Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бүчүр

Баш барак | Ботаника | Бүчүр

Бүчүр (латынча gémma) — ботаникада өсүмдүктөрдө пайда болуучу тыным абалындагы өркүн түйүлдүгү. Өсүмдүктөр морфологиясы илими изилдейт. Ал сабак (ок) жана жалбырак түйүлдүгүнөн турган вегетативдүү бүчүр, гүл жана топ гүл түйүлдүгүнөн турган генеративдүү бүчүр болуп бөлүнөт.

Сырткы түзүлүшү тоголок, сүйрү, конус, ийик, жумуртка сымал. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн бүчүрлөрү түрпүлөр менен капталып, ички назик бөлүгүн сырткы таасирден коргойт. Бүчүрдүн пайда болушу, түзүлүшү, жайгашкан орду ар түрдүү (караңыз: бүчүрдөн өркүндүн өсүп чыгышы).

Пайда болушуна жараша жалбырак саптуу бүчүр (карагат, жаңгак бүчүрү), жан жалбырак бүчүр (мисалы, теректин бүчүрү), жалбырак бүчүр (мисалы, кара мөмөдө) делет. Бүчүр сабакта жайгашкан ордуна жараша сабактын башындагы чоку же терминалдык (каптал) бүчүр болот. Чоку бүчүрдөн сабак узарып өсөт. Каптал бүчүрдөн бутактар өсүп чыгат. Каптал бүчүрлөр жайдын аягына чейин калыптанып бүтүп, келерки жазга чейин өсүшүн токтоткондуктан тынымдагы же кыштоочу бүчүр деп аталат. Кургакчылыкта тропиктеги дарак өсүмдүктөрүнүн бүчүрү тыным абалына өтөт. Мелүүн алкакта жаздын келиши менен тынымдагы бүчүрдүн бир катары өсүп, жаңы өркүндөрдү берет.

Бир нече жыл өркүнгө айланбаган бүчүр уйкудагы бүчүр деп аталат. Алар белгилүү шартта (өркүндүн жогорку бөлүгү үшүп кетсе, жабыркаса, кесилсе же шактын өнүмү начарласа) өсүп чыгат. Өсүмдүктүн сабак, жалбырак, тамырында көмөкчү бүчүр да болот. Тамырдагы көмөкчү бүчүрдөн тамыр чырпыктары чыгат. Бүчүр өсүмдүк сабагынын учунда, жалбырак колтугунда бир-экиден кээде үч же андан көптөн кезектешип же спираль түрүндө жайгашат. Мөмө дарагын вегетативдик жол менен кыйыштырууда бүчүрлүү бутак пайдаланылат. Ал көзчөлүү бутак делет.

Бүчүр тоют

Бүчүр тоют — бак-дарактын жалбырак, бутактарынан даярдалган кесек тоют. Карагай, кайың, тал, теректин, бадалдын жаш бутактарын кыркып чогултат, жалбырактарын жыйнайт. Малга жакпай турган чайырлуу бак-дарактан даярдалбайт. Жагымдуулугу жаздык эгиндин саманына жакын болот, бирок саманга салыштырганда сиңимдүү протеин, кальций, каротин, С витамини арбын.

Бактын жаш бутак, чырпыгын (жоондугу 1,0-1,5 сантиметрден ашпоосу керек) жайында кыркып, 1-2 күн жайып, боолап, көлөкө жерге жыйылат. Малга берерде саман туурагыч агрегат менен туурап (узундугу 3-4 сантиметр), 4-8 саат буулайт. Малды ага акырындап көндүрөт. Эгерде бүкүлү болсо бир уйга 2-3 килограмм, жылкыга 2 килограмм, койго каалашынча, ал эми бууланган болсо бир уйга 6-8 килограмм, жылкыга 4-5 килограмм берилет.

Жайгаштыруу: 2024-02-07, Көрүүлөр: 405, Өзгөртүлгөн: 2024-02-07, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу