Чанактуулар (Fabaceae, Legumi nosae) — эки үлуштүү өсүмдуктөрдүн тукуму. Жан жалбырактуу татаал жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү чачы, машак же башча топ гүл гө чогулган. Чөйчөкчө жалбыракчалары биригип өскөн. Ботаника илими изилдейт.
Желекчеси 5, үстуңүкусү ири (желеги же парусу), 2 кичирээк каптал желекчеси калакчаны же канатты, андан кичирээк экөө кайыкчаны түзөт. Аталыктары (10, кээде 9—5) биригип өсөт, энелиги 1. Мөмөсү чанак.
Чанактуулардын 500 урууга кирген 12000 түрү бардык жерде таралган. Алар бир жана көп жылдык чөп, жарым бадал, бадал, лиана жана чанда дарак түрүндө кезигет. Кыргызстанда 54 уруунун 370тей түрү бар. Алардын тамырында атмосфера азотун топтоочу түймөкчө бактериялары болот.
Көбу (уй беде, беде, шалбаа буурчагы ж. б.) баалуу тоют. Чанактуулардын уругунда белок көп болгондуктан андан тамак-аш продуктула (буурчак, төө буурчак, соя, жер жаңгак ж. б.), май (жер жаңгак, соя), баалуу жыгач боёочу зат ж. б. алынат. Кээси дары-дармек (мис, Кызыл мыя), кооздук үчүн өстүрүлөт (ак акация ж. б.). Чанактуулардын отоо чөп жана уулуу түрлөрү да бар.
Өсүмдүктөр дүйнөсү төмөнкү жана жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр дүйнөчөсүнө ажырайт.
Төмөкү түзүлүштөгү өсүмдүктөр органдарга диффиренцияланган эмес. Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн денеси вегетация жана репродукция органдарынан турат.
Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр дүйнөчөсү өз ичинен жылаңач жана жабык уруктуу өсүмдүктөр бөлүмүнө бөлүнөт. Жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн уруктары аты айтып тургандай эле сыртта болот, жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн уруктары мөмөнүн ичинде болот, мисалы, алма, өрүк, алмурут ж.б.
Жабык уруктуу өсүмдүктөр өз ара бир жана эки үлүштүү өсүмдүктөр классына ажырайт. Бир үлүштүүлөргө: лилия, дан гүлдүүлөр тукуму кирип, эки үлүштүү өсүмдүктөр классына: кайчылаш, атыр гүлдүүлөр жана чанактуулар тукуму кирет.
Бир үлүштүү жана эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги белгилери:
уруктары | урук үлүш | тамыр системасы | жалбырактарынын тарамыштанышы | |
---|---|---|---|---|
Эки үлүштүүлөр | 2 бөлүктүү | Эндосперм жок, запас азыктар урук үлүшүндө | Өзөктүү тамыр системасы | Торчо |
Бир үлүштүүлөр | 1 бөлүктүү | Урук үлүшүнүн үстүндө эндосперм аталган запастык азык заттарды топтоочу ткань | Чачылуу тамыр система | Дого жана паралеллдүү |
Чанактуулар тукуму эки үлүштүүлөр классы болуп эсептелинет. Алар: буурчак, жер жаңгак, ак акация, беде, төө буурчак ж.б.
Мисал катары буурчак өсүмдүгүн алсак, анын вегетациялык органдарына: жалбырактар, сабактар, тамыры кирет. Булар өсүмдүктөрдүн өсүүсүн, тиричилигин камсыз кылат. Ал эми репродукциялык органдарына: гүлү, мөмөсү, уруктары кирет. Алар өсүмдүктүн көбөйүүсүн, өрчүшүн, таралышын камсыз кылган органдар.
Чанактуу өсүмдүктөрдүн тамырында кандайдыр бир бүртүкчөлөр болот, булар алардын тамыр түймөктөрү аталып, ичинде азот топтоочу бактериялар жайгашкан. Бактериялар өсүмдүктүн тамырынын түкчөлөрү аркылуу кирип, учунда өсүндүлөрдү же тамыр түймөкчөлөрүн пайда кылып, атмосферадагы азотту азоттун туздарына ниттриттерге жана нитраттарга айландырат. Бактериялар менен буурчак симбиоздо ушинтип жашашат.
Буурчактын мисалында айтсак, булардын сабактарынын механикалык ткандары начар болгондуктан, тик туруп өсө албай, мурутчаларынын жардамы менен бир нерсеге жармашып өсүшөт. Негизи эле эгилме буурчактардын сабактарын жатма сабактар дешет.
Башында айткандай, репродукция органдарына буурчак мисалында анын гүлдөрү, уруктары, мөмөлөрү киргендиктен гүлү жөнүндө айтсак. Кош гүл коргондуу болуп, гүлүнүн чөйчөкчөсү, желекчеси да бар. Чөйчөкчөсү жашыл түстө болуп, ал жерде фотосинтез процесси жүрүп, назик органдарын коргоо функциясын аткарат. Желекчелери болсо гүлдүг таажысын түзүп, алдындагы эки желекче биригип кайыкчаны түзөт. Капталдагы желекчелер калакча аталат. Ал эми үстүңкү желекчеси парус болот. Энелик органы болсо жыныс органына кирип, бирөө. Аталык органы болсо 10ноо болот. Ал оноонун 9у биригип өсүп түтүкчөнү пайда кылып, анын ичи нектарга толуп, бирөө өзүнчө жайгашат.
Буурчактын гүлү зигоморфтуу же туура эмес гүл. Анткени, эгер гүлү аркылуу бир симметриялуу огун жүргүзүп аны эки окшош бөлүккө бөлүү мүмкүн болсо, мындайларды зигоморфтуу гүл деп айтабыз.
Чанактуулар тукумунун өкүлдөрүнүн гүлдөрү өз алдынча же жеке жайгашпастан топ гүлдөрдү дагы пайда кылат. Алар чачы жана башча болуп бөлүнөт. Башкы гүл сабында саптуу каптал гүлдөр кезектешип жайгашса муну биз чачы деп атайбыз. Башкы гүл сабында каптал гүлдө сапсыз болуп жайгашса башча дейбиз.
Бул өсүмдүктөрдүн чанактуу деп аталып калганынын себеби, дал ушул мөмөсүнүн аталышына жараша болуп калган. Анткени, мөмөсү кургак болуп чанак деп аталып, бышкан кезде ачылат.
Чанактуу өсүмдүктөр жаратылышта, адамдын жашоо тиричилигинде абдан маанилүү. Өсүмдүктөр этти алмаштыруучу өсүмдүктөргө кирип, белокторго бай келет. Бул өсүмдүктөрдү айдаган жердин топугары азотко байыйт. Мындан тышкары уй беде, сары беде, эспарсет сыяктуу өсүмдүктөр бодо малга тоют өсүмдүктөрү катары колдонулуп, беде айдалган жерлер семирет. Чанактуулардан чийки заттар дагы алынат, мисалы боек заттары. Чанактуулар тукумуна кирген кампеш дарагынан кадимки кара сыя боёгу алынат. Дары-дармектер жасалат.