Бүчүрдүн өнүшү үчүн урук сыяктуу эле жылуулук, суу, аба (кычкылтек) зарыл болот. Өнгөндө бүчүрдө кандай өзгөрүүлөр жүрөт? Бүчүр да башка органдар сыяктуу эле клеткалардан турат. Бирок, ал жерде көбөйүүгө жөндөмдүү клеткалар болот да, алар тез бөлүнөт жана оңой өсөт. Себеби сабактын өзөгүндө белен азык зат бар. Жазында Күн жылыганда сөңгөккө, анан өзөккө суу жүрө баштайт. Суунун жүрүшү менен бүчүргө бутактын өзөгүндөгү азык заттар келет да, бүчүрдүн көлөмү чоңоюп, көөп чыгат.
Бүчүрдөгү сабакчанын клеткалары да азык заттын эсебинен бөлүнүп өсөт. Натыйжада жалбыракчанын аралары алыстоо менен жалбырак өзү чоңоюп, жазыла баштайт. Вегетациялык бүчүрдүн өзөгүнүн эң учу өсүү конусу деп аталат. Аны микроскоптон караганда, ал өтө назик, бөлүнүүгө жөндөмдүү, пайда кылуучу ткандан турганын көрөбүз. Сабак деле тамыр сыяктуу чокусундагы ушул клеткалардын бөлүнүп көбөйүшүнүн натыйжасында узунунан өсөт. Бирок, анын өсүшү тамырдын өсүү зонасынан айырмаланат.
Өркүндүн өсүү конусунда ал өсүп жаткан мезгилде дөмпөкчөлөр пайда болот. Булар жалбырак башталмасы (түйүлдүгү). Демек, өркүндүн узунунан өсүшү менен бирге улам жаңы түйүлдүк бүчүрү кошо пайда болуп жүрүп отурат. Бүчүр өскөндө жалбыракчалар жазылат, бири-биринен алыстайт да өркүн узарат. Себеби жалбыракчалардын аралыгында көбөйүүгө жөндөмдүү пайда кылуучу ткань жайгашат. Анын өсүшү менен бирге жалбырак өзү да чоңоёт.
Ошентип, андан өркүн пайда болот. Белгилүү убактан кийин өркүн өсүп жетилгенин көрөбүз. Бул вегетациялык бүчүрдүн өнүп өсүшү болот. Өсүмдүктөрдүн чоку бүчүрү өсүүсүн уланта берет, ал эми анын теңгечеси түшкөн жерде бүчүр шакекчеси пайда болот. Бул, бир жылдык шакекче деп аталат. Ал эми, гүл бүчүрү же генерациялык бүчүр өскөндө өсүмдүк гүлдөйт жана мөмө байлайт.
Өсүмдүктүн узунунан өсүшү клеткалардын бөлүнүп өсүшүнүн эсебинен жүрөт дедик. Клеткалардын өсүшү майда вакуолдордун көлөмүнүн чоңоюшуна жараша болот. Белгилүү убакыттан кийин клеткалардын чел кабыгы калыңданат да, өсүүсү токтойт. Ушундай клеткалар көбөйгөндө өркүндүн узунунан өсүшү да токтолот. Өсүү, өрчүү мезгилинде мындан башка дагы өзгөрүүлөр жүрөт. Мисалы, ар түрдүү кызмат аткаруучу клеткалардын пайда болушу, айталык, өткөрүүчү, пайда кылуучу, жабуучу жана белен азык затты жыйноочу ткандар калыптанат. Алардын түзүлүшү аткарган кызматына жараша болуп калат.
Өркүн узунунан чоку бүчүрүндөгү өсүү зонасынын жана муун аралыгынын клеткаларынын өсүшүнүн натыйжасында узарат. Өсүү зонасын алып таштоо менен өсүмдүктүн тиричилигин өзгөртсө болот. Анда өсүмдүк өсүү зонасына сарптоочу азыктарды, белен затттарды уругуна жана мөмөсүнө жиберет да, түшүмдүүлүгү жогорулайт.