Жүктөлүүдө...
Кошоктор
Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын ичинен үрп-адат, салт ырлары кеңири орунду ээлейт. Мындай ырларга кошоктор (киши өлгөндөгү, кыз узаткандагы), керээз, арман, бешик, оюн ырлары кирет. Үрп-адат ырларынын кээ бир түрлөрү ушул күнгө чейин эл арасында кенири сакталып келе жатат. Кошоктор адегенде адам өлгөндө ырдалган, айтуучунун ички кайгы - сын, өкүнүүсүн, күйүтүн чагылдырган. Кошоктор: киши өлгөндө кошулуучу жана кыз узатууда кошулуучу кошоктор болуп экиге бөлүнөт. Киши өлгөндөгү кошокторго "Карагул ботом", "Устанын аялынын кошогу", "Күлбөскандын кошогу", "Мергенчинин аялынын кошогу" ж. б. кирет.
Устанын аялынын кошогу
Балкасы менен зер чапкан,
Бармагы менен мал тапкан.
Кычкачын кармап, зер чапкан,
Кызматы менен мал тапкан.
Көөрүгүн күндө өкүрткөн,
Көмүрүн сактап, бекиткен.
Баянын айтам бир канча,
Балкасын койбой секирткен.
Асылым уста, арстаным,
Бактыма кудай жазганым.
Балаңа калды мүлк болуп,
Болоттон соккон барсканың.
Дөөнгүң калды темирден,
Көз ачык өттүң өмүрдөн.
Чың темирди балкытып,
Өнөрүң ашты көмүрдөн.
Жалпы журт пайда көрсүн деп,
Жасадың таштан тегирмен.
Туйгунум - устам барында,
Тууганы нанга кенелген.
Көзү ачык сенин балдарың,
Көтөрүп нанды кемирген.
Жайдарым, сендей табылбайт,
Жалпы бир элет элиңден.
Суй салып ойноп жүрчү элем,
Сымбатым артып келинден.
Каз элечек мен элем,
Тойгузган эрим сен элең.
Каз элечек жыйналды,
Кара бет какшап ыйлады.
Торко элечек жыйналды.
Кадимки кадыр сый калды.
Арманын айтып кара бет.
Азабың тартып кыйналды.
Кара бет менин үстүмдө,
Калдайган калың чыр калды.
Береним, уста өлгөн соң,
Беш бармак тийди бетиме.
Жүдөп-какап, кор болуп,
Жүрөмүн калктын четинде.
Өзүңдөн калган үч балаң,
Эсен жүрсө, эр жетер,
Эр жеткенче, эс кетер.
Эсине албай дос кетер,
Карыптык башка келгенде,
Кайгы менен күн кечер.
Эмгек кылсак эринбей,
Эптеп-септеп күн өтөр.
Кыз узатуу
(Жеңесинин коштошкон кошогу)
Аркадагы көк конуш,
Алты ыстарчын бир болуш,
Атакең тапкан жай конуш.
Жай конушка конуп ал, Кызыке,
Жайдары келин болуп ал!
Желкедеги бир конуш,
Жети ыстарчын бир болуш,
Энекең тапкан жай конуш.
Жай конушка конуп ал, Кызыке,
Жайдары келин болуп ал!
Сары атка тумар тагып ал, Кудагый,
Салкын жерге багып ал!
Салкын жерге бакпасаң,
Санатылуу малыңды ал!
Көк атка тумар тагып ал,
Көлөкө жерге багып ал!
Көлөкө жерге бакпасаң,
Көпкө түшкөн малыңды ал! Бийкеч жан,
Көгөргөн тоонун чокусу,
Көккө бир жакын көрүнөт.
Жат элге кетип барам деп, Кызыке,
Көңүлүң жаман бөлүнөт.
Жай кийгениң мүлк эле,
Кыш кийгениң түлкү эле.
Отурган жериң, кыз бийкем,
Оюн менен күлкү эле.
Оюн, күлкү тыйылар,
Кожо, молдо жыйылар.
Кокустан нике кыйылар.
А тоонун башы көбүргөн,
Бу тоонун башы көбүргөн, Бийкеч жан,
Ата-энеден бөлүнгөн.
Тескейден аккан булак бол, Бийкеч жан,
Теңтушуң менен ынак бол!
Күңгөйдөн аккан булак бол,
Күйөөң менен ынак бол!
Теңсиз турмуштун айынан жаралган кайгы-муңдуу чыгармалар, ар - ман ырларын түзөт. Арман ырлары өзүнүн тематикасы, мазмуну жагынан ар түрдүү: "Жокчулуктун арманы", "Карылыктын арманы", "Койчунун ар - маны", "Кыздын арманы", "Сокурдун арманы" ж. б.
"Жокчулуктун арманы"
Беш айчыктуу кызыл тон,
Кийгизбедиң жокчулук.
Безелентип боз жорго,
Мингизбедиң жокчулук.
Алты айчыктуу кызыл тон,
Кийгизбедиң жокчулук.
Алчаңдатып боз жорго,
Миңгизбедиң жокчулук.
Карагандуу кайкы жол,
Кондурбадың жокчулук.
Каршы алдымдан сен чыгып,
Ондурбадың жокчулук.
Бетегелүү сары жон,
Кондурбадың жокчулук.
Бет алдымдан сен чыгып,
Оңдурбадың жокчулук...
Төркүнүнө жетпеген кыздын арманы
Суурулсун тулпар туягы,
Курусун кыздын ыраагы.
Ак түйүнчөк түйгөндөй,
Данакер бекен кыз байкуш?
Ат жеткис жерге бергидей,
Күнөөкөр бекен кыз байкуш?
Көк түйүнчөк түйгөндөй,
Данакер бекен кыз байкуш?
Көз көргүс алыс бергидей.
Күнөөкөр бекен кыз байкуш?
Тобурчак аттын токтугу,
Тозоктуу көлдүн окчуну,
Төркүнүм көлдө, мен мында,
Ичимде толгон көп муң да.
Тобурчак аттын туягы,
Тозоктуу көлдүн ыраагы.
Куркулдайдын уясы,
Кургак да бекен, суу бекен?
Куруп калган бир тууган,
Оору да бекен, соо бекен?
Ашуунун бели ак кезең,
Кара да бекен, кар бекен?
Кайрыларым бир тууган,
Аман-эсен бар бекен?
Койчунун арманы
Койчу болдум башынан,
Кордукту тарттым жашымдан.
Кошомат кылып кой бактым,
Курсагымдын ачынан.
Чокоюм буттан суурулуп,
Чор болду таман туурулуп.
Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү,
Чокудан бир күн буулугуп?
Чарыгым буттан суурулуп,
Чарчадым таман туурулуп.
Чой-чойлоп жүрүп өлөмбү,
Чокудан бир күн буулугуп?
Эшикке жатсам, эчки капыр тебелейт,
Үйгө жатсам, байбиче капыр жемелейт.
Тезек тер деп кап берет,
Үйгө кирсем, көсөө менен тап берет.
Эшикке жатсам курушуп,
Кой, эчки менен урушуп.
Каржалсам билчү киши жок,
Ачка жатсам тырышып.
Кара өгүз минсем камчым жок,
Үйгө келсем, тынчым жок.
Муңканып зарлап ыйласам,
Арманым угар киши жок.
Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 13360, Өзгөртүлгөн: 2017-06-05,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо