылтпа.
Куру кол бекер келбейин,
Кайберен аткан айыбыма.
Аркар-кулжа аралаш,
Алдыма тушташ аралаш
Кайберен атам, чеберим,
Ырыскым колго бере көр.

Байгеге тилек

Аа, Кудайым, ак сары башылым,
Ай туягың, эр Баабедин колдо.
Арбак жар бол,
Кудай, жер казыгынан сактай көр.
Оомийин!

Суу кечкендеги тилек

Агыны катуу дайрадан,
Жараткан өзү колдосун.
Суу ичинде жетелеп,
Илияс пирим жолдошум.
Шашылбай солгун кечиргин,
Шайтан наадан жоголсун.
Жаа пирлерим, шар суудан,
Чымын жанды колдогун.
Агымы катуу дайрадан,
Алла Таала колдосун.
Суу кечкенде жетелеп,
Сулайман болсун жолдошуң.
Шаштыра албай кыйналып,
Шайтан шашып оңбосун.
Сулаймандан кагажып,
Чөлгө качып жоголсун.
Оомийин!

Жамгыр тилек

Дамбыр, дамбыр, дамбыр таш,
Дамбыраткан кызыл таш,
Жамгыр жаады күркүрөп,
Челек, тулга калдыр таш.
Күн күркүрөп көп жаа,
Жер жарылып чөп чык,
Желин айрылып сүт чык.
Чебичегим челеңдеп,
Челек, челек сүт бер.
Тоо жарылып от чык,
Токтучагым тороңдоп,
Торочу, торочу сүт бер.
Байчечекей башбаксын,
Арык-торук кой, козу,
Көккө тоюп жан баксын.
Жыл жаадырап эртелеп,
Келишинен кайтпасын.
Күн жаа, күн жаа,
Күндөп-түндөп көп жаа,
Карагай башын кайра жаа,
Арча шагын айра жаа,
Чекенде башын черте жаа,
Чийдин башын ийип жаа,
Төө куйрукка уюп жаа,
Жер жаанга сийип жаа,
Төгүп-төгүп куюп жаа.
Ашкана толгон ак болсун,
Малга жыргап бак болсун.
Береке нуру чачылсын,
Пейили элдин ачылсын.
Малдын-жандын ырысы,
Жаап-жаап турушу.
Көксөп жүргөн элдердин,
Жамгыр болот ырысы.
Оомийин!

Уктаардагы тилек

Жаттым жараткан,
Тургузарсың эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир дарак,
Жалбырагы гүлдүү барак.
Аны жети жолу окуп жаттым,
Менден тозок оту ыраак.
Жаттым аманат,
Ойгото көр саламат.
Оомийин!

Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч.
Тилим куран,
Тилегеним ыйман.
Ыя, Жараткан,
Уйкумду мамык кыл,
Тилегимди анык кыл.
Оомийин!

Жаңы айга тилек

Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарасынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жөөгө улоо,
Жалкоого мээнет,
Жалгызга эркек.
Иштерменге кут,
Ушакчыга уу,
Ак ниетке туз,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушул күнгө,
Өсүп-өнүп тололу.
Бакылга тар,
Бакырга бар ай бол.
Оомийин!

Келин алган күнкү тилек

Ыя, Жараткан,
Өмүр берсең жайлуу кылып бергин,
Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин.
Уул берсең от болсун,
Кыз берсең чок болсун.
Келин берсең келиштүү болсун,
Келечеги өрүштүү болсун.
Аял берсең адептүү болсун,
Алыс-жакындын көөнү толсун.
Куда берсең жолдошуңдай болсун,
Кудагый берсең сырдашыңдай болсун.
Ата-баба жолунан ким ашсын,
Кудалык сый миң жылга улашсын.
Эки жаштын бактысын бер,
Эки жак тең кызыгын көрүшсүн.
Оомийин!

Төлгө тилек

Байгамбардын бал төлгө,
Таштанбектин таш төлгө,
Азирети алп төлгө,
Жолдо жолоочуну,
Баскан-турганды көрбөй түш,
Калп айтпа, жакшы түш,
Бешенеси беш түш,
Оң колума ооп түш,
Он эки таш айтып түш,
Оомийин!

Бакшы тилек

Тоодон бир тоого учкандар,
Жылан бир камчы туткандар,
Жандыра суу ичкендер,
Азирети Сулайман пирим.
Дулдул, атам, дөө, пери мейман,
Сулайман аттуу суу чилтен мейман.
Ошол суу башы Сулайман мейман,
Анжиянда ак жылан мейман,
Самарканда нар жылан мейман.
Кабазыр, мудур, каяшар мейман,
Султан бир мудур,
Башыр мейман.
Кара бир көздүү,
Ширин бир сөздүү,
Келте бир ойлуу,
Шына бир тиштүү,
Кочкор мүйүздүү,
Дөө, пери мейман.
Муз тоодо жатып семирген мейман,
Муз тоонун музун кемирген мейман.
Томоголуу сарала куштун,
Томогосун алып кое кел мейман.
Ак буура келди буркурап, мына ай,
Бириңен бириң ыйба кылбагын мейман.
Чоң олуя улук кум мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Кең-Колду баскан ак буура атан,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн.

Жайгаштыруу: 2021-08-15, Көрүүлөр: 78076, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу