Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Колибактериоз

Баш барак | Ветеринария | Колибактериоз

Ууландыруучу мүнөздө тез жана өнөкөт агымда өтүүчү 3 күндөн 14 күнгө чейинки жөжөлөрдүн жугуштуу ылаңы.

Клиникалык белгилери. Буктурма мезгил багуу жана тоюттандыруу шартына жараша бир нече сааттан 2 – 3 суткага чейин. Көпчүлү убактарда бул ылаң тез өтөт. Андан сырткары өнөкөт өтүүчү агымы менен айырмаланат, аны «колиэнтерит» деп аташат. Авитаминоздон, вирустардын, паразиттердин жана башка ылаңдардын таасири менен начарлоосу экинчи жолку деп аталат. Денесинин температурасы жогорулайт, табити начарлайт, суюк былжырак кан аралаш ичи өтөт. Колибактериоздон жөжөлөрдүн башынын чыгымы 5–10%ды түзөт.

Оорунун булагы. Ооруп жаткан жана ооруп айыккан тооктор, жем, чөп, шаймандар ж. б.

Оорунун таркатуучулары. Оорулуу тооктор, чымчыктар, тоют, шаймандар, адамдар, кемирүүчүлөр ж. б.

Диагноз. Эпизоотологиялык, клиникалык жана патологоанатомиялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат. Жаңы өлгөн тооктордун же жаңы өлтүрүлгөн токтун өлүгүн бактериологиялык диагноздоо чечүүчү мааниге ээ.

Дарылоо. Колибактериозду сыворотка, антибиотиктер жана нитрофурандык кошулмалар менен дарыласа жакшы натыйжа берет. Антибиотиктерден биомицин, терамицин, синтомицин жана левомицетин колдонулат. Эгерде энтерит болсо фуразолидон жакшы натыйжа берет. Дарылар 5 –6 күн берилет, биомицин жана терамицин 10–15мг (3 – 5 гр препаратты 1 кг тоютка), синтомицин 0,5 - 2 гр, Фуразолидон 2 – 3 мг бир башка.

Алдын алуу чаралары. Жаш жөжөлөрдү жакшы дезинфекцияланган жайга кармоо керек. Зоогигиеналык нормаларды сактап, сапатту тоют менен камсыз кылуу, өзгөчө белоктуу, витаминдүү тоюттар менен тоюттандыруу жана рационго антибиотик кошумчалоо.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу