Ансамбль: мисалдар, түшүнүктөр

Ансамбль (французча ensemble — жыйынды, түзүм бүтүндүк) — кайсы бир бүтүн нерсени калыптандыруучу макулдашылгандык, бөлүктөрдүн биримдиги. Мисалы, бир нече сүрөттөрдөн турган турган сүрөттөр, бир стилдеги бир нече имараттар.

Башка мисалдар

  • Архитектуралык ансамбль — имараттардын, инженердик курулмалардын мейкиндиктүү композициясынын гармониялуу биримдиги.
    • короо-парк ансамбли.
  • Көркөм ансамбль — драма, музыка ж. б. аткаруу түзүмүндөгү көркөм макулдашылгандык.
  • Музыкалык ансамбль — бирдиктүү көркөм жамаатты түзгөн артисттердин тобу.
  • Операдагы ансамбль — бир нече артисттер жана кээде хор катышкан опералык чыгарманын үзүндүсү.
  • Физикадагы статистикалык ансамбль — белгилүү бир талаптарга жооп берген берилген физикалык системанын мүмкүн болгон абалдарынын топтому.
    • микроканондук ансамбль
    • канондук ансамбль
    • чоң канондук ансамбль.
  • Бий ансамбли — бирдиктүү көркөм жамаатты түзгөн бий артисттеринин тобу.
  • Ансамбль (ыктымалдуулуктар теориясы) — кокустук процессти толугу менен мүнөздөгөн кокус функциянын чексиз көп ишке ашырылуусу.
  • Ансамбль (системалык анализ) — топтук белгиси менен байланышкан транзакттардын жыйындысы.
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо