Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көмүр алуудагы кеңештер

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Көмүр алуудагы кеңештер

Бул макалада комур сатып алуу процессинде эмнелерге көңүл буруу керектиги жөнүндө кеңештерди чогулттук. Комур дагы деле жөнөкөй адамдардын жашоосундагы негизги энергиянын булагы болууда жана көптөгөн жылдарга чейин боло бермекчи. А бирок көмүр алууда эмнелерге көңүл буруу керек?

Дароо айтып коёлуу бул макалада кеңештер гана берилет, отундун бул түрү жөнүндө толугураак маалымат алгыңыз келсе «Көмүр» аталган макалага баш багыңыз.

Көмүрдүн нымдуулугу

Жеке үйлөргө көмүр сатып алууда керкетөөчүлөр көмүрдүн нымдуулугуна көңүл буруусу зарыл. Сатуучунун көмүрү топурактын үстүнө төгүлгөн болсо, мындай көмүр топурактын нымдуулугун өзүнө тартып алат дагы көмүр менен кошо сууну дагы сатып аласыз, мындайдан баш тартканыңыз жакшы. Комур бетондун же темирдин үстүндө (айрыкча машинанын жүктөгүчүндө) болгону жакшы. Ошондой эле, көмүрдүн үстү жабык болуусу туура, антпесе, көмүр жаан-чачындын айынан сууну (карды) өзүнө сиңирип алат. Кургак көмүрдү салыштырып жатканда кадимкидей кара чаң көтөрүлөт, ал эми ным болсо (көбүнчө кышкысын көмүрдүн майдасы тоңуп калып, сыртынан кургактай көрүнөт, а бирок андай эмес) чаң чыкпайт же өтө аз чыгат.

Таразага тартуу

Көмүрдү сөзсүз таразага тарттырып алуу зарыл, кээ бир сатуучулар ар кандай шылтоолорду айтып болушунча таразага тартпай берүүгө аракет кылышат, мисалы: көмүр салуучу идишти толтуруп бир жолу тартат дагы, калганын болжолдуу толтуруп таразага тартпай салышат. Тонналап алганда өзүнүн жүк ташуучу унаасын чакырып, «унааны таразага тартып койгонбуз» деп телефондон таразанын сүрөтүн көрсөтөт (эч кимге көрсөтпөй тартып койгон экен да демек), а чыныгы унаанын салмагы канча экенин эч ким билбейт. Ошондой эле, кичинекей тараза бошобой жатат деген шылтоо менен атайын баш тартуу. Балким унаа чынында эле таразага тартылган болушу мүмкүн, мындай учурда айдоочу унаасына кандайдыр бир жүктү салып коюшу мүмкүн (мисалы, кошумча дөңгөлөк, домкрат ж. б.). Эгер таразага тарталы деп талап кылсаңыз, «таразанын акысын өзүңүз төлөңүз» дешет (КР керектөөчүлөр мыйзамына ылайык, ар бир сатуучунун өзүнүн таразасы болуусу милдет, болбосо таразага байланыштуу соода ишин жүргүзбөөсү керек). Адамдын көптүгүнө шылтап көмүр сатуудан баш тартуу дагы мыйзам бузуу деп саналат, анткени, ар бир ишкер ар бир кардарды мыйзам чегинде тейлөөгө милдеттүү, тейлөөдөн баш тартса, административдик айып төлөйт. Кезекке туруп товарды сатып алууга каалаган керектөөчүнүн укугу бар. Эгер кезекти бузуп, башка адамдарды өткөрүп убакытты созуктурса тейлөөдөн баш тартууга аракет жасоого жатат.

Каптарга салып көмүр саткандар көбүнчө таразасы жок сатышат, мындай учурда каптын сыртында товардын (көмүрдүн) салмагы жазылып, атайын сертификаттан өткөрүлгөн болуусу шарт. Башкача айтканда, таразага тартылганы чын, салмагы туура деген кагаз. Биз дүкөнгө барганда чай алсак дагы сыртында салмагы жазылуу болот го, ошол сыяктуу эле каптарга салынган көмүрлөр дагы таразасы жок болсо, айтылган шарттарга жооп бериши керек.

Кошумча: кээ бир сатуучулар көмүрдү таразага салып жатканда керектөөчүнүн (кардардын) башын айлантуу, күнөө сезимин козгоо максатында түрдүү психологиялык жомокторду айта баштайт, мисалы: «биз көмүрдү салып жатканда анча-мынча ашык сала беребиз, 50 грам, 100 грам кете берет, биз аны эсептебейбиз» деп — башкача айтканда, «мен эсептебейм, сен дагы эсептебей эле (таразаны карабай эле) кой» деген сөз. Дароо «ашык салбаңыз, так салыңыз» деп жооп кайтаруу сунушталат, болбосо мындай сатуучулар жакшы психолог болушуп тез эле адамды алдап кетиши толук ыктымал. Анын үстүнө бул элге жакшы көрүнүүнүн, элдин баамчылдыгын басаңдатуунун ыкмасы, психологиялык илмек. Сатуучулар ашык салса, көмүрдө ошончолук күйбөгөн таштар дагы болот эмеспи, өтө эле кыйын болуп, жасаган ишин милдет кылып баратса, ушуну эске салсаңыз болот, болбосо ар бир товар (көмүр) сатуучунун сапат сертификаты болушу керек, чыныгы көмүр сатуучуда болушу мүмкүн, а бирок, алып сатаар сатуучуда андай жокко эсе.

Эң башкысы, урушпаңыз, кыйкырбаңыз, акырын түшүндүрүүгө аракет кылыңыз, сизди тейлөөдөн баш тартса коркпостон укук коргоо органдарынын бирине (милиция, прокуратура, салык кызматы) кайрылыңыз, шылуун көмүр сатуучуларга алданбаңыз, таразаны талап кылыңыз, өз көзүңүз менен көрүңүз, көмүрдүн нымдуулугун байкаңыз, эмне көмүр экенин сураңыз, жаныңызда 1 килограмдык контролдук тараза ташы болсо андан дагы жакшы, сатуучунун таразасын текшерүүнү сурап көрүңүз, эгер баш тартса, анда баары белгилүү :)

Көмүрдүн баалары «монополияга каршы мамлекеттик агенттиги» тарабынан коюлган баадан ашпашы керек. Сиз жашаган аймактагы көмүрдүн бааларын билүү үчүн аталган агенттиктин сайтына бир баш багып коюңуз.

Көмүр алууда майдалап мүшөктөп алуу чыгымга учуратат анткени, ар бир көмүр алууда унааңызга күйүүчү май куясыз же таксиге акча төлөйсүз ошондуктан, көмүрдү кышкыга жеткидей кылып тонналап бир сатып алуу пайдалуу.

Түрлөрү

Көмүрдүн түрлөрүнө өтсөк, бул жакта «таш көмүр» сапатындагы көмүрлөрдөн тандаганыңыз жакшы (кененирээк маалыматты көмүр макаласынан караңыз). Албетте, антрацит болсо андан дагы сонун, бирок мындайлар бизде чанда кездешет. Көбүн эсе Казакстандын «Шабыркүл», «Каражыра» көмүрлөнүн күлдүүлүгү төмөн жана күйүү энергиясы жогорураак. Албетте өзүбүздүн «Кара кече», «Беш сары», «Жыргалаң» көмүрлөрүнөн алсаңыз да болот. Каллориялуулуга казактардын көмүрүнөн анча-мынча гана айырмаланат. Экономикалык жактан көмүрдүн түрүн туура тандоо кандай пайда алып келиши мүмкүн? Күйүү энергиясы төмөн көмүрлөрдү мешке тез-тез салууга туура келет, демек көмүр бат коройт дагы кайра сатып алууга туура келет, ал эми күйүү энергиясы жогору көмүрлөрдү азыраак саласыз дагы, чыккан күлү дагы азыраак, жылуулук энергиясы көбүрөөк. Суроолоруңуз болсо жазып койгула жооп берүүгө аракет кылабыз.

Жайгаштыруу: 2023-03-12, Көрүүлөр: 1750, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-09-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу