Бах аттуу музыканттардын санжырасы бир кыйла узун. 16-кылымда эле наабайчы Фейт Бах цитрада аябай берилип ойночу экен. Кийинки Бахтардын баары тең музыкант болуп, булардын музыкалык фамилиясы бүтүндөй Германияга белгилүү болгон. Ошондуктан Иоганн Себастьян Бах төрөлгөндө анын музыкант болорунан эч ким күмөн санаган эмес. Бирок, Себастьян өзүнө чейинки Бахтар гана эмес, бүтүндөй немец эли чогулткан музыкалык байлыкты өз музыкасында чагылта алат деп ошол замандагы бир да киши болжолдой да алган эмес. Себастьян өтө жаш кезинде жетим калып, улуу агасы Христофордун тарбиясында өсөт.
Агасы кырк жыл бою бир эле органда бир эле хоралды ойногон. Анын ашкере, чектен тыш токтоолугу кимдин да болбосун кыжырын келтирген. Агасы ушунчалык тажатма, тыкансынган, бир беткей киши болгондуктан ал окуткан музыка жек көрүмчүгө айланган. Бирок Себастьян башка Бахтардын үйлөрүнө да барып, агасынын маанисиз, жадатма музыкасынан башка да музыка бар экенин билип, ага бүт жан-дүйнөсү менен умтулган. Үйдөгү шамдар өчүрүлүп, агасы кызуу уйкуга кирген кезде Себастьян накта музыканын ноталары турган зор шкафты көздөй акырын жылып жөнөп, темир тосмо тордон колун салып, нота кагаздарын түтүк кылып ороп андан чыгарып алчу. Бул ноталарды бир нече ай бою айдын жарыгында көзү ооруп талыганча дептерине көчүрүп жүргөн. Мунун натыйжасында көзүн айыккыз кылып бузуп алган. Бир жолу Христофор кокустан Себастьянды кылмыш жасап жатканда көрүп коюп, анын нота дептерин алып койгон.
Баланын ыйлап, жалынып, жалбарганына да караган эмес. 25 жыл өтүп, агасы өлгөндөн кийин гана дептерди Себастьянга кайра беришкен. Бирок ага эми мунун кереги жок эле. Себастьян 15 жашынан өз алдынча жашай баштаган. Ал хор ырчысы, оркестрде скрипкачы, чиркөөдө органчы болуп иштеп, бош убактысында музыка жазган. Ошол мезгилдеги коомго Бахтын музыкасы жаккан эмес. Ак сөөктөр анын чыгармаларынын тереңдигин жана олуттуулугун түшүнүшпөгөн. Чиркөө кызматкерлери бул музыканы өтө эле жандуу, адамды өтө эле толкундатып, жан-дүйнөсүн ашкере козгогон музыка деп эсептешкен.
Ал эми Себастьян Бах турмушунун начарлыгына карабастан чиркөө кызматкерлерине да, ак сөөктөргө да жагууга аракеттенген эмес. Ал көп сандаган музыкалык чыгармаларды жараткан. Алардын ичинен эң ирилери: хор, солисттер жана симфониялык оркестр үчүн жазылган ораториялар жана кантаталар, чиркөөдө хор менен ырдалуучу ыр - мессалар, бий ритмдеринин негизинде жазылган, бири биринен кескин айырмаланган төрт бөлүктөн турган музыкалык чыгарма - сюиталар, ар түрдүү музыкалык аспаптар үчүн жазылган күү-пьеса - прелюдиялар, көп үндүү өтө татаал чыгарма фугалар, орган үчүн жазылган, тез ойнолуучу, кайрыктары ачык, так күү - токкаталар.. Жүздөгөн, миңдеген кайталангыс ажайып кайрыктар. Кийинки урпактар да Себастьян Бах калтырган эң сонун кенчти дароо эле туура баалай алышкан жок. Бах өлгөндөн кийин жүз жылча анын музыкасын эч ким эстеген эмес. Ага биринчи болуп немец композитору Мендельсон кайрылып, кайрадан өмүр берген.
Мына ошондон бери Бахтын музыкасы ар бир музыканттын репертуарынан бекем орун алып келатат. Дүйнөдөгү бардык музыкалык мектептерде балдар Бахтын чакан күүлөрүн окуп үйрөнүшөт.