Мителер канаттууларга орчундуу зыян алып келет. Өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтөт, жаш жөжөлөрдүн өсүүсүн басаңдатат жана жүдөтөт. Өзгөчө сырткы мителер канаттуулардын тынчын абдан алат. Кенелер түнкүсүн канаттуулардын канын соруп, күндүз дубалын жана жыгачтардын кычыктарына жашынышат. Тоокканага дезинфекция жүргүзүлбөгөндүктөн мителер тооктордун канаттарынын алдында, мойнунда, жонунда жана тоок канада дубал тешиктеринде жана жаракаларда жашашат. Тынчы кеткен тооктор жана жөжөлөр тытынышат, жүндөрү түшөт жана жүдөйт. Мителердин активдүүлүгү жыл мезгилине жараша болот.
Сырткы мителер көбүнчө жылдын жылуу мезгилинде активдүү болушат жана ошондой эле тар таза кармалбаган тоок каналарда тез өрчүшөт. Мителер канаттуулардын тынчын алып эле тим болбостон жумуртка туушун өтө начарлатат же такыр токтотот, арыктатат жана өлүмгө дуушар кылат. Өзгөчө жаш төлдү абдан жүдөтөт, өсүүсү начарлайт, арасында чыгым көп болот жана ар кандай жугуштуу ылаңдарга туруктуулугу төмөндөйт. Багуу шарты жана тоюттандыруусу начар канаттуулар ар кандай мителердин таасир этүүсүнөн көп жабырланышат.
Ошондуктан канаттууларды кенен жана табигый жол менен желдетилген тоок каналарда багуу талап кылынат. Тоюттандырууда болсо бир типтүү тоюттандыруу канаттуулардын мителердин таасир этүүсүнө туруштук берүүсү начар болот. Минералдык, комбитоют тар, техникалык кайра иштетүүнүн калдыктары, чанактуу өсүмдүктөрдөн даярдалган тоюттар, витаминдүү кошулмалуу тоюттар менен тоюттандырылган канаттуулардын мителердин таасир этүүсүнө туруштук берүүсү жогору болот жана ар кандай ылаңдардан сак болот. Сырткы мителердин ичинен Аргас кенеси тооктордун канын соруп тоок канада жашайт. Алардын мителөөчү мезгили май айынан сентябрь айына чейин созулат. Бул кененин максималдуу өрчүшү жайында жана күз айларына туура келет жана канаттуулардын спирохетоз оорусун активдүү жугузуучусу болуп саналат. Мындан тышкары ири мүйүздүү малдардын анаплазмоз ылаңын жуктурат жана бруцеллез, сибир килгунасы ылаңдарынын козгогучтарын ташыгычтары боло алышат.