Бети туурулуп, чачы саксайган, улгайыңкы бакжагай киши веналыктарга жакшы тааныш. Аба ырайынын бүркөө же ачыктыгына карабастан, ал күн сайын сейилге чыгат. Ага музыка жазуу кандай керек болсо, айлана-чөйрөгө куштарлана карап, ырахат алуу да ошончолук зарыл болгон. Ал дубалды бойлой ылдам басып бара жатып абада жапыз каалгып бараткан булуттарды карайт, шамалга ийилген бактарга, беймазалана өйдө-төмөн учуп жүргөн куштарга көз кырын салат. Бирок шамалдын шуулдагын, чымчыктардын чурулдаган үндөрүн ал уга алган эмес. Бетховен дүлөй болуп калган эле. Мындай ооруга ал музыкант катары даңкы чыккан кезде чалдыгат. Бетховен атактуу пианист жана композитор болгон. Анын Ай жарыгы жана Патетикалык сонаталарынын музыкасы адамдын сезимин ойготуп, шыгын арттырат. Анын күч-кубаты, чыгармачылык кудурети ташкындап турган чагында музыкант үчүн эң оор дарт - дүлөй кеселге чалдыгат.
Тагдыр анын шагын сындырмакчыбы? Кайгыдан мөгдүрөп тагдырга моюн сунуу керекпи же жашоого, чыгармачылыкка умтулган анын эрки жеңеби? Айтор карама-каршы эки сезимдин таймашы башталат. Акыр аягында сүрөткердин эрки жеңип чыгат. Дал ошол кезде анын Баатырдык симфониясы жаралат. Симфониянын аза күтүү маршы жай жана жаркын маанайда угулат. Анткени чыгарманын башкы каарманы элдин келечеги, бактысы үчүн өз өмүрүн кыйган эле. Анын аткара албай калган, жетпей калган тилегин башкалар жүзөгө ашырмакчы.
Бетховен бул симфониясын Наполеонго арнамак болгон. Бирок Наполеон өзүн императормун деп жарыялаганын уккан соң Бетховен: Эми ал бүткүл адамзаттын укугун, ар-намысын тебелейт... өзүн элдин баарынан жогору коюп... бийликти зордук менен тартып алган катаал, залим эзүүчү болуп алат - деп аябай ачууланат. Композитор өзүнүн симфониясынын Наполеонго арнап жазган барагын айрып таштайт да, чыгармага Баатырдык деп жаңы ат коёт. Композитордун угуусу күндөн-күнгө начарлай берет. Бетховен эми мурдагыдай эл менен аралашып, карым-катнаш жасай албайт, бала кезиндегидей обочороок жерге барып табият менен пикир алышуу гана анын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулай турган болду. Дүйнөдөгү түркүн үндөрдү ал эми укпайт, ичинен гана кайталайт.
Ошол кубулжуган үндөрдүн дүйнөсү анын Пасторалдык симфониясынын музыкасында таасын чагылдырылып берилет. Анын музыкасынан мөлтүр булактын шылдыраганын да, куштардын кубулжутуп сайраганын да, чагылгандуу жаандын шатыраганын да, малчынын чоорунун сыбызгыган үнүн да угууга болор эле. Жылдар өтүп жатты. Бетховен өзүн курчап турган кең дүйнөдөгү бир да үндү уга албай азап чекти. Композитор эч ким менен сүйлөшпөй, таптакыр түнт болуп кетти. Бетховен өзүнүн бүткүл өмүрүн музыка өнөрүнө арнады. Чыгармачылыкка жан-дили менен берилген композитор уйку, тамак, ден соолук жөнүндө ойлогон эмес.
Анын ден соолугу начарлап, көп ооруду, жакырчылыкта жашап жана жалгыздыктан жапа чеккен. Ошентсе да анын адамга деген камкордугу, сүймөнчүлүгү, жакшылыкка болгон ишеними чексиз эле. Ошол кездерде ал өзүнүн акыркы тогузунчу симфониясын жазат. Бул симфония Кубаныч деген гимн менен аяктайт. Бетховендин өлбөс-өчпөс музыкаларында адамзаттын келечектеги бактылуу турмушуна, эркиндигине болгон терең ишеничи, чексиз сүйүүсү чагылдырылган.