Квинтет — беш музыкачы-аткаруучу, вокалчы же музыкалык аспапчылардан турган музыкалык ансамбль. Итальянча quintetto, латындын quintus сөзүнөн — бешинчи деген мааниде.
Беш музыкачы, вокалчы же аспапчылардан турган ансамбль. Камералык-аспаптык музыкада квинтеттер бир тектүү (беш кылдуу жаалуу, беш жыгач үйлөмө аспаптар ж. б.) жана аралаш (жаалуу аспап, фортепиано, үйлөмө музыкалык аспаптар, арфа менен ж. б.) болушу мүмкүн. Фортепианолук аталган квинтет эреже катары өзүнө фортепианону жана кылдуу квартетти камтыйт. Кадимки үйлөмө квинтеттин курамы флейта, гобой, кларнет, фагот жана валторнадан турат. Ал эми жез үйлөмө аспаптык квинтет 2 керней (орусча труба), валторна, тромбон жана тубадан турат. Джаздык квинтет — саксофон, керней, фортепиано (же гитара), контрабас жана урма аспаптардан.
Кылдуу квинтет, жана кылдуу менен үйлөмө музыкалык аспаптар үчүн квинтет XVIII кылымдын экинчи жарымында калыптанган (Гайдн, Моцарт). Ошондон бери квинтеттер эреже катары сонаталык циклдер түрүндө жазылат. XIX—XX кылымдарда фортепианолук квинтет жайылууга ээ болгон, мында фортепианонун жана кылдуу аспаптардын бай жана түркүн мүнөздүү тембрлерин карама-каршы коюуу мүмкүн болгон (Шуберт, Шуман, Брамс ж.б.). Вокалдык квинтет опералык көшөгө, оратория, кантатанын бөлүгү болушу мүмкүн.