Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исхак Раззаков

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Исхак Раззаков

Исхак Раззаков — Кыргыз эли сыймыктана атын атаган адамдардын бири. Ал совет мезгилинде биринчи жолу кыргыздардан чыккан республиканын жетекчиси.

Исхак Раззаков
Исхак Раззаков
Туулган датасы25-октябрь, 1910-жыл
Туулган жериАзыркы Лейлек району, Көрөсөн айылы (Фергана облусу, Россия империясы)
Өлгөн датасы19-март, 1979-жыл (68 жашында), Москва шаары
СыйлыктарыКыргыз Республикасынын баатыры, төрт жолку Ленин орденинин ээси, Эмгек кызыл туу ордени, Кызыл жылдыз ордени, Ата-Мекендик согуш ордени, Эмгек каармандыгы үчүн медаль.

Адегенде Эл Комиссарлар Советинин төр агасы, анан Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы (секретарь) болуп иштеген. Республиканын маданий, агартуу жана илимий иштеринин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Россиянын жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыз кылган. Ал кыргыз элинин тарыхына, өзүн өзү таанып-билүүсүнө жакшы шарттарды түзгөн.

Анткени ал жаш кезинде араб, фарсы тилиндеги тарыхый китептерди да көп окуган. Бала чагында Исхак Раззаков илимпоз болом деп кыялданган. Ушундан улам ал түрк элдеринин алгачкы сөздүгүн түзгөн. Махмуд Кашкари, Манас жөнүндөгү маалыматтарды биринчилерден болуп жазган Сайфидин Аксыкенти жана башка даанышмандардын эмгектерин окуп үйрөнгөн. 1946-жылы дүйнөлүк атак-даңкы бар тарыхчы А. Бернштам менен кездешип, Манастын 1000 жылдыгын өткөрүү идеясын көтөрүп чыккан. Ушундан кийин Манас эпосун изилдөөгө, аны китеп кылып чыгарууга жакшы шарттар түзүлгөн. Ал өзү мыкты сүйлөгөн, элди өзүнө тартып алган чечен болгон.

Өмүр баяны

Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында Лейлек районундагы Көрөсөн айылында, шахтёр адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Үч жашка чыгып калганда апасы каза болот.

Арадан 5 жыл өткөн соң атасы аны Тажикстандын Хоженттеги балдар үйүнө алып бара жатып жолдо, Исхактын көз алдында, жан берет. Балдар үйүнө кийин таякеси Молдо Абдылда жеткирген. Жогорку окуу жайын бүткөн соң Өзбекстанда иштеген. Өзбекстандын мамлекеттик пландоо комитетинин төр агасы, Агартуу министри, Эл Комиссарлар Советинин төр агасынын орунбасары, КП БКнын секретары өңдүү жогорку кызматтарда иштеген. Кыргызстанга 35 жашында келген.

Борбор шаарда, көчөгө, техникалык университетке аты коюлган, эстелик орнотулган. Мамлекеттик жана саясий ишмер. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төр агасы. 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы. 1918-жылдан тартып Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун 1931-жылы бүтүрүп, андан соң Москвадагы пландоо институтун 1936-жыл бүтүргөн.

1936-1938-жылдары Өзбек ССР Мамлекетинин пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төр агасынын орун басары, төр агасы. 1941-1944-жылдары Өзбек ССР эл агартуу комиссары, өзбек ССР Эл Комиссарлар Советинин төр агасынын орун басары. 1944-1945-жылдары Өзбекстан КП БКнын пропаганда ошондой эле агитация жагында катчы болуп иштеген. 1961-жылдын августунан тартып СССР мамлекеттик экономика Советинин мүчөсү, тамак-аш өнөр жай бөлүмүнүн начальниги. 1965-1967-жылы СССР мамлекеттик пландоо комитетинин аппаратында эмгектенген. 1952-1961-жылы КПСС БКнын мүчөсү, 1946-1966-жылы СССР Жогорку Кеңешинин депутаты. 1967-жылы ардактуу эс алууга чыгат. 2000-жылы сөөгү Москва шаарынан Кыргызстанга алынып келинип, Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлган.

Эки ирет Ленин орденинин ээси, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери жана башка медалдар менен сыйланган.

Мээримдүү, сылык боорукер,
Кеменгер, айкөл, жайдары.
Жүрүшүп иши турганда,
Суктанган суу, күн, ай дагы.

Алмамбет
(Исхак Раззаковго)
Байыркыдан акыл, нуска калган кеп,
Шерттешкенге жанын кыйган Алмамбет.
Сүйлөп турду: «Башым тартуу мынакей,
Аз да болсо доско болсун жардам» деп.

Бир туугандан кээде артык кошуна,
Элин, жерин таштап келген досуна.
Шер Манасты агасындай пир туткан,
Андан мурда сөз сүйлөбөй озуна.

Куш агытып, ууга бирге чыгышкан,
Кош жылдыздай жаркыраган Чыгыштан.
Той топуруң үзөнгүлөш өткөрүп,
Кыйындыкка бирге моюн сунушкан.

Ошол достук замзам, Мүрөк суусундай,
Ошол достук элдин ыйык туусундай.
Тура бермек айдай, күндөй жаркырап,
Түбөлүккө берекесин учурбай.
(Болотбек Бөкөлөев)

Көпчүлүк инсандардын жарык дүйнөгө келгениндеги окуялардагыдай эле, Исхактын туулган күнүнүн датасы божомол түрүндө 25-октябрга туура келет. Кийин документинде ушул «25-октябрь» бажырайып жазылып калган. Калем кармап, документ толтургандар көпчүлүк учурда орус жолдоштор болгондугуна байланыштуу Ыйман-Иман, Жусуп-Юсуп, Ысхак-Исхак, болуп жазылып калганын айтып жүрүшөт.

Жакшы кишинин маңдайы жарык демекчи "Исхак Раззаков" ишке биринчи эле күнү келгенде тегерегиндегилерге жайдары мүнөзү менен жаккан экен.

1957-жылы Исхак Раззаков Москванын буйругун күтүп отурбай, мектеп окуучуларын бекер ысык тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча Токтом кабыл алды. Алгач кенже класстардын балдарын, анан 5-7-класстын окуучуларына акысыз тамак берүүнү уюштурган.

Жашынан бала жандуу Исхак Раззаков балдар ооруканаларына акысыз тамак-аш берүү багытында эки миллион бюджеттен акча карайт. Ошол эле учурда балдар өлүмүн кыскартуу боюнча албан иштерди аткарат. Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуу боюнча токтом кабыл алат. Мындай жакшы иштердин баарын Москва «өзүн - өзү билгендик», «жердешчилик» деп табат. Бул жөнүндө Казы Дыйканбаевдин:«Мы поверили XX съезду или почему снят с работы Исхак Раззаков» деген макаласында жакшы айтылган.

Үй-бүлөсү

Апасы: Жамийла
Аялы Ибрагимова Рауза Александровна, медицина илиминин кандидаты.
Баласы Эрик, Кызы Элмира.
Баласы Виталий Терещенко. Согуш маалында балдар үйүнөн «чоңдорго» бирден бала бөлүштүргөн. Согуш бүткөндөн кийин Исхак Раззаков баланы кайра кайрып берген эмес. Витя Раззаков болуп калды, бербейм деген экен.

Раззаковдун бош убактысындагы иштери:

  1. Китепти көп окуу
  2. Тазалык кармоо
  3. Сөз өнөрүн аздектөө
  4. Бийлөө, ырдоо
  5. Спорт (таңында таза абада чуркоо)
  6. Котормочулукка ык койгон

Өкмөт башчысы болуп турганда

  1. Балдар мекемелерин: оорукана, балдар бакчасын, мектептерди курган.
  2. Пенсия, пособияларды көбөйткөн.
  3. Түшүмдүүлүктү (пахта, жүн, кызылча, эгин) өстүргөн.
  4. Мектеп окуучуларын акысыз тамак аш, окуу куралдары менен камсыздаган.
  5. Энеликти, балдарды коргоону колго алган.
  6. Жаштарга билим берүүнү тереңдеткен.
  7. СССРдин карамагындагы Кыргыз Рсспубликасынын демократиялык, өз алдынчалык укугун коргогон.
  8. Орус мектептерге кыргыз тилин окууту маселесин көтөргөн.
Раззаков цитата

Азыркы эгемендүүлүк заманда Исхак Раззаков ошол 50-жылдары кыраакылык менен өтөгөн дагы бир атуулдук эрдик жөнүндө айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Ал - Кыргызстандын эң бир ыйык маселеси - чек арага байланышкан.

Исхак Раззаков жогоркулардын алдында «Айрым союздук Республикалардын чек арасын тактап алуубуз зарыл» - деп маселе коет. Бир Республиканын ичине бир нече союздук республикалардын «аралдары» жана «аралчалары» (анклав) жайгашкан азыркыдай аймактык баш аламандык менен эч бир келишүүгө болбойт. Мындай көрүнүш бизде Ош областынын Фрунзе, Баткен, Лейлек, Араван жана башка райондорунда, Жалал Абад областынын Ала-Бука, Караван, Сузак райондорунда орун алган.

Өз убагында, Орто Азия Республикаларынын чегин бөлүп жатышканда калктын этнографиялык белгилери гана эсепке алынып, экономикалык талаптары, башкаруу ыңгайлуулугу таптакыр көңүлдөн чыгып калган.

Ошондой эле Раззаковдун «тагдырын татаалданткан» экинчи орчундуу маселе кыргыз тил маселеси болгон. Анын жөн жайы мындайча. 1958-жылы орус мектептеринде кыргыз тилин окутууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин орус тилдүү мектептерде кыргыз тил сабагы окутулуп келген болчу. 1958-жылдагы токтом, мына ушул токтоп калган ишти улантуу максатын көздөгөн. Себеби, элдердин достугу куру сөз менен гана айтылбастан, иш жүзүндө тил билүү, салт санааны өздөштүүрү чыныгы интернационализмге өбөлгө болот деп ойлошкон. Бирок, тескерисинче... Экс премьер Казы Дыйканбаев минтип эскерет:

- КПСС БКнын кызматкерлери Ф. Р. Козлов, М. А. Суслов, В. М. Титов, Т. И. Осетров, М. А. Гаврилов тарабынан биздин токтомдор мамлекеттик тартип бузгандык жана жердешчиликти көрсөтүү катары кабалданып, Кыргызстан КП БКнын жетекчиси Исхак Раззаковду жана Министрлер Советинин төрагасы К. Дыйканбаевди күнөөлөшкөн. Болгон окуяны айтпай коюуга болбойт. КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү Ф. Р. Козлов биз менен сүйлөшүп жатып, балдарга бекер тамак жана жаш балдарга витаминдештирилген сүт берүүнү туура эмес кабыл алып: «Силер Союздук мамлекеттен артыкча көрүнөлү дедиңерби? Коммунизмге эрте жеткиңер келеби? Эл алдында ушундай жол менен кадыр-баркыңарды көтөргүңөр келеби?» - деп кагып силккени эсимде. Ф. Р. Козлов ачык эле кол кезеп: «Биз силерге, силердин балдарыңарга, балдарыңардын балдарына чейин эстен чыккыс кылып бул ээнбаштыгыңарды чекеңерге тамгадай басабыз», - деп айтканы да эсте... КПСС БК нын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы В. Н. Титов биз менен сүйлөшүп жатып «Эмне үчүн ошондой чечимди, ачык айтканда, кыргыз тилин орус мектептеринде окутууну кабыл алдыңар бул улутчулдуктун барып турган чеги эмей эмне!» - деген эле...

Ошентип, улуу мамлекеттик ишмердин айланасында кара туман коюлгандан коюлана берди. Ага республиканын өзүнөн "патриоттук" көрсөткөн кыйындарыбыз да чыкты...

1961-жылдын майында Раззаковду негизсиз кызматтан алышат. Жөнөкөйлүгү, абийиринин таптазалыгын ушунда көрүңүз, аны СССР Мампалына көтөрүп жатабыз деп БКнын пленумунда айтылары менен эле ал акырын, президиумдан залга түшүп, катардагы бош орундукка келип отуруптур. Бул учурда Исхак Раззаков бар болгону 51ге гана чыккан. Дагы кеминде 15-20жыл Д. Кунаев, Ш. Рашидовдор менен тең катар ат салышып иштөөгө деми да, ышкысы да жетиштүү болсо да, Кыргыздар аны, Мухтар Ауэзов эскертип айткандай, барктай да, бапестей да албадык!

Түгөлбай Сыдыкбеков — Мен жакшы эле кыйды кишинин сырын билүүгө тырышкан кишимин. Исхактын бирөөгө кекенип, жаман ой ойлоп, бирөөгө кек сактаганын байкаган жокмун, мен ушуну айткым келет... Дагы бир сапаты сен оозуңду ачып айткыча, оюңду билип ала койчу... Жанагы, советтик, партиялык аппаратта жүргөн үчүн гана жазуучулукка убакыт-чамасы жетпей калган го деп ойлойм. 60 жашка чыкканда республикага келип кетти. Түмөнбай Байзаков айтып калды: «Түкө, чакырган кишилер көп, убактысы жетпей, эки сааттан эле отуруп жатат». Мен айттым, эми аны көрө жатарбыз келгенде. Анан биздин үйгө келгенде эки эмес, алты саат отурса болобу. Үчөөбүздүн ошондо түшкөн сүрөтүбүз да бар...

Чындыгында Өзбекстанда жүргөндө А. Чеховдой классикти Өзбекчеге которуп, сүйүп окуп, акындардан Сергей Есенинди айрыкча кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусствонун бир жаатында иштеп, чыгармачыл инсан болгондо, өмүр тагдыры кандайча уланар эле деген ой да көңүлгө урунат...

Эмне үчүн улуу кишилердин жашоосу трагедиялуу бүтөт? Анын калган 18 жылдык өмүрү убайым санаа (куру жалаа менен кодуланган кишиде санаа болбой койчубу), асыранды баласы Эмил узак мөөнөткө түрмөгө кесилип кетет, аны укканда Исхак инфарктка чалдыгат.

Исхак Раззаков К. Маликовго: «Сагындым кыргыз элимди, Сагындым туулуп- өскөн жеримди» - деген экен. Анда Байбичеси: «Кыргызың сени кызматтан бошотуп жатканда бөрүлөрдөй талабады беле, алардын эмнесин сагынасың?» — дегенде, «Жок, андай эмес, баары бир кыргыз элимдей эл болбойт, өтө сагындым!» - деген экен.

«Исхак Раззаков» кызматтан негизсиз түшүрүшкөндө, ал иш кабинетин акыркы жолу жаап, секретары, башка жардамчылары менен акыркы жолу бир туугандарындай ысык коштошуп, анан кызмат машинасына отуруп, Бишкектин сыртына айдатып жөнөгөн экен. Байтиктин Баш-Бөлтөгүнө жете бергенде, айдоочусуна «Токтотуңузчу», - деп өтүнөт. «Азыр келем, сиз күтө туруңуз», - деп коет да, өзү бадал, карагайды аралап жогору көздөй кетет. Арадан бир топ убакыт өтөт. Айдоочусунун тынчы кете баштайт. Раззаков эч качан бирөөнү себепсиз күттүргөн киши эмес эле. Эмне болду? Иши үчүн ачуу сезимге жеңдирип, же ак жаны күйгөндөн жалган жалаага арданып, өзүн бир балекет кылып жүрбөсүн?

Ушуну ойлогон айдоочу аргынан кокту өрдөп барса, түшкө кирбеген кызык драманын күбөсү болуптур. Исхак жерге көмкөрөсүнөн түшүп алып балача солкулдап, эзиле ыйлап жатыптыр! Таң калган жигит төмөнкүнү угат:

-Кагылайын туулган жер! Бармактайыман жетим калып, башка эл, бөтөн жерде жүрүп, акыры энемди тапкандай, өзүңдү таап келдим эле. Колумдан келишинче иштедим, сенден аянар менде жан жок эле. Баары ойдогудай болбой калса, кечир мени... Мен сени кайрылып көрөмбү? Көрсөм качан көрөм?...

Муун-жүүндү бошоткон бул сөздөр туулган жер менен кайгылуу коштошууга бир көк асман менен бети түктүү жер күбө өткөнүнө ичиң тызылдайт. Улуу адам ошол боюнча Бишкек шаарына бир гана жолу (1970 жылы) кайрылып келет. Экинчи жолу камынып жатканда (1970-жылы жазда) оорусу күтүүсүз жерден кармап, жарык дүйнө менен 1979-жылы кош айтышат. Кыргыз жерине коюлсам деген тилеги орундалбай, сөөгү Москванын «боордоштор» көрүстөнүнөн жай табат.

Анын арбагын ыраазы кылып, Ташкенге алып барып койсок деген өзбек достору кечигип калышат. Топурак салам дегендерди да кодулап, чет элдик шпион сыяктуу миң түркүн электен өткөргөн кез болот... Исхак атабыз ушундай пайгамбардай касиеттүү адам эле.

Замандаштары Раззаков тууралуу

Күлүйпа Кондучалова
«Менде жакшы мүнөз, сапат, жөрөлгө болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковичтен үйрөнгөм!»
Мукаш Өмүралиев
«Исхак Раззаковдун тушунда мен бир канча жетекчилер менен чогуу иштедим. Мына ошолордун баарын кошкондо да ага татыбайт!»
Жунай Мавлянов
«Жетекчинин тирүү кезинде өзүнө койгон эстелиги - ал жөнүндөгү элинин жакшы пикири. Исхак Раззаков ушундай жетекчи болгон.»
Төрөбай аксакалдын жубайы Салима Ташбаева
«...Исхак Раззакович эки-үч күндөй биздин үйдө туруп калды. Эсимде калган мындай бир жагдай. Өз бөлмөсүндөгү тазалыкты мыкты сактаганы, адамды таң калтырат. Ак шейшеп менен жабылган керебет куду адам жатпагандай, нугу менен ирээттелген, полдо да же бир кагаздын үзүгү, же бир кири жок таптаза. Таң каласың. Же бизден жашырып, полду өзү сүртүп коебу? Түнү бою гезит журналдарды окуп чыгат. Союздун булун бурчунан келген гезиттер өтө тыкандык менен ар бир республика боюнча жыйылып коюлган. Ошол өзүнчө нукталып койгон гезиттер бөлмөнүн тазалыгына көрк берип тургандыгы алигече көз алдымда. Исхак Раззакович бөлүнгөнү даяр болгон соң, аны ошол жакка алып кетишти... Ушул кыска мөөнөттө мен буларды байкадым, эң оболу Исхак Раззакокич жогорку маданияттуу, билими терен, кичи пейил, адамга жасаган мамилеси жумшак, эң башкысы мен чоң кызматтагы кишимин деп бой көтөрбөгөн, улуусу менен да, кичүүсү менен да бирдей сүйлөшүп, сөз таба билген, абдан шайыр, кабак кашым дебеген, бир сырдуу, көргөн кишини өзүнө тартып алган, жылдызы маңдайынан төгүлүп турган жан эле.»
Мухтар Ауэзов
«Сендер, кыргыздарым, ушундай улуу кишинин кадырына жетпей, сындырып албагыла. Мен Ташкенде жүрүп, келген жетекчилердин бардыгын кыя өтпөй байкап отурдум. Алардын сүйлөгөн турганы, маселе койгону, тамак ичкени, ал турсун бийлеп, көңүл ачкандарын да көрдүм. Бири да сендердин Исхак Раззаковго караандабайт!»

Кызыктуу фактылар

Учкул сөздөрү

Сүрөттөр




Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 42525, Өзгөртүлгөн: 2024-02-17, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо