Музыкалык ансамбль — негизинен көп санда болбогон аткаруучулардын кайсы бир чыгарманы бирге аткарган тобун айтабыз, ошондой эле, аткаруучулар ансамблине арналган музыкалык чыгарма дагы.
Бул термин жалаң гана музыкага байланыштуу нерселерди түшүндүрбөйт, мисалы, жалпы ансамбль термини башка маанилерди дагы туюнтушу мүмкүн. Мисалы, архитектуралык ансамбль ж. б.
Аткаруучулардын санына жараша (2ден 12 чейин) ансамбль кийинкидей аталыштарга ээ:
Дуэт — 2, трио (терцет) — 3, квартет — 4, квинтет — 5, секстет — 6, септет — 7, октет — 8, нонет — 9, децимет — 10. Айтылгандардын бардыгы ансамбль же курамдар деп аталат.
10дон кийинкилерине атайын термин колдонуу сейрек кездешет, көбүнчө 11 адамдан турганды ансамбль дешет, 12 адамдан — топ (группа) ж. б. Кээде группа терминине 2-3 кишиден турган топторду да айтышат.
Сейрек учурларда 11 адамдан турган ансамбльды «ундецимет» жана 12 адамдан турганды «дуодецимет» сыяктуу терминдер аташат бирок, булар көбүнчө классикалык музыкада колдонулат.
Мындай камералык ансамбльдардагы ар бир партияны бир музыкачы аткарат.
Ансамбль деп хорлорду, оркестрларды жана бириккен оркестр-хордук жамааттар да аталышы мүмкүн.
Үн жаздыруучу аппараттардын улам өнүккөнүнө жараша ансамбльдык аткаруу түп тамырынан өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Эгер мурда ансамбльдык чыгарма бир гана музыкачылар тобу (ансамбль) менен аткарылса, XX кылымда электрондук музыкалык аспаптардын кеңири жайылышынан улам мындай чыгармалар үн жазуучу студиялардын өндүрүмдөрү түрүндө гана жашап калган, мында аспаптар ансамблинин үндөрү жамааттык аткаруучулар тарабынан эмес, үндөрдү биринин үстүнө бирин көп жолку кошуу менен (көп каналдуу жаздыруу) же компьютерлерди жана секвенсерлерди колдонуу менен ишке ашырылат.