Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Музыка

Септет

Септет — жети музыкачыдан турган музыкалык ансамбль (формация). Бирок, бул термин башка 7 обьекттен турган биримдиктерди дагы түшүндүрүшү мүмкүн (ансамбль түшүнүгү).

Классика жана романтизм мезгилдеринде

Классикалык септеттердин эң белгилүүсү Бетховендин болжолдуу 1799—1800-жылдары жазылган кларнет, фагот, валторна, кыл кыяк, альт, виолончель жана контрабас үчүн ми-бемоль мажор септети (20-чыгарма). Бетховендин септетинин атагы анын аспаптар комбинациясы кийинки композиторлор үчүн стандарт сыяктуу болуп калган, анын ичинде, Конрадин Крейцер (чыгарма 62, 1822), Франц Бервальд жана Адольфа Бланк (чыгарма 40, болжолдуу 1864) ж. б.

XX кылым

Заманбап композитор Богуслав Мартину үч септет жазган: Les Rondes аталган алты бийден турган, гобой, кларнет, фагот, керней, эки кыл кыяк жана фортепиано үчүн (1930); Serenade No. 3 аталган пьеса, гобой, кларнет, төрт кыл кыяк жана виолончель үчүн (1932); жана Fantasie чыгармасы, гобой, фортепиано жана кылдуу квартет үчүн (1944). Дариус Мийо 1964-жылы кылдуу секстет жана контрабас үчүн кылдуу септетти жазган. Пауль Хиндемит 1948-жылы гобой, кларнет, бас-кларнет, фагот, валторна жана керней үчүн үйлөмө септетти жазган. Ханс Эйслер эки септетти жазган, экөө тең флейта, кларнет, фагот жана кылдуу квартет үчүн: Септет № 1 чыгарма 92а (Америкалык балдар ырларына вариациялар, 1941) жана Септет № 2 (Цирк Ч. Чаплиндин 1928-жылдагы «Цирк» фильминин мотивдери боюнча, 1947).

XX кылымдагы жети аспап үчүн жазылган айрым чыгармалар да бар, буларды септет деп айтууга кыйыныраак, жана алар түздөн-түз камералык музыка болбосо, жана башка багыттарга көрсөткөн аталыштарга ээ болсо, терминди кеңейтүү жолун кароо жакшыраак. Мисалы, Морис Равелдин «Introduction and Allegro» чыгармасы (1925), Руди Стефандын «Music for Seven String Instruments» чыгармасы (1911), Леош Яначектин «Concertino» чыгармасы (1925) ж. б. Джон Адамс 1978-жылы «Shaker Loops» аталган өзүнүн кылдуу септетин жазган.

Жеан Ален 1938-жылы «Messe modale en septuor» аталган жети партия үчүн септетин жазган: сопрано, альт, флейта жана кылдуу квартет үчүн.

Поп музыкада

BTS септеттин мисалы болгон Түштүк Кореянын K-pop топторунун бири.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 25, Акыркы оңдолгон дата: 2025-01-22 17:57:51 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо