Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

22-апрель эл аралык жер күнү

Баш барак | Күндөр | 22-апрель эл аралык жер күнү
22-апрель Эл аралык жер күнү

Жыл сайын 22-апрелде жөн гана чоң эмес, а чындыгында глобалдуу майрам - Эл аралык (бүткүл дүйнөлүк) Жер-Эненин - жалпыбыздын жайлуу үйүбүздүн күнү (International Mother Earth Day) белгиленет.

Майрам 2009-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 63-сессиясында кабыл алынып (№ A/RES/63/278 резолюциясы, автору БУУнун мүчөлүгүнө кирген 50дөн ашык мамлекет), 2010-жылдын 22-апрелинен баштап белгиленип келет.

Генералдык Ассамблеянын 63-сессиясынын төрагасы Мигель д'Эското Брокман жарыялагандай, резолюцияда бул Эл аралык күндү жар салуу Жер жана анын экосистемалары биздин үйүбүз болуп, адамзатты жашоо менен камсыз кылат, ошондой эле айлана-чөйрө жана өнүгүү боюнча 1992-жылы Рио-де-Жанейро шаарында БУУнун Конференциясында кабыл алынган милдеттерди тастыктайт. Ошондуктан, азыркы жана келечектеги муундардын экономикалык, социалдык, экологиялык керектөөлөр арасында адилеттүү баланска жетүү үчүн Жер планетасы менен жаратылыш ортосундагы шайкештиктин болуусуна жардам берүү керек.

Резолюцияда белгиленгендей, "Жер-Эне" термини көп мамлекеттерде колдонулуп, планетанын, экосистеманын, адамдын бири-бирине көз карандуулугун чагылдырат. Генералдык Ассамблея БУУнун мүчө мамлекеттерине, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын бардыгына "Эл аралык Жер күнүн" белгилөөнү сунуштап, майрам жыл сайын көптөгөн мамлекеттерде белгиленип келе жаткандыгына көңүл бурат.

Түндүк жарым шарда Жер күнү жазында, а Түштүк жарым шарда күзүндө белгиленет. Бул бүткүл дүйнөлүк акциянын негизги максаты коомчулуктун жана планетанын ар бир адамынын көңүлүн Жердин көйгөйлөрүнө, анын айлана-чөйрөсүнүн көйгөйлөрүнө буруу болуп саналат жана планетаны сактап калуу үчүн адамзаттын алдында турган оор тапшырмаларды билүүгө шарт түзөт.

22-апрель күнү жер күнүн белгилөө салты 1970-жылы АКШ да жаралган. 1990-жылы бул күн эл аралык акцияга айланган. Жыл сайын бул күн кандайдыр бир темага арналат. А 2016-жылы Жер күнүн майрамдоо 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында бардык 196 тарап кабыл алган БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын чектик конвенциясы тууралуу Париж макулдашуусуна кол коюу салтанаты менен дал келген. Бул макулдашуунун негизинде мамлекеттер бирдиктүү иш-аракеттер менен орточо температураны 2 градус цельсиядан аз көрсөткүчкө чейин чектөө, олуттуу таасирлерин эске алуу менен 1,5 градус цельсияга умтулууга макулдашылган.

Биздин Жерибиз кандай?

Жер планетасына болжол менен 4,5 миллиард жыл болгону эсептелген. Эгер сиз экватор аркылуу кадам таштап, Жерди айланып басып өтөм десеңиз, анда болжол менен 40010км узундуктагы жолду басууга туура келет. Сырткы катмарынан борборуна чейинки аралык 6378 чакырымга барабар. Ошондо да чыныгы катуу катмар (литосфера) болгону 70 чакырымдай, а андан ылдый тереңдегенде биз жарым суюктук жана суюктук абалдарын байкайбыз.

Биздин жер
Жер макаласын караңыз

Калифорниядагы Өлүм Өрөөнү жана Ливияда жайгашкан Эль Азизия деп аталган өрөөн Жердеги эң ысык жерлер рекордун кармап турушат. Эль Азизиянын рекорду - 57,8 градус (1922-жылдын 13-сентябры), Өлүм Өрөөнүнүн рекорду - 55 градус (1913-жылдын 10-июлу).

А Жердеги эң суук аймак болуп Антарктика табылган - 1983-жылдын 21-июлунда Антарктикадагы "Восток" изилдөөчү станциясында -89 градус катталган.

Биздин Жер минералдарга укмуштуудай бай - окумуштуулар 4000ге жакын минералдардын түрлөрүн классификациялашкан, алардын болжол менен 200ү жашоодо колдонулат. Жыл сайын минералдардын 50-100 түрү ачылат.

Жердин бир табигый спутниги бар - куралданбаган көз менен көрүүгө мүмкүн болгон Ай.

22-апрель "жер күнү", күн-түн теңелүү күнүндө белгиленүүчү жер күнү сыяктуу эле планетабыздын бардык булуң-бурчунда жашаган ар бир жашоочусуна биздин жалпы үйүбүзгө ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жыл сайын дүйнө жүзүнүн окумуштуулары глобалдуу экологиялык маселелерди талкуулоо үчүн бул күнү тегерек үстөл үстүнө чогулушат. Ар кайсы мамлекеттерде кайсы бир темага арналган түркүн иш-чаралар жана акциялар уюштурулат: конференциялар, көргөзмөлөр, ири шаарлардын жанданган көчөлөрүндө унаа кыймылын токтотуу, аймакты тазалоо, бак отургузуу.

Кыргызстанда "эл аралык жер күнү" салттуу түрдө түркүн экологиялык иш-чараларды жана акцияларды өткөргөн коомдук уюмдардын күнү болуп саналат. Бул күнү бардык каалоочулар өзүлөрүнүн короолорун, көчөлөрүн көрктөндүрүү жана жашылдандырууга катыша алышат.

Жайгаштыруу: 2020-04-12, Көрүүлөр: 2793, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо