Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Канаттуулардын кокцидиозу

Баш барак | Ветеринария | Канаттуулардын кокцидиозу

Бул ооруну мите – эймерия курту чакырат. Бул курт өтө майда, чоңдугу 10–30микрон. Негизинен тооктун, күрптүн 15–120 күндүк жөжөлөрү ооруйт.

Оорунун күнөөкөрү
Бир клеткалуу денече. Бул оорунун өзгөчөлүгү, өтө тез жайылышында, негизинен жоон жана ичке ичегиде мителейт. Эймерия курту кыкта 10–40күн, топуракта 1 жылга чейин жашай алат. 80 градус сууда тез эле өлөт, 5% скипидар тузу жана керосин эритмеси тез өлтүрөт.

Оорунун булагы
Оорунун буктурма мезгили (инкубационный период) 4–70күн. Оорулуу канаттуулар, өзгөчө чоң тооктор, алар өздөрү оорубайт да жөжөлөргө кыгы аркылуу жугузат.

Оорунун таркатуучулары
Чоң тооктор, жем, аштоо, жаткан жери, кык, шаймандар ж. б.

Ооруну аныктоо
Чычкактайт, үймөлөктөшөт, темтеңдеп басат, богунун өңү башында жашыл, бара–бара күрөң тартып, кан аралаш чыга баштайт,

Дарылоо
Жөжөлөрдү экиге бөлүп (оорулууларын, соолорун) кокцидин, байкокс, концисан, сульфаниламид, сультеприм, фуразолидон, дарыларын берүү жакшы натыйжа берет (дарылардын берүү өлчөмдөрү инструкциясында)

Алдын алуу чаралары
-Жөжөлөрдү чоң тооктордон өзүнчө (бөлөк) кармоо керек.
- Тоок каналарды таза кармап дезинфекциялап туруу талапка ылайык

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 617, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу