Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Койлорду жасалма уруктандыруу

Баш барак | Ветеринария | Койлорду жасалма уруктандыруу

Асыл тукум кочкорлорду колдонгондо ар дайым багуу шарты, тоюту абдан жакшы болушу керек. Алардын рационунда тоют бирдигинен тышкары сиңимдүү протеин, керектүү микро, макро элементтер, витаминдер толук болуусу зарыл. Куутка кирээрде кочкорлордун канын текшертип бруцеллез, инфекционный эпидидемит ж. б. оорулардан таза экенин такташ керек. Кочкорлорду куутка 1,5 ай калганда даярдап баштабаса уругунун сапаты начар болуп калат.

Жасалма жол менен уруктандырганда ар бир чоң кочкорго 500-700; бир жарым жаштагы кочкорго - 250-300 тубар кой бекитилет. Кол менен куудурганда ар бир чоң кочкорго 50-60, жаш кочкорго 35-45 кой бөлүнөт. Күн сайын куут кочкордон 3-4 маал, айрым күндөрдө - 5-6 маал урук алынат. Койлор адатта 6-7 айлыгында жыныстык жактан жетилет. Бирок бардык тукумдагы токтулар бир жарым жашка чыккандан кийин гана, ал эми асыл тукумдуу уяң жүндүү короолордо эки жарым жашында кошулушу керек.

Өнөр жайлык короолордогу тез жетилүүчү тукумдагы жакшы өскөн токтуларды биринчи куутка 9-10 айлыгында кошууга мүмкүн. Кой козусун орто эсеп менен - 150 күн көтөрөт. Койлорду уруктандыруунун жана куудурунун мөөнөтү чарбада төл алуу мезгилине жараша белгиленет. Алгачкы жолу тубар кой күүгө келгенден кийин уруктандырылат, эгерде кайрадан күүгө келе берсе, анда уруктандыруу экинчи ирээт 12-24 сааттан кийин кайталанат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1368, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо