Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курманжан датка

Баш барак | Биографиялар | Курманжан датка

Курманжан датка (Курманжан Маматбай кызы, 22-май 1811-жыл — 1-февраль 1907-жыл) — кыргыз мамлекеттик жана аскер ишмери, 1832 — 1876-жылдары Алай кыргыздарынын кол башчысы жана жетекчиси. Ошондой эле «Алай ханышасы», «Тоо ханышасы», «Түштүк ханыша» жана «Журт энеси» аталышта белгилүү. Кокон хандыгында жана Бухара эмирлигинде датка (ханыша) наамына ээ болгон. Россия императорлук армиясынын полковниги (1876).

Мазмуну
Курманжан датка
Курманжан датка
Төрөлгөндөгү атыКурманжан Маматбай кызы
Туулган датасы1811-жыл, 22-май
Туулган жериКыргызстан, Ош облусу, Алай району, Орке (Орок) айылы
Өлгөн датасы1907-жыл, 1-февраль (96 жаш)
Өлгөн жериРоссия империясы, Фергана облусу (учурдагы Ош облусу), Ош шаарынын жанындагы Мады айылы
АтасыМаматбай
ЖубайыАлымбек датка
БалдарыАбдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Батырбек, Камчыбек
ИшмердүүлүкАлай ханышасы, дипломат, аскерий жана коомдук ишмер
ӨлкөКокон хандыгы, Россия империясы, Кыргызстан

Бийликке жол

Көчмөн элдерде байыртадан эле аялзатынын ролу үй турмушу менен гана чектелип келбестен, эркектер менен катар эле эл башкарып, керек болсо колуна кылыч алып, душманга каршы аттанган баатыр кыздары тууралуу эпостордон, легендалардан, тарыхый китептерден окуп-билсеңер керек. Алардын катарында акылмандыгы, адилеттүүлүгү менен эл башкарып, Алай ханышасы деген ардактуу наамга татыган — Курманжан датка турат.

Курманжан Маматбай кызы Алай тоолорунун Ош шаарынын жанындагы Жапалак айылына караштуу Орке кыштагында (айылында), Ош аймактарын ээлеген Муңгуш көчмөн кыргыздар уруусунда туулган. Ханыша жарык дүйнөгө келгенде Курман айт майрамы болгондуктан Курманжан ысымы берилген деген аңыз кеп бар. 18 жашка чыкканда Курманжандын ата-энеси кыздан үч эсе улуу болгон Төрөкул бийдин уулу Кулсейитке турмушка берет. Эл арасында атылган аңыз кептерге караганда, тойдун алдында Курманжан энесине мындай дептир: «Мен кыз болсом дагы, адаммын да. Силер менин ата-энем болуп туруп, мени буюм катары берүүгө жана мен үчүн калың алууга акыңар жок. Силер айткандай каада-салттарды кудай ойлоп тапкан эмес, аны адамдар ойлоп чыгарышкан. Мен дагы жандуу адаммын. Менин жүрөгүм жана жан дүйнөм бар. Мен Кулсейитти сүйбөйм». Барган жеринен ал салтка баш ийбей, өз атасы Маматбайдын үйүнө кайтып келип, ал жакта үч жыл жашайт.

1832-жылы алай феодалы, алай кыргыздарын башкарган бек, датка наамынын ээси Алымбек датка Курманжанды нике келишиминен бошотуп, аны мыйзамдуу аялдыкка алат. Курманжан менен Алымбек экөө беш балалуу болушуп, күйөөсүнө табылгыс жардамчы жана кеңешчи болот. Никеси 29-жылга созулуп күтүлбөгөн жерден үзүлөт: Кокон хандыгындагы көптөгөн кан сарайлык чагымдарга катышкан Алымбек 1862-жылы бир кан сарайлык төңкөрүштө туткунга түшүп, өлтүрүлгөн. Башкаруу анын элүү жаштагы жубайына өтөт.

Курманжан датка алайлыктардын сый-урматына гана ээ болбостон 10 миң жигиттен турган аскерлерге ээлик кылган. Кокон ханы Кудаяр алайлык кыргыздарды өзүнүн букаралыгы деп жарыялап, аларга салык салганда, Курманжан ханыша ага каршы болуп, кыргыздарды салыктан бошотууга, ошондой эле өзүн Алайдын жаңы башкаруучусу катары таанып билүүгө, «датка» наамын берүүгө ынандырат (аргасыз кылат). Өзүнүн текебердүүлүгү менен белгилүү болгон хан Курманжан датканы белгилүү бек катары тосууга аргасыз болгон — Орто Азияда биринчилерден болуп жана бүткүл чыгыш мусулмандыкта аял заты үчүн официалдуу кабыл алуу уюштурулган. Бухаранын (Борбордук Азиядагы байыркы шаар) эмири Музафар дагы алайлык ханышаны тааныйт: ал Курманжанга «датка» наамын берген экинчи башкаруучу болгон. Бүгүнкү күндө Курманжан датка мусулман өлкөлөрүнүн башында турган саналуу аялдардын категориясына кирет.

Ошол кезде Курманжандын штабы анча чоң эмес Гүлчө айылында болгон. Түркстанда саякаттап жүргөн, ошондой эле кыргыз жигиттеринин коштоосунда Алайга барган орус окумуштуусу Алексей Павлович Федченко «Курманжан датка зор авторитетке ээ экенине ишендим, биздин коштогон жигиттер ал жөнүндө өтө урматтоо менен айтып да жатышты» деп белгилейт. Моюн сунбас кыргыз элин башкара алгандыгын баалап, Алай ханышасына кокон хандары да этияттык жана сый-урмат менен мамиле жасашкан.

Курманжан датка иллюстрациялык портрет
Курманжан датка иллюстрациялык портрет

Россия экспансиясы

Каршылык

1876-жылы орус аскерлери Кокон хандыгынын аймагына кирип келип, аны басып алышат. Ошону менен бирге түштүк кыргыздар аймагы, негизинен Алай багынбастан калат. Курманжан жана анын беш баласы, «ак падышанын» Алай аймагында пайда болгонун терс кабыл алып, аларга каршылык көрсөтүүнү көздөп, формалдуу түрдө алайлык кыргыздардын орус аскерлерине каршы күрөшүүсүндө башчы болот.

Абдылдабек, Мамытбек, Асанбек, Батырбек жана Камчыбек — Алымбек жана Курманжандын балдары түштүк Кыргызстандын тоолук аймактарында орун алып, Памир-Алай аймагына кирген орус бөлүктөрүнө каршы күрөш жүргүзө баштайт. Курманжан датканын уулдары баштаган бир жарым миң жигиттер Гүлчөдөн 25 чакырымдай аралыкта жайгашкан Жаңырык бийик тоолуу, татаал жеткиликтүү болгон аймакта орун алып даяр турушат. 1876-жылдын 25-апрелидне бир күнгө созулган кыргыздар менен орус аскерлеринин ортосундагы масштабтуу биринчи кармашы болот. Орус аскерлери кыргыздарды ээлеген позицияларынан сүрүп чыгарат: чоң жоготууларга учураган алайлыктар артка чегинүүгө аргасыз болот.

Кармаш учурунда Курманжан датка айыл эл менен Кашкардан тышкаркы Көк-Суу өрөөнүнө көчүп барат, бирок ал жерден алсыздыгын пайдаланып көчмөн уйгурлар тарабынан талкаланат. Мал-жандын көпчүлүгүн жоготуп кыргыз ханышасы Афганистанга кетүү максатында Алайга кайтат. Бул аракет ишке ашпай калат: 1876-жылдын 29-июнунда Шабдан баатырдын бөлүктөрү Курманжан даткага кезигет. Курманжандын алайлык кыргыздарга болгон чоң таасирдүүлүгүнөн улам князь Пётр Христианович Витгенштейн Маргалаңдагы штабына өзгөчө кадырлоо менен узатып барган. Ага толук кол тийбестик жана коопсуздук кепилденген.

Россия менен келишүү

Штабда Курманжан датканы Фергананын биринчи аскер губернатору, орус-түрк согушунун келечектеги баатыры Михаил Скобелев кабыл алат. Орус генералы салттуу чыгыш үрп-адатты сактап, таттуу даам ооз тийтип, «ханыша» деп атап мамиле жасаган, жана Курманжан менен сүйлөшүү легендага ылайык төмөнкүдөй сөздөр менен башталган: «Эр жүрөк жигиттердин энеси, мени да өз балаңдай эсепте», бул сөздөр Курманжан даткага өтө сый-урматтуу сөздөр болот. Баарлашуудан кийин генерал өз колу менен «Түштүк ханышасына» парча халат жабат. Датка балдарынын каршылык көрсөтүүсүн токтотуу тууралуу Скобелевдин суранычына макул болуп, бирок макулдугунун ордуна тарапташтарынын бардыгына, биринчилерден балдарына ырайымдык кылуу убадасын, ошондой эле жаңы уюшулган генерал-губернаторлук Түркстан болуштуктарына балдарын башкаруучу кызматтарына коюууну сурайт. Генерал макул болот, ошондо Курманжан датка официалдуу түрдө алайлык кыргыздардын жерлерин Россия имериясына кошулгандыгын жарыялайт. Бул үчүн Россия өкмөтү ага полковник чинин берет.

Россияга кошулгандан кийин Алайдын аймагында беш болуштук калыптанган, алардын төртөө: Кичи-Алай, Ноокат, Гүлчө жана Өзгөн — Курманжан датканын шартына ылайык балдары Камчыбек, Мамытбек, Асанбек жана Батырбектин карамагына өткөн. Алайга ханышанын улуу уулу Абдылдабек гана келген эмес. Ал Меккеге зыяратчылыкка кетип, жолдогу кармашта жарадар болуп, жараатынан каза болот.

Кийин Курманжан датка Россия өкмөтү менен ынтымак мамилени түзүүнү көздөйт. Буга көбүн эсе кыргыздардын арасында кадыры өскөн Шабдан баатыр түрткү болот.

Россиянын курамындагы саясат

«Ушул тынч мезгилде кийинкидей сөздөрдү айткым келет: менин элим, мен жана менин туугандарым силерге каршы чыгууга кутум жасаган эмес. Биз тараптан эч кандай зыян жок. Эгер элим жаман нерсе жасаса, чыккынчылык кылса, күнөөлүлөр катуу жазаланат, өзүм болсо, күнүм бүткөнчө уятка калам…» — Маматбай кызы Курманжан (Михаил Ионовго жазган Курманжандын катынан орус тилинен жеке которуу, кыргыз тилиндеги каты айырмаланышы мүмкүн).

Курманжанды жеке тааныган Россиянын саясый жана аскер ишмерлери: Лев Костенко, Михаил Ионов, Константин Кауфман — анын турмуштук айкөлдүгүн жана мекендештери арасында өзгөчө сый-урматка ээ экендигин белгилешет. Көптөгөн чиновниктер Даткадан кеңеш алуу үчүн жеке кайрылып турушкан. Курманжан датка Ош уездинин биринчи начальниги — майор М. Е. Ионов (кийинчерээк — полковник) менен көп жылдар бою достук мамиледе болуп, кат алышып, белектер жана сүрөттөрдү беришип турган.

1881-жылы түркстан губернатору Кауфман аскер министри Дмитрий Милютин алдында Курманжан датка 1876-жылы Кашгардын чек арасында мүлкүнүн көпчүлүгүн жоготуп, кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандыгына байланыштуу жыл сайын 500 рубль өлчөмүндөгү пенсия бөлүп берүү жөнүндө ходатайство жасайт. Бирок финансы министрлиги Датканын өкмөт тарабынан берилүүчү пенсияга укугу жок, андан тышкары анын киреше булагы боло турган жер тилкеси бар деп чечим кылат. Ушуга байланыштуу пенсиясынын өлчөмү 500 рубльдан 300 рубльга чейин кыскартылган.

Орус аскерлеринин памир жүрүшүндө Курманжан датка Михаил Ионовдун отрядына азык-түлүк жеткирип турууга өзүнүн адамдарына буйрук берген. Ал өзүн муруңку Кокон хандыгынын аймагындагы көптөгөн көтөрүлүштөрдө да россиянын же нейтралдык позицияны тандап, этияттык менен алып жүргөн.

Жалгыздык

Камчыбектин камалышы жана өлүмү

1893-жылы Курманжандын баласы — Камчыбекке орус бажысынын корукчусу эки кайратуучунун коштоосунда Камчыбек Кашкар аркылуу Афганистандан контрабандалык жүк алган деген маалымат менен тинтүүгө келет. Камчыбек ал убакта Ошто болчу. Бажычылар анын жубайынын чачында кымбат баалуу буюм катылган деген шылтоо менен чачын кесип кемсинтишет, Камчыбектин кызматчысы Акбалбан ага билдирбестен өч алууну чечип, корукчуну жана эки кайтаруучусун өлтүрүп салат.

Датканын улуу баласы Алымбектин баласы Карасакал Камчыбектин Оштон Алайга бир түндө барып келе турган жоргосу бар деп айтып коёт. Жоргону текшере келгенде ошондой болуп чыгат. Бул Камчыбекке каршы болгон негизги далил болуп калат. Камчыбек менен кошо агасы Мамытбек, жээни Арстанбек, небереси Мырзапаяс жана кызматчысы Акбалбанды контрабанда, ошондой эле бажы чиновниктеринин өлүмүнө шектүү деген айып менен камашат. Өкүмдү күтүп алар эки жыл түрмөдө жатышат. Бул иш боюнча бардыгы 21 адам камалган.

Курманжан датка Маргалаңдагы генерал-губернатор Повало-Швейковскийге (Александр Николаевич) барып, балдарына жана неберелерине ырайымдуулук кылууну сурап кайрылат. Ал Мамытбек, Арстанбек жана Мирзапаясты өлүмдөн алып калат — өлүм жазасынын ордуна Иркутск губерниясына оор жумушка айдалат. Жакшы көргөн уулу Камчыбекти куткара албай калат. 1895-жылдын 3-мартында Камчыбек менен Акбалбан Ош шаарынын борбордук аянтында Курманжандын көзүнчө дарга алсылат. Легенда боюнча дарга асуунун биринчи аракети жип үзүлүп кетип ишке ашпай калат, анда Курманжан мындай деген экен: «Кудай каршы болуп жатат» деп жазаны жокко чыгарууну сурайт. Бирок, өлүм жазасына тартып жаткан чиновник экинчи ирет буйрук берет.

Падышанын буйругу менен Камчыбекке ырайымдуулук берилген деген версия да бар, бирок ырайымдуулук жеткиче кеч болуп калган имиш. Жакшы көргөн уулунун өлүмү алдында Курманжан «Өлүмгө (ажалга) тике кара» деген акыркы сөздөрү болгон. Баласынын өлүмү Курманжанга курч моралдык таасир этет: Ал коомдук жашоону таштап, ээлик кылган жерлерин калтырып, Оштон анча алыс эмес жерде жайгашкан Мады кыштагына көчүп, жалгыз жашоо өткөргөн.

Акыркы жылдары

Курманжан элден оолак жашоо өткөрүүдөн көп өтпөй, ал жөнүндө император Николай II кабар жетип, ал атайын падышалык белек берүүнү чечет — империянын мамлекеттик герби түшүрүлгөн айымдардын алтын сааты, бриллиант менен көркөмдөлгөн саат чынжырчасы жана розалары бар көкүрөккө тагыла турган төөнөгүч. Көптөгөн ат сакчылары коштогон Ош уездинин начальниги Мады кыштагына келип салтанаттуу түрдө «Түштүк ханышасына» императордун белегин тартуулаган.

1906-жылдын июнь — июль айларында Азия экспедициясынын жүрүшүндө Алай өрөөнү аркылуу орус саякатчысы Карл Густав Эмиль Маннергейм өтөт. Ал Ошто токтоп, кыргыз башкаруучусунун боз үйүнө барат. Маннергейм өзүнүн жүрүш күндөлүгүндө Алай кыргыздары жөнүндө эске түшүрүүлөрдү, Курманжандын баласы Асанбек менен болгон баарлашуусу, анын тактысы, ошондой эле «Алай ханышасы» менен болгон кездешүүсү жөнүндө жазып өткөн. Маннергейм 96 жаштагы аял сүрөткө түшүү сунушуна, жөн гана сүрөткө түшүү эмес, ат үстүндө түшүүгө макул болгонуна таң калган.

Маннергейм, француз чыгыш таануучу Поль Пеллио Курманжан датканын боз үйүндө
Маннергейм, француз чыгыш таануучу Поль Пеллио Курманжан датканын боз үйүндө. Солдон оңду карай: Поль Пеллио, Курманжан датка, небереси, Маннергейм

Курманжан датка 1907-жылдын 1-февралында Мады кыштагындагы өзүнүн үйүндө каза болгон. Сөөгү өзүнүн баласы Камчыбектин көрстөнүнүн жанында Сары мазар аталган жерген коюлган.

Инсан

Поэтикалык талант

Курманжан Зыйнат деп кол коюуу менен ыр жазгандыгы да белгилүү. Замандаштары Зыйнатты XIX кылымдагы белгилүү Орто Азия поэтессалары — Надира, Дильшот, Махзурага теңеп поэтесса катары жогору баалашкан. Ханыша чыгармаларды кыргыз тилинде гана эмес, түрк жана фарс (персид) тилинде да жазган. Бүгүнкү күнгө чейин анын поэтикалык мурасынын аз бөлүгү гана сакталып калган. Салыштырмалуу анын Камчыбекке арналган кошок ырлары кеңири белгилүү. Ал бир нече тилдерге которулуп, анын ичинде орус тилине да М. Рудова тарабынан которулган.

Баласы Камчыбекке Курманжан датканын кошогу

Аргымак жалын беш бөлүп, бегим,
Өргөнү келдим мен мында, бегим.
Алмадай сенин башыңды, бегим,
Көргөнү келдим, мен мында, бегим.

Тобурчак (аскер жылкы) жалын беш бөлүп, бегим,
Өргөнү келдим мен мында, бегим.
Томуктай сенин башыңды, бегим,
Көргөнү келдим мен мында, бегим.

Кадага (када, орусча жердь) карап каң (ызы-чуу) узап бегим,
Кара бир зоону карадым бегим.
Кайраным сенден айрылып бегим,
Калкыма кантип барамын бегим.

Эзиле тиктеп эсим оойт, бегим,
Эки бир суунун аралын, бегим.
Эсилим сенден айрылып, бегим,
Элиңе кантип барамын, бегим.

Кара бир тоонун боорунан, бегим,
Карчыгаң болуп учсамчы, бегим.
Калпалардан (насаатчы) бир жол сурап, бегим,
Кара бир жанды кыйсамбы, бегим.

Улуу бир тоонун боорунан, бегим,
Уларың болуп учсамбы, бегим,
Уламадан (билгичтен) бир жол сурап, бегим,
Уучтай жанды кыйсамбы, бегим.

Каадалап айтсам эп келет, бегим,
Кара бир макмал эңкейди, бегим,
Кара бир кыргыз, казактан, бегим,
Катыны туубайт сендейди, бегим.

Кынаптап айтсам эп келет, бегим,
Кызыл бир макмал эңкейди, бегим,
Кыргыздар менен кыпчактан, бегим,
Кыздары туубайт сендейди, бегим.

Шуулдап издеп туурун, бегим,
Шумкарың учат конбостон, бегим,
Шуу үшкүрүп кары-жаш, бегим,
Бөлүндү сендей жолборстон, бегим.

Кара бир жамгыр аптапта, бегим,
Калпагың калды оңбостон, бегим,
Кадыр бир туткан кыргызың, бегим.
Айрылды сендей жолборстон бегим.

Кырмызы (кызыл жибек же кызыл) манат (кездеме) чепкенди, бегим,
Кыябын барктап ким киет, бегим?
Кыр-кырда жүргөн кыргызга, бегим,
Кыямат күндө ким күйөт, бегим...

Алтындан манат чепкенди, бегим,
Аземин барктап ким киет бегим?
Ар жерде жүргөн кыргызга бегим,
Алаамат күндө ким күйөт бегим.
(Cөзү: Элдики, обону: И. Аманбаев)

Адылбекке арналган кошогу

Оувганга барганда,
Касал болдуң башым деп,
Оң жак чеке кашым деп.
Амир Шабдан Алибек,
Элчи келген эмеспи.
Атаң туйгун жанбегим,
Тынчы келген эмеспи.
Баш кошподуң чүрчүткө,
Семиз атка кош артып,
Барып калдың Бүркүткө

Замандаштарынын эскериши

Курманжан датканын жеке сапаттары тууралуу маалыматтар өтө аз сакталып калган. Ал жетишээрлик деңгээлде аскетизмдүү келип, шаардын уу-дуу жашоосу менен алектенгенбегени белгилүү: жайы-кышы кийиз боз үйдө жашоосун өткөрүп, Алай кыркаларында көчмөн жашоо образын жүргүзгөн.

Курманжан датка менен Михаил Скобелевдин баарлашуусунда чогу болон Борис Тагеев ханышаны «орто бойлуу, парча чапан кийип, кандайдыр бир жаныбардын терисинен жасалган терини оронгон, жаш эмес болсо да сулуу кыргыз айымы» деп сүрөттөгөн. Датканын тышкы сүрөттөлүшү жөнүндө башка эскерүүлөр жок.

Иван Ювачёв Датка менен жеке тааныш болгон эмес, бирок анын баласынын (Мамытбектин) сөзү боюнча өзүнүн китебинде кийинкидей баяндайт:

Өзүнүн көркөм сөздөрүндө ал чоң акыл-эсти жана дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп турган. Карылыгына карабастан анын көздөрү жандуу кубат отторун сактап, жүзүнөн башка кыргыз айымдарынан айырмаланып, кандайдыр бир сүйкүмдүү өзгөчөлүгү байкалчу — И. П. Ювачёв.

Мааниси жана эскерүү

Курманжан датканын Алай өрөөнүндөгү отуз жылдык башкаруусунда ал өзүн адаттан тышкаркы мамлекеттик ишмер катары көрсөтө алган, ал эми Датка жөнүндөгү калыптанган легендалар муундан муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

Курманжан датканын кадыр-баркы алайлык жана кашгардык кыргыздардан тышкары алыска тараган. Орус жана чет өлкөлүк саякатчылар, аскер жана мамлекеттик ишмерлер, колониалдык чиновниктер Кыргызстандын түштүгүнө барган соң сөзсүз Курманжан даткага кезигүүгө аракет кылышкан. Тарых барактарында Индиядан Бухарага келе жаткан британиялык эмиссарлар катуу бороонго калып Курманжан датканын адамдары аларды өлүмдөн сактап калганы да белгилүү.

«Алай ханышасы» европалыктарды өзгөчө терең таасирлентчү. Курманжан датка жөнүндөгү макалалар, анын ичинде жашоо мезгилиндеги макалалар орус, фрацуз, немец, польша жана башка европа басылмаларында чыгып турган.

2002-жылы Курманжан датка жөнүндө китеп үч тилде чыккан — кыргызча, орусча жана англисче. 2004-жылы Бишкек шаарынын Эркиндик проспектисиндеги эмен гүлбагында Курманжан даткага эстелик тургузулган. Ош жана Бишкек шаарларында датканын аты менен көчөлөр аталган.

Курманжандын портретин үч эмиссиядагы 50 сом номиналындагы кыргыз сомунун маңдайкы бетинде көрүүгө болот. Банкнотанын арткы бетинде Курманжан датка башкарган шаарлардын бири болгон Өзгөндөгү архитектуралык комплекстин сүрөтү жайгашкан.

50 сом банкнотасында датканын сүрөтү

Кыргыз-Орус славян университети тарабынан уюшулган сыйлык Курманжан датканын ысымын алып жүрөт. Сыйлык түрдүү өлкөлөрдүн көптөгөн илим, маданият жана саясат ишмерлерине берилген, анын ичинде Казакстандын (Сара Назарбаева) жана Орусиянын (Людмила Путина) биринчи айымдары бар.

2010-жылы Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында Курманжан датка кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Замир Эралиевдин «Тоо ханышасы» аталган документалдуу фильминин бетачары өтөт. Ага ошол кездеги Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева катышкан.

«Курманжан датка — сейрек тарыхый фигура, ал Кокон хандыгынын, Кытай жана Россиянын башкаруусундагы оор мезгилде жоопкерчиликти көтөргөн. Анын айкөлдүгү, дипломатиялык мүмкүндүктөрү бизди өлүмдөн жана кыйроодон алып калды. Ал каалаган татаал абалдардан чыгуунун жолдорун билген, ошондуктан Россия дагы, Кокон хандыгы дагы анын менен эсептешүүгө аргасыз болгон» — Р. И. Отунбаева

2010-жылдын 28-декарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун буйругу менен Кыргызстанда 2011-жыл Курманжан датканын жылы деп жарыяланып, ал жылы Курманжандын датканын туулганына 200 жыл болгон.

2014-жылдын 31-августундагы Кыргызстандын көз карандысыздык күнү режиссёр Садык Шернияз, «Кыргызфильм» жана «Айтыш фильм» киностудияларынын тарыхый эпикалык «Курманжан датка» толук метраждуу фильминин премьерасы өткөн. Фильм «Алай ханышасы» тууралуу болуп, XIX кылымдагы кыргыздардын кол башчысы, анын жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу баяндайт. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы эл аралык Монреаль кинофестивалында 2014-жылдын 22-августунда өткөн.

Алай районунун Гүлчө шаарчасындагы Курманжан датка атындагы тарыхый музей
Алай районунун Гүлчө шаарчасындагы Курманжан датка атындагы тарыхый музей

Түбөлүктөө

Курманжан датканын баштыгы, музейдеги экспонат
Курманжан датканын баштыгы, музейдеги экспонат
Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 24425, Өзгөртүлгөн: 2021-01-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо