Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Койлорду тоюттандыруу жана багуу

Баш барак | Ветеринария | Койлорду тоюттандыруу жана багуу

Койлорду чоң топтор - отарлар менен багышат. Кой өзүнө тоютту 10-15 см тереңдиктеги кар алдынан таап жегенге жөндөмдүү. Бирок койлор жайыттарды өтө эле интенсивдүү пайдалангандыктан, тез эле керектен чыгарып салат. Койлордун туяктары эң эле кичинекей, андыктан алардын жерге салмагынын басымы чоң болот.

Койлорду бардык эле жайыттарга жая берсе болот, бир гана нымдуу саздак жерлерге жайбаш керек, анткени андай жерлерде фасциола - кеңири тараган койлордун паразити жана башка илдеттерди козгогуч, айрыкча туяктарын жабырката турган илдеттер кездешет.

Жакшы жайыттарда койлор күнүнө 6-7 кг чөп, козулары - 3-4 кг жешет, бул кошумча концентраттарды кошпой коюуга жол берет. Койлорго сөзсүз түрдө туз беришет. Эреже катары туздун кесиндилерин - жалама туздарды койлор жуушаган жерлерге жайып коюшат.

Жайында кой 5 литрге чейин суу ичет. Эгерде койлорду сугаруу үчүн кандайдыр бир жайларга (кудук, суу, жасалма көлмөлөргө) айдаса, анда койлор, айрыкча кичинекей козулары узак ашуулардан өткөндө чарчап калышат, сугарууга баратканда алар жолду аябай таптап салышат; акырындап сугаруучу жайдын айланасы кирдеп, нымдуулаша баштайт.

Аба ырайы бузулган учурларда, айрыкча кыш мезгилинде, койлор үчүн калкалоочу жайларды курушат. Түштүктө бул - үч тарабы дубал менен тосулган жана бир жагына жантайма, калканчысы бар имараттарды курушат. Ап эми кыш катуурак болгон аймактарда кышында жылууланган курулуштар керек.

Козуларды тоюттандыруу деңгээли туулгандан кийин алардын энесинин сүттүүлүгүнө байланыштуу болот. Алардын массасы көбөйүшү үчүн 1 килограммга 5-6 кг сүт талап кылынат. Козулардын экинчи айда чоңойгондугу кошумча тоюттандыруунун санынан жана сапатынан көз каранды. Козуларга алар туулгандан 10-15 күн өткөндөн кийин дароо эле жакшы чөп аралашылган концентраттарды бере берсе болот.

Туулгандан кийинки алгачкы айларда козулар суткасына 40 гр концентрат кошумча тоюттарды жей башташат, экинчи айында - 100 гр концентрат, 150-200 гр чөп, 200-250 гр силос, үчүнчү айда 150 гр жогорку сапаттагысын, андан ары 200-250 гр, 250-300 гр, төртүнчү айда - 250, 300-400 жана 500-800 гр кошумча тоюттарды мындай деңгээлде пландаштырууга болот: (тоют бирдиктери) туулгандан кийин экинчи айда - 0,20-0,25; үчүнчү айда - 0,35-0,40, төртүнчү айда 0,60-0,665.

Жайытта жүргөн кезинде эки айлык козулар бирдей норма боюнча концентраттыктоюттарды 0,8-0,9 жашыл тоют, үчүнчү айда 1,5-1,6 кг, төртүнчү айда - 2,5 кг керектеши керек. Төрт айга чейинки козулардын ар бир башына 120-140 кг жашыл масса пайдаланылат. Козулар энелеринен бөлүнгөндө, аларды мыкты жайыттар менен камсыздоо керек, начар козулардын ар биринин башына 0,2-0,3 кг концентраттар жана кошумча тоюттар бөлүнүшү зарыл.

Бул учурда козулар жакшы өсүшөт, алар суткасына 120-150 гр салмак кошушат, 9-12 айлык козулар колдо кармалышы керек, так ушул учурда алар чоңдоруна салыштырмалуу колго алынганы туура (менчик короолордо).

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 1493, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу