Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Александр Сергеевич Пушкин

Баш барак | Биографиялар | Александр Сергеевич Пушкин

Александр Сергеевич Пушкин — орус акыны, драматург жана прозаик. XIX кылымдын биринчи жарымынын авторитеттүү адабий ишмери. Ал заманбап орус адабий тилинин негиз салуучусу катары каралат.

Александр Сергеевич Пушкин
Александр Сергеевич Пушкин кыргызча
ПсевдонимдериАлександр НКШП, Иван Петрович Белкин, Феофилакт Косичкин (журналдык), P., Ст. Арз. (Эски Арзамасец), А. Б.
Төрөлгөн датасы26-май (6-июнь), 1799-жыл
Төрөлгөн жериМосква, Россия империясы
Каза болгон күнү29-январь (10-февраль), 1837-жыл (37 жаш)
Каза болгон жериСанкт-Петербург, Россия империясы
Ишмердүүлүк түрүакын, прозаик, драматург, адабий критик, котормочу, публицист, тарыхчы
Чыгармачылык жылдары1814—1837
Багытромантизм, реализм
Жанрларпоэма, роман (тарыхый роман, ыр-саптардагы роман, каракчылык роман), пьеса, повесть, жомок
Чыгармалар тилиорус, француз
Дебют«Ыр жазчу досума» (орусча «К другу стихотворцу») (1814)

Өмүр баяны

Александр Сергеевич Пушкин 1799-жылдын 26-майында (кээ бир булактарда 6-июнда) Москвада дворян үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Сергей Львович билимдүү, ошол кылымдагы адат боюнча француз адабиятын жакшы көргөн, басмадан чыкпаса да аздыр-көптүр ыр жазган адам болгон.

1811-жылы Пушкин Царское селосундагы (азыркы Пушкин шаары) лицейге кирет. Лицейде окуп жүргөн жылдары эле анын поэзияга шыктуу экени байкалып, адабий ийримдердин иштерине, кол жазма журналдарга үзгүлтүксүз катышып, орус классиктеринин жана батыш Европалык поэзиянын үлгүлөрүн үйрөнүү менен ал адабияттын бардык жанрында өз күчүн сынай баштаган. Француз тили боюнча жетишерлик билим алгаңдыктан, лицейде жүрүп, 1814-жылдан баштап орусча жаза башатаган. Анын декабрист акын Р. Кюхельбекерге арналган "Ыр жазчу досума" (1814) аттуу биринчи ыры "Вестник Европы" деген журналына жарыяланаг. Ал эми экзаменинде окуп берген "Царское селодогу эскерме" деген ырына белгилүү акын Державин акындын талантына жогору баа берген.

1817-жылы Лицейди бүткөндөн кийин ал Пегербургда тышкы иштер коллегиясында кызматкер болуп орношот. Ошол мезгилде орус элинин патриоттук сезими ойгонуп, элдин, коомдун келечеги, өмүрү, гүлдөшү, эркиндик жөнүндөгү таланттар коюла баштап, декабристтик кыймылдын мүчөсү болгон менен алардын күрөшү, духу менен бирге жашаган.

1817-1820-жылдардагы саясий мүнөздөгү ырлар ("Кривцовго", "Жуковскийге", "Чаадаевге", "Дорида", "Кайра жаралуу", "Кыштак" ж.б.) үчүн кызматка которуу деген шылтоо менен Россиянын түштүгүнө сүргүнгө айдалат. Акындын романтизминин өзгөчө гүлдөгөн учуру ушул түштүк сүргүнүндө жүргөн жылдарына туура келген. Ал жерде "Түштүк поэмалары", "Кавказ туткуну" (1820-1821), "Бир тууган каракчылар" (1821-1822), "Бахчысарай фонтаны" (1823), "Евгений Онегин" романынын башталышы жана "Цыгандар" поэмасын, "Борис Годунов" (1825) трагедиясын жазган.

Декабристтердин көтөрүлүшү талкалангандан кийин Николай 1-нин буйругу менен 1826-жылы Москвага келет да, "Сибирдин түпкүрүндө терең тайга", "Арион", "Улуу Петрдин арабы" (1817), "Полтава" (1828) деген ырларын жазып, 1830-жылы "Евгений Онегин" романын бүтүрөт. Бул романда орус коомунун өнүгүшүндөгү социалдык рухий жана адеп-ахлактын жагдайларын ар тараптан реалдуу чагылдырган. Адам тагдырын жана коом турмушун философиялык изилдөөгө алуу - акындын чыгармаларынын негизги пафосун түзөт.

1831-жылы 18-февралда Гончаровага үйлөнүп, Москвадан Петербургга көчүп келгенден кийин, "Дубровский", "Капитан кызы" романдарын, "Анжело" поэмасы, "Балык менен балыкчы тууралуу" жомок, "Карганын маткеси" повестин жазат.

1833-1836-жылдар Пушкиндин турмушундагы кыйын учурлар болуп эсептелет. Ошол мезгилде Ф. В. Булгарин башында турган реакция ага каршы иштерди жасай баштаган. Ошол маанайда жүрүп, өмүрүнүн акыркы жылдарында "Убакыт жетти, досум...", "Полководец", "Мен өзүмө эстелик тургуздум..." деген ырларын жараткан.

Бирок биз башка айрым акын, жазуучуларды да улуу деп атайбыз. Алардын кээ бирлерин балким билерсиңер, калгандарын балким кийин таанып-билесиңер. Ал эми Пушкинди силер буга чейин эле билген чыгаарсыңар, анткени аны баары: жаш балдар да, карылар да, окумуштуу адамдар, ал тургай тамга тааный электер да жакшы көрүшөт. Каардуу өгөй эне-канышаны же сыпайы, ак көңүл каныша кызды, же болбосо балдарга алданып күлкү болгон шайтанды, жаш кезинде коңшуларын таарынтып, карыганда бул үчүн жаза тарткан Додон падышаны ким билбейт. Мунун баарын силер да эң сонун билесиңер: Көк асманда жылдыз жымыңдайт, көк деңизде толкун күүлдөйт, парусу чытыраган желкеме толкун минип зымырайт, жердин бир четинде Салтан падыша тагында таажычан көңүлү суз олтурат, экинчи четинде Гвидон князь көк деңизди жээктеп каңгыйт, анын да көңүлү суз... Мунун баары көзгө кадимкидей жандуу элестеп, эч качан унута албайсың. Силер балким Руслан менен Людмила деген керемет поэма-жомокту же таалайы тайкыларды коргоп, жамандыкка жана адилетсиздикке каршы күрөшкөн эр жүрөк асылзат адам жөнүндөгү Дубровский деген повестти окуган чыгарсыңар. Балким буга чейин эле Пушкиндин айрым ырлары менен тааныш болсонор керек. Мисалы, карыган бешик энесине арнаган Бешик эне, үрөйдү учурган Шайтандар, шайыр, кубанычтуу Кышкы тан. Бирок мына ушулардын баары Пушкин жазгандардын бир үзүмү гана. Али анын көптөгөн ажайып ырларын окуй элексиңер, силерди анын поэмалары, драмалары, повесттери күтүп жатат.

Бул бүтүндөй бир дүйнө, анда ар кыл каармандар жашайт, ар түрдүү кубанычтуу, коркунучтуу, таң каларлык, күлкүлүү окуялар болот, анда адамдардын бүтүндөй жашоо-турмушу чагылдырылган. Ушунун баары азыр, ушул кезде болуп жаткан сыяктуу кызыктырып толкундатат. Ал эми Пушкин илгери, мындан 220 жылдай мурун жашап өткөн. Бала кезинде, лицейде (дворяндардын балдары үчүн мектеп) окуп жүргөндө эле атактуу акындарды таң калтырган ырларды жазган. Ал тез эле Россияда эң атактуу акын болуп калды. Анын өмүр жолу оор болду. Күрөш, чымырканган эмгек менен өттү.

Пушкин алты жыл сүргүндө жүрдү: эркиндикти самаган батыл ырлары, декабристтер менен достошкондугу үчүн аны падыша Александр I куугунтукка алган. Жаңы падыша Николай I декабристтерди ырайымсыз жазалады. Пушкинди падыша сарайынын акыны кылууну көздөдү. Ал Пушкинди сүргүндөн бошотуп, өлкөдө жаны, адилет турмуш башталат деп убада берди. Акын падышага анча деле ишенген эмес, көп өтпөй эле падышанын убадасы курулай сөз экендигине көзү жетти. Сый-урмат, байлык үчүн падышага элпек кызматкер болууну каалабады. Ал чындыкты баарынан жогору коюп, оюндагыны гана жазган. Дөөлөттүү, мансапкор, эки жүздүү куйтулар менен коркоктор аны жек көрүшкөн, акындын талантына, акылына, кайратына, абийирдүүлүгүнө ичи тардык кылышкан.

Падыша чиновниктери анын артынан аңдып, чыгармаларынын көбүн басып чыгарууга тыюу салышкан, Пушкиндин жеке турмушуна жана ишине кийлигишкен. Акын аларга каршы кайраттуулук менен күрөшүп, ишин уланткан. Бирок бир жолу аксөөк ичи тарлар өтө ыпластык менен акынга көө жабышты - анын өзүн гана эмес, аялын да ыза кылышты. Мына ошондо Пушкиндин чыдамы түгөндү. 1837-жылдын кышында Пушкин менен аны ызалагандардын бири, орус армиясында кызмат кылган француз Дантестин ортосундагы эрөөлдө акын оор жарадар болуп, 10-февралда (кээ бир маалыматтар боюнча 29-январда) каза табат. Ал дүйнөдөн кайтканда араң эле 38 жашка караган куракта эле. Россиянын алдыңкы адамдары бул өлүмдү өтө чоң бактысыздык катары эсептеп, катуу кайгырышты. Бул кайгы жазуучу В. Ф. Одоевскийдин Орус поэзиясынын күнү батып кетти - деген сөздөрүнөн айкын көрүнөт.

Пушкиндин кыска өмүрүндө үлгүргөн иштери бир нече узак өмүргө татыйт. Пушкиндин чыгармачылыгы менен орус адабияты дүйнөдөгү эң улуу адабияттардын бири болуп калды. Биздин улуу жазуучу, акын, сүрөтчү, композиторлорубуздун дээрлик баары, көптөгөн илимпоздор Пушкинди кайра-кайра окуп, андан таалим-таасир алышкан. Чынында эле Пушкиндин ырлары сыйкырдуу: Мунарыктап борошо уруп, кар тозонун уйпалайт... Болгону алты сөз - бирок кандай зор көрүнүш чагылдырылган, асман карарып, түнөрүңкү, шамал каарданып ышкырат! Ырас, шамалдын ышкырыгы жөнүндө али эч нерсе айтыла элек, ыр сабындагы сөздөрдүн өзү ышкырып, улуп тургансыйт.

Бул саптардан биз бороондун өзүн угуп туйгансыйбыз. Көңүл бургулачы, каардуу, түнөрүңкү нерселер тууралуу көп болууда, ал эми ыр болсо ажайып көркөм сөздөрү менен өздөрү эле сапка тизилип, музыка угулгансыйт. Бул кокустан эмес. Пушкиндин чыгармаларында табияттын сулуулугу, адамды курчап турган бүткүл ажайып дүйнө чагылдырылат. Ооба, дүйнөдө эзүү да, жамандык да, жалган да алигиче жашап кела жатат - дейт Пушкин, - бирок дүйнөдө чындык да, сүйүү да, сулуулук да бар, алар жеңилгис. Мисалы, Балыкчы жана балык тууралуу жомокту эстегилечи, кимге баарынан жаман болду? Албетте, сынык тепшиси менен калган кемпирге.

Бул үчүн ким күнөөлүү? Кемпирдин өзү, анын алкы бузук ач көздүгү, кара ниеттиги. Пушкин дайыма ушундайча болорун - ким жаман иш кылса, ким өзү жөнүндө гана ойлосо, эртеби-кечпи өзүн өзү жазаларын, жамандык эч убакта жакшылыкты, адилеттикти жене албасын баяндайт. Пушкинди окуп жатып мына муну да байкайсынар, анын чыгармалары таң каларлыктай түшүнүктүү - алар жөнөкөй, кыска, элестүү кайрыктар менен берилген. Анын ырлары, прозалык чыгармалары: Белкиндин повесттери, Капитан кызы, Улуу Пётрдун арабы, Евгений Онегин деген ыр-романы мына ушундайча жазылган.

Пушкиндин тили мөлтүр таза. Суусу тунук, таза көлдү көрдүңөр беле? Колуңарды салсаңар анын түбүнө жетчүдөй көрүнөт. А чындыгында ал өтө терен. Пушкин да ошондой. Жөнөкөй сөздөрдүн артында улуу даанышмандык жатат. Бирок биз муну жылдар өткөндөн кийин гана, бара-бара түшүнө баштайбыз. Ошондуктан Пушкинди көп жолу кайталап окууга жана окуган сайын улам таң калып кубанууга да болот. Орус поэзиясынын күнү - биз да Пушкинди ушундайча атайлы.

Көп жылдардан бери бул күндүн нурлары адамдардын жашоо-тиричилигине жарык төгүп, жылытып келүүдө.

Кызыктуу фактылар

Айрым ырларынан

Кыргызча жеке котормо.

Эгер жашоо алдаса...
Эгер жашоо алдап кетсе,
Ачууланба, кайгырба!
Муңдуу күндү кабыл алгын:
Кубаныч, ишен, тез келет.

Келечекте жүрөк жашайт
Учур боп-боз болсо да
Баары өтөт, тез өтөт,
Жагымдуу болот өткөн соң.

Туткунчу
Отурамын тор артында, сыз зындан...
Тамактанып туткундагы жаш туйгун,
Канатын серпип муңдуу жолдош,
Терезе карап, тамагын чокуйт кан баскан,

Мени менен бир нерсени ойлогонсуп,
Чокуйт, таштайт, терезени улам карайт,
Карашы менен, үнү менен чакырат.
"Жүр учабыз" деп айткысы келет анын.

Эркин кушбуз, мезгил келди, жүр кеттик!
Булут артынан агарган, тоолор жакка,
Көгөргөн деңиз аймактарга,
Шамал менен мен гана сейилдеген жактарга.

Кортунду

Дүйнөлүк классиканын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген көркөм сөздүн генийи А. С. Пушкин өзүнүн чыгармачылык кыска өмүрүнүн ичинде лирик, прозаик, драматург катары XIX кылымдын башында орус адабиятынын жаңы доорун ачып, орустун азыркы адабий тилин биринчилерден болуп түзгөн. Улуу акын биздин кылымга түбөлүктүү идеяларды, акыйкатты, эркиндикти, нарктуулукту, ар-намысты алып келди жана жаңы муундардын жаңы дилинде жакшы сезимдерди ойготуп, рухий насаатчысы жана замандашы түбөлүккө калып, баа жеткис көркөм мурасын калтырып кетти. Анын жалпы адамзаттык идеалы чыгармалары дүйнөнүн бардык элдерине эстетикалык ырахат берип, аларды дайыма алдыга үндөп келет. Өзү айткандай, "Колдон жаралбаган өзүмө эстелик тургуздум..." - деп бекеринен айтпаса керек.

А. С. Пушкиндин чыгармалары кыргыз тилине 1930-жылдардан тартып которула баштаган. Улуу акындын көркөм мурасын кыргыз окурмандарына жеткирүүдө К. Баялинов, А. Осмонов, Э. Турсунов, У. Абдукаимов, С. Бектурсуновдор эмгектенишкен. Анын чыгармалары дээрлик дүйнө элдеринин бардык тилдерине которулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 29448, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу