Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Yй канаттууларынын жумуру мите курттары (Аскаридиозы)

Баш барак | Ветеринария | Yй канаттууларынын жумуру мите курттары (Аскаридиозы)

Бул мите курттар жумуру (нематода) болот да тооктордун ичке ичегисинде мителик кылат. Тооктор жана цесаркалар оорушат, кээде каздар, күрптөр да ооруп калышы мүмкүн.

Оорунун күнөөкөрү.
Жумуру курт (3 – 10 см) өңү ак саргыч болуп, үч эриндүү. Кичине тиштери бар оозу болот. Оору күзүндө, кышында күч алат. Бул мите курт тооктун ичке ичегисине жармашып алып жашайт, ошол жерден жумуртка тууйт. Жумуртка кыгы менен сыртка бөлүнүп чыгат да аны башка тооктор же өзү кайра жеп оору жугат.

Оорунун булагы
Оорулуу тооктор, таза кармалбаган тооккана жана шаймандар.

Оорунун таркатуучулары
Оорулуу тооктор, шаймандар, жем, чоп, суу, сөөлжандар ж. б. Оорунун буктурма мезгили (инкубационный период) 7 – 10 күн,

Оорунун себебин аныктоо
Митенин жумурткасын жутуп алгандан кийин (7 – 10 күн) клоакасынан ак сары суюктук чыгып, жемди начар жеп калат. Канаттары шалпайып, жүдөп, кыймылы азыраак болот, таажысы, сакалы агыш тартып калат.

Дарылоо
Пиперазин, фенотиозин, нильверм, байтрил, альбендазол ж. б. дарылары менен дарылоого болот. Дарыларды берүү өлчөмдөрү инструкцияларында.

Алдын алуу чаралары
- Тооккананы кургак кармап, бат-баттан тазалап дезинфекциялап туруш керек.
- Сапаттуу тоюттар менен тоюттандыруу.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 834, Өзгөртүлгөн: 2016-08-18, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу