TYUP.NET
Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Лаос мамлекети: кыскача маалымат

Лаос мамлекети: кыскача маалымат

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Лаос — Түштүк-Чыгыш Азиядагы тоолуу өлкө, аймагы боюнча Меконг дарыясы өтөт. Өлкө өзүнүн франциялык колониалдык архитектурасы, дөңсөөлөрдө жашаган уруулук конуштары жана буддарлык монастырлары менен белгилүү.

Лаостун борбору Вьентьян, мында буддалык ыйые жер (ступу) Тхат-Луанг жайгашкан, анда будданын төш сөөгү сакталып турат.

Лаостун жеринин аянты - 236800 чарчы/км. Калкы — 7 123 205 адам (2023). Бул — Инди-Кытай жарым аралындагы чакан мамлекет. Чыгыш тарабынан аны калың токойлуу тоо Вьетнамдан бөлүп турат. Лаостун батыш чек арасы — жазы жана босоголуу, киргил суусу шар аккан кубаттуу Меконг дарыясы. Ал Лаосту Таиланд мамлекетинен бөлүп турат.

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Лаостуктардын көпчүлүгү дарыянын өрөөнүндө отурукташып, күрүч өстүрүшөт. Алар өздөрүн лаолум — лаостук дыйкандар деп аташат. Токойлуу тоо беттеринде ар түрдүү тилде сүйлөгөн лаотенг — тоолук лаостуктардын уруулары жашаган кыштактар анда-санда кезигет.

Лаотенгдер аң уулап, токой эмгегин кесип кылышат, токою тазаланган чакан аянттарга бир аз эгин өстүрүшөт. Тайпак тоолордун эң бийик жерлеринде лаосунг (чокуларды мекендегендер) уруулары жашашат.

Лаостун борбору Вьентьяндан түндүгүрөөктө Лаостогу эң кызыктуу жерлердин бири — Кумуралар өрөөнү жайгашкан. Бул — тоолор менен курчалып, көлөкөлүү токойчолор, бийик чөп өскөн бир аз дөңсөөлүү кенен түздүк.

Калың чөптүн арасынан бийиктиги киши боюндай келген кумура сымал зор идиштер кээде бирден, кээде топ-тобу менен кезигет. Алар зор чулу таштардан оюлуп жасалган.

Адам таң каларлык бул идиштерди ким жана качан жасалганы белгисиз. Окумуштуулардын болжоосу боюнча алар Лаостун байыркы жашоочулары өлгөн кишилердин сөөгүн койгон табыт болгон.

Өлкөдө шаарлар аз жана чакан. Темир жол жок, кыштак аралыгындагы кээ бир жолдор менен машина жүрө албайт. Жүктү өгүз араба менен тоодогу жалгыз аяк жолдордо малга артып ташышат, өнөр жайы дээрлик жокко эсе. Албетте майда транспорттор жок эмес.

Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн көп өтпөй эле Лаос француз колонизаторлорунан бошотулгандан кийин, Лаостун аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө бийлик королдук өкмөттүн колунда болчу.

Өлкөнүн түндүк провинцияларын Лаостун патриоттук күчтөрү кармап турушкан. Лаостун бүткүл аймагында бейкут, тынч турмушту калыбына келтирүү максатында Лаостогу бул эки саясий күчтүн ортосунда келишим түзүлгөн.

1975-жылдын аягында король тактан баш тартып өлкө республика деп жарыяланган.

Көрүүлөр: 2475
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.