Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жомок деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жомок деген эмне

"Жомок деген эмне" - байыркы замандан эле адам баласы жаратылыш күчтөрүн башкара билүүнү, дүйнөдө болуп жаткандардын бардыгын түшүнүүнү эңсеп, эркин эмгек, адилеттик, бакыт-таалай жөнүндө кыялданган. Мындай үмүт жер шарында жашаган бардык элдер үчүн бирдей мүнөздүү болгон, бирок аны ар бир эл ар түрдүүчө жол менен билдирген. Ушундай үмүттөрдөн, эңсеген тилектерден улам укмуштуудай жомок дүйнөсү пайда болгон. Жомокто элдин көркөм чыгармачылыкка, өзүнүн орошон ой-кыялын туюндурууга болгон умтулуусу ачык көрүнөт. Элдин: жомок апыртманын казынасы, ойдон чыгарылган нерсе - деп айтканы бекеринен эмес. Жомок угармандардан да орошон ой-кыялды, чыгармачылык шыкты талап кылат. Жомоктордогу кыялдануудан пайда болгон окуялардын чындыкка айланып кеткен учурлары да болот.

Мисалы, учуучу машинанын - самолёттун аты сыйкырдуу жомоктон алынганы силерге белгилүү. Мындан жүздөгөн жылдар мурун бир дагы адам жерден көтөрүлүп уча электе, орус жомогунун каарманы - Иван килем-самолёт менен бир топ аралыкка учуп барган. Кыргыз жомокторундагы сыйкырдуу таяк да уч таягым, уч! десе, адамды самаган жерине учуруп барат. Албетте, азыр адам асманга учуп жаткан чыныгы самолёт жомоктогу самолётко же сыйкырдуу таякка окшобойт. Ошондой болсо да адамзаттын асманга учуу жөнүндөгү илгерки тилеги жүзөгө ашты. "Жомок деген эмне" - деп, бул суроого дагы кененирээк жооп алгыңыз келсе "Жомок-уламыштар" бөлүгүн карай кетиңиз.

Эл жомокторундагы канаттуу ойлор, асыл ниеттер бүткүл дүйнөнүн жазуучуларынын көңүлүн эчен замандан бери буруп келген. Орус акындары Жуковский, Пушкин, Ершов, Некрасов, советтик жазуучулар Маяковский, Чуковский, Маршак, Олеша, француз жомокчусу Перро, даниялык жазуучу Андерсен, немец жазуучулары бир тууган Гриммдер жана башка сөз чеберлери элдик жомоктордун негизинде өздөрүнүн кызыктуу жомокторун жаратышкан. "Жомок деген эмне" аттуу макалабыз ушундай. Суроолор болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3111, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу