"Тенти Адышева" Жумашевна 1920-жылы 16-майда Ысык-Көл областына караштуу Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында туулган - кыргыз саясый жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРнын Эл акыны.
Дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарыкка келген. 1931-жылы өзү туулуп өскөн айылындагы жети жылдык мектепти аяктаган, 1937-жылы Фрунзе медициналык техникумун аяктаган соң айылдык ооруканада фельдшер болуп эмгектенген. 1939-жылдан баштап 1942-жылга чейин Кыргыз мединститутунда билим алган.
1938-жылы Кыргыз ССРнын Лениндик Коммунисттик Жаштар Уюмунун Борбордук Комитетинин катчысы болуп шайланган.
1949-жылы Большевиктердин Бүткүл союздук Коммунисттик Партиясынын мүчөлүгүнө кирген. 1949-1950-жылдары Фрунзе шаарынын Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1950-1951-жылдары кыргыз аялзатынын арасынан алгачкы болуп төрайымдык кызматты аркалаган.
1952-жылы Кыргызстандын Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы эки жылдык партиялык мектепти аяктап, 1955-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
Советтик Социалисттик Республикалар Бирикмесинин аялзатынын арасынан Бүткүл союздук Автордук Укуктар Агенттигинин Кыргыз филиалынын алгачкы жана жалгыз мүдүрү болгон (1956-1976).
Фрунзе шаардык Бирикмесинин, Биринчи Май райондук Бирикмесинин депутаттыгына (1950-1953), Кыргызстандын Лениндик Коммунисттик Жаштар Бирикмесинин Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө(1936-1939), Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Фрунзе областтык комитетинин, шаардык комитетинин бюросунун мүчөлүгүнө(1950-1952) шайланган.
Биринчи жолдошу Жоомарт Бөкөнбаев болгон. Улуу баласы Кулубек, кызы Сырга, кичүү баласы Зайнидин. 1944-жылы Жоомарт Бөкөнбаев автокырсыктан көз жумган. 1954-жылы экинчи жолу үй-бүлөө күтүп, окумуштуу-геолог Муса Мырзапаязович Адышевге турмушка чыккан.
Кыргыз ССР нын Эл акыны наамын алган аялзатынын алгачкыларынын бири. 1961-жылы ССРБнин жазуучулар бирикмесинин мүчөлүгүнө кирген.
Ыр жыйнактары 1947-жылы басылып чыга баштаган. "Заманым" (1961), "Жарык дүйнө" (1965), "Таалай" (1972) ж. б. ыр жыйнактарынын автору. Мындан сырткары, бир катар аңгемелердин, эскерүүлөрдүн, баяндардын автору болуп саналат.
"Тенти Адышева" кыргыз элинин тарыхында өзгөчө инсан катары таанымал. Башка атактуу аялзаты К. Кондучалова телекөрсөтүүгө берген маегинде : "Тенти сыяктуу адамдар өз элине чанда гана келет. Тенти сулуулугун, акылын, жан дүйнөсүнүн аруулугун биздин элдин эсине түбөлүк сакталып калган Каныкейден жана Айчүрөктөн мурас катары алган десем жаңылышпайм" деп айткан.
Чындыгында эле, Тенти Адышева аялзатынын арасынан алгачкы болуп 18 жашка толо элек кезинде Кыргыз ССР нын Лениндик Коммунисттик Жаштар Уюмунун Борбордук Комитетинин катчысы болуп шайланган, Фрунзе шаарынын Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрайымдык кызматын аркалаган алгачкы аялзаты, Бүткүл союздук Автордук Укуктар Агенттигинин Кыргыз филиалынын ССРБнин аялзатынын ичинен алгачкы жана жалгыз мүдүрү, аялзатынын арасынан алгачкы Кыргыз ССРнын Эл акыны, биздин жана башка республикалардын чыгаан акындары арнап ыр жазган алгачкы сулуу болгон.
Биздин өлкөдө бул жылдыз кантип жанды? Кайталангыс көрүнүш: сырткы сулуулуктун, акылдын, таланттын, жана жан дүйнөнүн аруулугунун айкалышуусуна эмне түрткү болду? Албетте - ата-энеси тарабынан тартууланган укмуштуудай генетика жана өзү туулуп өскөн мезгил жана чөйрө.
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде (азыркы Бөкөнбаев айылы) мал чарбачылыгы менен алектенген Жунушбай жана Оңолдун баласыз үй-бүлөөсүндө кыз жарыкка келген. Бул кубанычтуу окуя 1920-жылы жазында, көптөгөн физикалык жана жан дүйнөлүк кыйынчылыктар : 1916-жылы Кытайга качуудан, бөтөн жерде күн сайын жашоо үчүн күрөшүүдөн, тун баласынын чарчап калуусунан, кыйынчылык менен коштолгон кайра кайтып келүүдөн, төңкөрүштүн айланасындагы баш аламандыкта идея үчүн эмес, жашоо үчүн күрөшүүдөн кийин болгон. Кызыгы, бактылуу ата-эне кызынын атын Сайракан деп коюшкан, бирок, байыркы ырым-жырымга таянып, жаман көздөн сактоо үчүн Тенти деген эркектин атын ыйгарышкан. Атасы Жунушбай кызын абдан жакшы көрүп, эркелетип, кыз экенине карабай Тентини эркек катары көрүүнү талап кылып, эркек баладай кийинтип, тарбиялаган. Ошондуктан, Жунушбайдын жана Оңолдун туугандары кызга Тенти байке деп кайрылышкан.
Жунушбай таланттуу адам болгон: бир нече саат бою Манастан үзүндү айтып, кыргыз жана казак чакан эпосторун, көптөгөн жомокторду, уламыштары жатка билчү. Мыкты чечен, кыргыздын жана башка элдердин оозеки тарыхынын, алардын үрп-адаттарын билерманы, өзүнүн адилеттүлүгү жана акыйкаттыгы менен өзгөчөлөнүп, өз уруусунда өтө чоң сый-урматка ээ болгон.
Оңол- атактуу комузчу Байгелдинин кызы, Жунушбайдын каршылыгына карабай 11 жаштагы Тентини Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайга билим алууга жиберген. Анын бул көрөгөчтүк чечими Тентинин андан аркы тагдырынын өзгөрүүсүнө түрткү болгон.
Тенти Адышеванын жемиштүү, мамлекеттик, коомдук ишмердүүлүгүнүн үч көз ирмемин белгилесе болот. Өзгөчө адилеттүү, боорукер Тенти Адышева Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин төрайымы болуп турган маалда, жакшылык каалаган адамдардын эскертүүсүнө карабастан, чоң үй-бүлөөсү менен ижарага сарай алып жашап жүргөн, кийин Эл жазуучусу наамын алган жазуучу А.Токтомушевге чечкиндүүлүк кылып,батир бөлүп берген. Дал ушул кылыгы үчүн кызматтык мансабынан айрылган. Болбосо, министр кызматына талапкерлиги каралып жаткан эле.
Казакстанда гениалдуу Саякбай Каралаевдин айтымындагы "Манас" жарык көргөндө Тенти Адышева редакциялоого катышып, калың элдин алдында улуу манасчынын батасына арзыган. Республиканын бардык адабиятчыларынын алкышына татыктуу болуусунун экинчи себеби - акы төлөөнүн экинчи категориясына өткөрүүсү. Бүткүл союздук номенклатурага ылайык, Кыргызстандын жазуучулары үчүнчү категорияга караштуу болушкан. Адышева биздин жазуучулар башка республикалардын жазуучуларындай таланттуу экендигин далилдеп, максатына жеткен. Бул да болсо бир топ убакытты жана нервди алган.
Бирок, тагдыр мамлекеттик эмес ишмердүүлүккө даярдаган. Сайракан-Тентиге акын болууну буюрган. " Манастын уулу Семетей " аттуу көркөм тасманы тартууга даярдыктын жүрүшүндө, отуз төрт жашында жол кырсыгынан сүйүктүү жолдошу, кыргыз жазма адабиятынын классиги, акын-драматург Жоомарт Бөкөнбаев курман болгон. Унаа Ысык-Көл областына караштуу Чоң-Сары- Ой айылынын аймагынан ала салып кеткен.
Унааны кармап туруу үчүн Бөкөнбаев жерге түшкөн. Бирок, унаанын инерциясына туруштук бере албай, астында калган. Ушундай бөөдө кырсыктан боору жарылып, буту сынган. Үч саат аралыгында бардык канын жоготкон. Ошентип, отуз төрт жашка толо электе бул дүйнө менен кош айтышкан. Жолдошунун өлүмү - Тенти Адышеванын жашоосунун комузунун биринчи үзүлгөн кылы болгон.
Адам өмүрү тездик менен жүрөт, бирок аны караңгы кылган согуштар жана оорулар, каардуулук жана кайдыгерлик, оройлук жана көрө албастык - биз жаман нерсе катары көргөн көрүнүштөр. Эгер өлүмдөн качып кутулуу мүмкүн эмес болсо, дүйнө жүзүндө дагы эле жаман көрүнүштөр көп болсо кантип жашоо керек?
Адам баласынын жашоосунда башына түшчү нерсенин баары: кайгыны, кубанычты Адышева жашоонун табигый көрүнүшү,сөзсүз түрдө болчу нерсе катары кабыл алат. Бирок, жаратылыштын укмуштуудай белеги. Сүйүүгө жана жакшы көрүнүштөргө дуушар болуу, күндүн чыгышын көрүү, тоо гүлдөрүнүн аңкыган жыты менен дем алуу, Ысык-Көлдүн толкундарынын шыбыраганын, булактын шарпылдаганын, шаркыратманын катуу үнүн угуу үчүн жана бакыттын бардык даамын синирип, элге тартуулоо үчүн жашаш керек - Т. Адышеванын дүйнөгө көз карашы ушундай болгон.
Тенти Адышеванын поэзиясы, негизинен, улгайган курактагы адамдарга багытталган, себеби, адамдын тагдыры жөнүндөгү терең философиялык ой толгоолор, жашоо жана өлүмдөн качып кутулууга мүмкүн эместиги камтылган. Жөнөкөй адам өлүмдү кандай кабыл алат?
Терең ойлонуп окуган адам Т. Адышеванын поэзиясынан жарык жана акылдуу кайгыны уга алат. Ооба, адамдар бул дүйнөдө жөн гана көчмөндөр.
Т. Адышева үчүн жаратылышты таң калычтуу бүтүн, гармониялык биримдик жактан кабыл алуу мүнөздүү. Жаратылыш адамга жакындап, ал эми адамдын сезимдери жаратылыштын ар түркүн кубулушу аркылуу көркөм чагылдырылган кезде адамдын жаратылыш менен органикалык биригүүсү Адышеванын бүткүл поэзиясында камтылган.
Ал өзүн мыкты прозаик катары да көргөздү. Адабият тарыхчыларынын ою боюнча, Т. Адышева урпактарга Кыргызстандын тарыхында "Кылы үзүлгөн комузум" аттуу эң мыкты мемуарды калтырган. Китеп эки жолу басылып чыгып, бир заматта тарап, библиографиялык сейрек кездешчү байлыкка айланган. Бул китепте мыкты адабий кыргыз тилинде кыргыз адабиятынын, маданиятынын, искусствонун жана илимдин өзөгүн түзгөн атактуу инсандардын тирүү портреттери берилген.
Эгер Жоомарт Бөкөнбаевди "кыргыздын Пушкини" деп аташса, Тенти Адышеваны "кыргыздын Анна Ахматовасы" деп аташат. Кыргыз ССР нын Эл акыны наамын алганда Ч. Айтматов өз куттуктоосунда "Сиз оор тагдырдын акынысыз " деп айткан. Ооба, тагдыр Т. Адышевага акыл, таза жүрөк, сулуулук, акындык талант бергени менен аёосуз сыноолорго дуушар кылган. Жыйырма төрт жашында жолдошу, кыргыз адабиятынын классиги, акын Жоомарт Бөкөнбаевден айрылып, жесир калган. Жоомарт анын жашоосунун комузунун биринчи кылы болгон. Он жылдан кийин акын айым жан дүйнөсү өтө кенен, Алымбек датка жана Курманжан датканын чөбөрөсү, атактуу окумуштуу-геолог, кыргыз геология илиминин негиздөөчүсү Муса Мырзапаязович Адышевди кезиктирет. "Тенти Адышева" он жыл бою жан дүйнөсүнүн сапаты боюнча Жоомартка тең, анын үч баласына сүйүктүү ата жана өмүрлүк жолдош боло ала турган адамды күткөн. Жаман нерселер бүткөндөй сезилген. Тенти сүйүктүүсү Мусага уул төрөп берген, акындык таланты мурдагыдан да өскөн. Бирок, 1979-жылы, Кыргыз ССР нын Илимдер Академиясынын президенти болуп шайланганына 40 күн болгондо Муса Мырзапаязович Адышев - акындын акыркы сүйүүсү, жашоосунун комузунун экинчи кылы каза болгон. Акын айымдын азасында чек жок эле... Беш жылдан кийин, тактап айтканда, 1984-жылы жашоосунун комузунун үчүнчү да кылы үзүлдү - өзү каза болгон.
Ошентсе да, Тенти бактылуу адам болгон, себеби, ал сүйгөн жана сүйүктүү болгон, тагдыр сырткы сулуулукту, жан дүйнөнүн сулуулугун тартуулап, жашоосун бийик чыгармачылыктын жалыны менен жарык кылган. Бул адамдын ким болгону, кыргыз калкы унутпашы керек.
Адамдар көбүрөөк жашаар эле,
Даңк үчүн даңаза болбосо.
Максатын байлыкка багынтпай,
Нысабы напсисин коргосо.
Адамдар көбүрөөк жашаар эле,
Өмүрдүн өлчөмүн ойлошсо.
Өкүнбөй өткөрүп жиберип,
Ар дайым бир-бирин колдошсо.
Айтчы жылдыз, эмнелерге күбөсүң?
Көз алдыңан өткөндөрдү салмактап,
Көрдүң беле, жакшы жагын, күнөөсүн?
Күнөө көп дейт жер бетинде өтөлгөн,
Зөөкүр көп дейт күндө баскан көчөңдөн.
Бирок билсең жакшылыкты көксөгөн,
Балбан көп дейт, жамандыкты көтөргөн.
Аялдын арабасы толо жүктүү,
Тынымсыз тартып келет күнү-түнү,
Эне жүгүн алмашып кызы тартып,
Кычыраган арабанын чыгат үнү.
Кылымдар кылчайбастан өтө берет,
Кыздар да энеликке жете келет.
Кылдырап оор тартып арабасы,
Күндөн-күн күчү тайып кете берет.
Энелик эбегейсиз түйшүгүндө,
Эртелеп сулуу түрү өчө берет.
Бирок да көөнөрүшүн көрккө бөлөп,
Түрлөнүп тиккен гүлү өсө берет.
Кечээ өткөн кызыл кыргын согушта,
Жөнөтүшкөн жүрөк күйүп жарларын,
Муңга батып, кантип эми энелер,
Окко тосмок бойго жеткен балдарын?
Жок, калайык, эне сөзун аңдагын,
Согуш оту эч убакта жанбасын!
Какыр талаа, кургак чөлдүү кара жер,
Сугарылып кызыл канга канбасын!
Мөлтүрөгөн күлгүн жашта келиндер,
Кара кийип, кайгы жутуп калбасын!
Эркелешип эркин өскөн балдарым,
Эзели ага жетим күнүн салбасын!..
Мени жаз! — дейт кулпуруп кыргыз жерим,
Мени жаз! — дейт кубантып сүйгөн элим.
Мээримдүү, берекелүү койнун ачып,
Кош колдоп төгүп берип сөздүн кенин.