Египет - Африканын түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Нил дарыясынын жээгин бойлой Сахара чөлү менен Кызыл деңиздин ортосунан орун алган. Күн ысык болуп, жамгыр өтө сейрек жаайт. Түштүктөн түндүктү карай дүйнөдөгү эң узун дарыялардын бири - Нил агат. Нил дарыясы Борбордук Африкадан башталып, Жер Ортолук деңизине куят. Нил дарыясынын Жер Ортолук деңизине куйган бөлүгү Нилдин дельтасы деп аталат. Дельта аймагы Төмөнкү Египеттин жүрөк толтосу болгон. Эзелки мезгилде Нил өрөөнү сууга бай, саздак аймак деген ойлор бар. Бара-бара климат өзгөрүп, суу тартылат. Африканын түндүгү кумдуу жана таштуу чөлдөргө айланат. Ошентип, Нил дельталары өздөштүрүлө баштайт.
Нилдин суусу ташкындаган кезде жээгинен алда канча алысыраак жайгашкан талааларды каптаган. Дарыя боюнда жайгашкан үй-жайларды, мал-мүлктөрдү агызып кетип турган. Суу тартылган соң, жумшак топуракка дан эгиндерин эгип, дыйканчылык кылууга ыңгайлуу болгон. Мындай жаратылыш шарттарынан улам Нил өрөөнүн байырлаган эзелки уруулар отурукташа баштаган.
Ал эми Нил дарыясынын жээгинен алыс жашаган адамдар суунун тартыштыгынан, кыйынчылыктарга туш болушкан. Египеттин чарбасынын негизин дыйканчылык түзүп, калктын көп бөлүгү дыйкан-фермерлер эле.
Нил өрөөнүндөгү түшүмдүү жерлерден түшкөн кирешелер казынаны толтурган. Ошондой эле фараондун, министрлердин жана жрецтердин да турмуш-тиричилигин камсыздаган. Дыйкандар алган түшүмүнүн бир бөлүгүн казынага берген. Бул каражат Нил өрөөнүнүн жээктерин бойлой храмдарды жана пирамидаларды курууга жумшалган.
Египеттиктердин кесиптери: жер иштетүү, мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк жана соода. Нил боюнда жашаган египеттиктердин негизги кесиби дыйканчылык болуп, калк өзүнүн башкы азыгын буудай, арпа сыяктуу дан эгиндеринен алчу. Ташкын токтоп, жер нымдуу кезинде кетмен менен жумшартып, үрөн себишкен.
Кээ бир жерде урукту чымчыктар чукуп жеп кетпеши үчүн үрөн себилген талаага кой-эчкини жайышып, алардын туягы басылган кыртыштан чымчыктар урукту чокуп жей албай калышкан. Суу жээгинен кыйла алысыраак, жери катуураак талааларда өгүздү чегип, жерди буурусун менен айдашкан. Мээ кайнаткан ысыкта талааны сугаруу үчүн арыктарды, жасалма каналдарды куруп, күзүндө эгинди оруп-жыйып алышкан. Египеттиктер дыйканчылыктан тышкары мал багып, балык уулашкан. Египеттиктер кой-эчки, чочко, ири мүйүздүү малдарды, кийинчерээк жылкыны, ошондой эле гиенди колго үйрөтүп, этин тамакка колдонушкан. Египеттиктер үчүн балык да негизги азыктардан болгон. Балыкчылар папирус жыгачынан жасалган кайыкка отуруп алып, кайырмак салып, тор жайып же гарпун (учтуу найзача) менен балык уулашкан. Алар кургатып саткан балыктар арзан жана узак убакытка сакталган.
Египетте жаратылыш байлыктары мол болгон. Нил өрөөндөрүндө акиташ, гранит, алебастр, изумруд жана акак таш, алтын, жез, малахит кендери өнүккөндүктөн, кол өнөрчүлөр жана усталар кенен пайдаланган. Кол өнөрчүлүктүн ар кыл тармактары өнүккөн. Күндөлүк тиричилик үчүн усталар менен кол өнөрчүлөрдүн мээнетинен жаралган буюм-тайым, керектүү нерселер арбын болгон. Маселен, карапачылар жасаган ар кыл кооздолгон идиштер (аяктар, кумуралар, табактар, чөйчөктөр) ар бир үйдүн ашканасында колдонулган.
Усталар жезден, колодон эмгек шаймандарын жасашкан (египеттиктер темирди колдонууну билишкен эмес). Зергерлер алтындан, күмүштөн, асыл таштардан асем кооздуктарды жараткан. Египетте соода жакшы өнүгүп, сахара чөлү аркылуу кербенчилер Түштүк Африкадан Жер Ортолук деңизинин жээктерине чейинки өлкөлөргө соода кылышкан. Соодагерлер пил сөөгүн, алтын, төө кушунун канатын жана кара кулдарды башка мамлекеттерге сатып турушчу.
"Байыркы Египет" мамлекетинде биринчи жолу мамлекеттик аппарат - өкмөт түзүлүп, бийлик бардык мамлекеттердин аймактарында ишке ашкан. Фараон Жогорку жана Төмөнкү Египетти башкарган. Ал "укугу чексиз эки аймактын башкаруучусу" деген статуска ээ болгон. Ошондой эле аны ар бир храмдын жогорку жреци деп да аташкан. Египеттиктер үчүн фараондун бийлиги асман менен жердин ортосуна тараган. Фараон элин-жерин жана мамлекеттин чек арасын коргоого жоопкерчилик менен мамиле кылган. Ал басып алуучулук согуштардын негизинде каратып алган аймактардан армия түзгөн жана алык-салыктарды алган. Фараонго чиновниктер (вазирлер, министрлер, сарай кызматкерлери, күзөтчүлөр) жардам берген. Египет аймагы номдорго (район) бөлүнгөн. Ар бир номду номарх башкарган.
Египет коомунда дин кызматкерлери, жогорку даражалуу төрөлөр, аскер кызматкерлери, чиновниктер, соодагерлер, аскерлер, кол өнөрчүлөр жана эркин дыйкандар негизги социалдык катмарды түзгөн. Эң төмөнкү жана аз сандуу катмар кулдар болгон.
Египеттин аймагы Африка континентинде түзүлгөн адамзат тарыхындагы цивилизациянын эң эзелки очокторунун бири. Египет аймагында адам баласы таш доорунда эле жашаган. Мурдагы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аңчылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер жана кушит уруулары болгон. Алардын өз ара аралашуусунун натыйжасында б. з. ч. 4 миң жылдыкта египет эли калыптанган.
Б. з. ч. 4 миң жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Египет жана Жогорку Египет падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-жылы Жогорку Египеттин падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалыкка бириктирген. Ал чеп катары Мемфис шаарын курган. Бул шаар кийин Египеттин борбору катары эсептелген. Б. з. ч. 1250-жылы Египет цивилизациясы түндүгүнөн Ассирия падышалыгына, чыгышынан Кызыл деңизге, түштүгүнөн Нубияга, батышынан Ливия чөлдөрүнө чейинки эбегейсиз зор аймакты ээлеген. Өлкөнүн аскер күчтөрү чыңдап, жоокерлерин жаа, жебе жана найза менен куралдандырган. Аскер башында фараон өзү турган.
Египеттеги эски шаарлардын бири - Фивы. Бул шаар Египет фараондорунун борбору, күн кудайы Амондун (Амон-Ра) мекени болгон. Жер Ортолук деңиздин түштүгүндө, Нилдин чыгыш жээгинде, Жогорку Египетте жайгашкан. Фивы фараондору пирамида курушкан эмес. Алар аска беттерин тешип, 200 метр тереңдиктеги күмбөз жасашкан. Күмбөздөгү сөөк коюлчу бөлмөнүн дубалын жана шыптарын сүрөттөр менен кооздошкон. Мындай күмбөздөр Муаммар кырка тоо тектеринде жүздөн ашуун кездешет. Бирок алардын баарын мурдагы убакта талап-тоноп кетишкен. Бир гана Тутанхамондун мүрзөсү толугу менен сакталып калган. Фивы шаарында кудайлар үчүн көптөгөн храмдар курулган. Карнак шаарында фараон Аменхотеп 3-нүн 18 метрлик айкели турат. Килейген ал эстеликти көргөн адам өзүн кепкенедей сезет. Фараонду аздектөө үчүн тургузулган бул айкел дүйнөнүн улуулукка болгон көз карашын чагылдырат. Аянты 5000 чарчы метр келген Карнак колонналарындай дүйнөдө эч бир зор колонна жок. Фараондордун жеңиш коштогон жортуулдарын даңазалаган сүрөт барельефтер колонналарды сүрдүү көрсөтүп, көркүн ачат. Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гизадагы пирамидалар, Фивы шаары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине катталган.
Египет цивилизациясы б. з. ч. 3000-жылы негизделип, римдер басып алганга чейин (б. з. ч. 31-жыл) өкүм сүргөн. Египет цивилизациясынын башкы жетишкендиктери: иероглиф жазуусун ойлоп табышкан, башкаруу системасын түзгөн, математика илими пайда болгон, өнөр жайы өнүккөн, жасалма сугат системасын ойлоп табышып, айыл чарбасына кеңири колдонушкан, сот системасын түзүшкөн.
Египеттин маданияты б. з. ч. 4 миң жылдыктын аягы - 3 миң жылдыктын башында калыптанып, өлкөнүн өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Эң башкы саамалык катары египеттик иероглиф жазмасы эсептелет. Ал б. з. ч. 196-жылы пайда болгон. Египет жазуусунда 750 иероглиф колдонулган. Жазуулардын жардамы менен Египет цивилизациясы, алардын диний ишенимдери, илимдеги жетишкендиктери, турмуш жөнүндө көп маалыматтар белгилүү болду. Жазуулар негизинен папирус өсүмдүктөрүнүн кабыктарына, айрым учурда курулуштун дубалдарына жазылган.
Египетте астрономия, математика жана геометрия илимдеринде ири ачылыштар болгон. Мезгилди так эсептөө аракеттери ишке ашкан. Египеттик хирургдар кишинин анатомиясын терең үйрөнүүгө умтулушкан. Айрым мезгилдерде хирургиялык операцияларды жасашкан. Мумиялаштырууну мыкты өздөштүрүшкөн. Натыйжада илгерки доордо катырылган дене сөөктөрү азыркы күнгө чейин сакталган. Айнекти да биринчи жолу египеттиктер ойлоп тапкан. Египет мектептеринде негизинен эркек балдар окушкан. Алар сабаттуу болуп, ар кыл мамлекеттик кызматтарга, катчылыкка, дин кызматкерлигине даярдалган. Ак сөөктөрдүн кыздары болсо тек гана сабаттуу болуп, чыгармаларды окуп, рухий дүйнөсүн байытуу үчүн гана окушкан.
Египетте ири шаарлар, чептер жана ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак сарайлар, өлүк коюучу жайларынын архитектурасы монументтүүлүгү менен айырмаланат. Илгерки падышалык доордо маркумдарга сыйынууга байланыштуу күмбөздөр жана пирамидалар, зыярат очогу болгон фараондордун сөөгү коюлган храмдар, обелиск, сфинкстер курулган. Египетте фараондордун жеке бийлиги күч алган. Аларды египеттиктер жер бетиндеги кудай катары санап калышкан. Фараондор өздөрүнө пирамида түрүндөгү атайын көрүстөндөрдү тургуза башташкан. Эң алгачкы пирамиданы фараон Жосер курдурган. Анын б. з. ч. 2667-2648-жылдары тепкич-тепкич болгон пирамидасы азыркыга чейин Египеттин Саккара аймагында сакталып турат.
Мемфис шаарынын жанындагы Гиза өрөөнүндө фараон Хеопс (Хуфу) үчүн курулган пирамида эң чоңдугу менен айырмаланат. Ал мындан 5000 жыл мурда курулган. Хеопс пирамидасынын бийиктиги 146,6 метр. Пирамида илгерки курулуштардын эң бийиги болуп эсептелет. Ал эми Хеопстун уулу жана мураскору Хафренин (Хефрен) Хефрен пирамидасы Хеопстун пирамидасынан 2 метрге жапыз. Хефрен пирамидасынын жанына бүтүндөй аскадан чегилип, таш күзөтчү жасалган. Ал сфинкс деп аталат. Бети адамдыкы сыяктуу, тулкусу арстандыкы. Кийин Микерин пирамидасы пайда болгон. Бул кереметтерди куруу үчүн миңдеген кулдар эмгектенишкен. Египет пирамидалары дүйнөнүн жети кереметинин бири. Эч кандай краны жок бул пирамиданын курулушу адамзаттын акыл-эсинин, турмуштук билиминин, көркөм өнөрүнүн, залкар усталыгынын зор жетишкендигин даңазалап келет. Гизадагы пирамидалар дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп саналат.
Египеттиктер адамдар менен жаратылышты башкарган - кудай деп ишенишкен. Эгерде адамдар Кудайга жагымдуу иш кылбаса, Кудай жинденип, бүткүл өлкөгө кырсык жиберет деп, кудайдан кечирим суранышкан. Алар кудайларга арнап, храмдарды курушкан. Чоң таштардан кудайлардын статуяларын чегип же коло менен чоподон кичинекей фигураларды жасашкан.
Египеттиктер кудай сүрөттөргө кирип, адамдардын суранычтарын угуп, жардам берет деген ойдо болушкан. Храмдарда кудайдын кызматчысы - жрецтер кызмат өтөгөн. Жрецтер гана Кудай менен сүйлөшө алат деп эсептешкен. Жрецтер Кудай жашаган храмдын ички бөлмөлөрүнө кирип, ыйык ырым-жырымдарды жасаган. Статуяларды жыттуу майлар менен сүртүп, кийинтип, даамдуу тамак-аштарды киргизип, артын салбай чыгышкан.
Фараондор храмдагы кудайларга бакчаларды жана айдоо жерлерди, алтын жана күмүш, көптөгөн кулдарды белек кылышкан. Бирок, ал белектерди жрецтер колдонушкан. Натыйжада жрецтер өлкөдөгү эң бай адамдардан болушкан. Египетте жалпы бир дин болбогондуктан, алар көп кудайга сыйынышкан. "Байыркы Египет" дининде бардыгы 700 кудай болгон. Египеттиктер кудайларды адам түспөлүндө элестетишкен, бирок кудайлардын баштары жаныбарлардыкындай сүрөттөлгөн. Анткени кудайлар мышык, түлкү, өгүз, арстан өңдүү жаныбарлардын кебетеси менен адамдардын арасында жүрөт деп элестетишкен. Эң чоң кудай катары Амон-Ра кудайы (Күн кудайы) эсептелген, ал таажычан, узун эки тал канаты, күн табагы бар адам түрүндө сүрөттөлгөн. Ал бардык кудайдын падышасы катары урматталчу. Асман кудайы болуп Амондун аялы - Мут, Айдын кудайы болуп, алардын уулу Хонсу эсептелчү. Талаалардын түшүмдүүлүгүн Ренепутет деген кудай аял башкарчу, ал түшүм коромжусуз жыйналганын текшерип, талаага жылан түрүндө келет деп ишенишкен.
Египеттиктер адам өлгөндөн кийин өлгөндөр падышалыгына барат деп ишенишкен. Ал жерде да жарык жана жылуулук бар, арыктарда суу агат, талааларда буудай бышып, бардыгы жердеги жашоодой болот деп эсептешкен. Бирок аякта ар кимге жашаганга уруксат берилбейт. Өлгөндөр падышалыгын чөө баштуу Анубис кудайы башкарат. Анын жанында кыргый баштуу Гор кудайы турат.
Ал өлгөндөрдү Осирис кудайынын калыс сотуна алып барат. Осирис тактыда отурган болот, маңдайына ак кийимчен маркум турат. Ал күнөөсүздүгү жөнүндө ант берет. Адамдын жүрөгүн таразанын бир табагына салышат, экинчи табагына Маат аттуу чындык кудайынын сөлөкөтүн салып, анттын чындыгын текшеришет. Таразанын теңдиги маркумдун жакшы адам болгонун белгилейт. Ал эми тирүү кезинде жаман иш кылган адамдарды, таразанын жанындагы отурган денеси арстан, жаагы крокодилдей каардуу айбан жеп алат. Жакшы адамды өлгөндөр падышалыгынын керемет талаасына өткөрөт.
Өлгөндөр падышалыгына адамдын денеси керек болгондуктан, египеттиктер өлгөн адамдын сөөгүнүн жакшы сакталышына чоң маани беришкен. Денени кургаткан соң, жука бинт менен ороп, мумиялаштырган. Мумиялаштыруу кургап калган адамдын жана жаныбардын бальзамдалып сакталган денеси.
Египетте өлгөндөрдүн денесин катырууга чоң көңүл бурушкан. Мумияланган денени саркофакка сакташкан. Ал кымбат баалуу дарак жыгачынан жасалып, жазуулар менен кооздолуп, храмдарга коюлган. Саркофакка маркумдун атын жазып, аны жамандыктан сактоону кудайдан суранган дубалар жазылган.
Мумиялаштыруу - кишинин денесин катыруу. Кургап калган адамдын жана жаныбардын бальзамдалып сакталган денеси.