Бул абдан зор таш курулмалар, падышалардын - фараондордун күмбөздөрү, Байыркы Египетте мындан 5 миң жылча мурун тургузулган. Фараондор чексиз бийликке ээ болгондуктан кудайга теңештирилген. Ошондуктан пирамидалар фараондор өлгөндөн кийин да алардын бийлигинин кудуреттүүлүгү жөнүндө эскертип турууга тийиш эле. Пирамидалардын эң зору Хеопс фараон дун буйругу боюнча курулган. Анын бийиктиги - 147 м. Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун айтуусуна караганда бул пирамиданы 100 миң адам 20 жыл бою курган. Египеттин өтө ысык аба ырайынын шартында миңдеген кулдар таш куралдар менен (ал мезгилде темир менен колону али билишкен эмес) өтө зор таштарды сындырып алышып, аркан менен курулушка сүйрөп барышкан. Пирамида бийиктеген сайын ташты улам жогору көтөрүүгө туура келген.
Пирамиданын куруучуларынын көбү ачкачылыктан, адам чыдагыс оор жумуштан кырылган. Алп пирамидалар ар дайым көргөндү таң калтырат. Байыркылар аларды дүйнөнүн жети кереметинин бири катары эсептешкени бекеринен эмес. Фараондор эмес, таланттуу архитекторлор менен ташчы усталар курган бул пирамидалар кылымдарды карытып, аларды кургандардын эстелигине айланды.
Хеопс пирамидасы дүйнөнүн жети кереметинин бирине кирет. Бул курулуш бүгүнкү күнгө чейин сырдуу жана түрдүү мифтерге толгон. Теориялардын бирине ылайык бул зор курулуштарды египеттиктерге алар өздөштүргөн математикалык рычаг негизи жардам берген деген имиштер бар. Бирок ал убакта андай ыкма менен пирамиданы 150 жыл жасоого туура келмек. Андай болсо пирамидаларды 20 жылда кантип жасашкан. Табышмак!
Немец окумуштууларынын ою боюнча пирамидалар энергиянын күчтүү генераторлору болчу экен. Анда фараондор ден-соолуктарын чыңдап, энерготерапия иштерин жүргүзүшчү дешет.
Эң чоң пирамида Хеопстун бийиктиги 146,6 метр, салмагы 6 миллион тонна. Аянты болсо орточо 5 гектар.
Пирамиданын дубалдарында көптөгөн курулуш көрүнүштөрү чагылдырылган. Байыркы айтымдарга таянсак, пирамидаларды кулдар эмес, эркин адамдар жасашкан.
Джосер - биринчи пирамида. Анын бийиктиги 62 метр. Ал биздин заманга чейин 2670-жылы курулган.