Элик тоолорду жана токойлорду, чөп калың өскөн жерлерди мекендейт. Анткени ал чөп жана дарактардын жалбырактарын, бүчүрлөрүн жейт. Ошондой жапжашыл кооз жерлерде жаратылышта сейрек кездешүүчү көрүнүштү - чаарчыгын ээрчиткен элик оттоп же жолуккан адамды карап туруп калгандыгын көрүүгө болот. Эликтер абдан сымбаттуу жаныбар. Куйругу кыска, телкиси токол, кураны үч (кээде төрт) ача мүйүздүү. Түсү жыл мезгилине жараша жайында саргыч, кышында сур болуп өзгөрүп турат. Баласынын чаарчык аталышынын себеби кичине кезинде чаарала болушуна байланыштуу. Кар абдан калың түшүп, өтө суук болгон кыш мезгилинде эликтер токойлордон чыгып, адамдар жашаган жерлерге азыктануу үчүн жакындап келишет. Эгерде силер ушундай учурларга туш келип калсаңар, эликтерди чочутпай, адегенде колуңардан тамак берүүгө көндүргүлө, андан кийин алар адамдарга тез эле үйүр алып кетишет.
Энесинен ажырап калып, адамдар баккан чаарчыктар болот. Тескерисинче, этин жана терисин алуу үчүн адамдар эликке анчылык кылышып, чаарчыгынан ажыратып салышат. Акыркы жылдарда эликтер коргоого алынып, аңчылыкка тыюу салынган.
Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.
![]() | ркчвкр оочень интересно |