Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Орнитоз (хламидиоз)

Баш барак | Ветеринария | Орнитоз (хламидиоз)

Канаттуулардын дем алуу органдарын жабыркатуучу белгилери менен жана адам үчүн коркунучтуу инфекциялык ылаң.

Оорунун таркатуучулары. Негизги таркатуучулар оорулуу жана ооруп айыккан канаттуулар. Жугуу респиратордук жол менен жүрөт, чанда гана алментардык жол менен жүрөт.

Клиникалык белгилери. Буктурма мезгил табигый жугууда 1-4 ай. Бул ылаңдын көгүчкөндөрдө жакшы байкалат, ринит, серозалуу коньюнктивит катарында өтөт. Көпчүлүк канаттуулардыкы ичи өтөт, кээде буттары канаттары паралич болот. Тооктордуку жана өрдөктөрдүкү инфекциянын агымы симптомсуз өтөт, бирок жаш төлдөрдүкү, өзгөчө өрдөктөрдүн төлүнөн жогорудагыдай картина байкалат.

Диагноз. Көпчүлүк убактарда диагноз коюуда элдердин ооруганы менен байланыштырышат. Эпизоотологиялык, клиникалык, патологоанатомиялык изилдөөлөрдөн сырткары биопробанын жана РДСКнын жыйынтыгын эске алуу маанилүү.

Дарылоо. Антибиотиктер колдонулат, башкаларга салыштырмалуу тетрациклин препараттары (террамицин, дибиомицин) препараттары жакшы таасир этет.

Алдын алуу чаралары. Алдын алуу максатында жалпы профилактикалык иш чаралар жүргүзүлөт, жапайы куштар менен күрөшүү уюштурулат. Тоок каналарды тазалап, дезинфекциялап туруу керек, андан сырткары өрдөктөр сүзүүчү көлмөлөрдү алмаштыруу иши аткарылат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 787, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу