Астрономия

Кун, ай, планетпалар жана жылдыздар асманда белгилүү мыйзам ченеми боюнча айланары байыртадан эле байкашып, бул кубулуш изилдене баштаган. Асман телолорунун кыймылы жана өнүгүшүнүн мыйзамдары табылгандан кийин, күн жерден миллион эсе чоң экендиги, ал эми жылдыздар - күн сыяктуу эле өзү жарык чыгаруучу, өтө ысык газ шары экендиги белгилүү болду. Алар күндөн да эбегейсиз алыс тургандыктан бизге өтө кичинекей, бүлбүлдөп гана көрүнөт. Эгер күнгө космос ракетасы эки айда учуп жетсе, эң жакын жылдызга чейин мындай ракетанын учушу миллион жылга созулар эле. Күндүн айланасында жерден башка өзү жарык чыгарбоочу планеталар да айланат. Ай - өзү жарык чыгарбоочу шар, ал күндөн жарыктанат. Ал жерден 50 эсе кичине. Ай биздин планетаны айланат, ошондуктан ал жердин табигый жандоочусу деп аталат.

Башка планеталардын да көпчүлүгүнүн жандоочулары бар. Астрономиялык обсерваторияларда жана институттарда асман телолоруна байкоо жүргүзүлүп, анын натыйжалары иштелип чыгып, талданат. Көптөгөн космос аппараттарына жер атмосферасынын чегинен сырткары, ааламды изилдөөгө мүмкүндүк түзүүчү астрономиялык приборлор орнотулган. Асман телолорунан келген көптөгөн нурларды кармап калуучу аба космос орбитасында байкоо жүргүзүүгө жолто болбойт. Ошондуктан аалам жөнүндө космос аппараттарынын жардамы менен алыңган маалыматтар өзгөчө баалуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)