Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

Баш барак | Күндөр | Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү — дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөлөрүндө белгиленүүчү маданий иш-чара, майрам.

Мазмуну
Китеп күнү

Жалпы маалымат

1995-жылдын 15-ноябрында мамлекеттер жана улуттар арасында кызматташууну кеңейтүү миссиясынын алкагында БУУнун билим берүү, илим жана маданият боюнча атайын мекемеси ЮНЕСКО (англисче United Nations Educational, Scientific and Cultural Organization) тарабынан, мекеменин 28-сессиясындагы №3.18 резолюциясы менен «23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп жарыялаган (англисче World Book and Copyright Day).

Ошол күндөн тарта (тагыраак 1996-жылдан) китеп күнү белгиленип, басма адабиятка сый-урмат көрсөткөн мамлекеттердин саны көбөйүп келет.

Чечим кабыл алууда «Китеп күнүн» өткөрүүдө тажрыйбалуу бир катар өлкөлөрдүн жана уюмдардын тажрыйбалары эске алынган.

23-апрель күнү кокусунан тандалган эмес. 1926-жылы эле Испаниянын королу Альфонсо XIII өлкөдө «Испан китеп күнүн» белгилөө боюнча декретке кол коюп, бул күн 23-апрель күнү болот деп чечишкен. Бул күндү жазуучу Испанияда Мигель де Сервантестин, Британ аралдарында атактуу Уильям Шекспирдин каза болгон күнү менен байланыштырышат.

Барселонада Испан китеп күнү Ыйык Георгийдин урматына арналган майрам менен туш келет. Бул Каталониянын эң сүйүктүү майрамы. Эр жүрөк Георгий каардуу ажыдаарды өлтүрүп, канзааданы куткарып калат, ал эми ажыдаардын жүрөгү кызыл розага айланат имиш. Ошондуктан жыл сайын 23-апрелде Барселона шаары ушундай түстөгү гүлдөргө толот. Ал эми 1926-жылы бул майрамда өткөрүлүүчү салттуу жарманкеге чоң китеп жарманкеси дагы кошулган. Ошентип, бул күнү ким китеп сатып алса, ага кызыл роза берилет деген салт жаралган.

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү коомчулукту окууга чакыруу жана Африка менен Азиянын жарды өлкөлөрүндөгү адабияттын жеткиликтүүлүгүн жайылтуунун, ошондой эле, агартуунун себеби болгон. Бул коомдогу болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматтуулукту жогорулатуунун күчтүү аспабы.

Китеп борбор шаары

2001-жылы ЮНЕСКО жыл сайын бир жылга бүткүл дүйнөлүк китеп борбор шаарын тандоону киргизишкен. Эң биринчи Мадрид шаары, китеп борбор шаары болуп тандалганы таң калыштуу деле болбосо керек.

Борборду тандоо комитетине ЮНЕСКОнун өкүлдөрү жана үч эл аралык профессионалдык китеп басып чыгаруучу уюмдар кирет — Эл аралык басма бирикмеси, Эл аралык китепканалык ассоциация жана мекемелер федерациясы, ошондой эле, Эл аралык китеп сатуучулар федерациясы.

Бул наамды берүү шаарлардын китеп басуу ишинин жана окуунун өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө болгон каалоосунун күбөсү, ошондой эле, китеп басуудагы негизги өнөктөштөр ортосунда кызматташуусу. Жылдар боюнча бардык китеп борбор шаарлары:

Ошондой эле, ЮНЕСКО жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн белгилүү бир темасын дайындайт. 2023-жылы — бул «Жергиликтүү улуттардын тилдери» (тактоо).

Китеп күнү жана иш-чаралар

Китеп — бул маданий ар түрдүүлүк дүйнөсүнө жол, убакыт жана мейкиндикте түрдүү цивилизацияларды бириктирген көпүрө.

Учурда (2023), китеп күнүн жүздөн ашык өлкөлөрдө жүздөгөн түрдүү ассоциацияларга бириккен мектептерде, мамлекеттик жана жеке мекемелерде миллиондогон адамдар белгилешет. Бул майрам түптөлгөндөн бери бардык континенттердеги ар кандай маданияттарга таандык болгон көп сандаган адамдарды китептердин досторуна айландырды; ошондой эле ал, автордук укуктардын корголушун бекемдеген.

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөөдө адамдар китепти сактоого жана ар бир мамлекеттин маданиятын сыйлоого көңүл буруусу керек. Анткени, китеп — адамзаттын маданий мурасын коргоодогу жана байытуудагы аракеттердеги эң мыкты жардамчы.

Ошондуктан, бул күнгө арналган түрдүү демилгелердин жана иш-чаралардын саны өсүп, географиясы кеңейүүдө. Көптөгөн өлкөлөрдүн арасындагы эң белгилүү иш-чаралар — китеп жарманкелер жана көргөзмөлөр, эл алдына чыгып дүйнөлүк адабият классиктеринин чыгармаларын окуу жана түрдүү маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар саналат.

Кыргызстанда

Кыргызстанда китеп күнү өкмөттүн 2002-жылдын 1-апрелиндеги №189 токтому 23-апрелди жыл сайын өткөрүлүүчү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү жана өз ара улуттар маданиятын активдештирүү, китеп ишмердүүлүгүн жана китеп соодасын өнүктүрүү жөнүндө ЮНЕСКОнун Генералдык Конференциясынын Резолюциясын эске алуу менен бекитилген.

Кыргызстандагы китеп басуу, биринчи кыргыз тилиндеги басма уюмдар калыптанганда, тагыраагы 1920-жылдардын ортосунда башталган.

Кыргызстандын китеп басуусу Ишенаалы Арабаевдин ысымы менен тыгыз байланыштуу. Арабаевдин ишмердүүлүгүнүн артынан 1911-жылы Молдо Кылычтын «Зилзала» чыгармасы Казанда басылып чыккан, ошол эле жылы Уфада кыргыз жана казак балдарды үчүн алиппе чыгып, бир жылдан кийин (1912) Оренбургда Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү» китеби чыккан.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштери боюнча башкармалыктын биринчи чогулушунда «Кыргызмамбас» басмаканасы түптөлгөн. Ал эми 1966-жылы ишке киришкен Кыргыз полиграфиялык комбинаты Республиканын китеп басуу ишинин өнүгүүсүндө жаңы баскычты ачкан.

Өлкөдөгү эң ири китептер сакталган жер — Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Анын фонду — 89 тилдеги дүйнө элдеринин 6 миллиондон ашкан документтери (бул маалымат 2023-жылга карата эскирген болушу мүмкүн). Күн сайын китепканага 1300дөн ашык окурмандар келип (илимий ишмерлер, журналисттер, студенттер ж. б.), билимдин бардык тармактары боюнча 300 миңден ашык маалымадамаларды ишке ашырат.

23-апрель күнү Кыргызстандын бардык маданий мекемелеринде, мектептерде, жогорку окуу жайларда, массалык маалымат каражаттарында ар түркүн китепке байланыштуу иш-чаралар өтөт.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-04-24, Көрүүлөр: 1270, Өзгөртүлгөн: 2023-04-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо