Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кнемидокотоз

Баш барак | Ветеринария | Кнемидокотоз

Канаттуулардан – тооктордо, көгүчкөндөрдө, күрптөрдө, тотукуштарда жана башкаларда кнемидокоптоз тукумундагы кенелердин бир нече түрү мителешет. Алардын ичинен Кнемидокоптоз мутанс деген түрү тооктордун шыйрагынын жүн чыкпаган жеринде кабыгынын (чешуйкасынын) астында жайгашышат жана көбөйүшөт.

Өнүгүүсү. Ургаачы кенелер канаттуулардын терисинин астына жумуртка тууйт. Ал жумурткадан личинка чыгып, нимфа 1ге (протонимфага), андан кийин нимфа 2ге (телонимфага) айланат да акырында имаго пайда болот. Бул ылаңдын жайылышына тоок кананын тардыгы себепкер болот (сейилдөөчү жайдагы тоокторго караганда тоок кананын ичиндеги тоокторго тез жугат). Кене канаттуулардын шыйрагынын жүнү жок жерлерин жабыркатат. Жабыркаган жерлерде башталышында ачык көгүш катмарлар пайда болот, андан кийин акырындык менен саргыч – көгүш түстөгү, тери менен тыкыс байланышкан жалтырак катмар пайда болот. Бул катмарды сыйрыганда жылаңачтанып кан агат. Катмарлар көп ичке жолчолордон, этаж болуп жайгашышкан ичке тозмолордон турат. Кире турган жерлеринде асырэсе кенелердин жумурткалары жана бөлүп чыгарган нерселери байкалат. Катмарлашкан топтоолор менен бөтөнчө шыйрагынын манжалары жана шыймылчагынын алдынкы катмары капталган. Шыйрактары акиташ же ак топурак (глина) шыбап койгондон көрүнөт, ошол себептен акиташтуу бут (известкова нога) деп аталып калган.

Клиникалык белгилери. Котур менен ооруган тооктор шыйрагынын кычышып, дүүлүгүүсүнө дуушар болушат. Биринчи буту менен экинчи бутун тебелейт, буттарын денесине катууга аракет кылат, тумшугу менен буттарын чокулайт. Муундарынын сезгениши, фалангалары некроз болот жана манжалары ажырап түшөт. Ылаң оор өткөндө тооктордун тоютка болгон табити жоголот, жумуртка туусу токтойт жана чыгымга учурайт.

Дарылоо. Кайын чайыры (деготь) 40 градуска ысытып, бүтүн жүнүнө чейин салып, 1-2 минута кармап туруу керек. Кир самындын 6% эритмеси (1 литр сууга 60гр кир самынды эритүү), 1% карбофос эритмесин, таза нефть продуктыларын (автол, солярка, бензин, керосин ж. б.) пайдаланса болот. Бул эритмелерге тооктун бутун 1-1,5 мүнөт кармоо жакшы натыйжа берет.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 478, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу