Анын узундугу 15-20 мге жетет. Ал кальмарларды жегенди жакшы көрөт. Аларды кууп, 1 чакырым тереңге да чумкуйт. Кашалот суу үстүнө чыкпай 1-2 саат жүрө алат, анткени өпкөсү өтө чоң. Анын оң таноосу бүтөлүп, аба чогулуучу зор баштыкка айланган. Россияда кашалоттор ыраакы чыгыш деңиздеринен жолугат. Түндүктөгү деңиздерде тиштүү башка киттер - түндүк дельфиндер менен найза тумшуктар көп.
Түндүк дельфиндердин үйүрү жээкке жакындаганда алардын кулак тундурган ызычуусу угула баштайт. Найза тумшук киттин тиштери анча өнүккөн эмес, бирок маңдай тиштеринин бири өтө узарып, найза сымал куралга айланган (бир караганда найзасы тумшугунда болгонсуп көрүнөт, ошондуктан найза тумшук аталган). Түндүк дельфиндер менен найза тумшуктар көп жагынан дельфинге окшош жана ал сыяктуу эле балык менен азыктанышат.
Тиштүү киттердин дагы бир түрү - колоң киттер (касаткалар). Алар башка киттерден кичирээк келип, узундугу 8-10м болот. Колоң киттер тюлендер менен деңиз мышыктарына кол салышат. Олжосун курч тиштери менен бөлө чайнайт. Алар ал түгүл өз уруусундагы тишсиз киттерге да чабуул коюп, бул коргоно албаган жаныбарлардын жумшак жана майлуу тилин жулуп жегенге аракет кылышат. Алп киттер колоңдордон качып, коркконунан кээде дарыялардын чатына сүзүп кирип, кээде жээкке чыгып калышат.
Тишсиз киттерге жаян киттер (жол-жол киттер деп да аташат, анткени курсак териси жол-жол болуп катмарланып турат), боз киттер (моюн терисинде гана эки - үч катмары болот), жылма киттер кирет.
Жаян киттердин ичинде дүйнөдөгү эң чоң жаныбар болгон көгүш "кит" бар. Анын узундугу 33 мге, салмагы 150тга жетет.
[ushka=seredina]Мындай кит 50 пилден да салмактуу! Бул киттин жаңы туулган баласынын узундугу 6-8м болуп, 100л сүттү бир эле эмет. Тишсиз киттердин оозу абдан чоң. Эмнени болбосун жутчудай көрүнөт. Бирок ал планктондогу майда рак сымалдар менен азыктанат. Анын кызыл өңгөчү өтө тар. Үстүңкү жаагында эки катар мүйүз калакчалары салаңдап турат.
Ал киттин муруту сыяктанат (ошондуктан тишсиз киттерди муруттуу киттер деп да аташат). "Кит" оозуна сууну толтуруп муруту аркылуу сызылтып чыгарат. Рак сымалдар мурутка кептелип оозунда калат. Бир суткада кит 2-4т азык жейт. Бир жолку азыгына гана миллиарддаган рак сымал талап кылынат. Тоё азыктануу үчүн ага көп эмгектенүүгө туура келет. Жазында бардык киттер семирип келүү үчүн жайлоого - суусу муздак деңиздерге кетишет.
Күзүндө төлдөө үчүн жылуу деңиздерге кайтышат. Бул саякатында алар 10 миң чакырымга чейинки аралыкты сүзүп өтүшөт. Китке илгертен эле анчылык кылышкан. Анын эти, майы, сөөгү, териси - баары тең керектелет. Бездеринен дары жасалат. Муруту да өтө баалуу. Киттерге ач көздүк менен анчылык кылуудан алар өтө азайып кеткен. Азыр аңчылык кылууга катуу чек коюлган.
Киттер жонундо кызыктуу фактылар
Достор, киттер тууралуу макалабыз силерге жактыбы? же жакпадыбы? пикир жазып койгула. Макаланы кыргызча дайындаган: Аскарбекова Д.
Кошумча шилтемелер:
Толук маалымат менен таанышуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.
![]() | Алымбек Киттердин өлүмүнөн кийин эмне болушу жөнүндө маалымат берип койсоңуз |
![]() | Наз Кызыктуу экен го :) балама окуп бердим. |