TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Болот Минжылкыев: өмүр баяны, сыйлыктары, эстеликтер макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Болот Миңжылкыев, Абдылдаевич (орусча Минжилкиев Булат Абдуллаевич) — кыргыздын, орустун, ошондой эле советтик опералык коңур үндүү (бас) ырчы, педагог. СССРдин Эл артисти (1976). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1985) жана Ленин комсомол сыйлыгынын (1975) лауреаты. Болот Миңжылкыев Төрөлгөн датасы1940-жыл, 23-апрель Кыргызстан, Фрунзе шаары (азыркы Бишкек) Кесиби, адистигикамералык жана опералык ырчы, музыкалык педагог Ырчылык үнүбас ЖанрларКлассикалык музыка Каза болгон датасы1997-жыл, 16-август (57 жаш) ШакиртиСадыр Жумашов Өмүр баяны Болот Миңжылкыев 1940-жылдын 24-апрелинде (айрым маалыматтар боюнча 23-февраль) Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Көп өтпөй эле Болотту Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылындагы чоң энеси Урумкандын колуна берилет, ошол жакта өсүп-чоңоёт, апасы болсо заводго кирип иштөөгө аргасыз болот. Ушул себептен, Болоттун туулган жери Ысык-Көл деп адаштыргандар аз эмес. Фрунзеде төрөлгөн, бирок, Ысык-Көлдө чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театры алдындагы вокалдык-хордук студияга тапшырган. Опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын студиясында окуган. КРнын Эл артисти, С. Юсуповдон, С. К. Шеховдон сабак алган. 1962-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин жолдомосу менен өзбек консерваториясынын (Ташкент) вокалдык бөлүмүнө жөнөтүлүп, аны 1966-жылы аяктаган. Окуу учурунда А. Навои атындагы Өзбек опера жана балет театрынын стажёру болгон. Навои атындагы опера жана балет театрында коюлган П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Греминдин (маалымат үчүн: макалада чыгармалардын койгон адамдардын ысымы айтылат, ал чыгарманын автору дегенди билдирбейт, мисалы Евгений Онегиндин чыныгы автору Пушкин), С. Рахманиновдун «Алекосунан» Алеконун, Н. Римский-Корсаковдун «Падыша колуктусунан» Собакиндин, С. Прокофьевдин «Монастырдагы нике кыюусунан» Мендозанын партияларын аткарган. Ташкент мамлекеттик консерваториясында окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. 1966-жылы Ташкент консерваториясын бүтөргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенет. Башкы партиялары: Конурбай (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Манас»), Пётр (Алетров «Пётр I») ж. б. Ошондой эле, Ш. Гунонун «Фауст» операсынан Мефистофелдин, М. Мусоргскийдин «Борис Годунов» операсынан Борис Годуновдун, ж. б. ролдорду аткарган. 1971-жылы искусство институтунда окутуучу, профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Болот Миңжылкыев, Элегия, кадр Италиянын Милан шаарында «Ла Скала» аттуу атактуу опера театры бар. Ал дүйнөлүк опера маданиятынын ири очокторунун бири болуп саналат. Бул театрдан дүйнөнүн көптөгөн таланттуу ырчылары таалим-тарбия алып, өз өнөрлөрүн өркүндөтүшкөн. Тубаса кооз, коңур тембрлүү (бас), диапазону кенен үндүү Минжылкыев 1968-жылы дал ушул «Ла Скала» опера театрында чеберчилигин өркүндөтүү үчүн стажировкада болгон. Тагыраак айтканда, 1968—1971-жылдары «Ла Скала» театрында стажировкадан өткөн. Үндү коюуу классында Дженнаро Барра жана Артуро Мерлиниден билим алган. Опералык партияларды Энрико Пиацца жана Ренато Пасторинонун жетекчиликтери алдында үйрөнгөн. Дүйнөлүк операнын жылдыздары, Италиялык ырчылар Капучилли, Джани Раймонди, болгариялык Николай Гяуров менен бирге «Ла Скаланын» сахнасында Дж. Вердинин «Дон Карлос» аттуу операсынан Италия тилинде Король Филипптин партиясын аткарган. 1973-жылы Софияда өткөн вокалисттердин эл аралык сынагында алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) Гранпри сыйлыгына татыктуу болгон. СССРдин чоң театрында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында иштеген. Ошол кездеги алдыңкы опера театрларында гастролдорго чыккан (Болгария, Польша, Венгрия, Югославия, ГДР, Чехословакия, Батыш Берлин, Германия Федеративдик Республикасы, Швеция, Сирия, Иордания, Вьетнам, Лаос, Япония, Корея Элдик-Демократиялык Республикасы), анын ичинде СССР шаарларына дагы концерттик ишмердүүлүк менен алектенген. Камералык репертуар опералардагы арияларды, чет өлкөлүк жана орус вокалдык классикасын, кыргыз жана орус элдик ырларын, романстарын камтыган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында режиссёр катары Дж. Пуччининин «Богема» операсын койгон. Болот Миңжылкыев, Гори, гори, моя звезда, 1984-жыл, кадр 1972-жылдан тарта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз искусство институтундагы соло ырдоо кафедрасында окутуучу болгон. 1975-жылы Чоң театрдын труппасы менен кошо АКШдагы «Метрополитен-опера» сахнасындагы гастролдорго катышкан. 1979-жылдан тарта — доцент, 1983-жылдан тарта кафедра башчысы, 1986-жылдан — процессор. 1989-жылдан тарта — С. М. Киров атындагы Ленинград опера жана балет театрында (учурдагы Мариинский театры) солист. 1992-жылдан өмүрүнүн акырына Санкт-Петербургдагы Мариинский опера жана балет театрында иштеген. СССР Жогорку Кеңешинин XX чакырылышынын депутаты. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин IX чакырылышынын депутаты. 1997-жылдын 16-августунда Санкт-Петербург шаарында (Россия) каза болгон. Cөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Үй-бүлөсү Атасы - Абдылда Минжылкыев, геолог Апасы - Бахруш Хасанова Жубайы — Чокоева Рейна Нурманбетовна (1938-ж. т.), балерина, профессор. Кыргыз ССРинин Эл артисти (1967). Уулу — Миңжылкыев Мират Болотович (1962—2005), кинорежиссёр-коюуучу, жазуучу. Келини — Миңжылкыева Азиза Умаровна (1960-ж. т.) балерина. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Небереси — Миңжылкыева Айжан Миратовна. Сыйлыктары жана наамдары Тулуздагы Эл аралык вокачылар сынагынын лауреаты (2-сыйлык, 1971) Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1971) Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгы (1972) К. Попова атындагы медаль (1973) Софиядагы Эл аралык жаш опера ырчылар сынагынын лауреаты (1-сыйлык, 1973) Кыргыз ССРинин эл артисти (1973) Ленин комсомолу сыйлыгы (1975) — 1974—1975-жылкы концерттик программалары үчүн СССРдин Эл артисти (1976) Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы (1976) СССР Мамлекеттик сыйлыгы (1985) — 1981—1984-жылкы концерттик программалары үчүн «Манас-1000» эстелик алтын медаль (1995) Опера тармагындагы мыкты жазуу үчүн «Грэмми» номинациясы (1995) Казакстандын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгынын лауреаты. Партиялары Партиялар, оркестрди койгондордун ысымы менен белгиленет, жана чыгарманын автору дегенди билдирбейт. Мисалы, Евгений Онегиндин автору Пушкин, а бирок төмөндө Чайковский деп берилет: 1965 — В. Моцарттын «Фигаро никеси» — Фигаро 1965 — С. Рахманиновдун «Алекосу» — Алеко 1965 — Н. Римский-Корсаковдун «Пан воеводасы» — Воевода 1965 — Н. Римский-Корсаковдун «Падышалык келини» — Собакин 1965 — П. Чайковскийдин «Евгений Онегини» — Гремин 1966 — М. Мусоргскийдин «Борис Годунову» — Пимен 1966 — С. Прокофьевдин «Монастырдагы никелешүү (кудалашуу)» — Мендоза 1967 — К. Молчановдун «Белгисиз жоокери» («Брест чеби») — Командир 1967 — В. Власов, В. Фере жана А. Малдыбаевдин «Манасы» — Коңурбай 1967 — Ш. Гунонун «Фаусту» — Мефистофель 1967 — Дж. Вердинин «Аидасы» — Рамфис 1968 — Дж. Вердинин «Риголеттосу» — Монтероне 1968 — А. Даргомыжскийдин «Русалкасы» — Мельник 1972 — М. Мусоргскийдин «Борис Годунову» — Борис Годунов 1973 — Л. Делибанын «Лакмеси» — Нилаканта 1974 — К. Молчановдун «Бул жердеги таңдар тынч» — Васков 1974 — Ж. Бизенин «Кармени» — Эскамилио 1975 — П. Хаджиевдин «Июнь түнү» — полковник Боляров 1977 — А. Петровдун «Пётр I» — Пётр I 1978 — А. Бойтонун «Мефистофели» — Мефистофель 1979 — Дж. Вердинин «Дон Карлосу» — Филипп II 1984 — В. Власовдун «Михаил Фрунзеси» — Фрунзе 1986 — Дж. Россиндин «Севильский цирюльниги» — Дон Базилио 1986 — В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаевдин «Айчүрөгү» — Семетей 1987 — А. Бородиндин «Князь Игору» — Князь Игорь 1989 — М. Мусоргскийдин «Хованщинасы» — Хованский 1989 — А. Бородиндин «Князь Игору» — Кончак Н. Римский-Корсаковдун «Псковитянкасы» — Иван Грозный С. Прокофьевдин «Согуш жана тынчтыгы» — Кутузов Н. Римский-Корсаковдун «Садкосу» — Варягтык конок Д. Шостаковичтин «Катерина Измайловасы» — Борис Тимофеевич М. Мусоргскийдин «Саламбосу» — Мато П. Чайковскийдин «Карга аял» — Томский Г. Доницеттинин «Сүйүү суусундугу» — Дулькамара С. Прокофьевдин «Оттуу периштеси» — Инквизитор П. Чайковскийдин «Мазепасы» — Кочубей М. Глинканын «Руслан жана Людмиласы» Д. Шостаковичтин симфония № 13 — бастык партия И. Бахтын «Магнификаты» — бастык партия Дж. Вердинин «Реквиеми» — бастык партия Фильмография 1973 — «Болот Миңжылкыев ырдайт» (телефильм) Дискография «Болот Миңжылкыев ырдайт» аттуу 2 гигант диск Borodin: Prince Igor. 1993 Mussorgsky: Khovanshchina. 1992 The Art of Valery Gergiev: Maestro. 2006 Эстеликтер Санкт-Петербургдагы Мариинск театрынын алдындагы бюст (2021, 17-апрель) Болот Миңжылкыев атындагы Балыкчы музыкалык мектеби