Чолпон


Кээде таң сүрүп келатканда же кеч күүгүмдө асмандагы жайнаган жылдыздардын арасынан айрыкча жарык жылдызды көрүүгө болот. Аны байыркы астрономдор римдиктердин сүйүү жана сулуулук кудайынын урматына Венера деп аташкан. Ал эми кыргыздар бул жылдызды Чолпон деп атайт. Чындыгында Чолпон жылдыз эмес, планета, башкача айтканда биздин жер сыяктуу эле ал да күндүн жандоочусу. Жылдыздар - бизден эң алыс турган күн, мүмкүн алардын көпчүлүгүндө өз планеталары айланып жүргөндүр. Чолпонду жакшылап байкагылачы, ал жылдыздардай жымыңдабайт, жөн гана Марс, Юпитер жана башка планеталар сыяктуу эле бир калыпта жаркырайт. Чолпон жерге караганда күнгө жакын жайгашкан. Ал күндөн 108 миллион чакырымдай аралыкта жайгашкан жана күндү 225 суткада (жер суткасы) айланып чыгат. Чолпон - бизге эң жакын планета.

Башка планеталардай эле ал да күндү сүйрүрөөк айлана (эллипс) боюнча айланат да кээде жерге 40 миллион чакырымга чейин жакындайт. Чолпон жерден көлөмү жагынан бир аз кичирээк. Аны коюу булуттуу атмосфера каптап турат, ошондуктан алиге чейин анын бетин телескоп аркылуу көрүүгө мүмкүн эмес. Башка планеталардан айырмаланып, Чолпон өз огунда жер сыяктуу батыштан чыгышка айланбай, тескерисинче, чыгыштан батышты карай айланат. Чолпондун бир суткасы жер суткасынан 243 эсе узак. «Таңкы жылдызга» советтик планета аралык автоматтык станциялар учурулганга чейин, илимпоздор Чолпондун бети жөнүндө өтө аз билишкен.

Станциялар Чолпондун айланасын изилдешип, айрымдары анын бетине конгон. Анда укмуштай ысык болору, түн ичинде да ысыктыгы 500 градуска чейин жетери аныкталды. Чолпондун дээрлик көмүр кычкыл газынан турган тыгыз, коюу атмосферасынын басымы жердин атмосфера басымына караганда 100 эсе чоң. Мындан башка Чолпонду дайыма булут каптап жаткандыктан анын бети дайыма күүгүмдөнүп турат. Чолпондо аракеттеги көп сандаган жанар тоолордун жана кайнаган суюктуктан турган дениздердин болушу толук мүмкүн. Демек, эң жакын бул планетага адам буту басаары белгисиз.

2016-05-22 425 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22